Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Бакиевдин байлыгын Жапаров кайрып береби?

Биз Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаровдун: "Элдик революциядан кийин мамлекеттештирилген Ысык-Көл районунда жайгашкан Бакиевдерге таандык болгон "Витязь" эс алуу жайы азыркы учурда тонолуп-таланып жана башка мыйзамсыз иштер болуп жатат" - деген жалган, курулай калп сөздөрүнө, жоопкерчиликсиз айыптоолору менен жалпы эле Ысык-Көл элинин мамлекеттештирилген мекемелерди талап-тоноодон, өрттөн сактап калган эмгеги шылдыңдоо жана тебелеп-тепсөө деп эсептейбиз!
7-апрелден кийин жалпы элдин демилгеси менен ар бир айылдарда Координациялык кеңештер, ДНДлар түзүлгөн. Сиздерге белгилүү болгондой, бул бирикмелердин эмгеги менен Бакиевдерге тиешелүү болгон эс алуу жайлар Бишкектегидей болуп таланып-тонолбой, өрттөнбөстөн сакталып калган.
Ошондой эле жалпы элдин суранычы менен, бул мекемелерге жергиликтүү, иштеп кете ала турган жаштардан дайындап берүү өтүнүчү менен Өкмөткө кайруулар болгон. Элдин суранычын Өкмөт колдоп, жеке кана "Витязь" эс алуу жайына гана эмес, башка областтагы Бакиевдерге таандык болгон объектилерге жергиликтүү жаштардан дайындап бердик .
Азыркы убакта бул эс алуу жайларда жумушчулардын санын 99 пайызы жергиликтүү адамдардан алынган, бардыгы орду-орду менен иштеп келе жатат. Бардыгына белгилүү болгондой, Бакиевдердин убагында "Витязь" эс алуу жайына жергиликтүү элди жумушка алмак түгүл, элди дарбазасына жакын жолотушчу эмес. Элди гана эмес, налог, финансы жада калса күч стуруктуралары дагы дарбазанын сыртында кире албай турушчу. Ошол кездерде жада калса Садыр Жапаров Максимге жолуга албай "Витязь" эс алуу жайынын дарбазасынын сыртында кайсалактап жүргөнүнө эл күбө.
Жалпы элге тийиштүү мүлккө Садыр Жапаров ошончолук күйсө Бакиевдердин убагында эмнеге унчукпайт? Тескерисинче, алардын таламын талашып жүргөн. Эмнеге ошол кезде, бул жалпы элдики, Бакиевдер мыйзамсыз тартып алышкан, элге кайтарыш керек деп айтпайт. Эмнеге Каркыра жайлоосу кайчыланып бөлүнүп жатканда унчукпайт! Тескерисинче, жумуртка чогулттурган деп эл айтып жүрөт.
А. Багубатов,
райондук ДНД лидери,
Э. Касымов,
"Чоктал жаштары" жаштар уюмунун лидери.




Ибрагим Жунусовго кулак кагыш
Ибрагим мырза!
Кыргыз маданиятында куудулдук өнөр бар экенин билерсиз. Анткени олуя Куйручук куудулдун Соң-Көлдө өткөн мааракесине өзүңүз катышып, сөз сүйлөгөнсүз. Эмнегедир бизде куудулдук өнөрдү унутуп, куудулдарга көңүл бурулбай калгандай сезилет. Той берсек, юбилей өткөрсөк, шайлоо, референдум болсо, жанталашып биринчи куудулдарды издеп, алар табылгандан кийин ырчыларды чакырабыз. Ырчылар кечирип коюшсун, фонограммасын баса беришет. Куудул байкуш той бүткүчө какылдап-какшап бүтөт. Кыргыздын тою 6-7 саатта бүтпөгөн той. Шайлоодо дагы ошондой эле көрүнүш. Анан эле наам, сыйлык берилерде эле шагырап ырчылар алып жатып калышат. Же өзүңүз обончу, ырчы болгондуктанбы? Куудулдук өнөр дагы төкмөлүк, манасчылык, ырчылык өнөрлөр менен бир жаралган өнөр. Мурункуларды айтпаганда Куйручук, Бекназар, Шаршен, Асанкулдарды кантип унутабыз?! 70-80-жылдарда эки эле куудул бар болчу: Асанкул, Келдибек деген. Экөө эле элдин боорун эзип жатышчу. Асанкулга үйдү, наамды өтө кеч берип жүрөк оорулуу кылып эрте кетирип тындык. Ибрагим мырза! Өгүнкү наам берилгенде Токондун жакыны Алтынбек менен Келдибекти коштуруп койсоңуз эл ыраазы болуп, мен муну жазбайт элем. Туура, Токон агайың, бирок Токон канча жыл милицияда жүрбөдү беле, тиги экөө дагы эле сахнада жүрүшөт. "Кызмат - колдун кири" - дешет, эртең ошолордун катарына барып каласың. Анан өзүңдүн кандай абалда калганыңды элестетип көр. Мен буларды айтып жатканым - бөлөк жакты болбосо дагы маданиятты терең түшүнгөн инсан катары айтып жатам. Куудулдар, өзүңөр дагы кокуй элсиңер башыңар бирикпеген. Күмөндөр колунан күрөгү түшпөй курулуш менен алек дейт.
Рахманга "беш" деген сан, анан тынбай Россияда жүрсө болду. Жаныбек аялын, баласын ээрчитип өзүнчө концерт берип жүрөт дешет. Абдылдага той-аш болсо болду. Эгер Бакиевдер бийликте бир жыл болгондо ошол Эл артисти болмок. Оозунан ак көбүк чыккыча ошолорду мактап-жактап жүрчү эле. Жамбыл Ош базарынын алдында президент болом деп кол топтоп жүрдү эле, байкушум кол топтой албай ыргыптыр. Өзү жалгыз ыргыбай Борончуну колтуктай кетиптир. Дөөлөт дайынсыз жоголду. Калгандары жаштар экен, тааныбайт экемин. Садык Шер Нияз азамат жигит экен, төкмөлөрдү жыйнап бир нукка салып койду. Куудулдар баш кошо албаса, бир азамат чыгып баштарын бириктирип койсоңор боло?
Антпесеңер куудулдук өнөр майдаланып отуруп жок болуп кетиши ыктымал. "Күлкү - ден соолуктун мүлкү" - дейт элибизде. Анан күлүп жаткыла.

Эсенбек Мадылбеков,
маданият ардагери, Дордой жаңы конушу.




  Баатырларды жайына койсок...

Акыркы күндөрү азыркы өкмөттү баш кылып, президентибизди төш кылып куралдуу төңкөрүш, кан төгүү менен бийликке келди деп сындаган өтүгү майрык сынчылар көбөйдү. Алардын көпчүлүгү Бакиевдин акырынан жем жеп жүргөндөр экендиги айтпаса деле түшүнүктүү го. Ошолордун арасында Өмүрбек Субаналиевдин да бар экендиги өтө эле өкүнүчтүү болуп турат. Төңкөрүш дейбизби, ыңкылап дейбизби, айтор, аны эл, жаштар жасады. Жакшы жашоо үчүн, татыктуу жашоо үчүн жасады. Ыңкылапка чейинки мезгилдин акыркыларын эле эстесек, "Түндүкэлектро" менчикке чыгып свет, телефон сүйлөшүүлөр кымбаттаган элдин үшү кеткен. Дагы далай байлыктарыбыз ит бекер сатылганы турган. Эмдигиче Кыргызстан Максимдин жөөт досторунун талоонунда калып, Жанышы баш көтөргөн азаматтарыбыздын бир далайынын көзүн тазалап, элибиз каардуу, кандуу бийликтин чеңгээлинен чыга албай калмактыр. Бирок кыргыз эли мындай кордукка чыдабай тургандыгын, намыстуу, эрктүү, эркин эл экендигин жер жүзүнө даңазалай алды. Ошондой оор күндөрдө эл арасында "Манас келет экен, Манас түшөт экен" деген күбүр-шыбыр кеп көбөйгөн.
Ал эми Өмүрбек мырза сиз байма - бай оозанып аткан канга келсек, Бакиевдин бийлиги канга белчесинен баткан, анын атка минерлеринин, командасынын да колу таза эмес. Буга Аксыдагы атылган элдин каны, Шералы Назаркуловдун, Медет Садыркуловдун, Үсөн Кудайбергенов дагы далайларынын каны себеп болуп берет. Же алардын каны кан эмеспи.
Келтек жеген генерал жөнүндө сөз кыласыз. Ал генералыбыз бир үй-бүлөнүн генералы болгон. Эгер элдик генерал болгондо чекесинен эч ким чертмек эмес. Феликс мырза өкмөт башына келсе экономиканы көтөрмөк дейсиз. Баягы эле 2005-жылдагы КТР эске түшөт. Бакиев экөө КТРге келип, ХИПКке кирбесек болбойт деп үгүттөшкөн. Бакиев: "если спишут нам долги я готов быть негром" - десе, Кулов болсо ХИПКке кирбесек карыздан кантип кутулабыз, башка жол жок деп алакан жайган. Анан ушул кишини экономиканы көтөрөт дегениңизге жол болсун.
Эмнеси болсо да 6-7-апрелдеги ыңкылапты жайына койсоңуз, баатырларыбыздын арбагы ыраазы болсун. Кан деген сөздү качып кеткен Бакиев да көп колдончу эле.
Бир кездеги күйөрманыңыз, урматтоо менен
Данияр Бусурманалы, Бишкек шаары.





Кыргыз Республикасынын Премьер-министри АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВГЕ
ЖОЛ АЗАБЫ БИЗДЕ
Урматтуу Алмазбек Шаршенович!
Биз, Ысык-Көл облусунун жолдорду тейлөөчү ДЭП №3, ДЭП №4, ДЭП №7, ДЭП №10, ДЭП №11, ДЭП № 33, ДЭП №35 жана ЦРМ ишканаларынын кызматкерлери, жумушчулары, Сизге кайрылып жатабыз жана биздин кайрылууну унутта калтырбай бир жыйынтык чыгарып берет го деген ишенимибиз аябагандай чоң. Анткени Сиз өкмөтүбүздү башкаргандан бери элдин далай суроо-талаптарын аткарып келесиз.
Биз, жол тармагында иштегендер, ушул тапта аябагандай эле кыйналып жатабыз. Анткени алган айлыктарыбыз таптакыр эле аз. Мисалы, жол мастерлери 2800, ал эми күзөттө тургандар менен кичи персоналдардыкы, техниктердики араң эле 1500 миң сомду түзсө, механизаторлор менен шоопурлардыкы 2000-3000 сомду түзөт. Азыркы тапта бул акча менен бүлөнү багуунун өзү аябагандай азап иш болуп турат. Айлыгыбыз араң эле 7000-8000 сом болду деп нааразы болуп жаткан кээ бир мугалимдер менен догдурларга аябай таң калып жаткан кезибиз. Бизге ошондой айлык тийсе кубангандан жүрөк жарылбас беле.
Биз жогоруда аталган аз гана айлыкты да толугу менен ала албай калган учурлар бар, айлыктын 60%ын авансалап беришет, калганын сүйрөгөнү сүйрөгөн.
Ырасында эле биздин жумуш оор, жайдын ысык саратанында, кыштын ызгаар суугунда иштейбиз, бизде майрам, дем алыш күндөрү болбойт. Ошол күндөргө үстөк эмгек акы төлөш керек болсо, бизде төлөнбөйт.
Мурун, СССР кезинде зыяндуу иш деп сүт берчү, чайканып алганга душ кабиналары болор эле. Азыр алардын бири жок. Кыштын күнү жолго шлак чачкандагы зыянды айтпаңыз. Ден соолукка келтирген зыянды эске алып, ага шайкеш акы төлөсө го бир жөн эле.
Мурун борбордук оңдоп-түзөөчү ишкананын (ЦРМ) айдоочулары ар кайсы жактарга: асфальт-бетон заводдоруна, ДЭПтерге ж.б. жерлерге барганда кошумча акы төлөнчү, азыр ал дагы жок, ДЭПтердин айдоочуларына да төлөнбөйт. Айтор, баарын эле кыдырата кыскартып келатышат. Башка кесиптеги адамдардын айлыгы күндөн-күнгө кошулуп жатса, биздики азайгандан азаят. Бул деген теңчилик эмес го. Биздин чоңдорго болсо "командировочный" дегениң кынтыксыз төлөнүп келет экен.
Техникаларыбыздын баары эскирип бүткөн, эптеп жатып оңдоп ишке керектеп жүрөбүз. Жол тармагында иштегендердин саны кыскаргандан кыскарат да акылары көбөйбөйт. Бу дагы биз үчүн таптакыр түшүнүксүз иш болуп келет. Жолдо иштегендердин орточо төрт-беш баласы бар, анан жогорудагы айлык менен кантип жан багып жатканыбызга өзүбүз да таң калабыз.
Биздин тармактагы жетекчилер кызмат машинасын минип алып наркы-терки каалагандай жүрөт. Борбордон чоңдор келет эле, кой союш керек, жылкы союш керек, ысылыгына тоок, индюк алыш керек деп канча акча чогулттуруп алышат. Ошол борбордон келген чоңдордон уят кетти, алганыбыз эптеген бир акча болсо, ошол байкуштардыкына энчилеш болбойлучу деп ойлоп коюшпайт да экен.
Элинин энчисин басып алган жана элин эзип келген Бакиев бийлиги кеткенде кубанганыбызды айтпаңыз. Биринчиден, ошондой наадандан кутулдук десек, экинчиден, эми турмушубуз оңолот, жаңы бийлик айлыгыбызды көбөйтөт, чоңдорубуздун алкымын тыят деп сүйүнгөнбүз. Азыр деле кудая тобо деп турган кезибиз.
Урматтуу Алмазбек Шаршенович, мына биртоптон бери бюджетте иштегендердин айлыктарын көтөрүп келесиз. Аныңызга эл ыраазы. Анан бизге окшоп оор жумушта иштеп, жарыбаган айлык алгандарды да бир эсиңизге алып коюңуз. Жолдун азабын жол жүргөндөр гана эмес, анда иштеген биз да тартып келебиз. Биздин республикада негизинен автожолдор менен катташат эмеспи. Ал жагынан алганда биздин тармакта иштегендердин кыйын турмушуна көңүл бурат деген ишеним менен төмөндөгүлөр Сиздин ишиңизге ийгилик каалап, ден соолугуңузду тилеп өтүнөбүз:
Ж. Буудайчиев, С.Шаршекеев, С.Түнкатаров, С.Усенов, Б.Субанов, М.Абакиров, Ы.Кожокматов, Б.Усупов, Т.Байтоков, А.Сулайманов, К.Токпаев, К.Тойчуманов, А.Санаков, А.Доотбаев, К.Тобокелов, Ы.Жамашев, Ж.Олжобаев, Ж.Султанов ж.б. 60 адамдын колу коюлган.