mainkaptal

Пользовательский поиск
"Тайгүлүк" балдар
бакчасы талашка түштүбү?
Талас районундагы Көк-Ой айылында жайгашкан бул балдар бакчасы элибиз эгемендүүлүккө ээ болгондон тарта талашка түшкөн имарат болгонун эч ким танбас. Учурунда таттуу кыял менен ага "Тайгүлүк" деген ат да берилген. Айрымдар аны "прихватташтырып" алгысы келген сыяктанат, бирок маданий-коомдук жайлар менен балдар бакчаларын приватташтырууга мыйзамдын жоктугу гана аны бул тагдырдан сактап калган көрүнбөйбү?

Учурда чакан ушул балдар бакчасында 6 группадан турган наристелер негизинен атайын жана жогорку билимге ээ болгон кадрлар тарабынан тарбияланат. Ар кимдин карамагында болуп келген имарат бул күндө балдардын шайыр үнүнө толуп, "балалуу үй - базарга" айланган. Бирок буга кубанбай туралы, себеби сырт келбети көрккө келгени менен, "Тайгүлүктүн" башына кайрадан кара булут айланып жаткандыгында болуп отурат.
"Прихватташтыруу" мүмкүн болбогондорду менчиктеп алуу башка мамлекеттерде мыйзам чегинде сакталса керек, бирок жапайы капитализмде жашап жаткан учурда мыйзамды буйлалап, акырындык менен мындай имараттарды четинен ээлеп келе жаткандар да бар экенин белгилеп кетели. Көрсө, бизде чет элдик уюмдардын атына жана акчасына жамынып, каалаганың кылсаң боло берет экен, ой-тобо-о!
Көк-Ой айылында жашоочулардын көбү мамлекеттик жана коомдук уюмдарда, жаштардын көбү жайкысын талаа жумуштарында, бардыгынын эле балдарын карап турууга ата-энелери кашында болбойт тура. Мындайда балдар бакчасы аба менен суудай керек экен. Учурда ушул балдар бакчасынан орунга кезекке тургандардын саны да өсүп жатыптыр. Ушундай болсо да "Тайгүлүктүн" мурдагы аймагы тарып, тегерегине мен гана ээлик кылам деген чет элдик реабилитациялык балдар бакчасы (РББ) четинен "басып кирип" баратыптыр.
"Чыгашага ээси баш" дегендей, бул сырдын ачылышына "Тайгүлүк" менен РББнын кир жуучу жайды (прачечнаяны) талашканынан келип чыгат. РББны "ээлеп алган" Төрөкан Жоробеков ушул аймакты өзүнө өткөрүп алууга чамынат. Буга "Тайгүлүктүн" жамааты макул болбойт. Эрегиш ушундан келип чыгат да, акыры Т.Жоробеков чыр чыгарып, "Тайгүлүк" балдар бакчасынын кароолчусун сабаганга чейин барат.
Эске сала кетели, РББ бул балдар бакчасынын аймагын арендага алып иштетип келет. Бул негизинен кичинесинен майып болгон, көпчүлүк менен аралашууга жөндөмсүз аёолуу балдар менен иш жүргүзүүчү, тактап айтканда, аёолуу балдарды тарбиялоочу багытта иш жүргүзмөк. Бул бакчада аёолуу балдарга караганда, дени соо балдар көп экендигин калыс карап текшергендер тана албас. Башка өңүттөн алып караганда, РББга берилген аянттын басымдуу бөлүгү балдар үчүн эмес, Т.Жоробековдун үй-бүлөсүнүн жашоочу эчки-коюн жана тоокторун багуучу жайына айланганын көпчүлүк жетекчилер билсе да, билмексенге салышканында болуп отурат. Байкамаксанга салышканына караганда, Көк-Ой айыл Өкмөтүнүн аренда акысынан башка "бармак басты, көз кысты" мамилелери барбы? - деген күдүк ойду жаратат. Болбосо, РББга берилген аянттарда анын мал-кели менен көчүп кирип алышына эмгиче эмнеге бөгөт коюлган эмес?
Илгери санэпидстанция деген болор эле. Алар тазалыкты так текшерип, наристелер эмес, көпчүлүк пайдаланган жерлерге чейин мал киргизүүгө тыюу салып келген. Талас жергесинде бул санэпидстанция жоюлуп кеткенби, айтор, "Тайгүлүк" менен РББнын аймагында Т.Жоробековдун эчки-койлору жайылып, итине чейин ээн-эркин короодо "сейил" куруп жүрөт. Ачык айталы, учурда зооветеринардык эрежелер сакталбагандыктан, малдын ылаңдарга учурашы көп. Ал эми балдар бакчасын аралап жүргөн эчки-койлордон, иттен ушул "эрегишкен" эки балдар бакчасында тарбияланып жаткан наристелерге жукпайт деп кимиси кепилдик берет? Өзгөдөн мурда РББны уюштурган чет элдик уюмдар өздөрүнүн көзөмөлүндөгү РББга Т.Жоробековдун көчүп кирип алышын көрмөксөнгө салышына карасак, алар да "кыргызчылыкты" өздөштүрүп алганбы?
"Тайгүлүк" балдар бакчасынын жамааты кир жуучу жайды РББга берүүдөн баш тарткандан кийин Т.Жоробековдун "жини" шакардай кармайт. Чыр чыгарууга шылтоо издегенби, айтор, эчки-койлору ээн коё берет да, малы "Тайгүлүк" балдар бакчасынын гүлдөрүн, жаңы тигилген бак-дарактардын көчөттөрүн майкандайт. Албетте, буга бакчанын кароолчусу жооп берет эмеспи, ошондон улам кароолчу малды айдап чыгат. Шылтоого шынаа болуп, Т.Жоробеков кароолчуга күтүүсүз жерден кол салып, жыгып алып тепкилейт. Балдар бакчасынын тарбиячылары араң ажыратышып, кароолчуга нашатр спиртин жыттатып, эсине келтиришет да, райондук ооруканага жөнөтүшөт. Бул иш азыр Талас райондук ички иштер бөлүмү тарабынан иликтенип жатат. Буга кийин дагы кайрыларбыз, ал эми андан кийин Т.Жоробеков балдар бакчасында иштеген тарбиячыларды адам оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, аягында: - Колуңардан эмне келет, энеңерди …, четиңерден бирден атам, буга жооп бербейм, "кызыл китебим" бар - дегенге чейин барганы үчүн дагы жооп берүүгө тийиш эмеспи?!
Ушул жерде эң коркунучтуу жана опурталдуу бир көрүнүш турат. Чынында, Т.Жоробековдун "кызыл китеби" бар болсо, буларды балдар бакчасынын аймагына жолотууга болобу? Кокус, "жандуу оорусу" кармаса, балдар бакчасынын бирди-жарым тарбиялануучуларынын өмүрүнө зыян келтирип жүрбөсүн? Болбосо, чындап эле балдар бакчаларында иштеп жатышкан алсыз кыз-келиндерге курал-жарак колдонсо эмне болот? Буга жеткирбеш үчүн Т.Жоробековду тез арада изоляциялап, коопсуздук чараларды көрүү ички иштер жана психиатрдык медицина кызматкерлеринин кечиктирилгис милдети эмеспи?
Учурда "Тайгүлүк" балдар бакчасынын башчысы кезектеги отпускада экен. Буга чейин дагы бир ирет Т.Жоробековдун эчки-койлорун бул бакчанын короосуна киргенине эскертүү берилип, бирок ал моюн сунбаган соң тартипке чакырууга Көк-Ой айыл Өкмөтүнө жамаат кайрылышыптыр. Балдар бакчасынын ошол кездеги актысы да сакталуу экен. Аттиң, эгерде айыл Өкмөтү бул окуяны алдын ала териштирип, тийиштүү чара көрүшкөндө азыр бакчанын кароолчусу бейкүнөө таяк жебей калбайт беле? Чыр-чатак азыркыдай өз апогейине жетмек эмес.
Кайрадан эскерте кетели, РББ "Тайгүлүк" балдар бакчасынын ушул аймагын арендага алган. Анын чыныгы ээси менен арендатордун белгилүү чекте укуктары жана милдеттери болот. Тилекке каршы, РББнын азыркы үстөмдүгү басмачылык катары санасак болот. Ал эми Т.Жоробеков бул аянтты 49 жылга арендага алып койгом, эми мен силер менен сүйлөшпөйм да, менчик ээси катары мен өз билгенимди жасайм дегени канчалык чындык экенин тийиштүү уюмдар териштирүүгө тийиш. Эгерде бул чындык болсо, мыйзамга ылайык, мурдагы чыныгы ээси "Тайгүлүк" балдар бакчасы аренда келишимин бузуу укугун калыбына келтирилиши зарыл.
Дагы бир эске алынуучу нерсе, дени сак балдар менен аёолуу балдардын бакчаларынын бир короодо болушу моралдык жактан туура келбесе керек. Бала деген бала. Дени сак бала аёолуу балдардын көңүлүн оорутуучу сөздөрдү айтып коюшу мүмкүн экендиги эске алынышы зарыл. Демек, РББ ансыз да арендатор болгондуктан жана "Тайгүлүк" балдар бакчасынын тарбиялануучуларынын санынын кескин өскөндүгүнө жана эки тараптын тирешүүсү күчөгөндүктөн, РББны башка тарапка бөлүп чыгаруу зарыл болуп калган сыяктанат.
Буга чейин "Тайгүлүк" бакчасы 6 ирет ар тараптан текшерүүдөн өткөндүгүн, буга себеп экинчи тараптын түрдүү арыз-даттанууларынан келип чыккандыгын, текшерүүдө маалыматтардын далилденбегендигин, тетирисинче, мурдагыга караганда бул бакчада кадрлар маселесинин чечилип, эмгек тартибинин чыңдалгандыгы, финансылык тартип бузуулардын жоктугу аныкталыптыр. Ушул жерде таң каларлык көрүнүш, "текшерүүчүлөрдүн" жанаша турган РББнын аймагында мал-кели менен бир үй-бүлөнүн жашап жаткандыгына кайдыгер мамиле жасагандыгында болуп отурат. Демек, ушундай эле текшерүүлөр РББда жүргүзүлүшү керек эмес беле?!
Бир суроо пайда болот, "Тайгүлүк" балдар бакчасынын аймагынан РББга арендага берилген имарат жана аянт аёолуу балдарга бакчалыкка берилген беле, же Төрөкан Жоробековдордун үй-бүлөсүнүн жашоосуна жана малын багууга бөлүнүп берилгенби? Деги эле бул РББнын нукура жетекчиси ким? Кадрлардын курамы талапка ылайык келеби? Балдар бакчасында жашап жана "ишкерлик" кылууга, айрыкча балдар бакчасынын аймагында наристелердин дем алуу мезгилинде үнү ачуу устачылык аппараттарын иштетүүгө буга ким укук берди болду экен? Мекеме-уюмдардын иш ордун турак-жай катары пайдаланган Т.Жоробеков РББнын короосунан башка жакка чыгарылабы? Жумушчу ордунда өз милдетин аткарып жаткан кароолчуну сабаганы үчүн Т.Жоробековго мыйзам чегинде чара көрүлөбү? РББнын арендадагы имаратында жашаган Т.Жоробеков "квартплата" төлөйбү? Ошол жерде жашап жаткандан кийин өз керектөөсүнө жана устачылык жасаган маалында пайдаланылган электроэнергияга акысын төлөйт бекен? Болбосо, бул чыгымдар РББнын эсебинен жабылып жатабы? Бул суроолор кат түрүндө Көк-Ой айыл Өкмөтүнө жана Талас райондук мамлекеттик администрациясына тапшырылган, бирок али жооп жок.
Ал эми таяк жеген кароолчуну жабыр тартпаган адам катары ооруканадан чыгарып жиберген Талас облустук травматологиянын медицина кызматкеринин жана оорулуунун абалына карабай "сопсоо" деп диагноз койгон облустук невропатолог врачынын жыйынтыгына нааразы болгон жабыркоочу тергөөчүгө буларга ишеним көргөзбөсүн, азыркы күндө Талас райондук ооруканасынын невропатологунун кароосунда үйүндө дарыланып жатканы боюнча арызын тапшырган. Бул окуя тууралуу тергөө амалдары аяктагандан кийин кеңири сөз козгомокчубуз. Ошону менен эскерте кетели, РББнын короосун Т.Жоробековдун короо-жайына айланганынын себепкерлери кимдер? Мында кандай финансылык мыйзам бузуулар бар? Дегеле, райондук жана облустук финполиция, санэпидстанция, акимчилик жана облустук администрация буга кайдыгер мамиле жасашканы табышмактуу сыр көрүнөт. Ал гана эмес, бул маселе боюнча акимчилик кабарчынын берген суроолоруна ушул мезгилге чейин жооп бербегендигин, бул КРнын ММК тууралуу мыйзамына карама-каршы келерин, кабарчы бул боюнча Талас райондук мамлекеттик администрациясын сотко берүүгө укуктуу экендигин (кат регистрациядан өткөрүлгөн) айта кетсек артыкбаш болбос. Ал эми кылмыштуу аракетти жаап-жашыруу кийинки жаңы кылмышка жол ачып берерин, себеби Т.Жоробековдун "кызыл китебим, куралым бар, иттей атып салам" дегени деле ("Тайгүлүктүн" тарбиячыларынын түшүнүк каты сакталуу) ал бул илдеттен таза болсо да, анын артында кандай коркунуч бар экендигин айгинелеп жатпасын? Буга компетенттүү уюмдар эмне деп жооп берер болду экен?..
Эртабылды АТТОКУРОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Форум" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика