mainkaptal

Пользовательский поиск
"Согуш" жарыялаган 15 депутат,
соккуга кабылган Кулов...
Үч күн мурун парламентте бир топ убакыттан бери парадокс абалына кептелип келаткан, атагынан чатагы көп "Ар-Намыс" фракциясынын ичинде көптөн бери күтүлүп келген "саясий бомба" акыры жарылгандай болду. Тактап айтканда, аталган фракциянын ичинен мындан 3-4 ай мурун эле коалицияга кошулуу ниетин билдирип чыккан 10 депутаттын катарын эми А. Жапаров, Т, Бакир уулу, К. Туманов, Д. Жумабеков жана Б. Жетигеновдор толуктап, фракциялык көпчүлүктү түзүшүп, 12-сентябрь күнү фракциянын жыйынын өткөзүп, ал "тарыхый" жыйындын жыйынтыгында фракция лидери Феликс Куловду лидерликтен кулатып, анын ордуна К. Талиева деген саясатта жаңы гана көрүнүп келаткан 15 депутаттын арасындагы жалгыз аялды лидер кылып шайлап алышты. Ошентип, "коалицияга кошулам, кошулбайм" деп ар кандай талаптарды коюп келген ФШК өз фракциясындагы депутаттардын пикирин эсепке албаганынан улам, катуу соккуга кабылды десек болот. ФШКнын мындай өзүмчүлдүк сапаты, балким, аз убакытта саясатта таптакыр "жыдышына" да алып келиши толук мүмкүн.
Капа болгон карт саясатчы ФШК болсо, мындай жүрүштөрү менен ай-асманды чапчып, журналист журтчулугун жыйнап алып каршылаштарына карата "кара пиарды" катыра таратып жаткан кези. Ал эми фракциянын негизги өзөгүн түзүп калышкан 15 депутат Куловдун андай билдирүүлөрүн мыйзамсыз деп эсептеп, өз пикирлерин билдиришти. Эки тараптын ортосунда маалыматтык согуш күчөп турган кези. Бул окуя акыры кимдин жеңиши менен аяктаары аз күндөрдүн ичинде эле ачыкка чыга тургандай болуп турат.
Төмөндө, аталган фракциянын эки бакандай депутаты Т. Мамытов менен А. Артыковдун коомчулуктун бүйүрүн кызытып жаткан бул "атактуу чыр" тууралуу айткандарын сунуштайбыз...





Токон Мамытов,
"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты:
"Кулов фракциядагы депутаттарды жетелеме малга теңеп жатат…"
- Токон мырза, эми Куловдун кадамдары кандай болот? Деги эле Куловдун айтып чыккандары боюнча эмне айта аласыз?
- Кулов бизди күнөөлөп чыкты. Маселе Кулов өзү күнөөлүүбү же 15 депутат күнөөлүбү дегенде. Мына ушуну коомчулук билиши керек. Куловдун мыйзамды бузганы мындай: ал киши буга чейин эле "фракциядагы 10 депутатты депутаттык мандатынан чекесинен ажыратам" деп күпүлдөп БШКга кайрылып келген. Бирок ал киши чоң жаңылды. Себеби Башкы мыйзамдагы 73-беренени окуп койбогондугу чоң уят. Ал беренеде: "Жогорку Кеңештин депутаты императивдик мандатка байланышпайт. Депутатты кайра чакырып алууга жол берилбейт." - деп бадырайып жазылып турат. Куловго БШКнын мүчөлөрү мына ушул беренени көрсөтүшсө: "чын эле ушундайбы"- деп таң калыптыр. Ошентип, мыйзамды бузайын деген Куловдун аракети ишке ашкан жок. Албетте, Куловдун бул аракети биринчи кезекте адамдык сапатынын төмөндүгүнөн кабар берет. Чынында Кулов "өзүм жалгыз эле кыйратып койдум" деп ойлоп жатса керек. Андай эмес, "Ар-Намыстын" шайлоодо жеңишке жетишине фракциядагы ар бир депутаттын салымы бар. Мына ошону ойлоп, эмгекти баалай билүү зарыл нерсе да. Өзү "мыйзамдын калканы" болуп туруп, минтип мыйзамды бузгандыгы уят.
Ал киши: "мунун баарын үч-төрт депутат эле кылып атат, калгандары аларды ээрчип атат"- деген пикирди айтып жатат. Мен эмне, үч-төрт депутатты ээрчип кеткендей малмынбы? Же ага 15 депутаттын баары мал көрүнүп калдыбы? Бул эмне деп басынтканы? Куловдун бул айтканын мен: "силер торпоксуңар, башка депутаттар силерди мурдуңардан чүлүктөп жетелеп алган" - деп түшүнөм. Фракция лидери, аксакал болуп туруп, сүйлөөрдөн мурда бир ойлонбойбу? Эл эмне дейт? Мен деле, Куловдун тобунда жүргөн, командировкада жүрүп, 15 депутатка кошула албай калган башка депутаттарды: "Куловду ээрчип жүрүшөт, демек алар да мал турбайбы? Анда аларды торпок, кой, бука катары жетелеп жүргөн турбайбы?"-деп айтсам болот экен да. Туура эмес да. Куловдун айткандары эч кандай адамгерчиликке жатпайт.
- 15 депутаттын саны дагы көбөйүшү мүмкүнбү?
- Ачыгын айтайын, бүгүн биз 15 эмеспиз, 18-19 депутатпыз. Мына ошондо да ал киши дагы да болсо баягы 10 депутаттан көрөт. Куловдун катачылыгы - өзүнөн башка менен эсептешпегендигинде. Бул кадам Куловго каршы кадам эмес экенин азыр деле түшүнбөй жатат. Бул кадам, фракциянын ынтымагын, ишмердүүлүгүн калыптандырып, күчөтүү үчүн болду. Жамандыр-жакшыдыр жалпы фракцияны чогултуп, депутаттардын пикирин угуп, болгон ишти ортого салып, талкуулап, анализ жасаса болот эле го. Терең ойлогон жок. "Кой, элдин башын бириктире албай калдым, колумдан келбей калды"- деген суроону өзүнө бериш керек эле. Бул киши дагы: "Буларды мен депутат кылгам"- деп айтып чыгышы мүмкүн. Ачык айтып коёюн, бул 15 депутаттын биринин да Кулов менен эч кандай аласа-бересеси жок.
- Фракция лидерлиги сизге да сунуш болгон дейт го, эмне себептен баш тарттыңыз?
- Мага эле эмес, Жапаровго, Артыковго, ж.б. сунуш болду. Баарыбыз баш тартып, Талиеванын баш тартканына карабай, "кыздын кырк чачы улуу" деп туруп, арабыздагы жалгыз айымды шайлап алдык.
- Ишти алып кетээрине көзүңүз жетеби?
- Эмне үчүн алып кетпейт? Биринчиден, жаш, экинчиден, силер ойлогондой тажрыйбасы чоң эместир. Бирок калганыбыз карап олтуруп албайбыз да, колдон келген жардамыбызды беребиз. "Фракциянын лидерин жыл сайын алмаштырып туралы" деген жобону киргизип койдук. Эми мындан ары ошондой жобо менен иш алып бара беребиз го.
- Эми мындан аркы кадамыңар кандай болот?
- Кадамдарыбыз иш жана иш болот. Иштейбиз деп келгенден кийин талапка ылайык иштеп, элдин үмүтүн актаганга аракет кылабыз да. Ал эми Феликс Шаршенбаевич, акыры далили жок эле "бул күнөөлүү, ал күнөөлүү" дей бербей, терең ойлоп туура жыйынтык чыгарат деген ойдомун.




Анвар Артыков,
"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты:
"Бул жолу Куловду жыйынга чакырган жокпуз..."
- Анвар мырза, мына жалпы эл көрүп жаткандай, коалицияга кирүү демилгесин көтөрүп чыккан 10 депутатка дагы 5 депутат кошулуп, натыйжада ал 15 депутаттын жыйынындагы чечими менен фракция лидери Куловдун ордуна Талиеваны шайлап алдыңыздар. Бул окуянын негизги себептерине токтолсоңуз.
- Негизги себеп бул жолу коалиция эмес, фракциянын ынтымагын бекемдөө болду. Анткени акыркы кездерде биздин фракция башка фракциялардай болуп, республикадагы ар кандай маселелерди толук кандуу талкуу кыла албай калдык. Албетте, буга фракциянын эки-үчкө бөлүнүп кетиши себеп болду. Ушундан улам, фракциянын жыйынында 15 беш депутат бир пикирге токтолуп, бир командага бирикти десек болот. Жыйында жогоруда айтылган фракциянын ынтымагын бекемдөө жана жигердүү иштөө маселеси козголду. Ошону менен катар жаңылануу болуш үчүн фракция лидерин алмаштыруу маселеси көтөрүлүп, арабыздагы бир аял кишини, тактап айтканда, Камила Талиеваны шайлап алдык. Фракциянын көпчүлүк депутаттарынын чечими ушундай болду. Айтор, биздин бул аракетибиз мыйзамдуу болуп эсептелет. ЖКнын жыйынында бул маселе күн тартибине коюлбайт, бирок фракциянын жаңы лидерин төрага расмий түрдө жарыя кылат.
- Жыйынга фракциянын бардык депутаттары чакырылды беле?
- Ооба, бардыгы чакырылган. 15 депутаттан башкасы ар кандай иштер менен, ар кайсыны айтышып катышуудан баш тартышты. Куловду да көптөн бери чакырып келатканбыз, ал киши болсо "баарын өзүн чечем" дегендей кылып тоготпой келген. Ошондон улам, бул жолу Куловду чакырган жокпуз.
- Талиеваны эмненин негизинде лидер шайлап алдыңыздар. Башка татыктуулар жокпу? Себеби өзүңүз билгендей, ал айымдын саясий салмагы жогору эмес да...
- Башкалардын бардыгы баш тартышты. Талиева тууралуу айтсак, ал кишинин саясий салмагы коомчулукта анчалык жогору эместир. Бирок ошондой болсо да, жетиштүү тажрыйбасы бар. Эң негизги фракциянын ынтымагын бекемдеп, жигердүү иштеп берсе болду.
- Эми силердин катарыңар калыңдады, ушундан улам, коалиция маселеси кайрадан жанданаары турган иш десек болчудай...
- Туура, бул маселе козголот. Негизинен фракциянын 90 пайыз депутаты коалицияга кирүүгө макул десек болот. Кулов болсо бул маселени бир топко созуп келгени коомчулукка белгилүү. Менин жеке пикиримде, коалицияга кире турган болсок, кийинки жылы Өкмөттүн курамы жаңы түзүлгөндө, биздин фракция ал жыйындарга сөзсүз катышып, өз пикирин ортого салышы кажет. Чынында, бул маселе кандай чечилет, аны убакыт көрсөтөт.
- Шайлоодо кайсы талапкерди колдойсуздар, араңыздарда бир эмес эки ( Жапаров, Бакир уулу) талапкер бар эмеспи, балким, башка талапкерлерге ыктайсыздарбы?
- Бул маселени азырынча биз сүйлөшө элекпиз. Сүйлөшкөндөн кийин, коомчулукка сүйлөшүүнүн жыйынтыктарын маалым кылабыз.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев





кыргыз тилиндеги гезит "Форум" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика