Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Тагдырдын тамашасы, же
"Кудайлардын комедиясы"
Анекдот чындыкка айланабы?
Ошентип, президенттик постко ат салышкандардын саны 80ден ашты. Бул көрүнүш жөн эле дал келүүчүлүкпү, же Жараткандын тамаша-комедиясыбы, айтор, 2010-жылдын апрелиндеги төңкөрүштө курман болгондор менен анча-мынча айырмасы болбосо, математикалык барабардыктын түзүлүшү ой-жүгүрткөн адамдарга таң каларлык көрүнүш катары сезилет.
Элибиздин: "- Жылкыңа ченеп ышкыр, мурдуңа ченеп бышкыр" - деген ылакабы учурда мамлекет башчылыгына өзүн-өзү көрсөткөндөргө туура келчүдөй. Жооптуу бул постко экономика менен саясатты чемичкедей чаккан, эл аралык маселелерде өз ордуна ээ болгон, башкалар менен тең ата сүйлөшкөнгө жөндөмдүүлүк, күтүүсүз жерден түзүлгөн кырдаалдарда дипломаттык жөндөмдүүлүктү пайдаланып, өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын оодарып кетүү артыкчылыктарга азыркы талапкерлердин кимиси жөндөмдүү? Талапкерлердин президенттикке өзүн-өзү көрсөтүүдөн мурда өз дараметтерин эске алса болмок. Тилекке каршы, мансап, байлык, атак-даңк үчүн баарына кайыл болгондор калк арасында президенттик постко шайлоого катталган талапкерликке эсепсиз саны айкын мисал болуп отурбайбы?!
Аргасыз бир анекдот эске түшөт. Кан күйгөн бир чоң майданда туткунга түшкөндөрдүн арасынан опурталдуу эл катары орустар менен кыргыздарды алардан бөлүп кетүүнү душмандар ой кылат, бирок алардын ким экенин кантип билмек. Ошондо бир акылман: "- Тээтиги асканын башына бир бөтөлкө винону илип, ким биринчи жеткени бөтөлкөдөгүнү ичет - десеңер, орустардын баары жүгүрүп жөнөйт" - деп кеңеш бериптир.
- А кыргыздарды кантип бөлүп алабыз, - десе, ал акылман:
- Кырк кез кенен ор казып, ичине "кара папкени" таштагыла. Ушул "кара папкени ким биринчи алып чыкса, ушул жердеги кыргыздарга хан болот десеңер өздөрү эле ошол орго секирип түшөт - деген имиш.
Чычалабайлы, "күйгөндөн айтам бир жомок", анекдот тамаша-чыны аралаш айтылса да, президенттикке ат салышкандардын санына да, сапатына да караганда анын чындыкка айланганын эми кантип танабыз?!
Айтылбай турган сөз эле…
Тагдырдын тай күлүк тегирменинин барасына кимдердин башын урууга даяр экени аныкталды. Ошентип, кыргыз жергесинде чет элдик бир адабиятчы жазгандай, "Кудайлардын комедиясы" башталды. Бул "комедиянын" башкы аткаруучулары өзүн-өзү "Кудай" катары сезгенин төгүнгө чыгара албай калдык. "Атың чыкпаса, жер өрттө" - деген макал эскирип бүтүп, азыркы күндө ал "атың чыкпаса, президенттикке өзүңдү-өзүң көргөз" ылакабы менен алмашылды. Бул жагынан Кыргызстан "Гиннес китебине" киргизилсе болчудай.
Тизмени тиктеп отурсаң, жаныңдан түңүлөсүң. Эмнеге алар мамлекет башчысы болгусу келет? Булар буга чейин мамлекетибиздин тагдыры үчүн күйүп, качан жана кандай күрөш жүргүздү? Деги эле булар кайсы максат менен талапкерликке аттанышты? Алардын алдындагы кандай Программалары бар жана алдыга койгон ошол максаттарын кантип ишке ашырарын эл-журтубузга жеткире алышабы?
Албетте, бул суроолорго алар ачык жооп бере алышпайт, бирок "эл дарбыса" кошо дарбыгандардын көбү шайлоодо 5 пайызга эле ээ боло албасын жакшы билишет. Анда неге "билип турушуп" бул кадамга барып жатышат?
Логикалык жактан ой жүгүртүп көрөлү. Илгери XIX кылымдын ортосунда орус бийлигинин мезгилинде алакандай аймакка бий мансабы үчүн кыл чайнашкан деңгээлге жеткенин тарыхыбыз тандырбайт. Ошол "бий мансабына жетпей калгандардын укум-тукумдары азыркы күндө биздин чоң аталарыбыз учурунда "баланча аймакта бийге "кендидет" болгон" деп мактанып жүргөнүн кантип жашырабыз? Ушул айыкпас илдеттин эпкинине чалдыккандардын көбү дараметине карабай президент болгусу келип жаткандай ой калтырат. Бий мансабына кандидаттыкка караганда, "президенттикке талапкер болгон" деген кеп канчалык жогору турарын ойлоп көрсөк, азыркы "талапкерлердин" максаты өзүнөн-өзү ачыкка чыгат.
Эскерте кетели, арадан 25-30 жыл өткөн соң, биздин көзүбүз да өтөт. Негизги күбөлөр болбогон соң, алардын укум-тукумдары "биздин ата-бабаларыбыз президенттикке талапкер болгон" - деп мактанбайт деп ким кепилдик берет? Буларды эл эмес, алар өздөрүн-өздөрү көрсөткөнүн ошол муундагылар төгүндөмөк беле? Карачы, мансаптын куну канчага турарын бул "талапкерлер" алдын ала эсептеп отурушат.
Мыйзамдын өксүгү - мансап талаштын булагы
Укуктук мамлекетке өтөбүз деген менен, так жана таза иштелип чыккан мыйзамыбыз жок. Мыйзамдын буйлаланган төөгө айланышы - мансап талаштын булагына айланган. Айрыкча, мамлекет башчылыгына же Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жоболору, каттоо эрежелери жана ар кыл төлөмдөр жеткиликтүү иштелбегендигин баса белгилесек болот. Сөзүбүз куру болбосун, айрым чалкеш маселелерине көңүл буруп көрөлү.
Мамлекет башчылыгына ат салышууда талапкердин арызын кабыл алуудан мурда, мыйзам чегиндеги 100 миң сомду кассага төгүлүшүн талап кылып, андан кийин мамлекеттик тилди канчалаган деңгээлде билери аныкталыш керек. Негизи ушул эки маселе чечилгенден кийин талапкер 30 миң адамдын колун топтоп бүткөндөн кийин гана каттоодон өткөрүү зарылдыгы бышып жетилди. Ансыз президенттик постко каттоодон азыркы баш аламандыктан арыла албай турганыбыз жана эл аралык масштабда мамлекетибизде мансапкорлук оорусу алган деген пикирди күчөтө берерин ачык белгилесек болот.
Шайлоо мыйзамында партиялар тарабынан көргөзүлгөн талапкерлерге берилген жеңилдиктер да өлкөдөгү демократиялык принциптерге туура келбесин белгилесек болот. Себеби шайлоо мыйзамында талапкер 30 миң адамдын колун топтоосу керек. Аты бар, заты жок партиялардын 150-200 мүчөсү бар болсо, алардын 30 миң адамдын атынан чыгууга юридикалык жана моралдык укукту кайсы критерийлер менен берилгендиги элге түшүнүксүз боюнча калууда. Бул нааразылыктын дагы бир жаңы толкунунун пайда болушуна алып келерин неге унутуп отурабыз? Ал эми партиялардын кайсы кимисинин мүчөлөрү 30 миң адамдан ашкан? Бул суроого Жогорку Кеңешке шайлоо тастыктап койбоду беле? Партиялардын эч бири калкыбыздын басымдуу бөлүгүнүн добушун ала албагандыгы жалпыга белгилүү болгон учурда, КРнын БШКсынын кайра эле "бир жерден мүдүрүлүшүнө" алып келбес бекен?
Азыркы күндө өлкөбүздө партиялар өздөрүн "Кудай" сезишкен учур. Ушул "кудайлардын комедияларынын" авторлору алакандай кыргыз элин региондорго жана урууларга жиктеп, "бөлүп алып башкара бер" принцибин бекем кармашууда. Ачык эле айталы, шайлоодо элибиздин жердешчилик, жек-жаат жана кандаш туугандык ажырымы күчөй турганы ачык көрүнүүдө. Ошентип, бул "комедиянын" артында кайрадан эле карапайым калктын башына "күтүлбөгөн жоболоңдуу жоруктарды" салбаса болду деген коркунучтуу күмөн пикирди пайда кылат.
"Күйгөн аял кошокчу" болот эмеспи. Ошол сыяктуу өткөн-кеткендерди эскерип отуруп, акырында айрым талапкерлерге кер какшык кепти айтууга туура келет. Эске алалык, эсил кайран СССРди түзгөн Ленин атабыз "таз", Орусияны буурусундан атом бомбасына ээ кылган Сталин "чач" болгон. Тагдырдын тамашасын карачы, бийликке кийинкилер ушул тартипте келген экен. Алып көрөлү, Хрущев таз, Брежнев чач, Андропов таз, Черненко чач. Акырында СССРди бир "таз" түзсө, Горбачев деген "таз" бул түзүлүштү кыйратып жок кылган.
Кантсе да Союздун бири болгон Кыргызстанда Т.Усубалиев чачтуу, Масалиев менен А.Акаев кашка баш болуп тартип бузулган. Ошондон уламбы, акыркы "таз менен чач" "качканга маш" болушкан. Демек, биз жогорку тартипти ордуна келтирбесек, өлкөдө стабилдүүлүк болбочудай. Эмки президентти "таздардан", кийинкисин "чачтан койсок болчудай. Таразалап көрөлү, 81инен бир "тазын" тандайлы! Эшегине жараша тушагы, элине жараша падышасы" болот эмеспи. Акылдууларын, мамлекетти башкаруу жөндөмдүүлүгүн, элге кылган эмгегин эске алып эмне кылабыз? "Эмнеси болсо өз улагыбыздан теке тандайлы!"
Кечиресиздер, мандемдүү талапкерлердин тизмесин карап, алардын көбү шайлоо башталганда, "фронтту" таштап качаарын, жөн качпай "балтага сап болор" жигиттерибизди көөлөп кетерин ойлоп, аргасыз ушул саптарды жазууга мажбур болдум. Мына ушунун өзү "тагдырдын тамашасыбы", же "кудайлардын комедиясыбы", бардыгы шайлоодон кийин ачык көрүнөөр…
Эртабылды Аттокуров