Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Алмазбек Атамбаев,
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри:
Президенттик шайлоонун алдында өзүнүн салт болуп калган теле - маегинде премьер-министр Алмазбек Атамбаев өкмөттүн иш-аракеттерине жана пландарына, Кыргызстандагы экономикалык жана коомдук-саясий кырдаалга өз баасын берди.
"Кыргызстандын биримд игин сактап калуу керек"

"Кыргызстандын жарандарынын жашоо деңгээли баалардан тезирээк өсүшү керек"
- Учурда базарда баалар өтө асмандады, мисалы, эттин баасынын өтө көтөрүлүп кеткени айтылууда. Ушул багытта Өкмөт эмне иш-чараларды көрүп атат?
А.Атамбаев: Эми бул - дүйнөлүк тенденция, биз мисалы ай сайын, керек болсо жума сайын коңшулардагы бааларды алып туруп, алар менен салыштырып атабыз. Алардыкы да ошондой, аларда баа биздикинен да катуу өсүп баратат. Бул баалар менен күрөшүүнүн бир гана жолу бар, элибизге иш берип, маяна, пенсияларды көбөйтүп, турмушун оңдош керек. Анткени азыр базар экономикасы деп атпайбызбы, ошол эле этти бул баа менен дыйкандарга сатпа десек, анда дыйкан мал өстүрбөй калат. Анда такыр эле эт жок болуп калат. Мына билесиңер, Союздун акыркы маалдарында ушундай бир күчкө салып, талон киргизебиз, жыргатабыз дегенде эт менен нан эмес, керек болсо тамеки менен арак жок болуп калган. Ошондуктан бул жерде жалаң гана экономикалык принциптер менен иштебесек башка жолу жок. Баалар өсө берет, бирок биздин Кыргызстандагы жарандардын жашоосу бат оңолушу керек.

- Оппоненттер айтып жатат, бизден өндүргөн эт сыртка көп чыгып атыптыр, аны токтотуу жолу барбы?
Атамбаев: Аны токтоткондо эл да, дыйкан да жыргабайт, анын башка жолу бар, кудай буюрса, эмдиги жылдан баштап, фермерлерге малчылык жана чарбачылык үчүн кредиттерди берип баштайбыз, мал башы азыркыдан да көбөйүш керек. Анын башка жолу жок, четке чыгарбай койсок, мал арзандап кетсе, билесиңер, буудай, сүт арзандап кеткенде дыйкандар такыр эле кыйналган да. Шаардыктардын турмушун да оңдош керек. Айылдыктардын жок дегенде 2 саан ую болуш керек. Келечекте, эгерде элдин турмушу оңолсо баанын өсүшү деле анча байкалбай калышы мүмкүн. Албетте, бул үчүн баалар эмес, биринчи турмуш өсүш керек.

- Жашоонун айынан, үй-бүлөсүн багыш үчүн кыргызстандыктардын көбү четте иштеп жүрөт, ушул маселелерди чечүү үчүн өкмөт эмне чара көрүүдө?
Атамбаев: Бир топ нерсе жасалганы жатат, ишкерлерге узак мөөнөттүү жеңилдетилген кредит бергени жатабыз. Бирок негизги проблема анда эмес да, быйыл деле бир топ инвестор келип, 2-3 ГЭС салынып баштамак. Кээ бир заводдор башталып, кайра туруп калды. Эң негизги нерсе - иш орундарды түзүү үчүн, экономиканы өстүрүш үчүн, КРда стабилдүүлүк, тынччылык болуш керек. Ошондо инвестиция келет, ошондо ГЭС, заводдор салынат, 100 миңдеген жумушчу орундар түзүлөт. Мен ойлоп турам, кудай буюрса, ушул жылы президенттик шайлоодон кийин Кыргызстанга тынччылык, биримдик келип, эмдиги жылы кудай буюрса, өнүгүү жылы болот.

"Криминал жана коррупция менен күрөшүү - өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири"

- Кыргызстанды дагы бир артка тарткан нерсе коррупция. Өкмөт буга каршы күрөшүүнү жарыялаган менен, төбөсү көрүнгөн чоң кишилерден эч ким түрмөгө отурган жок. Күч органдары майда-чүйдө гана чабактар менен алышып жатат. Грузиялык эксперт, миллионер Бендукидзе да өкмөттүн чакыруусу менен келип, ал да так ушуну проблемалардын бири катары белгилептир.
Атамбаев: Албетте, биз негизги максаттардын бири катары коррупция, криминал менен күрөшүү деп айтканбыз, программага да киргизгенбиз. Ошол эле криминалды алсак, көпчүлүк лөктөрү качып кетти. Качпагандары түрмөдө отурат. Ачык айтканда, чара көрүлүп жатат. Энергетиканы көрүп жатабыз. Суу 19 млрддан ашып турат, аны "жөн эле" агызып жибермей жок. Казакстанга жакшы баа менен сатып жатабыз. Бир топ жетекчилерди иштен алуудабыз, ошол эле коррупция менен күрөшүү үчүн керек болсо ИИМдин өз ичинде реформа өткөрөлү деп атабыз. МАИге өзүнчө нааразычылык бар. Чоң реформа - бажы системасында болду. 100дөн ашык киши кыскарды, натыйжада салык менен бажыдан келген кирешелер 30 пайыздан ашык көтөрүлдү. Ушундай жетишкендиктер бар. Бирок коррупция абдан тамырлаган, күрөшүү керек. Донорлор менен сүйлөшүп, грант менен атайын коррупцияга каршы мекеме түзөлү деп атабыз. Ал жалаң гана атка минерлердин артынан түшмөй болот (УКМК, сот, өкмөт мүчөлөрү ж.б. органдар). Анткени "балык башынан сасыйт" - деген туура сөз. Баарын тазалаш керек.

- КРдагы башкаруу формасы, системасы ошого өбөлгө түзөбү?
Атамбаев: Бир топ эле кемчилик бар, мен деле көрүп турам. Буюрса, жанагы мекемени түзөбүз. Коррупционерди колунан кармайбыз, анан сотко барганда аны камайбы же актайбы, чоң маселе болуп турат. Анткени соттордун акыркы чечимдерин карасак, төбө чачың тик турат. Булар такыр эле элди ойлобогон, коррупцияга малынган соттор болуп жатат. Элге бериле турган бир топ объектилер, ишканалар башка чөнтөктөргө кетти. Ошондуктан Конституцияда ошол эле сот, прокуратуранын, өкмөттүн, парламенттин жоопкерчилигин жогорулатпасак, бул кемчиликти оңдоо кыйын.

- Өкмөт бюджетте иштегендердин айлыгын көбөйттү, ошол эле убакта пенсия калып калды.
Атамбаев: Пенсия калган жок. 1-майда көтөргөнбүз.
Акыркы айларда көп иштедик, жакында токтомго кол коём (26-августта кол койду - ред.), ал токтом менен 3 мыйзам долбоору парламентке берилет. Демек, пенсионерлер 1-октябрдан көбөйтүлгөнү менен алат. Орточо 3800 сом болот.

"Мен бул жылдын бюджетине керт башым менен жооп берем"

- Ага акча жетеби, быйылкы бюджет өтө тартыштык менен бекигени белгилүү. Оппоненттериңиз бюджеттин аткарылбашына көзү жетип туруп, президенттикке баратат деген ойлорун айтууда.
Атамбаев: Албетте, бюджетте акча бар, мисалы, киреше бөлүгү 6, 7 айда 1 млрд ашыкчасы менен өтүп жатат. Чыгашасы кирешеден 1млрдга азыраак болду. Биз эч кимди камай албаганыбыз менен, коррупцияны азайттык да. Бажы салыктын кирешеси 30 пайыз өстү. Мындай кескин секирик Грузияны кошпогондо дүйнөдө бир да мамлекетте жок. Ошондуктан Атамбаев жоопкерчиликтен качып атат деген ушактарга негиз жок.
Кечээ эле мектепте пол жууп, от жагып, ооруканада санитарка болуп иштегендерге 3,5 эсеге айлык көбөйткөн токтомго кол койдум. Акча бар, мындан ары да болот. Мен бул жылдын бюджетине керт башым менен жооп берем. Шайлоо бүткүчө, сентябрдын аягында отпуска алам. Бирок шайлоо бүткөндөн кийин, жыйынтыкталгыча кайра келип, премьер катары жаңы президенттин инаугурациясына чейин иштеп берем. Керек болсо эмдиги жылдын бюджетин башкача түзүп жатабыз. Ошондуктан мекендештерге айтар элем, жер-жерлерге барганда ынандым, элде үмүт пайда болуптур. Эми ошол кичине жанган үмүттү өчүрөм дегендер бар, аларга ишенбегиле!

"Бир чоң долбоор бар - ал Кыргызстанды мамлекет катары кыйратуу жана жок кылуу"

- Тынччылык болгондо гана бюджет аткарылып, өнүгүү болот. Сиз президенттикке аттанып атасыз, стабилдүүлүккө доо кетирген факторлор жок эмес, Сиздин пикириңиз кандай?
Атамбаев: Андай фактор бар, ачуу чындык бар, аны ар бирибиз билүүбүз керек. 10 жыл мурун бир политолог: "10- 15 жыл ичинде Кыргызстан жок болот, 2-3кө бөлүнөт", - деп айткан. Өткөн жылы урматтуу И.Каримов бекер айткан жок, июнь окуясынын аркасында 3-күчтөр бар деп. Апрелден кийин эле качкан бийлик түштүктү бөлүп кетип, өзүнчө мамлекет түзөбүз деп кыйкырып чыкты, оюндар кетти. Аягында Бишкектин айланасында башталып, 5 адам каза болуп кетти. Ош Жалал-Абадда да болуп кетти, билесиздер. Абдан чоң оюн турат. Айрым саясатчылар да чырактарга май тамызып атат. Азыр түндүк-түштүк, регион-регион кылып бөлө башташты. Мен шайлоого барган кадамымдын негизги себеби да ушунда - Кыргызстандын биримдигин сактап калуу керек. Анткени бөлүнүү коркунучу бар.

- Июнь окуясы жөнүндө сөздү уласак, оппоненттериңиз К.Батыров менен Сиздин мамилениз болгон дейт, окуяга чейин же ошол учурда жолуккансызбы? Ачыктык киргизсеңиз?
Атамбаев: Аны менен эле токтоп калбай, өткөн жылкы парламенттик шайлоо алдында ал тургай, атайын жалган диск менен гезит таратышты. Батыровдун дачасында жолугуп, окуяга план түздү дейт. Исламда бирөө жөнүндө жалган ушак таратуу өзүңдүн өтүп кеткен тууганыңдын этин жегенге барабар деп айтылат. Бул деген адам өлтүрүүдөн да жаман нерсе да. Саясатчыларга таң каласың, кандай гана ыплас иштерге барат. Мен Кадыржан Батыровго акыркы 5 жылдан бери өткөн жылы биринчи жолуктум. Апрелде келди, конституциялык жыйынга келгенби, билбейм. Кабыл алып коюңуз деп менден суранышты. Икрам жардамчым отурган, ошондо ал 3 киши менен келгенде "Ватан" же "Содружество" деген партиялар башка чет өлкөгө алдын ала иштейт, шайлоого барбаш керек дегем.
Экинчиден, өзбек тилине расмий статус берүүнүн кереги жок, туура эмес, кыргыз, өзбек - түрк атанын балдары, тили бир, котормочунун кереги жок деп кесе эле айткам. Орус тили башка маселе. Ошол боюнча ал киши кеткен. Чындыгында "кыңыр иш кырк жылда билинет", акыры аны ким уюштуруп, ким коркутуп атканы, фальш диск эле эмес, ошол адам өзү чыгат. Ким ойноп атканы билинет, кудай бар да. Кыргызстанды шахматтык стол катары колдонгон күч, чоң топ турат. Ош окуясы кыргыздар бөлүнгөндүктөн чыкты. Анткени сепаратисттер үчүн так ушул өңүт уруш чыгарууга эң ыңгайлуу болучу. Апрель-май айында качкан бийлик "түштүктү бөлүп кетебиз!" деген кайрылуу менен Оштон чыкканда, душмандар, үчүнчү күчтөрбү, баш көтөрдү да. "Манас" дастанында:
"Бөлүнбө кыргыз бөлүнбө,
Бөлүнсөң бөрү жеп кетет.
Бөлүнүп калды кыргыз деп,
Бөтөн элге кеп кетет..."
- деп айтылган эмеспи. Мына, кыргыздар бөлүнө калды эле, ошон үчүн "бөрүлөр", сепаратисттер, душмандар үстөмдүк кылды.

- Шайлоо боюнча кеп болгондо оппоненттериңиз айтып жатат, премьер-министрлик кызматтан кетиш керек, болбосо, административдик ресурс колдонулат деп.
Атамбаев: Биринчиден, административдик ресурс колдонулбайт, анткени билесиңер, бир мисал, жакында 17 шаарда мэрлер шайланат, шаардык кеңештин депутаттары каалаганын шайлайт, бирок сурандым, шаардык жана райондук кеңештин депутаттарына Фукусимону да айтып берип, бул жолу алданбай, сатылбай таза адамдарды шайлап бергиле дедим. Акимдерди шайлаганда деле ошол талапты коём. Бир акимдин ордуна 3-4 талапкерди коём. Татыктууларды тандоо мүмкүнчүлүгү болот. Ошондуктан административдик ресурс колдонулат деген бекер эле сөз.
Бирок ойлоп көрсөңөр, мен азыр премьерликтен кетип калсам, ошол эле бюджет, стабилдүүлүк деген эмне болот? Анда жаңыдан коалиция түзүлүш керек, кайра премьер шайланышы керек. Ал башка мамлекеттер менен тил табыша алабы? Кыргызстандын ичиндеги кырдаал кандай болуп кетет? Ушул суроолор турганда мен мындай кадамга барганым туура болбойт. Эми сүйлөгөндөр сүйлөй берет. Отставкага кетсем деле сүйлөй бермек. Атамбаевдин кишилери иштеп атат, административдик ресурс колдонот деп. Өткөн жылдагы шайлоо жыйынтыгы көрсөткөндөй, административдик ресурс эмес, криминалдык, акча ресурсу колдонулуп, үстөмдүк кылбадыбы, ошондон чочуш керек.

- Кыргыз-кытай же ага жакын аймактагы маселеде, "Кыргызстанга салына турган темир жолунун арты менен, (бул эми Өзбекстанга да пайдасы тие турган жол да) Арпа жайлоосу Кытайга тиешелүү болуп калат, ага жакында Сиздин орун басарыңыз Ө.Бабанов кол коюптур" деген чынбы?
Атамбаев: Калп, мен эч качан Кыргызстандын бир да сантиметр жерин башка бир да мамлекетке кеткенге эч качан макулдук бербейм, кудай деген адаммын, кудай урсун. Айтылгандар баары ушак. Жаратылыш ресурс министри З.Эсенаманов жок нерсени бар деп айтып, эч ким менен кеңешпей, ойлонбой бирдемелерди сүйлөйт, бирдемелерди даярдайт, мен ага айттым, андан көрөкчө лицензияны кайсы критерий менен берип жатканыңды айтпайсыңбы,- деп. Иштегенибизге 8 ай болуптур, азыркы күнгө чейин лицензия кантип берилет деген так маалымат жок, бир жума убакыт бердим, ошого чейин тактап келсе, керек болсо өкмөттүн токтомун чыгарабыз, кандай, кимге берилээрин. Азыр мурункудай эле кетип атат, азырынча, бир жери бар, бир топ лицензияларды токтотуп кайра алып койду, аны да ийгилик катары айтыш керек, бирок азыркыга чейин критерийлери жок.
Экинчиден, чыга элек токтомду "чыккан, даярдап атат" деп, бакылдап атышат. Аны айрым саясатчылар дароо илип алып, ошондой токтом чыккан, кайра жокко чыгара койду деп атышат. Ошол токтом чыкса, менин колум турса мага көрсөтсүнчү, мен азыр эле кетейин, мен андайга эч качан барбайм.

- Бишкек- Торугарт жолу азыр оңдолуп атат, көп каражат кетүүдө. Ал жердеги оор жүк ташуучу машиналар дагы эле Кытай тараптыкы деген айдоочулар нааразычылык менен кошо эле ошол жүктү чек арадан өзүбүз эле жеткирсек болбойбу деген сунуштарын да айтууда.
Атамбаев: Чек арадан ошол эле жүктүн "Дордойдогу" ээлери, ага караманча каршы болуп атат. Жакында ушул маселе боюнча кеңешме өткөргөм, айдоочу коомунун, "Дордойдун", министрликтин өкүлдөрү келди. Комиссия түзүп атам, келээрки дүйшөмбүдө алардын сунушун алып туруп, атайын буйрук менен бир чечимге кол коём. Бирок Өкмөттүн токтому бар, таразалар коюлуп баштады, жолго зыян келтирбеш үчүн "осевая нагрузка" 10 тоннадан ашпаган чек коюш керек. Жүк ташуучу машинанын жалпы оордугун 30дан 55ке чейин аныктоону кеңешип атабыз. Бирок салмагы азайган сайын, келип аткан товарлардын баасы кымбаттайт, анда соодагерлерге да, аягында элге да кыйын болот. Ошондуктан айдоочуларга деле айттым, мунун жолу башка деп, алар эски КАМАЗы менен тигилердин жаңы машиналарына кантип атаандаштыкка чыгат? Ошон үчүн чечим алганбыз, "Балыкчыдагы" автобазалардын бирин Өкмөт сатып алып туруп, чоң жүк ташуучу база түзөбүз. 400 жаңы машинеге инвестор таптык, даяр. МАМдар келет 40-50 миң доллардан. Жылына 50же 100дөн. Союз убагында 500 машина иштеткен "Совтрансавто" деген болгон, эми ошол сыяктуу "Кыргызтрансавто" дейбизби, автобаза түзүп туруп, керек болсо Кытайдан түз Россияга чейин алып баргандай пландап атабыз. Башка жолу жок. Биздин айдоочулар митинг кылабы, жолду жардырабы, КАМАЗ менен атаандаштык кылуу болбойт. Жолду сакташ үчүн жанагыдай чечим- тараза, оордук, чек ж.б. талаптар жылдын аягына чейин чечилет.

"Мен адилет Кыргызстан жөнүндө кыялданам"

- Бир жумадан кийин эгемендиктин 20 жылдыгы. Кыргызстан азыр деле өз жолун издеп жаткандай. Азыр өлкөбүз айрылыш жолдо турабы? Өлкөнү 20 жылдан кийин кандай элестетесиз?
Атамбаев: Чындыгында ушул 20 жыл текке кеткендей эле көрүнөт. Акыркы жолу Казакстанга барып, Астана шаарын көрүп, аябай суктанасың, эмне болсо да Назарбаев ири шаар салды. Биздин өкмөт эч нерсе курбаптыр, салса эл өзү салып жатат. Бишкектин айланасын көрсөң кайгырасың. 20 жыл ичинде шаар четинде кепелер курулуптур. Ак-Жар деген жаңы конуш бар экен, азыр Бишкек шаарына өткөрүп атабыз, суусу, свети, жолу жок. 20 жылдан бери ушул абалга келиппиз. Июнь окуясындай эле 90-жылы да окуя болгон. 20 жыл ичинде ушуларды болтурбаш чарасын көрсө болмок да. Кайра ошол азыр качып жүргөн сепаратисттер менен оюндар жүргөн. Алар Акаев кезинде да, Бакиев кезинде да ар бири депутат болгон. 20 жыл ичинде элибиздин абалы абдан оор. Бийликке такыр ишенбей калып, үмүтүн үзгөн. Кыргызстанда канча байлык уурдалган. Бир эле Кумтөрдөн 10 млрд долларга алтын сатылган. Кыргызстан болсо кайырчыдай болуп, акча издеп жүрөбүз. Ошондуктан ачык айтканда, кайгылуу нерсе көбүрөөк.
Бирок өткөн жылдагы апрель окуясын бир топтор түшүнбөй жатат, туура эмес болду деп. Чындыгында мындан ары Кыргызстанды эч качан бир үй-бүлө башкарбасын деп, ошол жигиттерибиз Ала-Тоого "Манастап" ураан чакырып чыкты да! Ошондуктан экинчи бир үй-бүлө үчүн иштебесин бүт Кыргызстан, мекендин байлыгы бүтүн эл үчүн гана жумшалсын деп жүздөгөн азаматтарыбыз кырылбадыбы! Ушул багытыбыздан кетпесек! Чын эле азыр Кыргызстан жаңы төрөлгөн ымыркайга окшоп турат. Өлкөбүздүн бутуна турушу элдин колунда. Ынтамакты, биримдикти сактап калсак, баарын жеңген болобуз. Эмнеге чечим кабыл алып, Манас атанын эстелигин коюп жатабыз. Эстеликтин алдына негизги осуяты жазылат:
"Кулаалы таптап куш кылдым,
Курама жыйып журт кылдым",-
деп. Биз - курама журтпуз. "Кыргыз" деген "кырк кыз" эмес, "кырк ууз", "кырк эл" деген сөз. Манас атабыз бир топ элди бириктирген. Ошол эле кыпчактар убагында Каспийден Новгородго чейин кармачу. Ошол саяктар убагында сак деген эл экен. Ушундай бир топ эл бириккен. Азыр эми өзбек да, тажик да, орус да бар. Эми ушул кураманы сактап калсак. Анткени так ушул кураманы айрып, жыртып кетебиз деген күчтөр өтө көп. Ушуну элибиз түшүнсө. Көзүбүздү ачсак. Тынччылык болсо, Кыргызстандын келечеги кең, керек болсо Орто Азия, Евразиядагы эң бай мамлекет болот, анткени бизде бардыгы бар.
Иштеп чыккан
Мирлан АЛЫМБАЕВ