Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Биле жүрүңүз...
Кымыздын касиети...
Кымыз - дарылык касиети бар суусундук. Анын курамында жеңил сиңчү белоктор, майлар, углеводдор, сүт кислотасы, минерал туздары, С, В, А витаминдери бар. Алар тамак сиңирүүнү жакшыртып, кандын көбөйүшүнө көмөктөшөт. Бээнин сүтүндөгү майлуулук да башка малдыкына караганда аз жана өтө пайдалуу. Ошондой эле йоддун саны да өтө жогору. Ошондуктан бээ сүтүндөгү май бүртүкчөлөрү ичеги-карынга тез сиңип, кан айланууну жакшыртат жана организмде ашыкча холестеринди пайда кылбайт. Кымыздын эң чоң касиети - иммунитетти бекемдеп, жугуштуу оорулардан сактаганында. Кымыз менен кургак учуктун бардык түрлөрүн, аз кандуулук, өнөкөт бронхит, итий, гастрит жана башка ооруларды дарылоого болот. Аны такай ичкен адамдар узак жашаары эл арасында айтылып келет.


Жүрөгүңүз ооруса, жүгөрү жеңиз...
Жүгөрү жүрөк-кан тамыр системасынын калыптагыдай иштөөсү үчүн зарыл болгон К витаминине бай. Андыктан жүгөрүнү көп колдонгон адамдар жүрөк-кан тамыр оорулары менен аз оорушат. Эгер сизди жүрөк оорусу тынчсыздандырып жаткан болсо, сууга бышырылган жүгөрүнү көп колдонуңуз. Ал үчүн жүгөрүнү сууга бышырып алып, аны эртең менен жана кечинде тамактанаарга бир саат калганда жеп жүрүңүз. Жыйынтыгына бир айдан соң өзүңүз күбө болосуз. Мындан сырткары жүгөрү - эрте картаюунун алдын алып, чачтын жана теринин абалын жакшыртуучу Е витамининин казынасы болуп да саналат. Нерв системасын бекемдөөчү В витаминин, иммунитетти көтөрүүчү С, сөөктү бекемдөөчү Д витаминин жана темир, калий, кальций жана магний сыяктуу пайдалуу заттарды да жүгөрүдөн табууга болот. Андыктан бул азыкты күнүмдүк жашооңузда көбүрөөк колдонууга аракет жасаңыз.


Коңуруктан арылуунун жолу...
Жаныңызда жаткан адамдарга тынчтык бербей, таң атканча коңурукту кош тартып, бирок бул жаман адаттан кутула албай жүрөсүзбү? Анда эле чычырканактын майы сиз үчүн. Ал үчүн уктаардан 4 саат мурда чычырканактын майын 3-4 жолу мурдуңузга тамчылатып коюңуз. 2-3 жуманын ичинде дем алууңуз жеңилдеп коңуруктан биротоло кутуласыз.


Кызылчанын пайдасы...
Өзгөчө кыштын ызгаар суугунда ангина оорусуна кабылгандар көп кездешет. Эгер сизди да аталган оору кыйнап, ооруканадан башыңыз чыкпай жүрсө, бул ооруну үй шартында эле дарыласаңыз болот. Ал үчүн орточо кызылчаны алып, аны бир литр сууга эзилгенче кайнатып аласыз да, муздаганча коё туруп, андан кийин муздаган кызылчаны алып салып, анын суусу менен тамагыңызды күнүнө үч маал чайкасаңыз оору сен көр, мен көр жоголот. Бул ыкманы өз учурунда туура колдонсоңуз, кээ бир күчтүү дарылардан да жакшы жардам берерин дарыгерлер да айтышат.


Безеткиге каршы...
Бетиңиздеги безеткилерден тажап, алардан кутулуунун айласын таппай, эки күндүн биринде акчаңызды сарптап косметологдордун жардамына муктаж болуп жүрөсүзбү? Анда бул тундурма сиз үчүн. 200 грамм аракка майдаланган лавр жалбырагын салып, 5-6 күн бөлмөнүн температурасында коюп коюңуз. Даяр болгон тундурма менен бир жумада 2-3 жолу бетиңизди тазалап турсаңыз, бир жумадан кийин безеткиден таптакыр кутуласыз.


Даярдаган
Жаркынай КАДЫРКУЛОВА