Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Жер дыйкандын эмгегинин
акыбетин кайтарат. А өкмөтчү?
"Ачканы тоюндуруу үчүн балык бер, ал эми ачка болбошу үчүн кайырмак бер" - деген кеп бар. Атамбаевдин өкмөтү жазында 9 пайыздык үстөгү менен "Фермерлерге жеткиликтүү кредит" аттуу пилоттук долбоорду ишке ашыруу менен дыйкандарга "кайырмак" бергендей эле болду.
Айыл чарбасынан жана банктык операциялардан кабары жок адамдар бул долбоордун аталышына кызыгышпайт деле. Анткен менен тобокел деп ушул кредиттен алууга белсенишкен карапайым фермерлер анын пайдалуу экендигине көздөрү жетип, ыраазы болуп отурушат.

Өзүңөр карап көргүлө. Милянфан айылындагы өз убагында тиешелүү документтерди даярдап, жеңилдетилген кредит алууга жетишкен үч адамдын бирөөсү -"Үмүт" аттуу дыйкан чарбасынын башчысы Есер Джумаза мындай дейт: "Чынымды айтсам, 15 жылдан бери дыйканчылык менен алектенип келаткан турмушумда алгачкы ирет кредиттен жолум болду десем болот. Өзүңөр билесиңер, жерди иштетүү кара күчтү да, материалдык да, моралдык да чыгымдарды талап кылат эмеспи. Мында тобокелдиктер арбын".
Өзүнүн 5,5 га жеринде ал кээде жүгөрү, кээде кант кызылчасын, кээде көк бедени өстүрүп келген. Акыркы беш жылда Джумаза эмгегин аз да болсо жеңилдетүү жана көбүрөөк пайда табуу үчүн банктан кредит алалбай кыйла убара болгонун айтат: "Жылына толтура документтерди топтоп, бир бутум мамкаттоодо, бир бутум статбашкармалыкта болуп, чиновниктерге кол коюп берчи деп жалдырап, кредиттин суммасынын 10-30 пайызын сураган ортомчулардын тузагына түшүп, андан тышкары банктын кызматкерлеринин да оозун майлап дегендей, бир топ кыйналчумун. Ушунун баарын көрүп отуруп, анын үстүнө кредитиң да 25-30 пайыздык үстөгү менен берилет эмеспи, баарына кол шилтеп койгон элем. Кыскасын айтканда, бул жылы телевидение аркылуу өкмөтүбүз дыйкандарга 9 пайыздык үстөгү менен кредит берээрин укканда адегенде ишенген деле жокмун. Бирок баягы көнгөн адат боюнча документтерди топтой баштадым. Эң алгач эле таңгалдырган нерсе - бир дагы инстанцияда ары-бери түртмөй болгон жок, кызматкерлер жылуу мамиле кылып, документтерди тез бүтүрүп, бирдеме береби деп үмүт эткен да жок".
Бирок Есер Джумаза бардык эле кыргыз фермерлериндей "болсо болот, болбосо жок" деп, банкка документтерин тапшырып коюп, ал жөнүндө унутуп да койгон экен. "Арзан жана ойдогудай" эмеспи деп адегенде көк бедени сээп койсомбу деп ичинен өз каражатын эсептеп жаткан. 7-апрелде банктан телефон чалышып, кредит алып кетиңиз дегенде таң калганын айтпа.
"Мен банкка тимеле учуп келдим, 150 миң сомдун ордуна 90 миң сом бергенине да капа болгон жокмун. Бир чети төлөгөнгө келгенде бир топ оңой болот деп ойлодум. "Жаздын бир күнү жыл багат" дегендей, эң жоопкерчиликтүү, күйүп турган учур болчу. Кредит аларым менен фермерлерге жеңилдетилген баа менен - 25 сомдон солярка берүү жөнүндөгү өкмөттүн токтому чыкты. Ар бир дыйкан чарбасы - анын ичинде мен да 500 литрден солярка алдык. Мен кенен-кесир техника жалдап алып, жер айдап, кант кызылчасынын үрөнүн сатып алып, сепкенге жетиштим. Убагы келгенде 15 жумушчу жалдап, 10 күн жөөктөрдүн түбүн чаптырып алдым. Аларга да ушул кредиттин акчасынан төлөдүм. Тилекке каршы, айылыбызда сугат суусуна болгон баа өтө жогору. Бир жолку сугаттан өткөрүү үчүн 2 миң сом төлөйм. Бул акча деле кредиттин эсебинен кетти", - деп айтып отурду Есер Джумаза.
Ал иштеткен талаадагы кант кызылчасы тегиз өнүп, көзгө толумдуу көрүнөт. Фермер алардын бирин сууруп алды. "Бул жылы кант кызылчасын өстүрүүгө шарттар анча жакшы эмес, бирок үстүртөн эсептегенде да жакшы түшүм алам деп ойлойм. 90 миң сом сарптаган менен орточо түшүмдөн 450 миң сом алса болот. Ошондо кредитти да төлөйм, киреше да алам. Албетте, бул өтө көп акча деле дебейм, бирок маңдай териң менен тапкан кирешең эмеспи", - дейт Джумаза.
Анын сөзүнө караганда, кредитти жакшылап пайдаланса, бардык ишти убактысында бүтүрсө, кредит алуу - абдан пайдалуу иш. Февраль айында кредиттен толугу менен кутулушу керек, ушул мезгил ичинде фермер түшүм жыйнап, аны сатып, кийинки жылга даярдык көрүүгө жетишет. "Кредит албасам, көк беде сепкенге туура келмек. Анда материалдык-техникалык чыгымдар аз болмок, бирок киреше да аз түшмөк", - дейт Джумаза.
Көрсө, Джумазанын көптөгөн айылдаштары жеңилдетилген кредит пиар-акция эмес, дыйкандарга болгон реалдуу жардам экендигин билгенде өкүнүп калышкан экен. Есердин мисалында алар кредит алса боло тургандыгына ишенип, эми азыртадан документтерин топтоп жатышат.
"20 жыл суверенитет учурунда ар бир президент жана ар бир өкмөт башчысы фермерлерге жардам берилет деп убада кылып келишкен. Бирок эч нерсе жасалчу эмес. Алмазбек Атамбаев менен анын командасы дыйкандарга кредит жагынан да, КММ (ГСМ) жагынан да, жер семирткичтер жагынан да жардам беришти. Эгер дыйкандын жерге актысы болсо, ага кредит бере берсе болот. Бул дыйкандардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет, анткени ар бир эле дыйкандын күрөөгө кое турган үйү боло бербейт да. Талааларда канчалык көп дыйкан иштесе, бош калган жерлер ошончо аз болот, жаштарыбыз эмгек менен алек болот. Дыйкан шаарга барып эмне кылат? Азыр талаада жүрүп эле интернетке чыкса болот, телевизоруңду спутникке кошуп алсаң болот", - деп жылмайды Есер Джумаза.
"Эр эмгегин жер жебейт" - деген накыл кеп бар, - дейт "Ренат" дыйкан чарбасынын башчысы Абдула Дасыфу, - эгер жерге бир сомдук эмгек салсаң, ал жүз сомдук киреше берет. Бул жылы мен кредит ала албай калдым, бирок эмдиги жылы 10 га жерди арендага алып, иштетсем деген оюм бар. Бирок мамлекет түшүмдү сатууга да көмөк бериши керек. АКШ сындуу өнүккөн өлкөлөрдө деле айыл чарбасы дотацияланган тармак болуп саналат. Ал эми бизде болсо өкмөтүбүз ушунча жылда биринчи жолу фермерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүп берип жатат. Бажы союзуна киргенден кийин биз түшүмүбүздү жакынкы чет өлкөлөргө сатууга да мүмкүнчүлүк алабыз деген үмүт бар. Баарыбыз азыр кийинки жылга үмүт артып отурабыз. Мындай кредит берүү улантылса, өкмөт дыйкандардын муктаждыктарына көңүл бурганын улантса дейбиз".
Бул учурда "Жапар" дыйкан чарбасынын жетекчиси Үмүткан Кенжеказиева Кой-Таш айылында картөшкөнүн түшүмүн чогултуп жаткандыгын айтты.Чоң, тандалма картөшкөлөр да кредит түрүндө берилген өкмөттүк "кайырмактын" жемиши болуп саналат.
"Биз жолдошум экөөбүз 10 жылдан бери жер иштетип оокат кылабыз. Бир жолу банктардын биринен 32 пайыздык кредит алып, араң кутулганбыз. Ошондуктан бул жолу да кооптонуп, 200 миң сом эле алдык, 7 гектар жерге арпа, төө буурчак жана картөшкө септик. Эсебибиз боюнча кредиттен да кутулабыз, киреше да алабыз деп турабыз. Шаарга кеткиси келип жүргөн жаштарга айтарым: кредит алып, жер иштеткиле. Миллионер болбосоңор да кем-карчы жок жашайсыңар", - дейт Үмүткан эже.
P.S. Экономикалык тескөө министрлигинин маалыматы боюнча, "Фермерлерге жеткиликтүү кредиттер" долбоорунун алкагында 4727 дыйканга 557 млн. сом суммасында акчалай кредит берилген. Калган сумманы түшүм жыйноодо берүү пландаштырылууда.
"Бул жылы түшүм жакшы болчудай, - дейт айыл чарба министри Т.Беков. Буга саясий туруктуулук менен аба ырайынын жакшы болгондугунан тышкары биздин өкмөт тарабынан берилген жардам чоң роль ойноду. Биз кредитти өз убагында берип, дыйкандар жазгы талаа жумуштарын өз учурунда бүтүрүп алышты".
Министр 20 жылдык эгемендүүлүк учурунда биринчи жолу 1 млрд. сом дыйкандарга кредитке берилгендигин айтты. "Бул - башталышы гана. Кийинки жылы 3-4 миллиард сом берели деп турабыз. Ошондуктан жери бар кыргызстандыктарды жер иштетип акча тапканга чакырам. Кийинки жылы айыл чарба продукциясы кымбаттай тургандыгы анык. Мисалы, эки-үч жыл илгери эле кой 3-4 миң сом турса, азыр 7-8, жылкы 35 миң турса, азыр 85 миң сом турат. Же 8 сом турган картошканын килограммы 25 сомго чыкты. Ошондуктан айыл чарба тармагынын келечеги кең. Өкмөт кредиттерди берүүнү көбөйтүү менен гана чектелбестен, дыйкандарга жерин күрөөгө коюп кредит алуусуна мүмкүнчүлүк түзүүгө, мал чарбачылыгына да кредит берүүгө аракет кылмакчы", - дейт Т.Беков.
Дыйкандардын ою боюнча, азырынча өкмөттүн кредиттер боюнча тарыхы жакшы эле жолдо болуп жатат. Башкысы - айыл чарбасын мындан ары да колдой берсе болгону. Премьер-министр Алмазбек Атамбаев буга карата мындай деп билдирет: "Өлкө бутуна турушу үчүн эл бийликке, өкмөткө ишениши керек. Бизде болсо бир гана жол бар - өз ишибиз, натыйжаларыбыз менен ишенимге ээ болушубуз керек".
Чындыгында эле өкмөт жеңилдетилген кредиттер боюнча алдаган жок. Кийинки жылы кандай болор экен?
"Центерра компаниясындагы 33 % акциябыз чыпчыргасы коробой, бош жатат. Ал кыргызстандыктарга пайда алып келиши керек. Ошондуктан акцияларды эл аралык банктарга берип, көп миллиондогон кредиттерди алмакчыбыз, ал эми түшкөн каражаттарды айыл чарбасына жумшайбыз, дыйкандарга кредит беребиз, техника сатып алабыз", - деп билдирди жакында премьер-министр Атамбаев.
Аида Тастанова