Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

КӨП КҮТТҮРГӨН
МЫЙЗАМЫБЫЗ КУТ БОЛСУН!
Кыргыз элинин ХХI кылымда уюткулуу Журт болуп, УУЗХАН атабыздын уучун улап, Эгемен өлкө болуп турган Дөөлөтүнө АЙКӨЛ МАНАС атабыздын тике да, кыйыр да тиешеси бар. Муундан-муунга өтүп, атадан балага таберик болуп айтылып келген "чексиз ойдун ченсиз күчү" (Жайсаң Үмөт уулу) - түгөнбөгөн руханий кенч "МАНАС" дастаны элибиздин башына эчендеген каран түн түшкөн кезеңдерде да тар жол, тайгак кечүүлөрдөн аман сактап калган жол көрсөтүүчү, касиеттүү күч - АЙКӨЛ Атабыздын руху болуптур!

Өткөн кылымдын 20-40-50-жылдарында Кыргызга гана таандык Улуу мурас "МАНАС" эпосу кыргыз интеллигенциясынын жана Союздун окумуштуулары менен чыгаан мамлекеттик ишмерлери тарабынан изилденип, жайылтыла баштаганда советтик идеологиянын "машинасынын" алдында калып, курмандык болуп кеткен көзөлдөрдү бүгүн эстен чыгарбайлы! Алар: И.Арабаев, К.Тыныстанов, Б.Исакеев, Т.Айтматов, Б.Солтоноев, Т.Жолдошев, Х.Жээнбаев, О.Алиев, К.Кененбаев, Э.Султанбеков, К.Камбаров, А.Алимов, М.Алимов, Е.Поливанов, М.Салихов, А.Самойлович, С.Сейфуллин жана башкалар "улутчул" деген айып менен, айрымдары "улутчулдар менен тыгыз байланышы бар" деген күнөө коюлуп, атылып кетишсе, В.Жирмунский, М.Ауэзов, З.Бектенов, Т.Саманчин, Б.Юнусалиев куугунтукталышып, абакка камалып, К.Мифтаков асынып өлсө, Т.Байышев түрмөдө кайтыш болуп, Ж.Шүкүров, К.Рахматуллин айыкпас илдеттен жок болушкан... Кандай гана адилетсиздик?! Ушундай интеллигенция каймактарынын түбүнө "улутчулдар" жарлыгы менен ошол кездеги идеология чалгы менен чапкандай жок кылып, кордук тарттырганын кийинки жаш муундун өкүлдөрү биле беришпесе керек?
Үстүбүздөгү жылдын 28-июнунда тарыхый окуя болду. Борбор калаабыздын филармониясында "МАНАС" эпосу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюу аземи коомчулуктун катышуусунда өттү. Мыйзамга өлкө башчысы Роза Отунбаева кол койду! Бул салтанат - элибиздин, анын ичинде Улуу дастаныбыздын күйөрмандарынын майрамы болду! Бул Мыйзам кыргыз элинин уникалдуу руханий мурасы-"МАНАС" эпосунун ("МАНАС", "СЕМЕТЕЙ", "СЕЙТЕК" эпостору) үчилтигин сактоого, өнүктүрүүгө жана даңазалоого байланыштуу маселелерди жөнгө салат"- деп, белгиленген Мыйзамдын долбоорунда. Мыйзам 7 беренеден турат. Анын долбоорунун үстүндө Р.Качкеев, А. Жакшылыков, Т.Бакчиев жана К.Иманалиевдер жан дүйнөлөрүнөн от тамызып, бүткүл аракетин жумшап иштеп, мурдагы бийликтин кезинде эле даяр кылышкан. Мыйзамыбыз колдо!. Эми бүтүндөй коомчулугубуз анын кооз сөздөр катары кагаз бетинде калып калбашы үчүн Эл агартуучулар жана маданият, искусство тармагы талыкпай, тыкыр иштешибиз парз! Ушундай Улуу күндү канчалаган манасчылар менен жогоруда аттары аталып, курмандыкка чалынган мыкты инсандарыбыз көрбөй кетишти?!...
2009-жылы октябрда Кытай мамлекети "МАНАС" эпосун ЮНЕСКОго өздөрүнүн атынан материалдык эмес, руханий кенч катары каттата коюп, "мен-кыргызмын" дегендердин намысын катуу козгоп өттү. Колубуздагы Кутту алдыргандай эле болдук... "Мен - патриотмун!" - деп, төшүн каккандар, алардын ичинде "укук коргоочу" болуп алган (НПОлордо) шымаланган, жулунган аялдар да бизде оголе көп эмеспи? Аларга салыштырмалуу көкүрөк какпай, акырын жүрүп, мамлекеттик көп иштерди бүтүргөн, ЖКга үч жолу депутат болгон Карганбек Самаковго элибиздин атынан ыраазычылык айтсак, ашык болбойт! Себеби үстүбүздөгү жылдын февраль айында К.Самаков Кошмо Штаттарга барып, Американын ЮНЕСКОдогу өкүлү Филипп Криделкого кирип, Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсесиндеги "МАНАС" эпосу 1995-жылы эле (дастаныбыздын 1000 жылдыгына карата) кыргыз элиники деп катталган документтерди, 2003-жылы "МАНАС" эпосу, манасчылык жана төкмө акындык өнөр - дүйнөнүн шедеври!" деген (Б.Жакиев агабыздын аракети менен) аталышта өлкөбүздүн атынан жазылган документтерди таап чыгып, депутатыбыз: "Кандайча 2009-жылы "МАНАС" эпосу Кытайга таандык болуп калат?! - деп, маселени кабыргасынан коюп келген. Ошонун натыйжасында, Кытай мамлекети мындан мурдараак "МАНАС" дастанын каттаткан иштеринен биротоло баш тартты! Кудай буюрса, "МАНАС" дастаныбыз жакын арада, 2013-жылга чейин өлкөбүздүн атынан ЮНЕСКОго катталып калуусу ажеп эмес! Албетте, ага бир топ каражат керек болот. Ордо калаабыздын Ала-Тоо аянтында АЙКӨЛ МАНАС атабызга коюлуп жаткан айкелге да Карганбек Самаков иним демилгечи жана демөөрчү болгонун жамы журтубузга айта кетели.
"МАНАС эли" коомдук кыймылы - саясаттан тышкары, руханий уюм. АЙКӨЛ МАНАС атабыз - кыргыз эли Жараткан Теңирден сурап алган Улуу Рух?! АЙКӨЛ атабыздын Кутун, энергиясын урпактарга таратуу миссиясын "МАНАС эли" коомдук кыймылынын мүчөлөрү алып барып жатат. Өткөн жылы өлкөбүз кылыч мизинде кылтылдап турган кезеңде июнь, июль айларында Соң-Көлдө 41 күн бейиши болгур Мухтарбек Өмүракуновдун демөөрчүлүгү - материалдык колдоосу менен "МАНАС" айтылып, кыргыз жергесине Кут түшкөн! (2010-ж. 30.06) Ошонун 1 жылдыгынын урматына Теңирден келген ыйык энергияга ээ мазарлардын күч-кубатын чогултуу, эл-журтубузга багыттоо максатында жүрүш болду. Кабыл алынган Мыйзамды утурлап, жүрүшүбүздү 21-июнда Президенттик Резиденциянын жогору жагынан орун алган "Миң-Булак" мазарынан ыйык Рухтарга багыштап, Куран түшүрүүдөн баштадык. ("Чоң Казаттан кайтып келе жатканда АЙКӨЛ атабыздын 8 чоросу дүйнө салып, ушул аймакка коюлган" - деген уламыш сөздөр бар.) 25-июнда Таласка багыт алып, "МАНАС ордону" тайыдык. Андан ары Сулайман тоо, Ак Киндик, Кара Киндик мазарлары, Алайдагы Кабар-Таш-Көкөтөй ата кабыры, Жылаңач-Бугу мазары, Соң-Көлдө Таш-Тулга мазары, Манжылы-Ата мазарлары тайылды. Жылаңач-Бугу мазарында элибиз кетирген, ата-бабаларыбыз кетирген каталар үчүн ТЕҢИРден кечирим суроо вазийпасы аткарылды. МАНАС атабыздын көк туусун ыргаган, "Бакай сабырдуулугу, Көкөтөй көсөмдүгү, Чыйырды чыйрактыгы, Каныкей кайраттуулугу!" - деген жалындуу сөздөр машиналарга жазылып, "Улутум-кыргыз! Урааным-МАНАС!" - деп жар салган, коомдун төрагасы Асан Жакшылыков баштаган бул жүрүштүн максаты кыргыз эли, жери үчүн болду! Жакындан бери уктап жаткан Рухтар дагы, элибиз дагы ойгонгондугу даана сезилди. Дастаныбызда: "Себилдүүдөн сексен төрт, серп салган жагы кызыл өрт" - деп айтылгандай, 7-апрелде 89 баатыр жигиттерибиз мөндүрдөй жааган октон жалтанбай, "Кыргыздар, артка качпагыла!"-деп, бакиевчилерге каршы турушканын, ченемсиз эрдиктерин дүйнө эли көрбөдүбү?! Азыркы адамзат цивилизациясы 2012-жылы күтүлүп жаткан глобалдык катаклизмдерден аман калабызбы, же алааматтын капшабында кетебизби?- деген тейде турат. Бул жөнүндө Жайсаң Үмөт уулу "АЙКӨЛ МАНАС" дастанында (Бүбү Мариям Муса кызынын ортомчулугу менен кагазга түшүрүлгөн): "Кылымдын тоголушу ушул ирет, кыйла бир Аалам сырын ачып берет. Бир чымчым кыргыз эмес - ачылчу сыр, бүтүндөй адамзаты ашуучу кыр. Ал кырдан өтүү үчүн - адамзаты, агартыш зарыл дилин баары жалпы. Көпчүлүк адамдардын Жер жүзүндө, көөдөнүн кир баскан кез ушул күндө. Пейили кыян-селдей албууттанган, пенделер басымдуулук кылган заман. Көөдөндө аруулуктун дил башаты, көмүлүп ыпласка калган чагы. Ал кирин адамзаты жууш үчүн, аз тукум элден баштоо зарыл бүгүн. Башаты Нур тукуму - Күн элине, б а т а с ы Улуу Күчтүн тийген эле. Дил-нээтин тазартууга ошол элдин, дит буруп турган кези КУДУРЕТТИН"... ("АЙКӨЛ МАНАС", 10 -том, 42-бетте "Дүйнө элин кыргыздар сактап калат!" - деп айтылып жүргөн сөздөр тастыкталып жатат.)
Ыйык мазарларды таюу маалында Кыргыз эли өзүнүн баштапкы аруу өзөгүнө кайтып келе жатканы аяндар аркылуу айтылды. Биздеги аянчы-футурологдор азыр дүйнөлүк деңгээлге чыгып жатышат. Алардын айтымында айрым башка элдер улутубуздун биоталаасына кара дуба, ырым-жырым жиберип жаткан фактылар да бар. Ошолорго жалпыбыз менен туруштук берип, өзөгүбүздү тазалап, энергетикалык согуштардан жеңилбөөгө аракет көргөнүбүз оң! Кыргыз калкымда элибиздин көбү телепат. Аң-сезим аркылуу бири-биринен кабар ала алышат. Ушул жүрүштөрдө бизди ата-бабаларыбыз алакандарына салып алпаргандай, жолубуз эң эле шыдыр болду. Эмне максат менен аттансак, бардыгы кылка аткарылды. Эми ата-бабаларыбыздын рухтары берип жаткан баталарды элибиз кабыл алса, айтылган аруу тилек, асыл сөздөр материалдашат!

СОҢ-КӨЛ НУРУ - СОҢ-КӨЛ КУТУ!
Соң-Көл аталык касиетке ээ - деп айтылып келет. Бул жерди АЙКӨЛ жердеген. Таш-Тулга мазарын таюу үчүн адегенде кара кой, андан кийин акка буруш үчүн ак кой союлду. ТЕҢИР КУТУ, ТЕҢИР НУРУ - МАНАС КУТУ, МАНАС НУРУНА айланды! "Соң-Көлдө уюган КУТтун ээси - Эл!" - деген аян келди. "Миң уккандан бир көргөн" демекчи, бул көрүнүштөрдү көрүш гана керек! Дастаныбызда: "Жарымы жалган, жарымы чын, Жараткандын көөнү үчүн, көбү жалган, көбү чын, көпчүлүктүн көөнү үчүн"... делгендей, чындыгында эле Кайып дүйнө менен кез келишкендей, кызыктуу кубулуштарга күбө болдук. Таш-Тулга мазарынын жанында ар кимибиз элге-жерге тилек айтып жатканыбызда батыш тарап кеч күүгүмдө бүркөк асман агарып, АЙКӨЛ атабыздын колдоочу пирлери: Алтын Ажыдаар, Ак Барс, Кара чаар Кабылан, Алп кара Куш, Ак Шумкар, Көк Жал жада калса, Желмаян төөсүнө чейин булуттардын жардамы менен сүрөттөрү тартылганына күбө болдук. Андан соң, балбылдаган көк жарык жылдыз пайда болуп, так төбөгө жылып барып токтоп калды. Ал жакта 7 күн "МАНАС" айтылды.
Саякбай атабыз дүйнө салганда: "Бүттү. Манасчылык өнөрү аны менен кошо кетти. Бул өнөрдү эми ким улайт?!" - деген сөздөр да болгон. МАНАС атабыз калың кыргыз тилеп алган батадан бүткөн Жан, анан кыргыз үчүн түбөлүк өлбөс Рух болсо, манасчылык өнөр да табышмактуу,сырдуу Кайып дүйнөсү (параллельный мир) менен байланышкан кайталангыс, Аалам тандаган ыйык көрүнүш. Манасчылык өнөргө карандай жаттап алуу менен ээ болууга болбой турганын, 7 жаштан 70 жашка чейин айрым гана инсандар аян-бата алып, айтып калышканын көрүп жүрөбүз. Азыр болсо, 3-4 жашар наристелер да "МАНАС" айтып жүрүшөт. Тамга тааный элек чүрпөлөрдүн китептен жаттап алышы мүмкүнбү?! Бул кубулуш улутубуздун генетикалык эс-тутумунда жашап келаткан табышмак! МАНАС кыргыздын гана маңдайына бүткөн, ошондой эле манасчылык өнөр кыргыздан башка улутта жок! Кичинекей Сагынбай, Саякбайлардын өсүп келе жатканын көрүп, манасчылык өнөр кыргыз барда жашай бере турган, ыйык өнөр экени талашсыз!
Соң-Көлдө бул барышта 7 күн тынбай Кулмат Сыдыков деген жаш манасчыбыз "МАНАС" айтты. Ара чолодо Жеңижок, Коргол аталардын дастандарын айтып, күүлөрүн чертип берип, англичандардын, голландиялык туристтердин да ооздорун ачырып, он манасчынын ишин аткарып келди. Кулматтын манасчылык өнөрү былтыркыдан да такшалып калганы сезилип турду.
Таш-Тулга мазарын тайып, бул жакка сапар тартаарыбызда Соң-Көлдүн үстүнө Кут уюп, жомоктогудай көрүнүшкө таң бердик. Суу - өмүр! Сууга түшкөн Кут элибизге текши жайыларына кепилдик бар. Белестен-белес ашып, Кочкор жолуна жеткиче бизди темир канат шумкар узатып келди. Ушунун баарын жакшылыкка, элибиздин жаркын келечегине төлгө кылдык! "МАНАС" дастаныбызда көптөгөн аян-сырлар, табышмактар камтылган. Алардын ачкычын табуу, Кутка ээ болуу, дилибизди агартуу - ар кимибиздин колубузда! Ал үчүн жаш-кары дебей, дастаныбызды казып окуп, үйрөнүшүбүз, изилдешибиз, жайылтышыбыз гана зарыл! Кабыл алынган "МАНАС" Мыйзамы УЛУУ РУХ АЙКӨЛ атабызга жана элибизге түбөлүккө ак кызматын өтөсүн!!!
Айканыш Сапарбаева
Керим кызы,
"МАНАС эли" коомдук кыймылынын
мүчөсү.