Базар баасын ким бычат?
Эт дагы кымбаттады! Май дагы! Ун дагы! Ушул нерселер аркылуу биз күндөлүк турмушубуздагы өзгөрүүлөргө баа беребиз жана "эчтеке өзгөргөн жок, күн өткөн сайын абал оорлошуп баратат" деп, жыйынтык чыгарганга шашабыз. Анткен менен, акыркы диагнозду коюудан мурун оорунун тарыхын изилдеп көрсөк болмок.
Кыргызстандагы азык-түлүккө жана товарга болгон баанын абалын аныктоочу бир катар объективдүү факторлор бар. Алар - фундаменталдык базистик жагдайлар, аларды экономикалык мыйзамдардан бөлүп алып субъективдүү себептерге "айландыруу" мүмкүн эмес.
Талашка түшпөй турган объективдүү факторлор
Жалпы түрдөгү негизги фактор - дүйнөлүк финансылык-экономикалык кризис. Эл аралык эксперттер аны эң кубаттуу деп таанып, анын жанында 2008-жылдын рецессиясы океандагы орточо толкун сындуу гана кабыл алынып калды. Премьер-министр А.Атамбаев бул боюнча кыскача гана мындай дейт: "Баалардын өсүшү - дүйнөлүк тенденция, бирок биздин милдет - баалардын жасалма түрдө өсүшүн болтурбоо". Мунун ырас экендиги айкын. Кыргызстан нефтиге болгон дүйнөлүк баага таасир кыла алабы? Жок! Россияда дан эгиндеринин түшүмү начар болуп калса, кургакчылык болсо же Латын Америкасында кант тростнигин өстүрүүдө чоң проблемалар болсо биз буларга таасир эте алабызбы? Албетте, жок.
Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү катары 1998-жылдан тартып өзүнүн рыногунда импорт үчүн жол ачып, товарлардын өлкөбүздө кенен жүгүртүлүшүнө бөгөт коюуга акысы жок болуп калган. Акыркы 13 жылда республика ушунун айынан өнөр жайдагы, кайра иштетүү өнөр жайындагы жана айыл чарба тармагындагы 70 пайыз жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн кол жууп калды, анткени биз чындап импортко көз каранды мамлекет болуп калдык. Ошондуктан Казакстандан, Россиядан жана Кытайдан келген товарлардын баасына көз карандылыгыбыз бар. Кагаз акчалардын наркынын төмөндөшү дагы кризис учурундагы объективдүү экономикалык процесс болуп саналат.
Кайсы гана эл аралык эксперт болбосун, муну бекемдейт: Дүйнөлүк соода уюмуна кирген бардык өлкөлөр, мисалы, Кытай, өздөрүнө пайдалуу болгон өзгөчө шарттар үчүн күрөшүп, талашып-тартышып жатып мүчө болгон. Эл аралык практика ущундай: өзүнүн экономикалык кызыкчылыктарын ар бир мамлекет мыкты коргой билиши шарт. Документтерге ой келди эле кол кое бербеш керек. Биз учурунда Дүйнөлүк соода уюмуна киргенде бардыгына эле макул боло берип, кызыкчылыгыбызды коргогон эмес экенбиз. Азыр болсо ар бир пункт боюнча талашып-тартышып, соодалашкандан уялбашыбыз керек". Эмне дейли, кеч болсо дагы ишке ашса жаман эмес.
Дүйнөлүк "аба көбүктөрү" жана биз
Каржы кризисине байланыштуу кредиттер кымбаттап жаткандыгын түшүнүү керек. Ал эми дээрлик бардык ири дүйнөлүк азык-түлүк өндүрүүчүлөр кредиттик каражаттар менен иштеп жаткан соң өндүрүш чыгымдары да, товардын өздүк наркы көбөйө тургандыгы турулуу иш. Дагы айта кетчү нерсе - нефтиге болгон баадан улам, кагаз акчанын массасы күн санап өсүүдө. Бул өндүрүлгөн товарлар жана ресурстар менен камсыздалбаган акча массасынын өсүүсүнө алып келип жатат.
Буга кошумча АКШнын Федералдык резервдик системасы сындуу жеке дүйнөлүк кубаттуу структуранын басуучу станогу активдүү иштеп жаткандыгы да таасирин тийгизбей койбойт. Табигый ресурстарга болгон баа мындай шарттарда өсө баштайт, анткени келечектеги соода рыногу, бардык ушул акча массасы эртеби-кечпи инфляцияга алып келээрин туюп турушат. Ошондуктан баалардын өсүшүн утурлап эле чайкоочулук жандана баштайт. "Көбүктөр" биринчи кезекте табигый ресурстар болгон жерде, айталы, нефть, эгин, башка азык-түлүк товарлары болгон жерде пайда болот. Кыргызстан дүйнөнүн фонду биржасынын ишине таасир эте алабы? Жок.
Мындай абалда эл аралык практикада өкмөттүн баалардын өсүшүн тизгиндөө, алардын кесепеттерин жумшартуу боюнча белгилүү бир пайдаланчу ыкмалары бар. Анын ичинде - катаал мониторинг жүргүзүү жана баалар рыногундагы терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча иш-аракеттер көрүлөт. Бул - элдин аялуу катмарына мамлекеттик жардам берүү, эгин, ун, нанды арзандатылган баа менен же бекер берүү. Ошондой эле акча массасын азайтып, инфляция менен күрөшүү.
Дагы бир маанилүү жагдай - жергиликтүү азык-түлүк продукциясынын көлөмүн көбөйтүү. Ошондо гана жергиликтүү товар өндүрүүчүлөр өлкөнү импорттук көз карандылыктан арылта алат. Мында жеңилдетилген каржылоо, айыл чарбалык техника, үрөн, жер семирткич менен камсыздоо маанилүү роль ойнойт.
Кирүүгө болот. Кантип чыгабыз?
Менимче, бүгүнкү күндө өкмөт башчысы проблеманы чечүүгө универсалдуу ачкыч таап берди: "Дүйнөлүк глобализация шартындагы кымбат баалар океанында өзүнчө турган арзан баалар аралчасын түзүү мүмкүн эмес. Ошондуктан элдин сатып алууга мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү керек. Карапайым адамдарга экономиканын өсүшү канча экендиги кызык эмес, аларга айлык акысы канча экендиги жана базардагы баалар кызык. Аларды бул жаатта колдоого алыш керек - айлык акыларды болушунча көбөйтүп, көбүрөөк акча табууга шарттарды түзүп, алардын татыктуу жашоосуна мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу керек".
Маанилүү жагдай. массалык маалымат каражаттарында көп учурда баалардын өсүшү боюнча экономикалык абалдан үзүп алынган маалымат берип калышат, ошондон улам баалар бизде, Кыргызстанда гана өсүп жаткандай сезилет. Кокуй, жыл башынан бери баалар мынчага өсүп кетти, тигинчеге кымбаттады деп айтылат. Мындай маалымат өзгөчө каадалануу менен, кейигендей түр көрсөтүп, жөн гана фактыларды тизмектеп жаткандай таризде көрсөтүлөт. Анткен менен, бир жактуу гана фактыларды берүүнүн өзү пропаганданын бир түрү эмеспи. Албетте, жөн гана 2007-жылы картөшкөнүн баасы 16,46 сом болчу, 2011-жылы - 26,5 сом деп гана берип койсо болот. Болбосо, буудай 2007-жылы 7,5 сом, ал эми 2011-жылдын биринчи жарымында 17-19 сом болуп кетти десе болот. Мунун баары объективдүү маалыматка окшошуп турат, анткен менен анын толук объективдүү болушу үчүн Казакстанда картөшкө 30 сом, пияз 28,3 сом, Россияда картөшкө - 49,73 сом, пияз 50,05 сом экендигин да айта кетсе болмок.
Мында айрымдар: "Россиялыктар менен биздин кирешебизди да салыштырып көрбөйсүңөрбү" - деши мүмкүн. Туптуура! Дал өзү! Ошондуктан өкмөтүбүз ишке ашырып жаткан элдин сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүү аракеттери баалардын өсүшүнүн терс кесепеттерин азайтууга багытталган универсалдуу каражат болуп саналат.
Буга кантип жетебиз?
Премьер-министр А.Атамбаевдин пикири боюнча, 2012-жылдын бюджетинде жок дегенде үч программа чагылдырылышы керек:
- Биринчиси - 15-20 жылга ыңгайлуу ипотекалык кредиттөө.
- Экинчиси - фермерлер жана чакан бизнес үчүн узак мөөнөттүү жеңилдетилген кредиттер,
- үчүнчүсү - фермерлер үчүн ыңгайлуу айыл чарба техникаларынын лизинги программасы.
Бул программаларга зарыл болгон каражаттын булагы катары "Centerra Gold Inc" компаниясындагы мамлекеттик пакеттин бир бөлүгүн күрөөгө коюуну эсептесе болот. Анын наркы 1,5 миллиард доллардан ашты, алтынга болгон баа ушундай болуп отурса 2 миллиардга деле жетиши ыктымал. Бул каражаттар экономикабызга иштеши маанилүү. Бул жерде акцияларды сатуу эмес, аларды күрөөгө коюу туурасында сөз болуп жаткандыгын белгилеп койгум келет. Ал эми мамлекетке келген дивиденддердин эсебинен пайыздык үстөктү төлөп койсо болот, демек, Кыргызстан мындан эч нерсени уттурбайт".
Бул идеяда маанилүү нерсе - айыл чарбасы менен бизнестин толук кандуу иштеши үчүн реалдуу стимул жаратуу керек. Ипотека - бул дагы экономикадагы мультипликативдик натыйжага жетүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Ал жаңы жумушчу орундарды, айлыктардын жогорулашын, тейлөө кызматтарынын жана инфраструктуранын өнүгүшүн шарттайт.
Бюджетибиз ушундай оорчулукту көтөрө алабы? Мисалы, ушул жылдын январында өкмөт бюджеттин киреше бөлүгүн камсыздай алышына эч ким ишенген эмес. Ар тараптан премьер-министрге, анын орун басарларына нааразычылыктар күчөп турган. Эсибизге сала кетсек, 2009-жылдын аягында ошол мезгилдеги премьер-министр Д.Үсөнов республиканын бюджетинин киреше бөлүгү жыл жыйынтыгы боюнча 50 миллиард сомду түзөөрүн мактанып жар салган эле. Азыр болсо 8 ай ичинде эле мамлекеттик казына 50 миллиардга жакын сумманы киреше катары алды. Эгерде бул жылы бюджет 90 миллиардга жакындаса, 2012-жылы 100 миллиард сомдон ашаарынан шек жок. Бул абалды премьер-министрдин төмөнкү сөздөрү так түшүндүрүп турат: "Быйылкы жылдын бюджетинин аткарылышы үчүн керт башым менен жооп берүүгө даярмын деп айткандан тажабайм. Мен баары бир жаңы президенттин инаугурациясына чейин премьерлик милдетимди аткарам, жылдын аягына чейин бюджеттик сценарийдин аткарылышын көзөмөлдөйм".
Виктор Виноградов