Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

АРДАКТАП ТУРСА КЕҢ МЕКЕН, АЖО БОЛУШ ЭМНЕ ЭКЕН…
Ыраматылык Какен Алмазбековго салып ушинтип айта берсек жеңил-желпи улана берет, бирок ажолук иш тозоктур бир…
Эптеп жатып накта президентке жеттик эле, эми төрт айдан кийин ал киши да кызматын бирөөнө өткөзүп берип кетмей болду. Эгемендик алдык деген 20 жылдын ичиндеги толгон окуялардын маанилүүсү да, кызыктуусу да ушул болду: кетпейбиз деп тырышкан президенттерди кетирдик, ал эми кетпесин деген президентибиз өзү кетип жатат, аны алып калууга алсыз болуп турабыз. Бул абал мыйзамды сыйлагандыктан болуп жатат, жок, мыйзамды сыйлаган биз эмес, президенттин өзү болуп турат.

Эгерде Роза Отунбаевага Акаев менен Бакиевдин кызматка болгон ач көздүгү жукканда, анда ал бери эле дегенде бир-эки мөөнөткө президенттигинде олтурмак. "Сыныктан башкасынын баары жугуштуу" дегендин да туура чыкпай калган жери болот экен го…
Кепти, бааны сынынан бузбай берсек, анда, президентибиз Роза Отунбаева элин оголе далай күттүрүп туруп бир жаралчу инсан экен. Муну биз менен кошо аябагандай көп адамдарыбыз айтып жатат. Бул кошомат эмес, анткени, кошоматты кызматтан кетип жатчу адамга эмес, кызматка келчү адамга жасайт эмеспи, экинчиден, бүтүндөй журт чогулуп кошомат кылбайт - туурасы ушул.
Ошентип, Роза Отунбаева оппозиция оор абалда калган учурда анын башына келди. Ошондо мамлекетибиздеги абал кандай эле? Абал карапайым эл үчүн аябагандай оор эле. Чиновниктердин жоон ортосу деле айласыз кыбырап жаткан кез болчу. Анткени, зөөкүр Бакиевдердин, бөтөнчө Жаныш менен Максимдин кутурганы апогейине жетип турган: аларга каршы айтылган сын үчүн өлүп калышың курулай коркунуч эмес эле! Практикасы болуп турган…
Бу Бакиевдериң жалаң жут маалында жашап келгенби, айтор, бийлик колуна тийгенден кийин көрүнгөндүн баарын ээлеп турушту, "тобо келтирип, топук кылуу" деген түшүнө да кирбеген немелер экен, алып жатты, алып жатты, чарчашпады…
Бакиевдер бийликти атасынан калган талпагындайбы, эшегиндейби, же малакайындайбы… көрүштү, аны биротоло ээлеп алышты.
Алардын кемчилигин айткан оппозиция тараптын сөзү менен көзүнүн курчу кайтып, анын лидерлеринин бир катары Америка сыяктуу өлкөлөргө качып беришти. Бул жерде калгандары дымып турушту, кез-кези менен баш көтөрө калып кыйкырган болуп, кайра башын ката жата калышат…
Ушундай акыбалда Роза Отунбаева Жогорку Кеңештеги аябагандай азчылыкты түзүп турган фракциянын башында туруп, "башта бир өлүм" дегенди дилинде орнотуп, диктатордук бийликтин тынчын алып турду. Ошондогу анын өткүрлүгүн, жүрөктүүлүгүн, элинин кызыкчылыгы үчүн жанын сайып койгон эрдигин кантип унуттук?! Бул сыпаттамалар, адатта, эркектерге мүнөздүү эле, кези менен минтип аялзатына багышталат экен. Мындай сыпаттамаларды алган аялзатынан чыккан эпикалык каармандарыбыз менен тарыхый инсандарыбыз бар, бирок, өтө эле аз. Балким, патриархаттын үстөмдүгүдүр…гендер саясатынын адамзатка жакшы сиңбей жатышынандыр…
Бакиевдин кутурганы чектен ашып, куулаарына аз калган учурда Отунбаева анын бийлигине акаарат айтканын күчөтүп турду, оппозициянын болгон күчүн, калган күчүн элге жек көрүндү болуп бүткөн, элди кууратып бүткөн бийликти кулатууга жумшап турду. Ал кыйын кырдаалдагы оппозициянын лидери эле.
Бакиев бийлиги болсо, акаарат келтиргендердин баарын куугунтуктап, кээ бирин мокотуп, кээ бирин жоготуп, жалпы эле оппозиция кыймылын алсыратып да таштаган. Бирок, Горбачев айтмакчы "процесс пошел" болуп калган кез болчу, элдин диктатурага каршы нааразылыгын, анын натыйжасында чыкчу ар кандай чараларды басууга мүмкүн болбой калган. Дал ошондой, оппозиция активисттеринин тагдыры бычактын мизиндеги абалда турганда алардын башына официалдуу түрдө келүү ар-ар кимдин эле колунан келе бербейт болчу, батынбайт эле. Роза Отунбаева болсо келди!
Анан Бакиев дыргаяктай дырдыгып, Минскинин токойлорунан коңул тапты. Бийликти оппозиция алып, Убактылуу Өкмөт түзүлдү. Өкмөт башына мыйзам ченемдүүлүк менен Роза Отунбаева келди. Оо, ошол кездеги кырдаал аябагандай оор эле, "кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты" дегениң бери жакта эле калгандай болчу!
Ал кезде Өкмөт башчысына эки тарап менен күрөш жүргүзүүгө туура келди, биринчи жагы Бакиевдин бул жакта калган жөкөрлөрү болсо, экинчи жагы оппозиция тараптагы бир катар активисттер болду. Анткени, "жеңиш биздики, демек, бийлик биздики, эмне кааласак ошону кылабыз, ага укугубуз бар" деп чолок тыянактын негизинде аша кеткендердин көзүнө, сезимине мыйзам дегендер көрүнбөй, сезилбей турбадыбы: Бакиевдерден жана бакиевчилерден калган байлыкты таламай, бакиевчилер тарабынан бошотулган кызмат орундарын бөлүшмөй, ал орундарга туугандарын, туушкандарын коймой ж.б. "жапайы" аракеттер чегинен чыгып жатты. Буларга каршы Атамбаев,Текебаев, Каптагаев, Сариев, Тургуналиев, Өмүркулов, Алымбеков, Чотонов сыяктуулар каршы туруп, алардын башында Отунбаева эле. Айта кетели да, Роза Отунбаева билимдүү, дипломатиянын профессионалы жана адамдыгы арткан иниси Болотту Атамбаевдин сунушуна карабай элчилик кызматына чектебей койду. Ушул жерден эми бир ирет Бакиевди эстеп өтсөңүздөр…
Бакиевдин куулушу бирибизге революция болсо, экинчи тарапка төңкөрүш болду. Чет мамлекеттер, өзгөчө мамлекеттерин 10-15 жыл башкарып келаткан президенттер биздеги революцияны терс кабыл алды, Убактылуу Өкмөт башына келген Отунбаеваны тааныгысы келбей, анын бийлигин легитимсиз деп таап турушту. Бирок, ал абал көпкө созулган жок, Отунбаеванын Эл аралык дипломатиядагы тажрыйбасы жана жеке аброю бир катар мамлекет лидерлеринин пикирин өзгөрттү, Кыргыз Республикасынын жаңы бийлигин таануу процесси тынымсыз уланды. Азыр Кыргызстанды БУУга мүчө мамлекеттердин баары таанып турат.
Баамдагандырсыз, революциядан кийинки алгачкы учурда Отунбаеваны Медведев менен Назарбаев, бөтөнчө Лукащенко теңине албай, сүйлөшпөй турушпады беле, анан аз өтпөй Отунбаева алар менен да, башкалары менен да тең ата сүйлөшүп, мамлекет лидери катары чет мамлекеттерге официалдуу түрдө чакырылып турду. Бир катар мамлекеттер менен уюмдар финансылык жардамдарын бере баштады. Бул Кыргызстандын да, жеке Роза Отунбаеванын да Улуу Жеңиши болду! Аталган фактыны эр болсоң танып көр…
Туура, Роза Отунбаеваны көрө албагандар, "тирүү калган" бакиевчилер сындап келишти, дале сындап бүтө албай убара. Алардын убарасы Сизифтикинен кем эмес… аны менен бирге эле Крыловдун классикалык бир тамсилин эске салат да турат.
Симпатияны түк жолотпой эстейли да: Отунбаева президенттик кызматында элге зыян алып келе турган кандай кемчиликтерди кетирди, болбосо, өз кызыкчылыгын качырып туура эмес кадамдарды таштады? Ойлондуңузбу? Биз да ойлонуп турабыз, издеген кемчиликтерди таппай турабыз. Анткени, жок нерсе табылбайт. Аныңарга да макулбуз, кемчиликсиз алдыга жылуу жок, өнүгүү жок. Бирок, ошол кемчиликтин кыйраткыч жыйынтык чыгарчусу болот, жай баракат оңдоп салчусу болот. Оңдоп таштачу кемчиликтери ушул болду деп ойлойбуз: өз милдетинин чегинде гумандуулукту ашкере колдонду окшойт, бакиевчилерди аяп турганын айттык. Бирок, аларга биротоло теңелип, душмандашып жол улаганы деле болбойт эле. Тигине, Келдибеков Малайзияга шапар тээп келип алып, жалпы журттан сын угат да президентти күнөөлөйт. Кызыгың соолгур, миллиондогон акчаны коромжу кылып Малайзияга Келдибеков бардыбы, же Отунбаевабы?!
Ойлоп калабыз: дал ушул Роза Отунбаевадай президент "колго тийгенде" анын укугунун ченелип калганын карабайсыңбы деп. Антсе да мамлекетинин Эл аралык деңгээлдеги ордун бышыктап берди. Ошого тобо дейбиз да.
Отунбаева быйыл 8-Мартта Американын Мамлекеттик Департаменти тарабынан негизделген "Эрдиги үчүн Эл аралык аялдар сыйлыгына" татыды, ал сыйлыкты АКШнын мамкатчысы Х. Клинтондун колунан алды. Ошондо Хиллари айткан эмеспи: "Мен Роза Отунбаева менен бир канча ай мурун жолугушуп, анын башкаруу стилине аябай суктандым" - деп. Сыйлык демекчи, Отунбаева басма сөз эркиндигине кошкон салымы үчүн Казакстан журналисттер биримдигинин сыйлыгына да татыды. Ал сыйлыкты казак журналисттер бирикмесинин төрагасы Сейитказы Мотоев өзү келип тапшырып кеткен.
Азыр Отунбаеванын алдына эң бир орчун милдети турат: октябрда боло турган президенттик шайлоону таза өткөзүүгө кам көрүү жана эл шайлаган кезектеги президентке ишин тапшыруу. Бул оңой эмес милдеттерден. Турмушубуздун кандай жол менен уланышын адам башынан чыккан ар кандай максимум, минимум программалар эмес, мыкты-мыкты стратегиялык пландар эмес, акча менен жердешчилик чечип калган кырдаалда президенттик шайлоонун таза өтүшү шек жаратып турбайбы…
Мындай жооптуу иште Роза Отунбаеванын дагы бир мыкты жетекчилик сапаты, аброю алдыда турар…

Баратбай АРАКЕЕВ