mainkaptal

Пользовательский поиск
CCCРди башкарган Андропов Юрий Владимирович тирүү экен
Баягы жылдары СССРди башкарып элдин эсин эки кылган Андропов Юрий Владимирович өлбөй эле тирүү экен. Россиянын бир курорттук аймагында жашайт экен. Дүйнөнүн жаңылыктары менен өтө жакшы кабардар дешет. Ушул тапта Кыргызстандагы акыбалга өтө кабатыр экен. Менин угушума караганда, биздин үлкөн-үлкөн чиновниктер менен сүйлөшү, макулдугун бериптир.


Кыргызстанды башкарып, элин бекерпозчулуктан арылтып, жеп-ичкендерди тартипке салып, экономикасын көтөрүп берейин дептир. Эми балээ басты, мамлекеттин эсебинен көлөкөдөгү экономикадан байып, маашыркап чиренген чиновниктердин көргөн күнүм эмне болот, себеби бүткүл чоң-кичинесине карабай бардык атуулдардан тыкан декларация алат экен, ар бир атуулга бир сыйра кийим менен бир айга жете турган тамак-ашын, и баса, дагы ар бир жанга 9 м2дан жашоо үчүн калтырып, ашык үйлөрдүн бардыгын мамлекет алат экен. Көбүн жазалоого дейре барат экен.

Кокуй ботом, анын бетин ары кылып мындайдан кудай сактай көрсүн. Мамлекетти талап-тоноп, жеп-ичкенге уруксат, демократияны берген Акаев менен Бакиевди эстеп арман кылабыз го. Урматтуу Юрий Владимирович! Бизди эстеп кабатыр болгонуңузга чоң рахматыбызды айтабыз, сиз карыдыңыз, андан көрө курорттук зонада эс ала бериңиз, өзүбүз сиз ойлогондой тартипке келебиз, ашык байлыгыбызды биз өзүбүз эле ыктыярдуу мамлекетке өткөрүп беребиз. Мамлекеттин эсебинен машина, бензин сыяктууларды албайбыз. Бекерпоздорду, селсаяктарды өзүбүз эле жоготобуз. Көпкөн байларды өзүбүз эле жазалайбыз, коррупция менен байланышпайбыз. Колхоз, совхоз, завод, фабрикаларды ошол демократия башталганда эле куран окуп коштошуп койгонбуз. Анан дагы ашка жүк башка жүк кылбай, көптөгөн кыргыздарды жана башкаларды дүйнө жүзүнө таратып тынып эле калганбыз. Кыздарыбыз көбөйүп кетип, топ-тобу менен Кореяга жөнөтүп, аяктан дагы пайда таап жатабыз, кыз экспортуна дагы заказдар келүүдө, акчалар жетишээрлик. Жашообуз ойдогудай, ири ишканалар менен баш оорутуп убара болбой оңой эле Кытайдан келген товарлар менен алып сатарлык оокат кылып жан сактоодобуз, жашоонун оңой жолу алып сатарлык менен кыз экспорту экен. Кыйналып баратсак, дүйнөлүк донор мамлекеттерден тилемчилеп акча ала коёбуз. Дүйнө жүзүнө тентип элибиз деле 5 миллионго жетпейт. Донор мамлекеттерге 2,6 млрд. эле доллар карызбыз, акыры карызыбыздан кутулабыз, кутула албасак, бизде жер көп, жерибизди бере коёбуз. Берген жериңер аздык кылат десе, иш таппай жүргөн бекерпоздор көчөлөрдө самсыйт Кыргызстанда, мына ошолорду оптом кулчулукка келишим түзө коёбуз, миграция министрлигибиз тууралап коёт. Карызыбыздан бир четинен кичине кутулсак, жардам бербесеңер жашоо кыйын болуп калды деп донор мамлекеттерден дагы акча сурайбыз, мүмкүн, карызыбыз 3 миллиардга чыгып кетет. Чыкса чыга берсин, бизде жаратылышта дымып жаткан байлыгыбыз жетишээрлик, алтын кен, темир кен, көмүр кен айтып отурса сан жеткис, алар аздык кылса, биз - кыргыздар ГЭСтерге да байбыз. ГЭСтерибизди чекеден кармата беребиз, эмне ГЭСтерди көтөрүп кетет беле, өзүбүздө эле калат да, келечекте небере-чөбөрөлөрүбүз бирдеме кылып кайтарып алышаар, айлыгыбыз аз болсо да, келечекте небере-чөбөрөлөрүбүз бирдеме кылып кайтарып алышаар, айлыгыбыз аз болсо да оңой оокат донорлордун акчасын алып кыйналбай жашай беребиз.

Юрий Владимирович! Бизди текшергенден көрө кошуналарыбыз Өзбекстан менен Казакстанды текшерип ушул эки мамлекеттен акчабызды алып берсеңизчи, себеби кылымдардан бери биздин суубузду акча бербей ичкени аздык кылгансып, газ, бензин алдыңар деп бизди миллиондогон долларга карызсыңар деп кычашкансып ызгаардуу январь айында газдын түтүгүн жаап салышып мыйыгынан күлүшүп, "куп кыргызларны яйиладык" дешет. Жоош коңшуну тапкан экен, берешен экенибизди баалашпайт. Сууларыбызды бекер алганына ыраазы болбой, Ноокен, Сузак, Аксы, Баткен райондорунан жердин асты менен нефти газдарыбызды да "эмчек эмген баладай" түтүк менен сордуруп алып алганыбыз жок деп аны да моюндарына алышпайт. Ушул эки кошунага араң чыдап жашап жатсак, чыгыштан арстандай азуусун көрсөтүп айбат кылып Кытай деген да турат. Жер сурап, кен сурап, унчукпасак көзгө басар көлүбүз менен бүткүл Нарынды картасына кошуп чийип алгыдай, анан дагы кетмени менен кертип Тажиктер чек арабызга кирип келе жатышат. Эмне биз ушул 3-4 мамлекетти бакканы жаралыппызбы. Иштешсин, өздөрүн өздөрү баксын. Илгери Ленин деген деле айткан, "иштеген тиштейт" деп, ушундай кылбай кудайдын буйругун да аткарбай жатышат. Сиз өзүңүз ушулардан аласабызды алып бербесеңиз жашообуз кыйындап калды.
Өзбекстан менен Казакстанды текшергенге убактым жок дейсизби? Андай болсо бизге деле келбей эле коюңуз биз ыраазыбыз.

Эмесе, өзүбүздүн эле ичибизде бир орчундуу иш болуп жатат, ошону жайларына коюп ирээттеп бербесеңиз, пайдасы жок иштер дагы көбөйүп баратат. Телеграмма аркылуу эле кат жөнөтүп койсоңуз болот. Эми биз - кыргыздар чоң болгонду кыйын жакшы көрөбүз.
10,100,1000 кишини башкарып көрбөй эле оптом миллион кишини башкарганды эңсейбиз. Себеби жакында президенттик шайлоо болот. Ошол бир орунга 80ден ашык киши мен президент болом деп жулунуп жатышат, баары эле кыйын, баары эле өздөрүнө ишенишет, өмүрүндө аты чыкпаган өздөрүнүн жакын туугандарынан башкалар тааныбагандар деле тизмеге жазылып алышыптыр. Капырай десе, ушундай да болобу, буларың президенттик кызматты эчки перме, үндүк перме, тоок пермедей ойлошот. Юрий Владимирович! Ушуларга айтып коюңузчу уят болот деп, өздөрүн да элдерди да убара кылбай эки-үч эле кишиге жол бергиле деп, биздин тилибизди албай жатышат. Эмнеси болсо да сиздин кадырыңыз менен сүрүңүз бар. Андан көрө айыл чарбасына, жеңил өнөр жайга, илимге, маданиятка көңүл буруп жаңы техникаларды ойлоп тапкыла деп. Мына ушундай болсо өлкөбүз тез эле байып кетээр эле.

Владимирович! Кичинекей бир эле суранычым калды. Биздин Кыргызстанда кылмышкерлер деле көбөйүп баратат. Себеби хулигандар алсыздарды кордоп уруп, денесин көк ала кылып койсо да милиция жоопко тартпай коё беришет, себеби башың жарылбаптыр, колу-бутуң сынбаптыр же сени өлтүрүп койбоптур деп. Дагы көп эле мамлекеттик кызматкерлер көмөктөшүп кылмыш жасап ийишет. Ушуларды текшерип бер деп арызданып мекемелерге жана милицияга барсаң мындай ишти сот чечет, сотко бергин дешет. "Кылмышты тез эле чечишине көз жетпейт. Сот отуруму күндөн-күнгө айдан-айга жылдан-жылга созулуп кетет. Бара берип чарчайсың да, кийин сотко баргың деле келбей алат.
Депутат Санжар Кадыралиевдин өлүмүнө байланыштуу сот отуруму деле 3 жылдан бери 40 жолу болуп бүтпөй атпайбы.
Юрий Владимирович! Арыз-арманымды аяктап жатам.

Турмушубуз жакшы, көчөлөрүбүзгө иномаркалар батпайт, жашообуз мыктай! Биз башка элдин акылына муктаж эмеспиз. Ишенип коюңуз, келбеңиз, сиз ойлогондой эле кылып Өзбекстан, Казакстан, тажиктерди эмес, өзүбүздү өзүбүз эле туздайбыз. Эс ала бериңиз, келбеңиз, бизди эстеп жүргөнүңүзгө чоң рахмат. Биздин ак калпагыбыз бар! Бизди арбагы колдоп жүргөн Манасыбыз бар. Келе көрбөңүз!

Караш Насер




Кыз-келиндерге ыр сынак

2011-жылдын 15-16-октябрында Ноокатта Курманжан Датка жылынын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесинин алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алтынбек Сулаймановдун колдоосу менен элдин сыймыктуу баатыр кызы, мамлекеттик ишмери УРКУЯ САЛИЕВАНЫН 100 жылдык юбилейине арналган республикалык кыз-келиндер арасында ыр сынагы өтөт.

Ыр сынагынын талаптары
1. Чыгарманын мазмуну;
2. аткаруучулук чеберчилиги, тактыгы.
3. чыгарманын аткарылышынын уккулуктуулугу;
4. сахна маданияты, кийимдердин салттуулугу жана саркечтүүлүгү;
5. аткаруучунун кыймыл-аракети, ийкемдүүлүгү;
6. жогорку техникалык табылгалар (жаңы боек, жаңы түр);
7. Катышуучулар - ыр сынагына тандоо сынагынан өткөн өлкөбүздүн булуң-бурчунан, мыкты үнү бар, ырга шыктуу 30 жашка чейинки кыз-келиндер катышат.
Калыстар тобун Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциясы аныктайт.
Сынакты өткөрүү тартиби - Ыр сынагына катышуучулар Ош жана Бишкек шаарындагы сынакты өткөрүү боюнча түзүлгөн уюштуруу комитеттерине атайын кат менен кайрылышат жана күн мурунтан белгиленген тандоо сынагына катышышат. Тандоо сынактары Ош жана Бишкек шаарларында 2011-жылдын 23-24-сентябрларында, ал эми өнөр сынагы ушул эле жылдын 15-16-октябрь күндөрү Ош облусунун Ноокат районунда өткөрүлөт.

Сыйлыктар
Салттык музыка жана фольклор жанры боюнча:
Баш байге -
"S-класс" маркасындагы "Мерседес-бенц" авто унаасы.
Биринчи орун -
100 000 (жүз миң) сом
Экинчи орун -
60 000 (алтымыш миң) сом
Үчүнчү орун -
40 000 (кырк миң) сом
Кызыктыруучу сыйлыктар

Эстрада жанры боюнча
Баш байге
"S-класс" маркасындагы "Мерседес-бенц" авто унаасы.
Биринчи орун -
100 000 (жүз миң) сом
Экинчи орун -
60 000 (алтымыш миң) сом
Үчүнчү орун -
40 000 (кырк миң) сом
Кызыктыруучу сыйлыктар

Эскертүү:
ыр сынагына тиешелүү бардык суроолор менен Бишкек шаары боюнча (0312) 66-50-39, 0552 08 23 22, Рыскулов Илязга, Ош шаары боюнча (03222) 8-55-86, 0777 58 00 83 Жоробаев Жоомартка жана Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз кaрандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциясына (0312) 900-443 телефондоруна кайрылыңыздар.







кыргыз тилиндеги гезит "Форум" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика