Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Маданият майданы…

Марат Жанталиев, актер:
20 жылдан бери кыргыз искусствосунун өнүгүүсүнө үзүрлүү салым кошуп келе жаткан белгилүү актер Марат Жанталиевди кимдер билбейт. Жөнөкөй ролдордон тарта комедиялуу ролдорго чейин жогорку деңгээлде аткарып, элдин боорун эзип Бопуш атка конгон Марат мырза өзүнүн чыгармачыл жолунда далай спектакль, кинолордо көптөгөн каармандардын образын жеткилең аткаруу менен элдин сүймөнчүлүгүнө арзып келет. Ал кыргыз искусствосунун дөө-шаалары менен иштешип, алардан тарбия алып, бүгүнкү күндө да алардын жолун улап Бакен Кыдыкеева атындагы "Жаштар" театрында эмгектенүүдө.

"Наам алыш үчүн
чуркаш керек турбайбы…"
- Марат байке, учурда "Жаштар" театрында чыгармачылык жаатта кандай иш-аракеттер жүрүүдө?
- Негизи азыр артисттердин баары эс алууда жүрүшү керек эле. Жакында биздин театрда Швейцария мамлекетинин маданият өкүлдөрү тарабынан "Диалог" деген долбоор иштелип чыккан. Ошол долбоорду ишке ашыруу үчүн эс алуу өргүүбүздү токтотуп, жумушка эрте чыктык. Бул долбоордун негизги максаты коңшу мамлекеттер арасындагы чыгармачылык тажрыйба алмашуу жана эки элдин ынтымагын чыңдоо болуп саналат. Долбоордун алкагында биздин режиссер Өзбекстандын артисттерин бул жакка алып келип спектаклдерди коюп жатат. А биз болсо, Өзбекстандын режиссеру менен иштешүүдөбүз. Азыр Өзбекстандын Гафур Гулям деген чоң жазуучусунун "Шок бала" деген чыгармасынын үстүндө иштеп жатабыз. Бул спектаклди 20-августта "Диалог" долбоорунун жетекчилерине көрсөтөбүз. Андан кийин, буйруса, октябрь айында коомчулукка сунуш кылабыз.
- Эки өлкөнүн чыгармачыл инсандары тажрыйба алмашып жатыпсыздар. Кайсы өлкөнүн артисттери таланттуу экен, байкай алдыңызбы?
- Эми мактанганга келгенде өзүбүздү мактай беребиз да. А негизи ар бир элдин өзүнүн кайталангыс өнөр ээлери болот. Ар бир талант кайталангыс мүнөзгө ээ. Ошол себептен биздикилер кыйын, өзбек артисттери чабал деп айтуудан алысмын. Алардын арасында да күлүгү, тулпары, жоргосу бар экен. Бирок Өзбекстандын режиссеру "Силерде тубаса таланттар көп экен. Силер менен иштөө аябай жакты. Образга бат кирет экенсиңер"- деп бизди аябай мактап жатат. А өзбек артисттери менен иштешип жаткан биздин режиссер аларды мактоодо. Кыскасы, эки элдин тең артисттери кыйын экенбиз.
- Мындан бир жыл мурда эки элдин ортосуна кара так салган июнь окуясы болуп өтпөдүбү? Бул окуя сиздердин иш-аракеттерге өз таасирин тийгизген жокпу?
- Билесиңби Жаркынай, чыгармачыл адамдардын арасында бөлүнүп-жарынуу деген болбойт. Биз маданияттын өкүлдөрүбүз. Эки элдин достугуна данакер боло турган адамдарбыз. Ошондуктан сен-мен деп бөлүнүү пастыгына түшпөйбүз. Азыр биздин арабызда бөлүнүү жок. Биздин максат эки элдин ортосундагы ынтымакты чыңдоо жана чыгармачылык тажрыйба алмашуу. Июнь окуясы биздей чыгармачыл адамдардын айынан келип чыккан эмес. Аны жеке кызыкчылыгын улут кызыкчылыгынан жогору койгон кээ бир мансапкор адамдар чыгарган. Мына ушундай бир ууч кара өзгөй адамдардын кесепетинен бүтүндөй эл запкы тартпашы керек.
- Театрда эмгектенип жатканыңызга канча жыл болду? Ушул жыл аралыгында эмнеге жетише алдыңыз?
- Театрда эмгектенип жатканыма быйыл 20 жыл толуптур. 20 жылдык чыгармачыл жолумда өзүм бала кезде кыялданган максаттарымдын баарына эле жетише алдым. Мен эс тартканы, "актер болсом, театрда иштесем, киного тартылсам, эл мени тааныса" -деп тилек кылчумун. Ошол тилегим ишке ашты. Театрдын да, кинонун да актеру болдум. Элге таанылдым. Театрга келгени 15 жаштагы баладан карыган чал-кемпирдин ролуна чейин аткарууга жетиштим. Ал ролдордун баары жаман чыккан жок. Кудайга шүгүр, элдин купулуна толгон актер боло алдым.
- Жогоруда 20 жылдын ичинде баланын да, кемпир-чалдын да ролун ойнодум деп айтып кеттиңиз. Кимдин ролун аткаруу сиз үчүн оор болду эле?
- Ар бир ролдун өзүнчө түйшүгү бар. Бирок мага жаш баланын ролун аткаруу өтө оор болгон. Анткени чоң адамга жаш баланын мүнөзүн жаратуу аябай эле оор экен. Баягы балалык кезиң оюн менен билинбей өтүп кетип, көп эсте калбайт тура. А чалдын образын ачып берүүдө, атаңдын, айылдагы аксакалдардын кылык-жоругун эстеп ойной бересиң. Анын үстүнө бул жаш курак бир учурда өз башыңа да келет эмеспи. "Мен кандай абышка болом"- деп элестетип алып, образга кантип кирип кеткениңди билбей каласың. А кемпирдин ролунда көбүнчө комедия жанрында болгондуктан, куудулданып жатып эле аткарып коесуң.
- Сиз кыргыз искусствосунун өнүгүүсүнө салым кошкон адамдардын бирисиз. Ошол эмгегиңиз бааланып, мамлекет тарабынан наам алдыңыз беле?
- Буга чейин наамдын аркасынан такыр чуркабаптырмын. Биз Союздун тарбиясын алып, суусун ичип, нанын жеп чоңоюп калгандыктан, "Мамлекет биздин эмгекти өзү баалайт. Бир күнү болбосо бир күнү эмгегибизге жараша наам берет го"- деп жүрө бериптирбиз. Көрсө, андай эмес экен. Наамга жетиш үчүн чуркаш керек турбайбы. Анысын кайдан билейин. Эми билип, быйыл болгон кагаздарымды топтоп, наам бөлүштүрүү комиссиясына жөнөттүм. Кандай чечим кабыл алышат, билбейм. "Ой, Марат, сага эл эбак эле эл артисти наамын берген. Сенден жаштар деле алып жатпайбы. Алардын алдында уят болбой, жок дегенде бир сыйлык алып койсоң боло"- деп досторум айтпаса, быйыл деле жүрө бермекмин. Чынында, азыр наамды жаш балдар деле алып жатпайбы. Алардын алдында уят болбой мен дагы наам алып коеюн деп жатам.
- Союз тарагандан кийин артисттерге көңүл бурулбай калбадыбы. Алган эмгек акыңыз күнүмдүк керектөөңүзгө жетпей кыйналган учурда, актерлук кесипти тандап алганыңызга өкүнбөйсүзбү?
- Турмуш деген татаал да. "Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт" дегендей, бул жашоодо баштан ар кандай нерселер өтөт. Кээде колуңда бар болуп, бапырап калсаң, кээде бирөөлөрдүн жардамына муктаж болуп каласың. Биздин баштан да көп нерселер өттү. Барды да, жокту да көрүп келе жатабыз. Алган айлыгым үй-бүлөмдүн күнүмдүк муктаждыктарын камсыздай албай калганда актерлук кесипти тандап алганыма өкүнүп кетем. Бирок Кудайдын буйругун, маңдайга жазганын көрөт экенсиң. Канча өкүнгөн менен, менин маңдайыма ушул кесип жазылыптыр. Андан кайда качып кутулмак элем. Башка кесиптин ээси да боло албай койдум.
- Учурда кыргыз тасмалары сан жагынан өсүп жатат, профессионал актер катары азыркы кинолордун сапатына кандай баа берет элеңиз?
- Эгемендүүлүктү алгандан кийин кыргыз фильмдерине мамлекет тарабынан мурдагыдай чоң суммадагы каражаттар бөлүнбөй калды. Ошол себептен, кийинки учурларда профессионал режиссерлор тарабынан тасмалар тартылбай, алардын ордун колунда камерасы бар, чөнтөгүндө каражаты бар жаш, кино тартууну жаңы үйрөнүп жаткандар ээледи. Мына, беш-алты жылдан бери көп эле тасмалар тартылды. Кимиси кандай тартып жатат, аны эл өзү жакшы таразалап алды. Мен мындай-тигиндей дебей эле коеюн. Эртең дагы бирөөсү таарынып жүрбөсүн. Баары эле аракет кылып жатат. "Жакшы десең, жакшы жакка өзгөрүлөт" дегендей, жакшы эле деп коеюн.
- Акыркы кездерде сизди жаңы тартылып жаткан тасмалардан көрбөй калдык. Сунуштар түшпөй жатабы же өзүңүз баш тартуудасызбы?
- Биз Союз учурунда окуп, билим алдык. Тасма болсо эле, атак же акча үчүн тартыла бербейбиз. Өзүбүздүн талаптар бар. Эгер тартылып жаткан кинонун сценарийи менин көңүлүмө туура келсе, тартылуудан баш тартпайм. Буга чейин кээ бир режиссерлордон сунуштар түштү. Мен профессионал актер катары өз көз карашымды айтсам, ал мүмкүнчүлүгүм жетпейт дейт, анан мен да баш тарттым.
- А ырчылардын тасмага тартылып жатканына кандай көз караштасыз?
- Баарыбыздын эле киного тартылгыбыз келет. Азыр ырчылар эле эмес, жөнөкөй адамдар деле кинолорго тартылып жатат. Арасында тубаса таланттар да жок эмес. Мага "Кайып булак" тасмасындагы башкы каармандын ролун аткарган ырчы Нелянын ойногону аябай жакты. Ал өзү ырчы болгону менен, тубаса актрисалык таланты бар экен. Эгер Неля актерлук чеберчилик багытынан сабак алса, ал кыздан чоң актриса чыкмак.
- Профессионал болуу үчүн сөзсүз эле билим алуу керекпи же тубаса талант деле жетиштүү болобу?
- Албетте, биринчи орунда Кудайдын берген таланты турат. Бирок ар бир адам өз кесибинин профессионалы болуш үчүн практика менен бирге теорияны да мыкты билиши керек. Ошондо гана сен өз кесибиңдин устасы болосуң.
- Мыкты фильмдин жаралышы кимден көз каранды, режиссердонбу же актердонбу?
- Режиссердон көз каранды. Эгер режиссер күчтүү болсо, чабал актерду да жогорку деңгээлде ойнотуп коюуга күчү жетет. А мыкты актер чабал режиссерду сүрөп кете албайт. Негизи эле кинонун сапаты, маани-мазмуну режиссердун ой жүгүртүүсү, көз карашы менен берилет. Актер жөн гана режиссердун айтканын аткарып, өзүнө берилген ролду ачып берет. Ошондуктан режиссер болом дегендер, сөзсүз түрдө бул багытта билим алышы керек.
- Кайсы ролуңуз өзүңүзгө аябай жагат?
- Биринчи жолу Т.Океевдин "Кожожаш" тасмасындагы манасчы кемпирдин баласынын ролун аткаргам. Ошол роль өзүмө аябай жагат. Азыр кээ бир кемчиликтеримди байкап, "Ай, ата, мындай ойносом болмок экен" - деп калам. Бул тасманы Токмоктун Кегети деген айылынан тарткан эле. Ысык шорпо көтөрүп баратып, Сур эчкини көрүп төгүп алган жерин аткара албай кайра-кайра тартылгам.
- Ыйлай албай койдуңуз беле?
- Ыйлап эле жаткам. Эмнегедир эле ыйлаганым Т. Океевге жакпай койгон. Ал өзү чыгаан режиссер болчу да. Эптеп-септеп бүтүрө койчу эмес. Өзүнө жакпаса, кайра-кайра тарткандан тажачу эмес. Ошол үчүн анын тасмалары тарыхта калды да.
- Чыгармачылыктын түйшүгүн жакшы эле тартып калдыңыз. Балдарыңыздын актер болушун каалайсызбы?
- Жок, каалабайм. Бир үйдөн бир эле артист чыкса жетишет. Ата-энем да менин актер болушумду каалашкан эмес экен. Кесиби боюнча экөө тең дарыгер. Биздин жолду жолдоп дарыгер эле бол дешчү. Мен алардын айтканына макул болбой, Москвага окууга тапшырганы кеткенде да, өтпөй калса экен деп тилешкен экен. Алардын тилегине каршы, мен актер болуп калдым. Азыр балдарым да мендей болуп, актер болууну каалап жатышат, бирок өзүм болбой жатам.

Маектешкен
Жаркынай Кадыркулова