Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Эң жогорку бийлик "курултай" болсо, бүткүл элдин бийлиги кайда калат?
Монголдордун бардык уруу башчылары катышкан жыйын өткөрүлүп, ал "бүткүл монголдордун курултайы" деп аталып келген).
Курултайчылардын ошол өткөрүлгөн курултайында талкууланган маселелер өзгөчө деле жаңылык болбоду, алар өлкөнүн президенти Р.И.Отунбаеванын, премьер-министри А.Атамбаевдин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын эл менен кеңири жолугушуусунда, ошондой эле соттордун тандалышы боюнча өткөрүлүп жаткан митингдерде айтылып талап кылынган жана аларга тийиштүү иш-чаралар иштелип, багыттары аныкталып жаткан маселелердин кайталанышы болду. Ушул жерден курултайчыларга суроо бере кетейин. Эгерде, дагы бир демилгечилер тобу 700-800 адамды жыйнай коюп, алар дагы "Улуу курултай" аталыштагы жыйын өткөрүшсө, силердин "улуу курултайыңардын" тагдыры кандай болуп калат?
8. Курултайчылардын "жаңы аталыштагы" жобосу боюнча Республиканын Президентин, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо курултайдын мүчөлөрү тарабынан гана шайланышы керек экен. Бүткүл элди шайлоого катыштырбай койгудай алар мал, же маңкурт эмес го! Элди шайлоодон оолактатып салып, силер кантип элдик болуп "элдик курултай" өткөзгөнү жатасыздар, урматтуу курултайчылар? Өзүңөрдү көтөрө чалып элди мазактаган тескери ой-пикириңерден кайтып, элден кечирим суроого тийишсиздер! Бийликтин бирден-бир ээси болгондогу элдин негизги укугу анын шайлоого жана шайланууга катышуусу болуп эсептелээрин эмдигиче айрып биле албаганыңар силердин теориялык жана практикалык билим денгээлдериңердин тайкылыгын көрсөтүп турат.
9. Республиканын бардык аймагында, социалдык-экономикалык, тейлөө, көзөмөлдөө, коргоо ж.б. тармактардын бардык чөйрөсүндө МЫЙЗАМДЫН ҮСТӨМДҮГҮН орнотуп, президенттен, эл баатырларынан баштап пенсионерлерге катардагы жумушчуларга чейинки коомдун бардык мүчөлөрү тарабынан мыйзамдын аткарылышын камсыз кылуу керек. Курултай "Президенттин, Жогорку Кеңештин ишин көзөмөлдөйт" дегени турмуш чындыгына (реалдуулукка) ылайык келбеген жорук. Мыйзамдын үстөмдүгү орнотулмайынча, жылына Президент, Жогорку Кеңеш 3 сыйрадан алмашылса дагы эч кандай "курултай-мурултай" коомдогу тартипти жөндөй албайт.
Дүйнөлүк алкакта өнүккөн өлкөлөрдүн бардыгында мыйзам иштейт. Өлкөнүн башкы жетекчисинин эрки, демилгеси менен эле бардык жерде мыйзамдуулук сакталып, өлкөнүн өсүп-өнүгүшү бийик деңгээлге жетишкен көрүнүштөр аз эмес. Мыйзамдын күчү менен социалдык-экономикалык абал өнүгүп, коррупциялык көрүнүш, кылмыштуулук тазаланып турат. 1,3 млрд. калкы бар Кытайдын өсүп-өнүгүшү мыйзамдын катуу сакталышында. Эгерде, алар, "курултай-мурултайга" таянып иш жүргүзгөндө бытырандуулук менен чар жайыттык дүйнөнү сел каптагандай каптап кетмек. (Андан кудай сактасын). Мыйзамдын чагылгандай тездик күчү менен Грузияда 5-6 айдын ичинде фантастикалык өзгөрүүгө жетишти. Мыйзамдын кудурети менен буту баспаган Американын президенти Д. Рузвельт өлкөнү терең сазга баткан кризистен сууруп чыгып, 1 жыл ичинде аны өнүккөн абалга жеткире алган. (Буту баспаса дагы мыйзамды иштеткен).
Мыйзам, тартип катуу коюлгандыктан, фашизм талкаланып, кыска убакытта кыйраган өлкө калыбына келтирилген. Ю. Андропов бийликке келээри менен бүткүл өлкө дүрбөлөңгө түшүп, бардык жерде мыйзам, тартип көзөмөлдөнө баштаган. Мыйзамдын, тартиптин сакталышына таянып, таза коомду куруу үчүн белсенип иш жүргүзгөн элдин чыгаан уулу, улуу ишмер И. Раззаков оор мезгилде республиканы өсүп-өнүгүүнүн бийик деңгээлине багыттай алган. Өлкөнү акыйкат башкаруунун бийик үлгүсү, эталону - И. Раззаков.
Дагы бир жолу кайталап айтаарым: бардык жерде мыйзамдын үстөмдүгү орнотулмайынча, эч кандай "курултай" бүткүл өлкө боюнча тартипти оңдой албайт, миңдеген ишкана, уюм, мекемелердин ар бирине көзөмөлчүнү коюуга мүмкүн эмес. Мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуунун башында Президент, Өкмөт, Жогорку Кеңеш (бүткүл эл шайлаган өкүлчүлүктүү орган) болушу керек. Мыйзамды сактоонун механизмдери республикада жетиштүү. Эң негизгиси жогорудагы башкы башкаруучулар демилгелүү болуп, эрктүүлүктү, кайраттуулукту, туруктуулукту көрсөтүшү керек.
Улуу ойчул Конфуций: "мыйзам катуу сакталып, өлкө акылмандуулук менен башкарылса, эл жакырчылыкка дагы кайыл болот" деп айткан ушул осуяты дүйнөлүк алкактын көп жеринде ишке ашырылып иштеп жатат. Мамлекеттин башкы жетекчилеринин улуу демилгеси, кайраты менен бүткүл коомдун өнүгүшү камсыз кылынаарын терең түшүнө жүрүүбүз керек.
10. Урматтуу мекендештер! Байлыкка, бийликке ээ болуунун, уруучулдук көрө албастыктын кара ниет аракеттери кыргыз элинин биримдигинин Руху болгон Манасыбыздын өзүнө багытталып, Абыке, Көбөштөр, Кыргыл чал баштаган чоролор жүзү каралык менен чыккынчылыкка барышып, Манастын ордосун талап-тоногондугу кыргыз элинин улуу тарыхындагы абдан кайгылуу, өзгөчө оор, кечиримсиз көрүнүштөрдөн экендигин унутпашыбыз керек.
Курултайчылар өткөндөн сабак алсак болбойбу! Силердин эч кимиңерди уруунун башкы манабы, же уруу башчысы кылып шайлашкан жок го! Үстөккө-босток уруулардын курултайларын өткөзгөндү токтотуп, улуттук-элдик биримдикти чыңдоонун иш-аракеттерин жүргүзсөңөр болбойбу!
Урматтуу мекендештер, биз ажырымдык уруулук карама-каршылыктардын ар кандай көрүнүштөрүнөн тезирээк арылып, элдик, улуттук биримдикти, аймактык бүтүндүгүбүздү ар тараптан чыңдап, бекемдешибиз керек! Өсүп-өнүгүү элдик, улуттук биримдиктин шартында гана жетишилет!
Бейшенаалы
ЖАМГЫРЧИЕВ,
Жети-Өгүз району.