Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Айкөл Манас менен Чыңгыз Айтматовдун Ала-Тоо аянтына айкелдери коюлду!
Бексултан Жакиев,
Кыргыз эл Баатыры:
- Бул эстеликтер ар-намысыбызды ойготот. А.Атамбаев "Манас" эпосун бардык окуу жайларында окулсун деп томдуктарды чыгартып атат. Окуучулар, студенттер Манасты билсин, таанысын, таалим-тарбия алсын деп китептерин чыгарып, айкелин койдуруп аткан өкмөттүн бул аракетин колдоо гана керек. Тилекке каршы, шайлоо алдында айрым көрө албаган президенттикке талапкерлер айласы кеткенде "эстеликтерге каражат кетип атат" деген шылтоо таап атат. Бирок мен айтат элем: каражатты эл берип атат. Мен да коштум, Атамбаев да кошту. Ошентип уланат да. Мен эстеликтин аянтка коюлушуна сүйүнүп турам. Руханий бийик, ыйык нерселерге жумшаган акча бул бейишке чыкчу акчалар. Ансыз деле канча деген шылуундар элдин эсепсиз акчасын сол чөнтөккө солоп кетишпедиби. Байлык, бийлик талашпай ынтымакта, биримдикте ушундай залкарларыбыз менен мактанып, башты бийик көтөрүп жашайлы!

Табылды Акеров,
саясий серепчи:
- Айкөл Манас атабыздын эстелиги негизи тээ 1995-жылы, "Манас" эпосунун 1000 жылдык тоюнда эле коюлушу керек болчу. Бирок анда бийлик, саясат деп отурушуп аны эч ким деле ойлогон эмес. Өкмөт башчынын эстеликтерди коюу демилгеси эң туура болду. Былтыркы кандуу окуялардан кийин деле азыр чиновник болуп отургандар тынчтаналы, биригели дегендин ордуна депутаттыкка кантип өтүштүн айласын кылып келбедиби. Азыр эми жалпы элдин мүдөөсү аткарылып отурат. Бул эстеликтер өз учурунда коюлду. Чыңгыз Айтматовубуз каза болгондон кийин деле залкарыбызга сый-урмат көрсөтүлбөй калды, эстелиги тургузулган жок деп элдин нааразычылыгы өтө күчтүү болчу. Анан да азыркы ишкерлерибизге, айрым саясатчыларыбызга баа берип койсок туура болчудай. Эстеликтерге 20 миллион сомдон ашык акча чогулуптур деп атышат. Каражатты өз капчыктарынан чыгарган жеке ишкерлерибиз болду. "МегаКом", "Шоро", "Билайн", "Кумтөр" сыяктуу ишканаларыбыз да четте карап турушкан жок. Ишкерлерибиздин аң-сезими тээ 90-жылдардагыдай эмес, бир топ эле өсүптүр. Демек, бул - элдин көксөөсү болгон десек туура болот.

Сайкалбүбү Абдылдаева,
Жалал-Абад облусунун тургуну:
- "Эл оозунда элек жок" демекчи, ар кандай сөздөр айтылып жатат. Жаманбы, жакшыбы бул эки эстеликтин Ала-Тоо аянтына орнотулушу биз үчүн баа жеткис сыймык. Керек болсо бул эки залкарга эстелик орнотуу да аздык кылат. Манасыбыз, Чыңгызыбыз бар деп көкүрөк керип мактанганыбыз менен, буга чейин аларга арналып көзгө толорлук эч нерсе деле жасалган эмес. Бийлик башындагылардын маданий баалуулуктарыбызга, тарыхыбызга кайрылып, көңүл буруп атканы колдоого гана арзыйт.

Бегай Рысмендиева,
шаар тургуну:
- Эми азыркы бийлик колунан келишинче иштеп атат. Жылыштар акырындык менен болуп атат. Баарынан да маданиятыбызга өзгөчө көңүл буруп аткандыгы кубандырат. Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгына карата руханий дүйнөбүздүн туу чокусу болгон Манас атабыз менен Ч. Айтматовдун эстелигин орнотуп, шаарыбыздын көркүнө көрк кошушту.

Акылбек Абдиев,
Токмок шаарынын тургуну:
- Кудай деген саясатчы Кудайдын сүйүктүү пенделери болгон Манас атабыз менен, адабияттын алпы болгон залкар жазуучубуз Ч. Айтматовдун эстелигин борбордук аянтка орноттуруп отурат. Манастын эстелигин аянтка орнотуу буга чейин бир дагы атка минердин оюна келген эмес. Ал эми эстеликтер жөнүндө айта турган болсом, экөө тең мыкты жасалган. "Манас жаш балага окшоп, минген аты Аккулага окшобой калыптыр" деген болбогон сөз.

10 миң киши айт намазына катышты
30-август күнү дүйнө жүзүнүн мусулман калкы айт майрамын майрамдашты. Кыргызстандын эски аянтында адаттагыдай эле он миңдеген мусулман мекендештерибиздин катышуусунда айт намазы окулду. Бул жолку айт намазы жөнөкөй жарандарыбыз менен кошо өкмөт башчысынын катышуусунда өткөндөгүсү менен өзгөчөлөндү. Мусулмандык парзын аткарууга бул күнү премьер-министр Алмазбек Атамбаев да катышты.

Даярдаган
Мирлан АЛЫМБАЕВ




Россия президентинин администрация башчысы кыргыз-орус кызматташтыгынын келечегин жогору баалайт
30-августта Россия президентинин администрация башчысы Сергей Нарышкин Кыргызстандын эгемендигинин жарыяланышынын 20 жылдык мааракесин майрамдоого катышуу үчүн Бишкекке келди. Эртең менен ал борбордук "Ала-Тоо" аянтына орнотулган атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземине катышты. Анын монументти ачуу салтанатында сүйлөгөн сөзү боюнча Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы орус маданиятынын бир бөлүгү болуп саналат. Себеби анын турмушу Россия менен ажырагыс байланышта болгон. "Биз мааниси боюнча Кыргызстандын чегинен чыккан окуянын катышуучулары болуудабыз, - деп айтты ал. - Анын чыгармалары бардык улуттарга, маданиятка жана дин ишенимине жакын жана түшүнүктүү". Нарышкин кыргыз жазуучусунун чыгармалары дүйнөнүн 150 тилине которулганы ага күбө боло алат деп эсептейт. "Айтматов орус адабияты менен ажырагыс байланышты сезген жана кыргыз жана орус элдеринин ортосундагы байланышты сактоочу болгон",- деп айтты Нарышкин. Анын сөзү боюнча жазуучуга эстелик Кыргызстандын элинин каражатына жана Санкт-Петербургда билим алган кыргыз скульпторлору тарабынан жасалган.
Өз кезегинде Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев Россиянын президентине жана премьер-министрине Бишкектин борбордук аянтына Чыңгыз Айтматовго жана Айкөл Манаска коюлуп жаткан эстелик аркылуу рухий баш кошуу идеясынын ишке ашырылышына жардам көрсөтүүсү үчүн ыраазылык билдирди. "Кыргызстандын келечеги көп улуттуу элибиздин биримдигинде. Чыңгыз Айтматов, ошондой эле Айкөл Манас интернационализм символу болуп саналат жана ага багыт алган кыргыз эли өзүнүн кең келечегин кура алат," - деп айтты Атамбаев.
Андан кийин Россия Федерациясынын президенттик администрациясынын башчысы Кыргызстандын премьер-министри менен бирге Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу салтанаттуу жыйынга катышышты. Чогулгандардан алдында сөз сүйлөп, Сергей Нарышкин алдыдагы президенттик шайлоо темасына кайрылды. Анын пикири боюнча, Кыргызстандагы алдыда өтүүчү шайлоо коомдун баш кошуусуна жана андан ары абалдын стабилдешүүсүнө кызмат кылат. Россия Кыргызстандын мамлекеттүүлүктү бекемдөө, улуттук экономиканы көтөрүү жана социалдык чөйрөнүн өнүгүү жолунда стабилдүү жана динамикалуу алга жылышына кызыкдар. РФ президентинин администрация башчысы белгилегендей, энергетика, нефтегаз тармагында жана республикага Россиядан нефтепродуктыларын ташып келүү жөнүндөгү кызматташтык боюнча кыргыз тарап менен макулдашуулар даярдалып коюлган.
Россия Президентинин администрация башчысы журналисттерге Кыргызстанда алдыда болуучу президенттик шайлоо тынч жана бардык демократиялык стандарттарды сактоо менен өтөт деп ойлой тургандыгын билдирди. " Биздин стратегиялык өнөктөш катары Кыргызстандын өнүгүүсүнө биз кызыкдарбыз. - Шайлоолор тынч өтөөрүнө ишенем",- деди ал.