Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"Имиш" дегенибизге 1 000 000 төлөйт имишпиз
Учурда Улуттук банкыбыздын төрагасынын орун басарлык кызматында отурган Сүйөркул Абдыбалы тегин гезитибизди сотко бериптир. Алган айлыгы аз белем, же ар-намысы аз белем, айтор, кадыр-баркын, ишкердик беделин коргоо үчүн гезитибизден ашык кеми жок 1 000 000 сом өндүрүп берүүнү соттон өтүнүптүр. Жазган доо арызын толугу менен эмки саныбызда берели, азырынча ток этер жерин айтып берели. 2011-жылдын 12-июлундагы саныбызда "Элчилик кызмат ычкырдын деңгээлине түштүбү?" деген макала чыккан. Анда: "...Улуттук банкыбыздын Абдытегин уулу Сүйөркул деген экинчи үлкөн адамы ирандыктардан уруксаат кагаз үчүн деп 300 миң доллар "шапкесин" сураган имиш" деп жазылган жери бар болчу. Ушул сүйлөм Сүкөбүздүн ар-намысын аңтарып, кадыр-баркын каңтарып кеткен көрүнөт, "имиш" дегенибизди илинчек катары пайдаланып, минтип дооматын артып отурат. Албетте, адамдын ар-намысын, анын баасын сот аныктайт дечи. Бирок каңтарылган кадыр-баркын каражат менен кайра калыбына келтирип алганын кантип аныктайбыз? Ар-намысын коргоо үчүн бизди сотко берген Нариман Түлеев ара жолдон кайтып кетсе, Асылбек Текебаев азыркыга чейин соттошуп жатты эле, эми Сүкөбүз кайсы маалга чейин сүйрөйт болду экен.




Атамбаев ачуу чындыкты ачыктады, сак бололу!
Эсиңерде болсо, 2005-жылы орустардын жөөт тектүү саясат таануучусумун деген Андраник Мигранян: "Кыргызстанды экиге бөлүп ташташ керек. Жарымын Казакстанга, жарымын Өзбекстанга"-деген былжырак кебин божураган. Мигранян бул сөзүн жөн жерден айтпаптыр. Дал ушундай саясат көптөн бери жүрүп жаткандыгын, бул үчүн атайын каражат бөлүнүп, эксперттер иштеп жаткандыгын премьер-министр Алмазбек Атамбаев кечээ жарыялады. "Кыргызстанды мамлекет катары жок кылууну максат кылган чоң долбоор иштеп жатат. Биздин айрым чала сабат саясатчыларыбыз улутчулдук, бөлүнүп-жарылуучулук саясатты колдоп, ошол долбоорго кызмат кылып атканын түшүнбөй жатышат. Кыргызстанды жок кылгысы келген сырткы күчтөрдүн максаты боюнча былтыркы июндагы коогалаңда Кыргызстан менен Өзбекстанды кагылыштырып, согуш чыгарышмак. Ислам Каримов бул окуя үчүнчү күчтөрдүн кылганы деп бекер айткан эмес. Борбордук аянтка Айкөл Манас менен Айтматовдун эстелигинин турушу да жөн жерден эмес. Манас атабыздын башкы осуяты биримдик жана улуттар аралык ынтымак эмеспи. Айтматовдун ысымы дагы интернационализмдин айкын мисалы. Кыргызстан улуттар аралык ынтымакта жана биримдикте болгондо гана өлкө катары сакталып кала алат"- деген Атамбаев олуттуу коркунуч корообузга жакындап калганын ачыктады. Эскерте кетсек, өлкөбүздү эки бөлүп салгысы келген жанагы Мигранян деген неме Нью-Йорктогу "Демократия жана кызматташтык" деген уюмдун башчысы.




Эгембердиевдин элчилиги
Эл аралык "Инсанат" фондусунун төрагасы Өмүрбек Эгембердиев жакында казак туушкандардын чоң-чоң окумуштууларын, саясатчыларын, маданият тармагындагы чыгаандарын Бишкекке чакырып конференция өткөзгөн.
Конференциянын негизги милдети эки элдин - кыргыз менен казактын кылымдар бою уланып келген ынтымагын, бир туугандыгын чыңдоо, алардын мындан аркы турмушун жакындаштыруу болгон. Аны менен бирге эле Ормон хан менен, Кененсары хандын окуялары да жашырылбай, жасалмаланбай айтылган. Конференцияда эки тараптын чыгаан адамдары сүйлөп, тиешелүү чечимдер кабыл алынган.
Булар туурасында жакында эле казактардын "Жас Алаш" деген гезитинде макала жарык көрүп, анда "Инсанат" фондусунун жетекчиси Өмүрбек Эгембердиевдин ишмердүүлүгүнө жогору баа берген.
Айта кетели, Эгембердиев Кытайга барып биздин Кетбука менен замандаш жашаган Ли Бо деген кытай акылманын катар коюп, Эки элдин ынтымагына багышталган жолугушууларды өткөзүп келди.




Эми Шамарал шайламай болду
25-август күнү Сотторду тандоо кеңешинин төрагалыгына белгилүү юрист жана укук коргоочу Шамарал Майчиев шайланды. Кеңештеги 22 адамдын 13ү Майчиевге добушун беришти. Буга чейин журналисттердин укугун коргоп, өмүр бою аксым соттор менен күрөшүп келген Майчиев соттордун кимиси акча алат, кимиси акыйкат экендигин эң жакшы билет. Аксы окуясы боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөсү болуп туруп, акыйкаттык издеп, ачык сөзүн айтып келгендигин да билебиз. Буйруса, өз ишин мыкты билген, ачык айтып, так сүйлөгөн Шамарал Майчиев далай сок билек соттордун "согун" чыгарып, паракорлорунун терисин тескери сыйрыйт го деп ишенип турабыз.




Түлеевдин орду башка жерде…
"Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасы Кошой Адыбаев "Кабар" агенттигинде пресс-конференция өткөзүп төмөндөгүлөрдү айтты:
- Биз, "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, Нариман Түлеевдин "7-Апрель" уюму тарабынан президенттикке талапкер кылып көрсөткөнүнө караманча каршыбыз. Түлеев дегениң элге жек көрүндү болгон Курманбек Бакиевдин эң жакын адамдарынан болгон, а турсун "баласы" да болуп алган. Эми болсо, эл алдындагы күнөөсү үчүн жооп берүүнүн ордуна президенттикке "7- Апрель" тарабынан колдоо таап жатпайбы. Эмне бул коомдо президенттикке ат салышчу талапкерлер жокпу? Бар. "7-Апрелдин" революцияда курман болгон азаматтарды жерге берүүдөгү "Бакиев бийлигиндегилерди жаңы бийлик тарапка жолотпойбуз" деген убадалары кайда?!
Бакиев бийлиги тушунда аны менен кошо башкарышкан, эл байлыгын жегендер президенттикке талапкер болууга ар тараптан укугу жок!
Болуптур, Бакиевдин акча табары жана камчы чабары Түлеевде уят-сыйыт деген жок экен, бирок "7-Апрель" уюмундагылардын баары эле Түлеевдей эмес да, ортодо акча ойноп кеткен жокпу? (Акыркы сүйлөм "Фабуланыкы").




Жакупова жулкунат да баарын билгенсип…
"Мамлекеттик тилди билгени боюнча президентти тандаган туура эмес" - дейт Чолпон Жакупова деген аял.
Бул башын бир чулгуп алып токтобос кебин баштаганда, аны алгач уккандар "бу керектүү, акылдуу кеп айтып жатат го" деп кулак түрө калат да, "аа кокуй" деп, дагы эмнени айтып тескери кетер экен деп шектүү кулак түрөт. Бул айым өзүн аябагандай акылдуу, билимдүү сезет, дасыккан саясатчы да болуп кетет. Чындыгында, андай деле эмес, саясат жаатында "элдир-селдир" эси бар, тигини-муну айткан болот. Кийин билдик, ошол терең, объективдүү ойдон куру айткандарынын баары эле чет элден алган акчанын кайтарымы турбайбы.
Бул айымдын айтканын ээрчиген адам биздин мамлекетте баары жаман, өзүнөн-Жакуповадан өткөн мыкты аялзаты жок, саясатчы жок деп түшүнөт. Анын сүйлөп жатканын көргөн адам назиктикти самап жиберери турулуу.
Отунбаевага тең келип калгансып, аны сындаганды айт. Же сынынын маданияты жок, ыпыр-сыпырдан ылайын чылайт да шыбаганы шыбаган, колум булганат деп да ойлобойт экен, куурагырың. Өңгөнү эмес, өзүн аяганы дурустур.
Кылган иши биздин мамлекетти көөлөмөй болгондон кийин, Пан Ги Мунга айтып, бул айымга БУУнун имаратына бир бөлмө алып бербейлиби. Ошол жерден жулкуна берсин да. Болбосо, бу жердеги күйөөсүнө гүл болуп, маралдай керилген, асылзат, периште сындуу аялдарды биротоло тажатып таштачудай…




Маалкаткан Марат Байболовдон сабак алдыбы?
УКМКнын биринчи орун басары, президенттикке талапкер Марат Иманкулов кызматтан кеткендигин салтанаттуу түрдө шардана кылды. Кылып гана тим болбостон, кечээки жетекчисин болушунча шыбап туруп баса берди. "Дүйшөбаев бир ууч саясатчылардын куралына айланды, кадрдык баш аламандык болуп атат, тоноп атышат, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып атышат. Казынадан миллиондогон акчаларды ким кантип алгандыгын билем" деген сыяктуу өтө олуттуу айыптоолорун айтып чыкты. Албетте, бакыйган Коопсуздук кызматыбызды башкарып аткан кечээки милиционер Кеңешбек Дүйшөбаевдин ишмердүүлүгү боюнча көптөгөн күмөн ойлорубуз толуп атат. Бирок ажолукка аттанам деп турган Марат Иманкуловдун кудум Байболовчосунан "мен муну билем, мен тигини билем"-деп ач айкырык салып жатканы куру популизмге окшоп калды. Күйгөнү чын болсо, маалкатып жаап-жашырбай, кимдин канча жегенин ачык айтышы керек.