Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Дүйнө элинин оозун
ачырган Кыргыздар
Мен өзүм жалаң кыргызымдын жалкоолугун, жигиттигин, намысы жоктугун, көрө албастыгын, бут тосмойлугун, кошоматчылыгын, намысы жоктугун сахнада айтып, басмада жазып жүрүп, бүгүн эмнегедир чочуп кеттим. Чын эле ушундай элбизби? Такыр эле жакшылык жагыбызды айталбай калдыкпы? - деп ойлонуп карап көрсөк, дүйнө элинин оозун ачырган жактарыбыз толтура экен. Жөн эле кайдыгерлигибиздин айынан баамдабай жүрүппүз. Мен дагы патриоттук сезимимди ойготуп, күлкү-чыны аралаш санап өтөйүн.

Ажайып кооз Соң-Көл жайлоосуна жапондор келип калбайбы. Калыбек менен Күлүйпа шапа-шупа бөз үйлөрүн тигип жатышса, жапондор: "Силер бул үйдү кандай техника менен алып келдиңер? Эми кантип көтөрөсүңөр? Краныңар кайда?", - дешет.
Калыбек жаман мурутун кайрап алып:
- Биз боз үйдү бир ат, бир өгүз менен алып келдик, өзүбүз краны жок эле көтөрө коебуз, - десе, тигилер ишенишпейт. - Анда кызыксаңар карап тургула, кудайы конок экенсиңер, - деп бир күрпөң козуну союп, казанга салып, боз үйдү чечип ат менен өгүзгө жүктөп, дөңдү айлантып келип бала-бакырасы менен көтөрө коюшат. Аңгыча эт бышат. Жапондорду боз үйдүн төрүнө өткөрүп, кымыз сунуп, козунун эжигейдей этин тартат. Көрсө, жапон саатын карап отурган экен. Ушунун баарына 2 саат 42 мүнөт кетти деп жапондор айран таң калышып, боз үй менен беш бармак, кымызды кайра-кайра сүрөткө тартып, ооздору ачылып, жөнөп кетишет. Бир жылдан кийин Калыбек менен Күлүйпага Жапониядан кат келет. "Силердин боз үй менен беш бармак, кымызыңарды изилдеп бүтө албай койдук. Көрсө, силерде дүйнө элдеринде жок боз үйүңөр, экологиялык жактан эң таза беш бармак, кымыз, көмөч казан нан, каймагыңар бар экен. Эгер өкмөтүбүз уруксат берсе, силерди чакырабыз. Ошонун баарын бизде жасап, Кыргызстандын атынан дүйнөгө таратасыңар дешиптир. Ылайым эле ошондой болсунчу, Кыргыз элим.
Индияда шүдүңкүт тукумун (уйду) ыйык тутушат экен. Кайран шүдүңкүт ак үй, көк үйлөрүнө каалагандай кирип-чыгып, чычып-сийип жүрө берет экен. Алардын бир демократы чыгып, заман өзгөрдү, ааламдашууга бара жатабыз, буларга бир чектөө кийирели деп олуясына барса, уйларды камабагыла, бирок Жараткан айтып жатат байлаганга уруксат деп, бирок бир шарт менен: уйларды зым, трос, синтетикалык жиптер менен эмес, экологиялык таза нерселер менен дептир. Баягы индус туз насип буюруп Нарынга келип калыптыр. Тентигул карыялар чоң өгүздү чүлүктөп, кыл аркан менен байлап кетип бара жатышса, индус көзү чакчайып ак дамбалына чалынып, жетип барып чүлүк менен кыл арканды кармалап сурап калат, бул эмне деп. Конокко аксакал:"Бул чүлүк, аска-зоонун арасында өскөн шилби, табылгы тал-теректерден жасалат. Бул кыл аркан тээ кырларда жайылып жүргөн кыргыз койлордун кылчык жүндөрүнөн жасалат. Айгырдын туу куйругунун кылдары кошулат" - дейт. Индус шашкалактап, 10 чүлүк, 2 кыл чылбыр, 4 аркан көтөрүп алып, Индиясына кетиптир. Эгер алар жактырып калышса, алардын уйлары биздин чүлүктөр менен чүлүктөнүп, аркандар менен байланып калышат экен. Бирок Кыргызстанда жасалган деген марка менен. Баса көтөрмөңөрдү жоонойтсоңор параход байлайбыз дешиптир. Өзүбүз баалабаган чүлүк, кыл аркандар Индияда багы ачылсын.
Кытай кошуналар эгемендүүлүктүн астында чоңдорго кирип кечирим сурайбыз деп жатышыптыр. Кыргыз кошуналар, тизе бүгүп кечирим сурайбыз, силерди 20 жыл ар кандай жолдор менен уулантып көрдүк, силер баарын көтөрүп өзүбүздү шерменде кылдыңар. Дүйнө жүзүндө кыргыздардай чыдамдуу, көтөрүмдүү калк жок экен. Кара кепкаларды жөнөттүк чачтары түшүп баш оорулуу болуп жоголушсун деп. Жоголмок турсун чачыңар өсүп, мээңер толуп, Гиннестин китебине киргидей канчалаган партияларды ачып, президентке эле 90дой кишиңер чыгып жатат… Бир жарым миллиард Кытайда президенттикке ашып кетсе беш-алтоо эле чыгат. Бут кийим жибердик эле мандемдүү, кайра бизди шылдың кылдыңар, жайлата кийип, кышында таманын чокоюңарга таш таман кылып. Тукум курут болсун деп ууланган эттерибизди, жумуртка, жер-жемиштерибизди жибердик. Аларды жеген сайын тукум курут эмес, тукумуңар өсүп жатат. Эгиздеп, үчтөн, төрттөн төрөй баштадыңар. Ошолорду жасап жатып өзүбүз тукумсуз боло баштадык. Силерди Кудай Таала өзгөчө жараткан экен. Бекеринен Жараткан өзүнө алган дачасын бербептир. Ар кандай кийимдерди балдардын, чоңдордун, кездемелерди жибердик эле дем ала албай оорукчан болушсун деп. Алардан көйкөлтүп кийим кийип, кыздардын себин даярдап жатасыңар. Жогор жактарга кайрылып жатабыз. Эгер макул болушса, Үзөңгү-Куушуңарды берип кечирим сурап, таш жол менен темир жолуңарды бекер салып беребиз. Гиннестин китебине жаздырабыз. Дүйнөдөгү чыдамкай калк - кыргыздар деп. Анан намыстанса, казак тууганыңар Каркыраны жөн эле берер.
Жеңиш чокусун дагы багындырабыз деп, Европадан альпинисттер келбейби. Үч күн, үч түн акыркы заманбап шаймандары менен эптеп жатып чокусуна чыкса Борбаш деген топозчу отурат дейт, талкан жыттап. Тигилер таң калышып:
- Сиз кимсиз?
- Мен деген Борбаш деген топозчу болом, топоздор чыгып кеткен экен, ошолорду түгөлдөп келдим - дейт.
- Колуңуздагы эмне сетка, жыттаганыңыз эмне, бутуңузга эмнени байлап алгансыз?
- Колумдагы - чыпка. Силердин тил менен айтканда очки. Көзүм карыкпасын деп айгырдын куйругунун кылдарынан токуп алгам. Жыттаганым буудайдан кызарта кууруп, жаргылчакка тарткан талкан, түтөккөндө жыттап коём. Дарынын кереги жок. Бутумдагы тай туяк. Көк жалтак музда аска-зоодо буйдалбай чыгып кетем. Бул аса-муса таягым жөлөк болот. Баягылар ооздору ачылып, тай туяк, чыпка, талканды кайра-кайра сүрөткө тартышып. - Бирден көчүрмөсүн бериңиз дүйнөлүк альпинисттер коомуна беребиз. Мүмкүн, кийинкилер ушуларды пайдаланып калышат. Коркпоңуз, Кыргызстанда жасалган - деген марка чапталат - дешет. Макул ылдый түшкөндө аласыңар, кошунам сүннөт той берип жатты эле деп Борбаш чымын-куюн болуп ылдый түшүп кеткен экен.
Оңбогон америкалыктар эмне эле ызы-чуу болуп космоско тынбай учуп жатышат десе, Марс менен Айдан жашоого ылайык Жер изилдеп жатышыптыр. Жерде 2012-жылы эмне болуп кетет, топон суу каптап кетеби, Жерди огунан чыгарган Зилзала болуп кетеби дешип. Алардын башын оорутканы Марста, Айда жашоого ылайык болсо, курулуш эмеректерин: цемент, кирпич, тактай, айнек, терезе, эшиктерди кантип жеткиребиз дегени экен. Ошентип, кашка баш окумуштуулары баштарын чиритип жатышса, биздин боз үйдүн макети, түзүлүшү колдоруна тийип калат. Ким бергени белгисиз. Баягы жапондор сатканы же гансилер жеткиргени, акча үчүн өлүп кеткен биздин шүмшүктөр сатып ийгени, деги белгисиз. Америкалыктар биздин Боз үйдү космос кораблине салса, тыпыйып бир бурчту ээлеп калыптыр. Сүйүнүшкөнүнөн салют атышпай эле баштан, көздөн садага дешип океанга бир ракетасын атып жиберишиптир. Кыргыздар, боз үйүбүз Марска же Айга тигилип калса коркпогула. Алар жалаң биздин боз үйлөрдү ташыйт экен, бирок боорунда "Боз үй КG" деген марка чапталып, ал марка бүт Жер шарына жаркырап көрүнүп турат дейт. Анан кыргыздардан боз үйдү талашып көргүлө. Кыргыздар, көрдүңөрбү, дүйнө элинин оозун ачырган нерселерибиздин мен билген чети эле. Шайлоону калыстык менен таза өткөрүп, жаңы жашоого багыт алалы. Жегич, ичкичтер ушул таптан баштап оозуңарды цементтеп, колуңарды гипстегиле. Силерге жашоо кийин оор болуп калат.

Кыргыздын бир патриот атуулу
Келдибек Ниязов