Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Мантыны сүйгөн Жамиля, илбирс мүнөз
Каныкей, Атамбаевди баалаган Сыймык...
Буга чейин кыргыз маданиятынын өкүлдөрүнө олуттуу суроолорду берип, кеңири маек алып келген болсок, бул сапар кээ бир маданий ишмерлерге күнүмдүк турмушта көп берилген жөнөкөй суроолорду узаттык. Негизи эле адамдын жактырган түсүнө, жаныбарына карап, анын мүнөзүн, жашоодогу максатын билсе болот дейт. Кайсы артист кайсы тамакты сүйөт, кандай жаныбар жагат, кандай адамдарды баалайт, кайсы саясатчыны мыкты деп эсептээрин билгиңиз келсе, төмөндөгү материалга көз жүгүртсөңүз жетиштүү болот.
- Сиз жактырган түс?; сүйүп жеген тамагыңыз?; жакшы көргөн жаныбарыңыз?;
адамдагы кайсы сапатты баалайсыз?; баалаган саясатчыңыз?


Жамиля Муратова,
композитор, ырчы:
- Күнүмдүк жашоомдо ар кандай түстөгү кийимдерди кийип жүргөнүм менен, мага көбүнчө ак жана кызыл түс аябай жагат. Ак түс- тазалыктын символу деп коёт го. А кызыл түс болсо, адамды көркүнө чыгарып, ажарын ачып турат.
- Мантыны аябай жакшы көрөм. Эң сүйүктүү тамагым десем болот. Мындан сырткары салаттын бардык түрүн сүйүп жейм.
- Дельфин. Бул жаныбар боорукерлик, акылдуулук, тазалык жагынан кээ бир адамдардан өйдө турат. Дельфиндер сезимтал, чынчыл, достукка туруктуу болушат.
- Адамдагы мен баалаган көп эле жакшы сапаттар бар. Алардын ичинен чынчылдык, боорукердик, калыстык жана адамгерчиликтүүлүк сапаттарын өзгөчө баалайм.
- Баалаган саясатчыларым: Уинстон Черчилль, Владимир Путин, Алмазбек Атамбаев. Бул үч саясатчыны баалаганымдын себеби, булар өз иштеринен жыйынтык чыгарганды билишкендиги.

Марат Алышпаев,
КРнын эл артисти:
- Көгүлтүр көлдүн, чексиз асмандын өңү жана тазалыктын символу болгон ак түс жагат.
- Тамак тандабайм. Берген тамакты жей берем. А өзүм болсо дымдаманы катыра жасайм.
- Мышык менен күчүктү аябай жакшы көрөм.
- Тазалык, калп сүйлөбөгөндүк, калыс, адилет, туруктуулук.
- Саясатчылардан В. Путинди баалайм. Анын кандай жетекчи экенине элдин баары эле күбө болуп жатпайбы.


Каныкей Эралиева,
КРнын эмгек сиңирген артисти:
- Мен жазды аябай жакшы көрөм. Ошол үчүн мага жашыл түс жагат.
- Кыргыздын беш бармагы менен уй кымыз сүйгөн тамактарымдан десем болот.
- Илбирсти жакшы көрөм. Өзгөчө ак түстөгү. Илбирстер эр жүрөк, туруктуу жаныбарлардын бири болушат.
- Чынчыл, туруктуу, айткан сөзүнө турган, калыс сапаттарга ээ адамдарды баалайм. Эки жүздүү, түлкүдөй кубулуп турган куу адамдарды жаман көрөм.
- Азыркы саясатчылардын арасынан Роза Отунбаеваны баалайм. Аял киши болсо да Кыргызстанды оор мезгилде башкарып, мамлекеттин бүтүндүгүн сактап кала алды.

Сыймык Бейшекеев,
ырчы:
- Негизи өңгө деле көп басым жасабайм. Ак кийимдерди көп алгандыктан, ак түстү жакшы көрөм го.
- Тамак тандабайм, даамдуу жасалган тамактардын баарын жей берем. Бирок бала кезде кызарта куурулган картошканы сүйүп жечүмүн.
- Кыргыздын баары эле жаныбарлардын ичинен жылкыны жакшы көрөт эмеспи. Мен дагы жылкыны жакшы көрөм.
- Чыгармачыл жолдо жүрүп, көп саясатчылар менен баарлашып, мамиле түздүм. Саясий аренага жеткенге чейин сени менен достошуп, креслого отургандан кийин эле саламды алик албай калган адамдарды көрүп бир чети таң калсам, бир чети күлкүм келет. Ушундай адамдарды көргөндөн кийин адам кандай кызматта, кайсы жерде болбосун жөнөкөй эле болсо деген ойго келдим. Жөнөкөйлүк бул адамдагы эң жогорку сапат эмеспи.
- Мен тээ тарыхта аты калган же дүйнөгө атагы чыккан саясатчыларды айтпай эле коёюн. Биздин азыркы мамлекет башында отурган саясатчылардын арасынан Алмазбек Атамбаевдин саясий ишмердүүлүгүнө оң баа берем. Анткени ал киши өзү үчүн эмес, мамлекет үчүн бир топ иштерди жасады. Башкасын айтпаганда да, акыркы эки жылда экономикабыздын көтөрүлүшүнө кошкон салымын айтып кетсек болот.

Юрий Бобков,
КРнын эл артисти:
- Түстөрдүн баары эле жагат.
- Убакыттын өтүшү менен жаш кездегидей тамак деле тандабай калат экенсиң. Шашлык менен орустардын пельменин сүйүп жейм.
- Жакшы көргөндүк эмес, көк жал болгону үчүнбү эмнегедир карышкырды баалайм.
- Чындыкты сүйгөн, достукка туруктуу, ишеничти актаган адамдарды сыйлайм.
- Эл үчүн иштейм деген, артында жакшы сөз калтырам деген саясатчылардын баарын сыйлайм.


Атайбек Бөдөшөв,
КРнын эмгек сиңирген артисти:
- Түстөрдүн баары эле жагат. Түскө көп деле маани бербейм.
- Кыргыздын беш бармагын сүйүп жейм.
- Кыргызбыз да жылкыны жакшы көрөм.
- Чынчылдык, ыймандуулук, тазалык. Негизи ыймандуу адамда бардык мыкты сапаттар камтылган деп ойлойм.
- Азыркы саясатчылардын арасында ыймандуу саясатчы жок.

Темирлан Сманбеков,
М. Жангазиев атындагы куурчак театрынын жетекчиси:
- Ак түстү жактырам. Ал тазалыктын символу да.
- Улуттук тамак - беш бармакты сүйүп жейм, кымызды жакшы көрүп ичем.
- Жаныбарлардын ичинен жылкыны бөтөнчө жакшы көрөм.
- Билимдүү, маданияттуу, жөнөкөй, боорукер, адамгерчилиги бийик, жан дүйнөсү таза адамдарды баалайм.
- Саясатка баш-отум менен кирип кетпейм, бирок баам салып, байкап турам. Баалаган саясатчыларым бар.

Эрнест Абдыжапаров,
режиссер:
- Мага көк өң аябай жагат.
- Тамак ылгабайм.
- Эмнеге экендигин билбейм, мышыкты жакшы көрөм.
- Адамдардан ак көңүлдүк сапатын баалайм.
- Азыркы саясатчылардан эч кимди баалабайм. А мурдагылардан В. Ленинди баалайм.
Жаркынай Кадыркулова