Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кимиңерден кимиң эр,
президент болчу кимиңер?!

Күздө өтүүчү президенттик шайлоого ат салышчулардын саны 70тен ашты. Бул сан дагы өсүшү мүмкүн. Дымагы асманды чапчыган атка минер төбөлдөрдөн тартып, алына карабай "айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат" болгон, кыларга иши, саларга кушу жок үйүндө зеригип жаткандардан бери ажо болмокчумун дешип, шымаланып турушкан чагы. Кызыгы, айрым талапкерлердин шайлоого сарпталчу миллиондогон каражаты түгүл, шайлоо фондуна күрөөгө койчу 100 миң сому жок. Образдуу айтканда, үрүп чыгарга ити жок. Ошого карабастан, "эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт" болгондор жетишерлик. Албетте, мындай жагдай Кыргызстандагы демократиянын өнүгүшүнөн кабар берсе, бир чети президенттик кызматтын кадыр-баркын кетирген түркөй мамиле катары түшүнсө болот. Анткени алына карап иш кылып, жуурканына карап бут сунбай эле, ажолукка ат салышып жаткан тигил талапкерден менин эмнем кем деген сокур сезим, кыска түшүнүк менен коңшу-колоңу, ага-тууганынан башка эч ким тааныбагандар деле аламан жарышка аралашмакчы болуп жатышат.
Албетте, 70тен ашык талапкердин баарысы эле акыр-аягына чейин шайлоого катышууга чамасы келбейт. Алдыда көптөгөн тоскоолдуктар бар. Тактап айтканда, мамлекеттик тил сынагынан өтүш керек. Шайлоо фондусуна 100 миң сом төгүп, 30 миң кишинин кол тамгасын топтоо зарыл. Ар бир облус, районго штаб ачып, анын координаторлорун шайлаш кажет. Мындай талаптарды аткаруу президенттик шайлоого катышууну самаган ар бир талапкердин эле колунан келе бербейт. Көбү кыргыз тилинен берчү сынактан куласа, айрымдары 30 миң кол топтой албай эстери оойт. Күрөөгө койчу 100 миң сомду таба алышпагандар да чыгат. Айтор, теңинен көбү аламан байгеге ат салыша электе эле ала салышат. Аталган талаптардан аман-эсен өткөн кээ бирлери, шайлоодо жеңишке жете албасына көздөрү жетишкенде, кайсы бир күчтүү талапкер менен соодалашууга барат. Ошондо президенттик шайлоого катышмакчы болуп желигип жаткан 70тен ашык талапкердин ичинен ары жак, бери жагы болуп отуруп, ашып кетсе жыйырма талапкер чыгышы мүмкүн. Керек болсо ага да жетпей калышы ыктымал.
Чындыгында, президенттикке барчулардын тизмесине үңүлсөң, кимдер бар да, кимдер жок. Өңгөсүн айтпаганда дагы эски-жаңы бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда катуу буркан-шаркан түшкөн "салгылаш" жүрө турганы эмитеден эле кеп болуп жатат. Бул туурасында саясий серепчилер реваншисттик күчтөр катуу даярдык көрүп жатканын ачык эле билдиришүүдө. Талдоочулардын пикиринде, 30-октябрь реваншисттик күчтөр үчүн максаттарына жетүүгө болгон акыркы мүмкүнчүлүк. Ошондуктан реваншисттер болгон күчтөрүн жумшап, президенттик такты ээлөөгө аракет кылышса, революционерлер эски бийликтин куйруктарына ажолук такты бербөөгө басым коюшат. Ал эми так кимге буюрат, аны бир кудай билет. Учурда Атамбаевдин, андан кийин Мадумаровдун, Султановдун мүмкүнчүлүгү көп экени айтылууда. Эми бул боюнча кийинчерээк кенен кеп кылабыз. Азырынча учурда КР Президентинин кызмат ордуна кандай талапкерлер ат салышмакчы болуп жатканына бир сыйра көз жүгүртүп, канчасы улуттун жүзү болчу мамлекет башчысынын ордуна татыктуу экенине баам салып көрүңүздөр. Ушул тапта ажолукка ат салышууга 72 талапкер көрсөтүлдү, анын 16сы саясий партиялардан, 56сы өзүн-өзү көрсөткөндөр.
КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин тизмеси
Саясий партиялардан төмөнкү талапкерлер көрсөтүлгөн:
Алмазбек Атамбаев, 1956-ж.т. Кыргызстан социал-демократиялык партиясы;
Арсланбек Малиев, 1957-ж.т. "Аалам - партияда жоктордун партиясы";
Өмүрбек Текебаев, 1958-ж.т. "Ата Мекен" партиясы;
Турсунбай Бакир уулу , 1958-ж.т. "Эркин Кыргызстан" партиясы;
Замирбек Парманкулов , 1971-ж.т. "Кыргызстандын жумушчу партиясы";
Исхак Масалиев , 1960-ж.т. Кыргызстан коммунисттери партиясы;
Камчыбек Ташиев , 1968-ж.т. "Ата-Журт" партиясы;
Адахан Мадумаров , 1965-ж.т. "Бүтүн Кыргызстан" партиясы;
Эркин Булекбаев , 1961-ж.т. "Кыргызстандын жашылдар партиясы";
Арстанбек Абдылдаев , "Эл үчүн" партиясы;
Темирбек Асанбеков , 1966-ж.т. "Мекен ынтымагы" партиясы;
Жантөрө Сатыбалдиев , 1956-ж.т. "Бакубат Кыргызстан" партиясы;
Анарбек Калматов , 1963-ж.т. "Ар-Намыс" партиясы;
Нариман Түлеев , "7-апрель жаштар кыймылы" партиясы;
Салмоорбек Дыйканов , "Асаба" партиясы,
Токтайым Үмөталиева, "Жашасын Кыргызстан" партиясы.
"Эгемен Кыргызстан" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Бектур Асанов өз арызын кайтарып алды.
Өзүн-өзү көрсөткөндөр:
Марат Султанов , 1960-ж.т., КР Жогорку Кеңешинин депутаты;
Кубанычбек Исабеков , 1957-ж.т., "Нарын" Кыргыз-Германиялык ЖЧК генералдык директору;
Жумабек Токтогазиев , 1958-ж.т., "Шатен" курулуш фирмасынын директору;
Марат Иманкулов , 1960-ж.т., КР Улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин биринчи орун басары, КР УКМКнын Терроризмге каршы борборунун директору;
Алманбет Матубраимов , 1952-ж.т., техника илимдеринин кандидаты, "Чүйэлектро" ЖЧКсынын директорунун кеңешчиси, "Кыргыз Эл Биримдиги" КУ төрагасы;
Жаныш Рустенбеков , 1946-ж.т., КРнын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси;
Оомат Казакбаев , 1959-ж.т. убактылуу иштебейт;
Назарбек Нышанов , 1961-ж.т., "Лига-Антикризис" КУ президенти, Кыргызстандын патриоттук партиясынын Генералдык катчысы;
Акылбек Жапаров , 1964-ж.т., КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты, экономика илимдеринин доктору;
Акбаралы Айтикеев , 1958-ж.т., "Кыргыз Республикасынын өнөр жай, айыл чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо партиясы" саясий партиясынын төрагасы;
Өмүрбек Суваналиев , 1960-ж.т., милициянын отставкадагы генерал-майору;
Нурлан Мотуев , 1969-ж.т., "Азамат Компани" ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Ата-Журт" саясий партиясынын мүчөсү;
Мурат Боромбаев , 1958-ж.т., орус тили жана адабияты мугалими;
Роман Оморов , 1950-ж.т., техника илимдердин доктору, КР Улуттук Академиясынын Техпаркынын директору, КР Улуттук илимдер Академиясынын "Башкаруу системасынын синергетика жана сызыксыз динамика" лабораториясынын башчысы;
Бийназар Бердикеев , 1956-ж.т., "Энергоспецмонтажстройиндустрия" ЖЧК президенти;
Гайша Ибрагимова , 1951-ж.т., "Илим" билим берүү комплексинин директору, "Билим берүү мекемелеринин Союзунун" Президенти;
Дамира Токтосунова , 1961-ж.т., убактылуу иштебейт;
Асида Иманалиева , 1968-ж.т., убактылуу иштебейт;
Өмүрбүбү Бегалиева , 1962-ж.т., "Нусуп аталык" коомдук фондусунун төрайымы, "Силани" ЖЧКнын директору;
Аскарбек Абышев , 1964-ж.т., "Кыргызспецэкспорт" ЖЧКнын башкы директору;
Мадияр Кулуев , 1966-ж.т., Бишкек ш. Октябрь районунун ИИБ башчысы, милициянын полковниги;
Уланбек Сооданбеков , 1973-ж.т., убактылуу иштебейт;
Полотбек Кенжекулов , 1951-ж.т., убактылуу иштебейт;
Сейтек Байгуттиев , 1965-ж.т., "Толубай" ЖАК АКБ директорлор Кеңешинин мүчөсү;
Жусупжан Пиримбаев , 1954-ж.т., "Реформа" журналынын башкы редактору, экономика илимдеринин кандидаты;
Калмамат Мактымбаев , 1952-ж.т., Камбар-Ата-2 ГЭСинин мастери;
Төрөбай Колубаев , 1969-ж.т, убактылуу иштебейт;
Жумабек Исаев , 1962-ж.т., убактылуу иштебейт;
Муканбайжан Айманбаев , 1956-ж.т., убактылуу иштебейт;
Качкынбай Кадыркулов , 1955-ж.т., "Айылдык кеңеш кызматы" коомдук фондунун координатору;
Сооронбай Дыйканов , 1969-ж.т. "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын директору;
Ырыскелди Ыбышев , 1952-ж.т., "Перинур" газетасынын башкы редактору, Кыргызстан коммунисттери партиясынын мүчөсү;
Виктор Виноградов , 1954-ж.т., "KGinform. com" маалыматтык порталынын башкы редактору;
Жаныбек Сүйналиев , 1955-ж.т., жумушсуз;
Өмүрбек Бөлтүрүков , 1955-ж.т., "Бөлтүрүк" Дыйкан чарбасынын директору;
Сазыкбай Турдумалиев , 1954-ж.т., "Центр комплексного снабжения" ЖЧК генералдык директору, "Улутман" республикалык партиясы" саясий партиясынын төрагасы;
Алмазбек Каримов , 1972-ж.т., "ЮТС-Медиа" генералдык директору;
Сайнидин Султанидинов , 1955-ж.т., Латвия Республикасынын "Маро" фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;
Эрнис Айтымбетов , 1964-ж.т., КР Президентинин иш башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти;
Өмүрбек Эгембердиев , 1956-ж.т., "Инсанат" эл аралык фондунун президенти;
Улугбек Бабакулов , 1971-ж.т., "МК Азия" газетасынын башкы редактору;
Темиркул Өмүралиев , 1960-ж.т., убактылуу иштебейт;
Жылдызбек Стамбаев , 1971-ж.т., убактылуу иштебейт;
Тургунбек Нарикеев , 1961-ж.т., убактылуу иштебейт;
Барктабас Аземкулов , 1967-ж.т., КР Аскердик сотунун судьясы;
Төлөнбай Калматов , 1955-ж.т. Ош шаарынын "Благоустройство" КУ президенти, "Республика" партиясынын мүчөсү;
Жамбылбек Камчиев , 1954-ж.т. "Куудул-Аралаш" коомдук фондунун президенти, "Асаба" партиясынын мүчөсү;
Кубанычбек Апасов , 1950-ж.т. медицина илимдеринин доктору, "Эл журт" саясий партиясынын төрагасы;
Куттубек Асылбеков , 1957-ж.т. "Мир Манаса" гезитинин Башкы редактору;
Борончу Кудайбергенов , 1966-ж.т. "Жайсаң" ЖЧКсынын башкы директору, куудул;
Төлөн Дыйканбаев , 1950-ж.т. "Пенитенциарный" КУ учредители; Нишанбай Сулайманкулов, 1947-ж.т. отставкадагы полковник;
Игорь Трофимов , 1975-ж.т. "Сергия Радонежский жана Айкөл Манас атындагы укук коргоо борбору" ЖЧКсынын башкы директору;
Болотбек Казакбаев , президенттикке өзүн-өзү көрсөткөн арызын кайтарып алды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда, талапкерлерди каттоо 2011-жылдын 25-сентябрында аяктайт. Ушул күндөн тартып, талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат жана ал 2011-жылдын 29-октябрында аяктайт. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.
Даярдаган Алмаз ТЕМИРБЕК уулу