Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Жалил ИЛИПАЕВ,
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги, полковник:
"Көлбаевдин дагы
эки баласы кармалды"
- Жолдош полковник, аз мурун эле Казакстандын жаранына кол салуу болуп, ал ооруканада каза болду деген кабарды уктук. Суроо-жоопту ошондон баштап уксак?
- Ооба, тилекке каршы, ошондой окуянын болгону чын. Окуя "Рахат" пансионатында түн ортосунан кийин болгон. Казак жараны жана анын шериги көлгө түшүп жатышкан экен. Жээкке чыккан бирөөсүн, экинчиси жардамга келгенче ошол жерде жүргөн мастар тепкилеп жиберишет. Башынан оор жаракат алган адамды дароо ооруканага жеткиришет. Анын башына тажрыйбалуу хирургдар операция жасашкан. Белгилүү кардиохирург, академик Миталип Мамытов да кеңешин берген. Тилекке каршы, алган жаракаты өтө эле оор болгондуктан, ал адамдын өмүрүн сактап калууга болбоду.
Ал кылмышты жасагандар шектүү катары аныкталып, бишкектик жана көлдүк балдар кармалды. Алардан каза болгон Эрлан Балмахаевдин портманеси, сааты, барсеткасы, телефону табылды.
- Бул окуя өлкөбүздүн негизги туристтик зонасы болгон аймагыбыздын бейпилчилигине шек келтирип жатат го?
- Албетте, мындай окуялар сөзсүз түрдө туристтерди тынчсыздандырат. Аябагандай жаман окуя болду. Бирок кырсыкты, кокустукту, кылмышты таптакыр болбойт деп кепилдик берүүгө да болбойт. Адам коомунун жаратылышы ошондой тура. Антсе да, андай көрүнүштөрдү таптакыр азайтуу үчүн аракетти көз ирмемге да токтотууга, же болбосо, басаңдатууга ого бетер болбойт. Бөтөнчө бүгүнкүдөй асылдык касиеттерибизге шек келип жаткан опурталдуу убакта. Биздин негизги милдетибиз - туристтик сезон болобу, башка убак болобу, ар дайым бейпилдикти сактоо, кылмышты болтурбоо үчүн профилактикалык иштерди аткарып туруу. Кылмыш болгондон кийин анын болгон себептерин аныктап, кылмышкерлерди издеп калыш мурун көп эле болчу. Азыр негизги басымды, дагы айтам, профилактикалык иштерге жасап жатабыз.
Ушул жерден айта кетейин, былтыр курорттук зонада 47 кылмыш иши катталса, быйыл 32 кылмыш катталып, 15 кылмышка аз катталды. Бул мактаныч кеп эмес, жакшы жылыш, биздин жигиттердин тынымсыз аракетинин натыйжасы деп билем.
- Жигиттериңиздин түйшүгү түмөн болсо керек?
- Түмөн эмей… Көлдөгү курорттук зонада 191 курорт, санаторийлер бар. Алардын 163ү Ысык-Көл районунун аймагында жайгашкан. Мына ошол жайларда бир эле күндө жүз миңдеген адам эс алат. Ошончо адамдын бейпилчилигин сактоо, чынында, оңой иштерден эмес, күнү-түнү иштөөгө туура келет. Эс алууга келгендердин баары эле мыйзам чегинде жүргөн адамдардан эмес, арасында мыйзам менен каршылашкандар да бар, аларга көзөмөл салабыз. Бостеридеги штабда иш күнү-түнү жүрөт. Кылмыш болгон жерге саналуу мүнөттөрдө жетип баруу үчүн ылайыкталган мобилдик топтор бар. Ошол Бостеридеги штабдын ишин мыкты офицерлер жетектеп, көзөмөлдөп турушат.
- Көлдө уюшкан кылмыш топторунун мүчөлөрү дале болсо каалагандай жүрүшөт деген кеп да бар. Бул сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Азыркы убакта "баланча болуптур" деген кеп көп. Сиз сураган суроо да ошондойлордун бири деп билем. Уюшкан кылмыштуулукка мамлекеттик деңгээлде күрөш жүрүп жатса, анан алардын мүчөлөрүн ээн-эркин билгенин кылдырып коймок белек. Андай кантип болсун. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчүндө. Эл күбө болуп жатпайбы, уюшкан кылмыш топтун активдүү мүчөлөрүнүн басымдуу көпчүлүгү азыр камакта, кээси соттолду, бир топторунун кылмышы изилденип сотторго өткөзүлүп жатат.
Аз күн мурун Камчы Көлбаевдин тобуна кирген эки бала кармалды. 10-август күнү Чолпон-Ата шаарынын тоо тарабындагы "Арал" деген тоосунда Бишкек шаарында жашаган Талант уулу Тилек деген адамдын Мерседес автоунаасын Азан, Кайрат, Адыл жана башка бир топтору зордук менен тартып алышкан. Жапа чеккен адамдын кайрылуусу менен биздин жигиттер бат эле зордукчулардын экөөсүн колго түшүрүштү. Алар Көлбаевдин тобуна кирген немелер экен. Бул кылмышка катышы бар калгандары жакында кармалат.
Айта кетейин, буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун 19 мүчөсү кармалган.
- Айтсаңыз, милийса кызматкерлери бейпил жүргөн адамдардын укугуна шек келтирип, басмырлап мыйзамды өздөрү бузса, эмне кылуу керек?
- Адегенде эле айтып коерум: милийса тарабынан жөнөкөй жарандарга запкы көрсөткөн орчун мыйзам бузуулар болгон жок, болбойт деп да ойлойм. Анткени бул жакта жүргөн, болбосо, кызмат аткарып жүргөндөрдүн бардыгы министрликтин, биздин көзөмөлүбүздө.
Эгерде милиция кызматкерлери тарабынан кандайдыр бир мыйзам бузуулар болсо, анда облустук ички иштер башкармалыгынын "ишеним телефонуна" дароо чалышса болот. Ал номер жазылган банерлер жол боюндагы жарнак такталарында жазылып турат.
Мен "Фабула" аркылуу айта кетейин, урматтуу эс алуучулар, эс алат десе эле сактыкты унутуп калбаңыздар. "Сактаганды сактайм" деген, "сактыкта кордук жок" деген да маанилер бар эмеспи, ошолорду эске ала жүрүңүздөр. А биз, милийса кызматкерлери, бар күчүбүздү Сиздердин бейпилчилигиңиздерди камсыз кылууга арнайбыз.
Суроо берген
Баратбай АРАКЕЕВ




Өкмөт башчысы Атамбаев Алмаз Шаршеновичке
орто муундагы маданият кызматкерлеринен
Кайрылуу
Алмазбек Шаршенович!
Сизди маданият, адабиятты терең түшүнгөн инсан катары кайрылып жатабыз. Өзүңүз билесиз, маданияты жок эл болбойт. Чыңгыз Айтматов аркылуу адабият жанры боюнча дүйнө эли кыргызды тааныйт. Болот Миңжылкиев аркылуу ырчылык өнөр боюнча кыргыз элин билишет. Сүймөнкул Чокморов аркылуу дүйнөнүн кино өнөрү билет ж.б.
Бирок азыркы маданият тармагы өлө-сөлү болуп аш-тойдун деңгээлине түшүп калганынан кабарыңыз болуш керек. Анткени маданият тармагын тарыхчылар башкарып калган. Буга мисал жакында Ат-Башы райондук маданий бөлүмүн тарыхчы жигит башкарып калды. Маданият окуу жайларын окуган ошол тармакта иштеген бала сыртта калды. Көрсө, маданият министрликтин майлуу орундарын тарыхчы азаматтар башкарат экен.
Маданияттын статс-катчысы, билими тарыхчы, кинонун жоюлушуна салым кошкон Бектеналиев Муктаалы жетектейт. Маданият министрликтин кадр бөлүмүн билими тарыхчы милицияда иштеп эс алууга чыккан майор Өзүбеков Мухтасар башкарат. Кадр бөлүмүн маданиятта наам, сыйлык берүүдөгү коррупциянын авторлору ушулар. Таза чындык менен текшертсеңиз былыктын баары чыгат.
Алмазбек Шаршенович! Сиз 70-80-жылдарда адабият жанры эң төмөнкү абалга жетип калганда сактап калбадыңыз беле, "Нооруз", "Арашан" чыгармачылык үйлөрүн ачып, аны кантип унуталы. Эми маданиятты тазалап, сактап калыңыз! Маданиятты ой келди майкаңдап, бутуна заңкайып турган, маданиятты жоюп ийген Султан Раев күндө телевизордон чыгат. Эгемендүүлүктүн 20 жылдык, Курманжан датканын 200 жылдык тойлорун башкарам, тойдун казанын жакшы кайнаткыла "майын калпып өзүм ичем" деп. Бул жагын дагы текшертиңиз?
Кыргыз драма театрын түбөлүк ремонтко жапкан Кыргызбай Осмонов жүрөт эчтеме жебеген кишидей той-аштарда тамада болуп. Туура, ак сарайды салган, жаңы үлгүдөгү машина минген. Ушул жагын унутпаңыз?
Опера - балет, филармониянын артисттери гастроль деген сөздү 20 жылдан бери унутушуп, келип-кетмей менен алек. Цирк артисттери ар кимиси ар жерде талаалап жүрүшөт, үстүндө үйлөрү жок. 15 жыл өлкөнү физиктер башкарып, Акаев, Ашыркулов, Жумалиев, эмне болдук? Маданиятты тарыхчылардан сактап калыңыз! Сиз аз эле убактыңызды бөлсөңүз баары ордуна келет. Шайлоодон кийин эмес, маданиятты жаңылоо шайлоодон мурун болсун. Шакиевге тапшырбаңыз, анын бары-жогу билинбеген жигит. Алмазбек Шаршенович, маданият кызматкерлери толкуса, Кыргыз эли толук колдоп кетерин унутпаңыз.
Гезиттен жооп күтүп,
маданият кызматкерлери.




"Мекенибиздин келечеги балдарда" акциясы
20-август күнү саат 18-00дө Кожомкул атындагы Спорт ордосунда "Мекен Жаштары" демилгелүү тобу "Oigon.kg" сайты менен биргеликте "Мекенибиздин келечеги балдарда" деген аталышта кайрымдуулук акциясын өткөргөнү жатат. Балдар биздин келечек, биз мурас калтырчу урпак, ошолордун турмушу азыркы учурда кыйындап келет. Акыркы убактарда алардын көбү билим албай көчөдө араба түртүп, кайыр сурап жүрүшөт. Ошол билимсиз өскөн балдар кийин кантип турмушун оңоп кете алат? - деген суроо жүрөктү оорутуп келет. Бул гана эмес балдар үйүнө да көңүл көп бөлүнбөйт, бөлүнсө деле алар ата-энелик мээримсиз чоңоюп, эненин мээримине муктаж болуп келишет. Эгер кимде ким кичинекей балдардын келечегине кайдыгер карабаса, акцияга келип катышыңыздар. Акцияга катышуу үчүн колуңуздардан кандай жардам келсе алып келсеңиз болот. Мисалы; оюнчук, кийим-кечек, окуу куралдары, таттуу белектерден алып келип, мекенибиз оор кыйын убакта турганда улуубуз кичүүбүзгө, барыбыз жогубузга, колубуздан келген жардамыбызды аябай "Бир жакадан баш, бир жеңден кол" чыгарып, "Ар бир атуулубуздун көйгөйү, жалпыбыздын көйгөйүбүз" деген ураанда жашап, бул кыйынчылыктан сабырдуулук, чыдамдуулук менен чыгып кетүүбүз ар бирибиздин Кудай астындагы атуулдук милдетибиз. Сиздин жылуу мамилеңиз балдарга чексиз кубаныч тартуулайт жана алар ошого муктаж экенин унутпаңыз.
Уюштуруу тобу.