Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Муратбек Бегалиев,
Кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз улуттук консерваториянын ректору:
"Бир маалда эле эңкейип артымды карасам, шымымдын арты айрылып калыптыр..."
Аталган рубрикабыздын бүгүнкү коногу поляк улутундагы кызга үйлөнгөн, кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал композиторлордун бири Муратбек Бегалиев, жубайы Зенона Бегалиева менен болду.

- Муратбек агай, алгач сөздү жубайыңыз Зенона жеңе менен кандайча таанышып-баш кошуп калгандыгыңыз тууралуу баштасак...
- Буга чейин сөз кылып келгендей, Зенона экөөбүз Москвада окуп жүргөндө жатаканадан таанышканбыз. Ал кезде мен 3-курс элем. Бир күнү эле катарлаш бөлмөдө жашаган Элвира Ибраимкулова аттуу кыргыз кыз: "сүрөт илгенге дубалдын бооруна мык кагып берип койчу" - деп бөлмөсүнө чакырганынан барсам, жанында Зенона бар экен. Ал мени Зенонанын жанына таштай коюп эле өзү жылт койду. Үстөлгө чыгып мыкты Зенона "как" деген жерге кага баштадым. Бир маалда эле эңкейип артымды карасам, шымымдын арты айрылып калыптыр. "Уят - өлүмдөн катуу" дегендей, мына ошондогу уялганымды айтпа. Кызарып-татарып эптеп мыкты кактым дагы Зенонанын "чай ич" дегенине карабай кеткенче шаштым. Ошол күндөн тартып Зенона экөөбүз жакшы тааныштардан болуп, дос катары жакын мамиледе жүрдүк. Кийин ал достугубуз сүйүүгө айланып, баш кошконбуз.
З. Бегалиева:
- Башынан эле Муратты жактырып, таанышууга намысым жол бербегендиктен, тааныша албай жүрчүмүн. Бир күнү курбу кызым Элвирага Муратты жактырып жүргөнүмдү айтсам, ал экөөңөрдү бат эле тааныштырып коём деп, мык кагууну шылтоолоп, Муратты өзүнүн бөлмөсүнө ээрчитип келген (күлүп). Ал эми мык кагып атканда Мураттын шымынын айрык экенин байкаган эмесмин. Өзүнчө эле кызарып-татарып атканынан ушунча да уялчаак болобу деп таң калып койгом.
- Ортодогу ашыктыкты кимиңиздер биринчи билдирдиңиздер?
З. Бегалиева:
- Биринчи мен билдиргендей болуп калдым окшойт. Себеби мык каккан күнү кечинде курбуларым менен киного бармакчы болуп, "мен Муратсыз барбайм" десем, алар Муратты ой-боюна койбой ээрчитип алышыптыр. Ал тургай, Муратка ошондо жактыраарымды дагы айтып коюшкан окшойт. Эртеси эле Мурат мени киного чакырды.
М. Бегалиева:
- (Күлүп) Кыскасы, жеңеңдин артынан мен ээрчибей эле, тескерисинче жеңең менин артыман ээрчип жүрүп үйлөнгөнбүз.
З. Бегалиева:
- Ооба, кыргызда: " эркек сүйсө алат, кыз сүйсө калат" - деген жакшы сөз бар эмеспи. Анысы кандай, мен канчалык артыңан ээрчигеним менен, сен мени карабай койсоң кала бермекмин да. Айтор, бири-бирибизге болгон сүйүү сезими экөөбүздө тең болгондуктан, баш кошуп, түтүн булатып жатпайбызбы.
М. Бегалиев:
- Туура, кээде ушинтип байбичемдин безине тийип, чычалатып коём.
- Кыз-жигит болуп жүргөндө Муратбек агайдын өзгөчө кайсыл сапатын жактыраар элеңиз?
З. Бегалиева:
- Эң башкысы - адамгерчиликтүүлүгү менен таланттуулугун баалагам. Студент кезинде эле адамгерчиликтүү болуп чоң-кичине дебей, бардыгына бирдей мамиле жасачу. Азыр деле ошондой, тегерегиндегилердин баарына бирдей мамиле кылат. Ал эми таланттуулугунда сөз жок. Кудай Муратка талантты ченебей берген. Ошол Кудай берген талантты өөрчүтүп, андан ары алып кеткен Муратка мен миң мертебе ыраазымын.
М. Бегалиев:
- "Аял жакшы - эр жакшы, увазир жакшы - хан жакшы" дегендей, мен дагы байбичеме абдан ыраазымын. Мени ушул даражага жеткирип Бегалиевдин Бегалиев болушуна жубайымдын кошкон салымы зор экени талашсыз чындык.
- Зенона жеңе, Муратбек агайды ата-энеңиз кандай кабыл алды эле? "Турмушка чыкпа" деп каршы болгон эмес беле?
- Каршы болмок турсун тескерисинче кубанышкан. Мурат экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө эле "кыргыз жигитке турмушка чыгам" деп ата-энемдин кулагын бышырып жүрчүмүн. Ал тургай, Муратты сүйлөшүп жүргөндө эле үйгө ээрчитип барып ата-энем менен тааныштыргам. Алар Муратты көргөндөн кийин атынан айтпай "Муратик" деп эркелетип алышкан.
М. Бегалиев:
- Кайын ата, кайын энем экөө тең асыл адамдар болчу. Жубайым айткандай мени "Муратигим" дешип, өз баласындай көрүшчү. Окуп жүргөндө" Муратигиме" деп музоонун этин кызарта кууруп, салат чаптагандай чокчогой идишке чаптап, жубайымдан берип жиберип турушчу. Негизи ал тамак Польша элинин сыйлуу тамактарынын бири болуп эсептелинет экен.
З. Бегалиева:
- Учурдан пайдаланып, кайын журтум жөнүндө мен да бир-эки ооз сөз айта кетейин. Ыраматылык кайын эне, кайын атам экөө тең мыкты адамдар болчу. Мени келининдей эмес, кызындай көрүп, сыйлап турушчу. Жаңыдан келин болуп келгенде үлпөт той өткөрөбүз деп бир койду аябай семиртишиптир. Өмүрүмдө андай майлуу этти жеп көргөн эмесмин. Кайын энем "жесе экен" дейт, же мен жей алсамчы, айтор, ошондо аябай кызык болгонбуз. Учурда кайнатамдан калган эки боз үй бар. Ошонун бирөөсүнүн жабуусун быйыл эжелерим менен бирге жаңылап жаап, өткөндө Куйручук атабыздын 145 жылдык тоюнда Соң-Көлгө алпарып тиксек, тойго катышкан эл боз үйдүн жабуусун көрүп алышып, сен да жабуу жаба аласыңбы деп аябай таң калышты.
- Демек, боз үй жасасаңыз кыргыздын салт-санаасын жакшы билет экенсиз да...
- Мактангандай болбоюн, анча-мынча "киргиз" келиндерге караганда, Кудайга шүгүр. Аш-тойлордо боорсок бышырып, бозо салам. Бир гана кемчилигим -кыргыз тилин жетишээрлик деңгээлде үйрөнө албай жатам. Кызым Бахяна болсо кыргыз тилин суудай билет. Андан тышкары поляк тилинде дагы эркин сүйлөйт. Кызым экөөбүз жыл сайын жайкысын Варшавага барып ата-энебиздикинде эс алып келебиз. Үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз: 2 кыз, 1 уул. Туугандарым жыл сайын болбосо дагы эки жылда бир Көлгө келип эс алып кетип турушат. Ошондой эле Консерваторияда окуган алдыңкы студенттерди да Варшавага алпарып концерт койдуруп, жер көрсөтүп, эс алдырып келем. Жакында эле эки элдин ортосуна көпүрө болуп, маданий алаканы чыңдагандыгың үчүн деп КРнын Даңк медалы менен сыйландым. Ага чейин КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер деген жогорку даражадагы наам менен сыйлангам. Эми Варшаванын өкмөтү маданиятка кошкон салымы үчүн деп Мурат экөөбүзгө тең дагы өздөрүнүн Алтын крест даңктуу сыйлыгын ыйгарганы турушат.
- Үй-бүлөдө казан-аяк кагышпай койбойт дейт эмеспи. Кээде пикир келишпей, таарыныша кеткен учуруңуздар болобу?
М. Бегалиев:
- Андай учурлар болот, бирок көп эмес. Ушул жашка чыкканы үнүмдү бийик көтөрүп үстөлдү муштаганым эле болбосо, бир да жолу жеңеңе кол көтөрүп көргөн жан эмесмин. Жаш кезимде өтө ачуум келгенде идиш-аяктарды талкалап иймей адатым бар болчу. Азыр ал адаттан арылдым. Баса, ушу боюнча бир окуяны айтып берейин: жеңең экөөбүз жаңыдан үйлөнүп Кыргызстанга келип, Т. Усубалиев берген үйдө жашап аткан кезибиз. Бир күнү сөздөн-сөз чыгып отуруп экөөбүз чукчуңдаша кеттик. Кандай жиним келди билбейм, бурчта турган телевизорду алып туруп балкондон алыс ыргытып ийдим. Ошондон кийин жеңең менин ачуум келе баштаганда эле үйдөгү баалуу буюмдарды жыйнай баштачу.
З. Бегалиева:
- Калп айткан менен болобу, жаш кезинде байкеңердин жини бир топ эле болчу. Телевизорду ыргытып ийгенден кийин өзү айткандай ачуусу келе баштаганда үйдөгү баалуу буюмдарды жыйнап коркуп калгам. Кийин ырас, ал адатынан арылып, оң колунун ачуусун сол колу менен басып, токтолуп калды.
- Т. Усубалиев сизге ал үйдү кандай негизде берди эле?
- Москвадан аспирантураны аяктап, Кыргызстанга келгенде чыгармачылыгымды колдоп, мамлекеттин атынан берген. Кыргыз баласы болгондон кийин жер үйгө жашайын деп кийин жер үй салдым. Жер үйдү салып атканда келемиштердин короодо ойноп жүргөнүн көрүп: "бул үйдү салсаң сала бер, бирок мен жашабайм" - деп жеңеңдин жүрөгү түшүп калган. Кийин үйдү кычырата салып, короо-жайынын баарын тосуп бүткөндөн кийин алпарсам, жеңең чыккысы келбей калды. Кудайга шүгүр, азыр ошол үйүбүздө жашап жатабыз.
- Үй-бүлөдө дин жагын кандай кармайсыздар?
М. Бегалиев:
- Эл сыяктуу эле мусулман динин тутунабыз. Ушуга чейин жеңеңердин чокунуп сыйынганын көргөн жокмун. Кыскасы, жеңеңердин улуту эле поляк болбосо, кыргыз аялдарындай эле. Бир гана айырмачылыгы той-топурларга көп барбайт. Арак ичип мас болгон жерди көп жактыра бербейт. Барса дагы бир-эки саат олтуруп, "эл мас боло электе кетейин" - деп кетип калат. Анткени Европада тарбияланган да.
Даярдаган
Мирлан Алымбаев