Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Бекешов "браттарын" тандай албай чайналды
Ар-намысчыларды кара мышык аралагандыгына байланыштуу, мурдагы күнү кечинде партиянын кезексиз Х съезди болуп өттү. Төңкөрүшчүлөргө байкабай аралашып алган депутат Дастан Бекешов эмне үчүн арызын кайтарып алгандыгын делегаттарга түшүндүрүп атып: "Мен Феликс Шаршенбаевичти абдан сыйлайм. Ага мен байкем сыяктуу мамиле кылам. Мен үчүн көп нерселерди жасаган Акылбек Жапаровго дагы ошондой эле мамиледемин. Аны менен 2008-жылдан бери чогуумун. Андан жакшылыктан башка эч кандай жамандык көргөн жокмун. Ал эми "Ар-Намыс" партиясындагы ажырым боюнча айтсам, Жапаров дагы, Артыков дагы күнөөлүү эмес, баарыбыз күнөөлүүбүз. Биз парламентке келгенде фракциянын бирдиктүү стратегиясы, катуулук жок болчу. Ар ким өз билгенин кылды. Дагы бир жолу кайталайм, азыр мага Акылбек Жапаров жөнүндө бирдеме деп айтуу оор болуп турат. Анткени ал мага "как брат" - деди эле чогулган делегаттар туш-туштан "братыңбы, братың эмеспи аны үйүңдөн айт. Биздин лидерибиз жалгыз Феликс Кулов" - деп ач айкырык салып, сүйлөтпөй коюшту.


Зор эмгектин аркасынан ээрчиген наамдар
"Имарат Строй" ЖЧКнын башкы директору, "Кыргыз тили" коомунун вице-президенти Иманалиев Бейшенбек Султанович жакында президенттин буйругу менен Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу деген наамга татыды. Ардактуу наам ээси Бакиев бийлигинин кулашына чоң салым кошкон. Муну менен катар апрель элдик ыңкылабында Бейшенбек Иманалиев жаңылануунун жүзөгө ашуусуна моралдык да, материалдык да колдоо көрсөтүп, 100 000 сом акчалай жардамын берген. Өмүр таржымалына көз жүгүртүп көрүп, президент тарабынан берилген сыйлыктын бекер берилбегенине ынандык. Биз сөз кылып жаткан Бейшенбек Иманалиев курулуш тармагын өнүктүрүүнүн алдыңкы күжүрмөн сабында гана жүрбөстөн, коомдук иштерди да айкалыштыра билгени бул инсандын коомдук ишмердүүлүгүнүн ар тараптуулугунан кабар берет. Атай кетсек, 1983-жылдан 1988-жылдар аралыгында прорабдык кесиптен башкы инженерликке чейин жогорулап, андан 1996-жылга чейин "Райсельремстрой" башкармалыгынын башчысы кызматын аркалаган. Жергиликтүү кеңешке бир нече жолу депутат болуп, акты - ак, караны - кара деген калыстыгы менен коомчулукка таанылган. Мындай ийгиликтердин аркасында Бейшенбек Иманалиев ошол кезде КРнын Ардактуу куруучусу жана КРнын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Курулушту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ал 2007-2008-жылдары эки ирет "Жылдын мыкты ишкери" деп табылган. Учурда ал жетектеген "Имарат Строй" ишканасы салык жаатынан мамлекеттин казынасына жыл сайын 6 млн. сомдон ашык каражатты төгүп турат.


Казинолорду жабыш керек...
Далай жарандарды сыздатып, үй-жайынан ажыраткан казино кумар оюндарын жабуу маселеси эчен жылдардан бери айтылып келе жатат. Бирок бул көйгөйлүү маселеге мамлекеттик төбөлдөр тарабынан жетишээрлик көңүл бурулган эмес. Ошонун айынан көптөгөн карапайым жарандар үй-жайын, машинасын, ал түгүл колуна илинген ырыстуу буюмдарынан бери казиного уттуруп, акыры өздөрү муунуп өлгөн учурлар арбыган. Мына ушул көйгөй кайрадан жанданып, Жогорку Кеңешке чейин жетти. Жогорку Кеңештин депутаты Эсенгул Исаков 15-сентябрда пленардык жыйында, "Казино жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыкпасак, толкундоолор күчөп жатат. Борбордо казинолорду иштетүүнү токтотушубуз керек. Себеби депутаттардын казинолору бар дешип, бардык депутаттар жаман атты болуп жатышат" - деп маалымдады. Аталган маселе боюнча спикер Акматбек Келдибеков дагы: "Казинолорду жабыш керек же өлкөнүн өнүкпөгөн райондоруна алып барыш керек. Орусия жана Казакстан казинолорду, ойномо автоматтарды жаап салышты. Ал эми башка өлкөлөрдө өнүкпөгөн жерлерге мисалы Лас-Вегаска алпарып коюшкан. Ошондуктан тиешелүү комитеттер бул маселени колго алса, себеби казинолордон зыянга учураган адамдар көп болууда. Карызга батып, асылып өлгөндөр дагы көп" - деген оюн билдирди. Ал эми депутат Туратбек Мадылбеков казино жана оюн автоматтар жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыккандыгын, бул боюнча мыйзам долбоору келе жаткан дүйшөмбү күнү талкууга алынарын кабарлады.
Эмнеси болсо да, казинолорду жабуу тууралуу коомчулуктун үнү депутаттарга жетти көрүнөт. Бир сөз менен айтканда, казинолорду жаап, же алыскы өнүкпөгөн райондорго алып баруу зарылдыгы бышып жетилди.


Белек-бечкек таратмай башталдыбы?..
Бакиевдин учурунда Талас облусунун губернатору болуп иштеп, 7-апрелде аз жерден токмоктолуп кала жаздаган Бейшенбек Болотбеков менен Аскар Акаевдин тушунда Айыл чарба министри болуп, агрардык реформа жүргүзө коём деп айыл чарба тармагын керектен чыгаргандардын ана башында турган Бекболот Талгарбеков экөө шайлоодо Нарын облусунан оңбогондой добуш алып беребиз дешип, "Ата-Журт" фракциясынан президенттикке ат салышканы чыккан Камчыбек Ташиевдин эшигин сагалап жүрүшүп, бири Ташиевдин Нарын облусу боюнча штаб башчысы, бири Кочкор району боюнча штаб башчысы болуп дайындалышкан экен. Эми бул эки эргул өздөрү туулуп-өскөн Мантыш, Кызыл-Дөбө, Кара-Мойнок, Талаа-Булак ж.б. айылдарын эмитеден эле түтүнмө-түтүн кыдырышып, Ташиевге добуш бергиле деп ар кандай белек-бечкектерди таратып жүргөнүн жергиликтүү тургундар айтып түгөтө алышпай жүрүшөт. Сыягы, булардын жандалбастап катуу киришкендерине караганда, Камчыбек мырза чоң нерсе убада кылган көрүнөт.




Каптагаев "Кыялга" ашык болуп...
Көп жылдан бери "Кыял" ишканасынын айланасындагы чыр-чатак басылбай келет. Бул ишканага көз арткан айрым төбөлдөрдүн өзүм билемдик иш-аракеттери себеп болуп жатканы кеп болуп келет. Курманбек Бакиевдин тушунда аталган ишкананы менчиктештирүүгө Максим Бакиев тарабынан кысым болуп, эски бийликтин эрке талтаңы өз максатына жеткиче революция болуп кеткен. Бирок бийлик алмашкан менен "Кыял" ишканасына көз арткандардын аягы тыйылып калган жок. Учурда аталган ишканага Эмил Каптагаев "ашык" болуп жатканы көптөн бери эле массалык маалымат каражаттарында айтылып келе жатат. Эми бул маселе Жогорку Кеңешке чейин жетип, бул туурасында парламентте Акылбек Жапаров: "Азыркы учурда ишкананын Уставын алмаштыруу менен жетекчилигин дагы алмаштырышат деген сөздөр болууда. Мунун артында президенттин аппаратынын жетекчиси турат деп айтышууда. Себеби ага Ош базарынын аянты керек экен" - деп маалымдады. Ал эми А.Келдибеков болсо, "Мен бул боюнча премьер-министр А.Атамбаев менен сүйлөштүм. Аталган иш боюнча анын маалыматы жок экен. Маселе чечилет деди", - деп билдирди.


Таласта калганча талаада калган жакшыдыр
Таластыктардын таягынан аман калган Акылбек Жапаров айтып жатат, "…фракциянын ичиндеги интригалар токтобой койду. Ошондон улам 10 депутатыбыз кетип калган. Президенттик шайлоодон кийин жаңы коалиция түзүү милдети турат. Ошого чейин бир ынтымакка келбесек, дагы талаада кала беришибиз мүмкүн" деп. Ушуну уккандан кийин ойлоп калдык, бу жигитке кызмат гана керек экенин. Аткаруу бийлиги атасынан калган мурас сымал, ойлогону, обдулганы эле ошол жак. Акаев, Бакиевдин убактарында кызматка тойбогонсуп, эңсегени, эстегени эле бийлик. Жок дегенде оппозицияда бир-эки жыл отурса гана, атаганат. Айлаң кеткенден айткың келет экен, "талаада калгың келбесе, Таласта эле калсаң болмок" деп.


Жаныш жапкан кырсык, Мелис тапкан кылмыш
Ички иштер министринин орун басары, милициянын генералы Мелис Турганбаев маркум Медет Садыркуловичтин өлүмү боюнча: "Ал чек арадан чыккандан кийин МАИнин кийимдерин кийген СГОнун кызматкерлери, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка күрөшүү башкармалыгынын башчысы Айбек Абдразаков болуп бардыгы 8 киши тосуп чыгып, күбөлүктөрүн көргөзүп, ИИМге жумуштарыбыз менен барабыз деп, айдоочусун артта турган "БМВга" отургузушуп, рулга бөлөк айдоочуну отургузушуп, жогоруну көздөй алып кетишкен. Бирок ИИМге алып келбестен, Көк-Жар айылындагы Курманбек Темирбаевдин дачасына алып барып, ошол жерден токмоктоп сабашкан. 5-10 мүнөттөн кийин Жаныш Бакиев өзүнүн жан сакчылары менен ошол жерге келип, Садыркуловду эки адам эки жактан кармап турганда, ага кол көтөрүп, тээп, кечирим суратканга мажбур кылган. Жаныш Бакиев өзүнүн сурагын өткөзгөндөн кийин "бүтүргүлө ишти" деп команда берген. Экөө эки колунан кармап туруп, трос менен муунтуп, үчөөнү тең машинеге жүктөп, Арашан айылы жакка алып барышып, ал жерде Анапияевдин балдары күтүп турган. Жанагыдай кылып, жол кырсыгын инсценировка кылышып, бензин чачып, аңды көздөй ары түртүп жиберишкен. Жол кырсыгы сыяктуу кылып туруп, изин сууталы деген ой бар болчу, бирок от аябай жалындап күйүп кеткенине байланыштуу "Аудини" ордунан жылдыра албай калышкан"-деп, маркум Медетке кырсык болбой эле кылмыш болгонун ай-ааламга ачыктап салды. "Кыңыр иш кыркы жылда билинет" дегениң ушу тура.