Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Күйгөндөн айтам бир сабак, же
мамлекеттик тил мааниге ээби?

Эгемендүү өлкө болгонубузга быйыл туура жыйырма жылдын жүзү болуптур. Бирок дагы деле шору арылбаган көйгөйлөрдүн ана башында мамлекеттик тил маселеси турат.
Кандай гана мамлекетти албайлы, анын мамлекеттүүлүгүн аныктап турган негизги белгилеринин бири мамлекеттик тил болуп саналат. Кыргыз Республикасынын социалдык, маданий-агартуу, каржы, билим берүү тармактарынын бардыгында расмий иш кагаздары, мамиле-байланыштары кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш эле. Мамлекеттик тилдин жашашы ушундай вазипа-милдеттерди аткарышы менен аныкталат. Бизде болсо, тилекке каршы, аттиң! Тек гана, кыргыз тилине мамлекеттик тил деп сыртынан жарлык тагылган да, иш жүзүндө мамлекеттик тилге тикелей тиешеси бар кызматты аркалоодон калган. Чындыгында, мамлекеттик тилге карата өкмөт тарабынан таптакыр көңүл бурулган жок деп айтуудан анча-мынча айбыгып турам. "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзам 1989-жылы 23-сентябрда мурдагы легендарлуу парламент тарабынан кабыл алынгандыгын, 1998-жылы Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия деген абройлуу мамлекеттик орган уюшулгандыгын, 2004-жылдын 12-февралында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзам кайрадан кабыл алынгандыгын акыйкаттан тайбай айтып коюшубуз абзел.
1989-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи секретары мыйзамдын аткарыла баштаганынын негизинде мамлекеттик тилдин майрамы жүрө түшкөндөй болду. Республиканын бардык окуу жай, ишкана, мекеме, уюмдардын орус тилдүү өкүлдөрүнө кыргыз тилин үйрөтүү боюнча атайын сабактар жапырт бериле баштаган. Орус тилдүү башка улуттун өкүлдөрү бул иш-чараны эч кандай нааразычылыксыз эле, тескерисинче, кызыгуу менен кабыл алышкан. А.Масалиев да он жылдын аралыгында т.а., 1999-жылы бүтүн Кыргыз Республикасы мамлекеттик тилге өтөт деп баса белгилеген. Бирок көп өтпөй кыргыз тилин үйрөтүү курстары жабылып, убакытка унуттурулуп, мамлекеттик тилге өтүүнүн өмүрү өтө кыска болду. Эмнеси болсо да, түшүнгөн адамга жогорудай мыйзамдардын кабыл алынышы мамлекеттик тилге карата көрүлгөн өтө чоң камкордук болуп саналат. Арийне, биздин өлкөдө айрым мыйзамдар, кыргызча айтканда, кабыл алына берерин, кабыл алынган ал мыйзамдар эч убакта жүзөгө ашпасын турмуш өзү көзгө сайып көрсөтүп коюуда.
Аталган мыйзамдардын негизинде Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, областтык, шаардык жана райондук администрациялар тарабынан "Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын" аткарылышына карата бир катар оюн-шоок иш-чаралар уюштурулуп турду. Буга мисал катары, кыргыз тилин өнүктүрүү максатында жамандыр-жакшыдыр өткөрүлгөн "Тил кербени", "23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү", "Ырдайлы кыргыз ырларын" сыяктуу иш-чараларды атасак болот. А тургай казактарды туурап ("Казакстандын келечеги - мамлекеттик тилинде" аттуу ураан астында казак президенти катышкан чоң жыйын өтүптүр), "Кыргызстандын келечеги - мамлекеттик тилинде" деген темада конференцияларды да өткөрүп жибердик. Экөөнүн айырмасы: казак тилине мамлекеттик деңгээлде маани берилип, президенти Н.Назарбаев катышса, кыргыз президенти К.Бакиев кыргыз тилинин кадыр-баркын капарына да албай, катышпай да койду. Бул бул болсун. "Ырдайлы кыргыз ырларын" эл аралык фестивалында жана жыл сайын өткөрүлүп туруучу "23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүндө" адат катары кыргыз тилин даңазалап, башка улуттун өкүлдөрүнө кыргызча ырларды жаттаттырып, мамлекеттик тилди өнүктүргөн түр көрсөтүп жатабыз. Ушундай иш-чаралардын жыйынтыгында кыргыз тилин үйрөнгөн башка улуттун өкүлдөрү кана жайнап чыкканы? "Тил кербенин", "Кыргыз тилинин жумалыгын", "Кыргыз тилинин үч айлык декадаларын" өткөргөндөн кана майнап чыкканы? Булардан натыйжа көрүнбөгөндөн кийин, бардыгы курулай убаракерчилик, ысырапкерчилик, өзүбүздү-өзүбүз алдап сооротуу, убактылуу эстөө экендигин моюнга алууга туура келди го, мунун баары мамлекеттик тилди өнүктүрүү иштери аткарылып жатат деген отчеттуулук үчүн керектелди го, кайдан көрдүм кара эшек болуп унутта калып кетти го! Албетте, өз өлкөбүздө өз тилибизди даңазалап турбасак да болбойт. Ырасында, мындай иш-чаралардын өткөрүлүп турушуна деле эч каршылык жок, эң башкысы, муну менен мамлекеттик тилдин маани-маңызын, сабаттык даражасын көтөрүп мамлекет ичинде аткарган кызматын аныктап, өз ордуна кое алган жокпуз да. Мамлекеттик тилге өңгөнү өткөргөндү коюп, адегенде өзүбүздөн баштасак болчудай.

Эң алгач, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү бала бакчадан, мектептен баштоо зарыл. Балдар - биздин келечегибиз, мамлекетибиздин эртеңки күнү. Азыркы учурда демократиянын шарданы менен нелерге гана жол берилген жок. Чет мамлекеттерден агылып кирген зордук-зомбулук, киши өлтүрүү, талап-тоноо, басмырлоо, алдамчылыктар өнөр катары чагылдырылган кинофильм, мультфильм, маалыматтар аркылуу кийинки жаштарды айтпай ак коелу, бала бакча, мектеп жашындагы келечек муундарыбыз да сугарылып жатат. Андай терс жосун-жоруктарды балдар табиятынан бат кабыл алары белгилүү эмеспи. Дал ушундай терс жосун-жоруктарга таасирленүү аркылуу тири укмуш сөздөрдү үйрөнүшүп, ар кандай жаман иштерди (салык салуу, топтук мушташуу, рекетчилик) мектеп жашындагы балдар жасап жаткандыгы кадыресе эле көнүмүш көрүнүшкө айланып баратпайбы. Өкмөт тарабынан акыры чек коюлушу керек го. Ушул багытта тарбияланып отурса, балдардан эмнелерди гана күтүүгө болбойт. Ар бир улуттун, элдин өз менталитети бар сыңары, кыргыз эли да өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүктөрдү чагылдырган асыл касиеттерге ээ. Байыртадан эле уурулук кылбоого, ушак айтпоого, жаманчылык жасабоого, эл-жерин сүйүүгө, мекенчил болууга, чынчылдыкка, калп айтпоого, адеп-ахлакка тарбиялап келген не деген элдик мурастарыбыз бар. Алар кыргыз тилинин күчү менен жаралган. Аларды учурдун талабына ылайыктап колдоно албай келебиз. Адамдар ортосундагы үлгү болорлук мамилелерди, сый-урматтарды, асыл жана даанышман ойлорду, достук менен кастыкты, жаман менен жакшыны ажырымдаган чен белгилерди өз ичине камтыган бир шилтем макал, ылакаптардан тартып, дүйнөдө көлөмү жагынан да, мазмуну жагынан да эч бир элдин элдик оозеки чыгармасы тең келбеген улуу "Манас" эпосубуз бар. Кыргыздын керемет сөздөрү менен шөкөттөлгөн бул улуу "Манасыбыздын" тилин жаш муундарга үйрөтө албай, сүйдүрө албай келебиз. Үйрөткөнгө да, сүйдүрткөнгө да мүмкүнчүлүктөрү, билимдери бар адамдарыбызды пайдалана албай келебиз. Анткени мамлекет тарабынан шарт түзүлбөдү. Балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайыктап, кыргыздын жөө жомокторунан, кенже элдик эпостордон, улуу "Манас" эпосунан тарбиялык багыттагы балдар берүүлөрүн уюштура албадык, кыргыз тилинин тилдик байлыгын көрсөтө албадык. Муну ойлогон өкмөт болгон жок.

Азыркы учурда мамлекеттик тилде билим берип, тарбиялык иштерин жайылтуу эмес, тарытуу болуп жатат. Жөн эле бир мисал. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 11 мектеп бар. Булардын сегизинде билим берүү, тарбиялоо иштери эки тилде: кыргыз жана орус тилдеринде, эки мектепте орус, бир мектепте кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Маселен, окутуу орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлгөн №1 мектепте 1-ден 11-ге чейин 57 класс, №11 гимназия мектебинде 48 класс топтомдору бар. №1 мектептеги 57 класстын 34үндө окутуу расмий тилде, 12синде гана мамлекеттик тилде жүргүзүлсө, №11 гимназия мектебинде 48 класс топтомунун 36сы расмий тилде, 23үндө мамлекеттик тилде жүргүзүлөт экен. Бул мектепте мамлекеттик тилди окутууга караганда, расмий тилде окуган класстардын саны үч эсеге көптүк кылат. Мындай абал Каракол шаарынын эки тилде окуган мектептеринин баарысына бирдей тиешелүү. Кызыгы, ошол окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстарындагы окуучулардын 80 пайызын нак кыргыз улутундагы окуучулар түзүп, 20 пайызы башка улуттун өкүлдөрү болуп саналат. Бул жалгыз Каракол шаарында гана эмес, республикабыздын бардык шаарларынан, райондордун борборлорунан, атүгүл, аз сандагы, же бирин-экин башка улуттун өкүлдөрү жашаган айылдардан дал ушул картинаны көрүүгө болот. Республика боюнча эки тилде билим берип, тарбия жүргүзгөн мектептердин саны жүз-жүздөп саналат. Алардын дээрлик басымдуу көпчүлүгүн кыргыз улутундагы балдар түзөт. Орусча ой жүгүртүп, орусча тарбияланган жаштар эртеңки күнү мамлекеттик тилди өркүндөтүүгө салым кошо алабы, мамлекеттик тил үчүн күйүп бере алат деп ким кепил боло алат? Мындан кандай жыйынтык чыгарууга болот? Биз өзүбүз менен өзүбүз күрөшүүгө туура келип жатпайбы? Эмне үчүн кыргыздар өз өлкөсүндө жашап туруп, өз эне тилин баалап-барктабай, өз тилин жерип, өзгө тилди өмөктөп турат? Өз агасын агалай албаган, бирөөнүн эшигин сагаалайт болуп турабыз. Орус тилинде окутсак гана балабызды ааламдашуу заманына ылайык туура жолго салган болобуз, туура тарбия берген болобуз, ошондо гана балабыздын келечеги кең болот деген түркөй түшүнүктөгү кыргыздардын бардыгы балдарын орус мектептерине киргизүүдө. Алар байыркы тилдердин катарына кирген кыргыз тили менен сыймыктанып, аны өркүндөтүүгө салым кошолу, ата-бабабыздан калган улуу мурастарды уланталы, сактайлы деп, деги ойлонушат болду бекен? Кыргыз элине мүнөздүү каада-салт, үрп-адат, адеп-ахлакты аттап өтүп жатышкандыктарын деги сезишет болду бекен? Жок эле дегенде, "Деги мен киммин?" деп өзүнө-өзү суроо кое алышат бекен? Жок. Кое алышпайт. Анткени булар тууралуу ойлонууга ички рухий дүйнөлөрүнүн чама-чаркы жетпейт. Алардын ою башкада. Балдарын эмне үчүн орус тилинде билим берүүгө, тарбиялоого берип жатышканына карата аларга суроо салсаң, Кыргыз Республикасында кыргыз тилине караганда орус тилинин аброю артык экендигин, мамлекеттик кызматтарда иштөөгө орус тилин билгендерге гана мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүн, чет мамлекеттерге орус тили аркылуу чыгышарын белгилешет. Өкмөт тарабынан мындай жагдай-шарттар эсепке алынып, кыргыз тилинин пайдасына чечүүгө кантип болбосун. Орус тилин атайы курстарга кирип үйрөнүүгө болот да, орус тили эмес, башка чет тилдерди деле өздөштүрүп жатышпайбы. Орус тилин атайы курстарга кирип өздөштүрүү менен мектептерде орусча окуунун асман менен жердей айырмасы бар. Себеби окутуу орусча жүргүзүлгөн мектептерде баланын ички дүйнөсү орусча тарбияланат, орусча дух менен чоңоет. Өткөндө жогорку билимдүү бир таанышым кызын Каракол шаарындагы №1 мектептин окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн 1-классына орун жоктугунан киргизе албай койгонун айтып, катуу кейип алыптыр. Ушундан улам, ой келет. Биз, кыргыздар, кыргыз улутундагы келечек муундарды өз каалообуз, өз аракетибиз менен орусча окутуп, орусча ойлонтуп, орусча сүйлөтүп, орусча тарбиялап оруска айлантабызбы? Эгерде ушул темп менен жүрүп отурсак, акырындык менен акыр түбү өңүбүз кыргыз, дилибиз орус болуп чыгарыбыздан шек жок. Чыны, кыргыздар үчүн бул - трагедия!

Тээ союз учурунда, т.а., орус тилинин арааны жүрүп турган кезде эле кыргыз элинин залкар жазуучусу Т.Сыдыкбеков кыргыз тилинин маанисин терең түшүнүп, анын улуулугуна "Улуу Сөз" деп баа берип, кыргыз тили, анын келечеги үчүн кармашчулар менен кармашып келди. Ыраматылык ал кишинин күйгөнү бекеринен эмес экен. Ал мезгилде орус тилди билерине карап баа берип, кызматка алаар эле. Он кыргыздын арасында бир орус турса, ал түшүнбөй калат деп, билип-билбесек да орусча сүйлөшөр элек. Бул оорубузду бейиши болгур Камбаралы Бобулов басаңдатты окшойт. Басаңдатты демекчи, ал ит оорубуз азыр да бар. Кыргыз тили үчүн жан үрөп күрөшкөн, жан дили менен күйгөн дал ушул К.Бобулов болду. Болдудан айтсак, мурдагы министрлер И.Исаков менен М.Кайыпов өз тармактарында жогору жакты күтпөй эле кыргыз тилинин мүмкүнчүлүктөрүн практика жүзүндө көрсөтүп коюшту. Көрсө, болот экен.
Азыркы мезгилде негизинен аты бар, заты жок мамлекеттик тилдин ал-абалын ийне-жибине чейин иликтеп, анын коомдук маани-маңызы, кызматы, аброю тууралуу омоктуу ойлорун ортого салып, коомчулуктун көңүлүн буруп, өкмөткө байма-бай кулак кагыш кылып келаткан академик Б.Орузбаева, профессор С.Мусаев баштаган көптөгөн адис окумуштуулардын, Б.Аракеев өңдүү чыгаан журналисттердин, жалпы эле эне тилдин эртеңи үчүн тынчсызданган атуулдардын орчундуу ой-пикирлерин өкмөттүн эске алышы учурдагы зарылдык болуп турат. Аткаруучу бийликтегилер мамлекеттик тил проблемалары боюнча жарыяланып жаткан макалалар, билдирүүлөр, сунуштар, профессор С.Мусаевдин "Мамлекеттик тил: проблемалар жана көйгөйлөр" (2002) аттуу эмгеги менен таанышып чыгышса, эне тилге болгон патриоттук сезимдери козголуп ойгонот беле, муз ордунан жылат беле. Эмнеси болсо да, мезгилдүү басма сөз беттери, үналгы, сыналгы берүүлөрү аркылуу мамлекеттик тил көйгөйлөрүн көтөрүп чыккан адамдар жалпы кыргыз элинин үнүн берип жатышат. Эгер ушул адамдардын аракеттери болбосо, өкмөт, мамчиновниктер эбак эле орус тилин мамлекеттик тилге айлантып, алдыбыз Иван Иваныч болуп калат белек, ким билет.
Ар кандай шишик чегине жеткенден кийин жарылат, жарылбай койбойт. Эгемен өлкө болгону эки жолу ...... Анын бетин ары кылсын.
Мамлекеттик тилдин мамлекеттик тил катары жашашы үчүн төмөндөгүдөй сунуштарды жүзөгө ашыруу зарыл:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамдагы "...расмий тил катары орус тили колдонулат" деген жобону алып салуу керек. Биринчиден, бул жобо турганда кыргыз тили мамлекеттик тил катары толук кандуу иш жүргүзө албайт.
2. Расмий иш кагаздарынын бардык түрлөрү мамлекеттик тилде гана жүргүзүлүүгө тийиш. Мамлекеттик тилдин жүзү официалдуу иш кагаздарынын жүргүзүлүшүнөн ачык көрүнөт. Учурда орус тилдүүлөр гана эмес, кыргыздар да расмий иш кагаздарын орусча жазышат. Ык алып көнүп алышкан. Атүгүл, көпчүлүк министрликтерде мекеме-ишканаларда иш кагаздарын кыргызча алып барууга мүмкүн эмес, орусча талап кылышат. Ошондуктан расмий иш кагаздарын мамлекеттик тилде бир түрдүү формага салып, анын үлгүлөрү менен бардык тармактарды камсыз кылуу керек.
3. Бардык мекеме, ишкана, министрликтерде кыргыз тилин үйрөтүү курстарын ачуу керек.
4. Мамлекеттик документтердин түп нускалары мамлекеттик тилде иштелип, андан соң, ылайыгына жараша башка тилдерге которулуусу шарт.
5. Атайын жана жогорку окуу жайларга кыргыз тили адистигинен сырткаркы, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн тайпалардын студенттерине "Кыргыз тилинин практикуму" же "Мамлекеттик тил сабагы" киргизилиши шарт. Мында кыргыз тилинин теориялык маселелери эмес, кыргыз тилинде сабаттуу жазуу, кеп маданияты, орфография, орфоэпия жана расмий иш кагаздарын өздөштүрүү маселелери окутулушу керек. Анткени учурда ар кыл адистиктеги көпчүлүк жогорку билимдүүлөр өз оюн кыргыз тилинде кагаз бетине түшүрө алышпайт, кыргыз тилинде расмий иш кагаздарын жүргүзө алышпайт. Ошондуктан атайын жана жогорку окуу жайларында билим алышкан бүтүрүүчүлөр мамлекеттик тилден мамлекеттик сынак тапшыруулары зарыл.
6. Республиканын бардык шаарларында, райборборлордо кыргызча бала бакчаларды, мектептерди ачуу зарылдыгы бар. Окутуу эки тилде жүргүзүлгөн мектептердеги класстардын басымдуу бөлүгүн окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар түзүшү шарт.
7. Кыргыз тилинде окуу китептерин, окуу куралдарын, көрсөтүүлөрдү, берүүлөрдү жаш муундарга ылайыктап, атайын программаларды иштеп чыгуу керек. Бул үчүн өкмөт тарабынан камкордук түзүлүшү шарт.
Абдыкалык Дунканаев,
ЫМУнун доценти.