Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Сагынбек Абдрахманов,
"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү,
"Сүймөнкул Чокморов" атындагы фонддун төрагасы:
"4 млрд долларлык Иштамберди кенин 40 млн долларга сатканы - чыккынчылык БОЛДУ!"
- Сагынбек мырза, өлкөбүз жаратылыш кен байлыктарына, анын ичинен алтынга укмуштуудай байбыз деп эле келебиз. Ошол байлыктарыбыздын үзүрүн жакын арада көрчүдөйбүзбү?
- Туура, Кыргызстан дүйнөдөгү тоо-кен байлыктарына бай мамлекеттердин бири. Жакында эле келинчегим Россияга төркүнүнө барып келди. Совет мезгилинен бери "алюминчилердин шаары" деп аталган Краснотуринск деген шаарда жакын курбусу жашайт. Курбусунун атасы ошол шаардагы кен иштетүүчү заводдордун биринде өмүр бою башкы маркшейдер (алтын, кен казуучу башкы адис), инженер-геолог болуп эмгектенген экен. Атасы Кыргызстандагы азыркы кырдаалды сураштырып отуруп, текчесиндеги советтик тоо-кен энциклопедиясын алып, "силер, кыргыздар, табигый кен байлыктарга абдан байсыңар. Мамлекетиңер кичинекей эле. Башкасын айтпай эле коеюн, алтындын эле запасы Ысык-Көл, Чаткал, Талас, Чүйүңөрдө эле канча? А силер дүйнө жүзүн кыдырып, 20 жылдан бери кайыр сурап жашап атасыңар" - деп кейиптир. Чынында, мындай болбош керек эле. "Белое солнце пустыни" деген тасма бар эмеспи, ошондо "таможня мзду не берет, за державу обидно" - деген жакшы сөз айтылган. Анын сыңарындай, мамлекетибиз үчүн жүрөгү менен күйгөн мекенчил инсандарыбыз үчүн бул өтө кейиштүү көрүнүш. Алтындын үстүндө жашап атып, алтындын баркын билбейбиз. Ошол алтыныбыздын, кен байлыктарыбыздын буга чейин үзүрүн көрбөй жашап келе жатканыбыздын көптөгөн себептери бар. Ошол себеп - жагдайларды түп орду менен четтетсек гана үзүрүн көрсөк болот.
- Мисалы, кандай себептер?
- Ал баарыбызга эле белгилүү. Кыргызстандын жаратылыш байлыктарын өткөн эки бийлик өз кызыкчылыгы үчүн каалаганындай пайдаланды. Короосундагы өзүнүн мал-мүлкүнөн бетер ар кимге оңду-солду кармата беришти. Өзгөчө Курманбек Бакиев, уулу Максим Бакиев жана анын жеке кызыкчылыгы үчүн иштеген кошоматчылары бул багытта мамлекетибизге кыянаттык, ал гана эмес, чыккынчылык кылды деп ачык эле айта алабыз. Ал кандай чыккынчылык? Ал кыргыз мамлекетине миллиарддаган доллар киреше алып келүүчү кен байлыктардын лицензиясын болгону 300 сомго ар кимге соодалап жибергени болду. Учурда Кыргызстаныбыздын ар кайсы бурчунда кытай, казак, жана башка чет өлкөлөрдүн ишканалары кен байлыктарыбызды каалаганындай казып атышат. Мына, алтын кен байлыгы бар Жерүй, Талдыбулактын сол жээги, Иштамберди, Куру-Тегерек, Жамгыр, Туюк, Коматор, Тереккан, Терек, Тохтазан, Караказык, Чаар-Таш, Ничке-Суу, Перевальный, Кара-Моко, Кум-Дөбө, Кылдоо, Бучук өңдүү жана дагы көптөгөн тоо кендерин сатып салышкан. Ал кезде ААК "Кыргызалтындын" башчылары алардын айтканына көнүп, жеке кызыкчылыгы үчүн унчуккан эмес. Ал эми ошол кездеги Жаратылыш ресурстары боюнча агенттик лицензияларды болгону 300 сомдон кармата берген. Учурда ошол 13 кенди кайрадан "Кыргызалтынга" кайтаруу боюнча иштерди алып баруудабыз. Кудай буйруса, Бучук менен Кылдоо дээрлик кайра алынса, жакшы болот эле. Ал эми калгандары боюнча иш алып барып атабыз. Аталган тоо кендерин изилдөө, чалгындоо иштерине мамлекет, "Кыргызалтын" эмне деген акчаларды жумшаган? Мисалы, Бучук тоо кенине 10 миллион доллардан ашык чыгаша кеткен. Ал эми миллиондогон шапкелерин Бакиевдерге, ошол кездеги чиновниктерге берип туруп, ошол кендердин лицензияларын 300 сомдон сатып алган чет элдик ишканалар бүгүн аларды Шанхайдын, Гонгкоктун аукциондоруна алып чыгып миллиондогон долларларга сатып жүрүшөт. Мамлекетке эмне пайда түштү?!
- Ошолордун арасындагы Чаткалдагы Иштамберди алтын кени боюнча да айта кетсеңиз?
- Иштамберди Жалал-Абад областындагы Чаткал районуна караштуу Наманган шаарынын темир жол станциясынан 140 км, ал эми Терексай руднигинен 20 км, ЛЭПтен 2,5 км алыстыкта жайгашкан. Бул тоо-кен байлыгы 1934-жылы ленинграддык алтын изилдөөчү Ф.И.Вольфсон тарабынан ачылган. Бул кендеги алтындын чалгынданган, тагыраак айтканда, изилденген эле запасы (С1+C2+Р1+Р2-толук изилденген) 79540 кг түзөт. Алтындын курамы тоннасына 7,4 грамм. Бул кенди иштете келгенде алтындын запасы мындан дагы көбүрөөк чыгат. Ал эми 79 540 килограммды учурдагы алтындын баасы менен эсептегенде 3 943 307 987 доллар. А бакиевчилер бул кен байлыгыбызды кытайларга 40 млн долларга эски жолдун үстүнө жаңы жол салып беребиз десе, ит бекер берип салды. Эми Эрнис досум, 4 миллиард доллар менен 40 миллион долларды салыштырып көрүп, мен "горняк", кенчи, экономист, кыргыз катары күйбөгөн жерим күл болуп атат да. 4 млрд долларга жакын акча менен 40 миллион доллардын айырмасы асман менен жердей болуп жатпайбы?
- Кимиси берип салды, конкреттүү айта аласызбы?
- К. Бакиев, М. Бакиев, Д.Үсөнов башында турган мурунку бийлик өкүлдөрү. Ушундай мамлекетибизге жасалган кыянатчылыкты, чыккынчылыкты көрүп туруп ыйлагың келет. Иштамберди кени бул республикалык бюджетти толтура турган экинчи Кумтөрүбүз болчу. Ал жерде бир дагы кыргыз адистери иштебейт. Жалаң Кытайдан келген өздөрүнүн адистери, жумушчулары кызматка алынган. Заңгыраган комбинат куруп алышкан. Чоң коктунун оозун тосуп, чоочун, тагыраагы кыргызстандык бир дагы киши кирбегендей кылып бекитип алышкан. Ичинде алтын казып алынып жатабы, же алтын менен кошо күмүш, вольфрам, же молибден, же сурьма жана башка кен байлыктар алынып жатабы эч учёт кылынбайт. Эгер кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн түзүлгөн келишим болгондо, комбинаттын тегерегине кенчилердин шаарчасы курулмак, мектептер, бейтапканалар, бала бакчалар, жолдор, көпүрөлөр салынмак. Ошол шаарчанын тургундарынын турмуш деңгээли да жогору болмок.
- Бул кенде Кыргызстандын эч кандай үлүшү жокпу?
- Эч кандай десек болот. Кытайлар Иштамберди кенин колдонгондун акысына 40 миллион долларга Ош - Сары-Таш - Иркештам эски автомобиль жолунун үстүнөн жаңы жол куруп беришет экен. Ал эми бул Иштамбердидеги алтындын эле баасы, бери жагы эле 4 млрд АКШ долларына жакын болуп атпайбы. Ал эми ошол жердеги башка байлыктарчы? Ким учёт кылып жатат? Кытайлар ит бекер алгандай эле болуп атпайбы. Биринчиден, автомобиль жолдун курулушуна кытайлар өздөрүнүн жумушчуларын алып келип иштетишет, экинчиден, техникалык материалдык базалары да өздөрүнүкү болот. 40 миллион доллар деп бааланганы менен, ага жетпеген эле акча сарпталышы мүмкүн.
Лицензияларды оңду-солду каалагандай таратып берип салгандын айынан Иштамбердиде гана эмес, дагы далай алтын чыгуучу кендерибизде башка өлкөлөрдүн ишканалары каалаганындай казуу иштерин жүргүзүп, алтындарыбыз менен кошо вольфрам, молибден, күмүш, олово сыяктуу жана башка баалуу металлдар да кошо ташылууда. Алтын чыккан жерде Менделеевдин таблицасындагы элементтердин дээрлик бардыгы кездешет эмеспи. Муну көзөмөлдөгөн эч ким болгон эмес.
- Бирок азыркы Жаратылыш министрлиги деле лицензия сатканын улантып жатат го?
- Андан башка эмне кылышат? Бул министрликтин бирден-бир негизги кызматы - лицензия берүү болуп атпайбы. Лицензияларды азыр деле сатып атышат. Биздин тоо-кен байлыгын өмүр бою изилдеп, чалгындаган, өндүргөн ардагер кенчилерибизге, б.а. бул тармактын патриархтарына ыраазымын. Тоо-кен тармагы жана геология ассоциациясынын төрагасы, окумуштуу, илимпоз жана металлург Орозбек Дүйшеев айткандай, тоо кен байлыктарын башкаруу жана көзөмөлгө алуу өкмөттүн карамагында болушу керек. Ошондуктан биз алтын чыккан, алтын жыттанган жердин баарын "Кыргызалтындын" карамагында, инвесторлор менен бирге изилдеп, чалгындап, өндүрүшүбүз керек.
- Кыргызстан өз күчү менен ал кенди иштетип кете алат беле?
- Туура, Кыргызстан кубаттуу комбинаттарды куруп, кендерибизди өз алдынча иштетүүгө азырынча кудуретибиз жетпейт. Бирок Иштамберди кенин берип салгандай эмес, кенди иштетүүдөн Кыргызстан да эбегейсиз пайда көргөндөй кылып шарт койсок болот да. Негизи "Кыргызалтынга" Акаевдин жана Бакиевдин өкмөтү өгөй баласындай мамиле кылып келген. Бирок бүгүнкү күнү Алмаз Атамбаевдин күчү менен бутуна жаңы туруп келаткан өкмөтүбүз чечкиндүү кадамдарга барып атат. Канаданын "Центерра Голд Инк" компаниясына катуу талаптарды коюп, биринчи жолу 33 млн доллар дивидентибизди алдык. Осмон Артыкбаевдей, базар экономикасын түшүнүп билген топ-менеджерлердин келгени да туура болуп турат. Чар-жайыт берилип кеткен тоо-кендерди азыркы жетекчилик "Кыргызалтындын" балансына кайрып алууга бар аракетин жумшап атат. Мисал катары Бучук кендерин жогоруда айтып өтпөдүмбү. Мындан тышкары тоо-кен тармагы боюнча профессионал адистерди, бул тармактын патриархтарын тегерегине чогултуп, мурунку жетекчилердей болуп бийликтин оозун карабай, адистердин кебине көңүл буруп, алардын кеңешин угуп жатат.
- Сагынбек Үмөталиевич, сиз тоо-кен тармагында Өзбекстанда жана Россияда көп жылдан бери эмгектенип келгениңизди билебиз. Адис катары айтсаңыз, бул тармакты жакшыртыш үчүн эң оболу эмне кылышыбыз керек?
- Эң биринчи биз тоо-кен мыйзамдарыбызды оңдошубуз керек. Чет элдеги кенчи тааныштарым мага бул тармактын өкүлү катары, мурдараак Чүй облусунун губернатору катары кайрылып: "Силерге эң башкысы тоо-кен тармагы боюнча туура мыйзам жетишпейт"-деп калышат. ЮАРдын жараны болгон москвалык бир орус досум Танзанияда, Монголияда, ЮАРда алтын кендерин иликтеп, иштетүү менен алектенип жүрөт. Ошондон Танзания менен Чилинин тоо-кен байлыгына байланышкан мыйзамдарын атайын алдыртып, биздики менен салыштырып, таанышып чыктым. Мисалы, Танзания акыркы 20 жылда жылына 50 тонна алтын чыгарып, Африкада экинчи орунга чыкты. Танзанияда кен иштетүүнү каалаган юридикалык дагы, физикалык дагы тарап сөзсүз түрдө Танзаниянын жараны болуш керек экен. А биздикин каалаганы келип казып атат. Бизде тээ СССР убагындагы мыйзамдар. Алар жедеп эскирип бүткөн, бүгүнкү күндүн талабына жооп бербейт. Ошондуктан жаңы өнүгүп келе жаткан Чили, Гана, Танзания, Монголия, Вьетнам жана башка ушул сыяктуу мамлекеттердин тажрыйбасынын негизинде, минералдык-сырьелук базаны жана тоо-кен секторун өнүктүрүү жана чет элдик инвесторлоду тартуу үчүн жаңы "Тоо" Кодексин кабыл алышыбыз керек. Эң негизгиси бизде иштетилип чыккан алтынды Кыргызстандан чыгарбашыбыз керек. Алтын деген Улуттук Банкта "алтын-валюталык запас" түрүндө сакталышы керек. Ал эми алтынды иштетип чыгаргандар алтынды эмес, а алтындын акчасын Лондондук Биржанын баасы менен алыш керек! Алыс барбай эле, Өзбекстанды алсак, бир эле Навойи тоо-металлургиялык комбинаты жылына 54 тоннадан 60 тоннага чейин алтынды иштетип чыгарат. Бир да грамм алтын Өзбекстандан чыкпайт, бардык иштетилип чыккан алтын Өзбекстандын Улуттук Банкында "Золото-валютный запас" катары сакталат. Ошондуктан Өзбекстан 20 жылдын ичинде экономикалык деңгээлин 3 эсеге көтөрдү, ал эми биз 1990-жылкы экономиканын деңгээлине али жете элекпиз. Кыргызстанда толук изилденген жана чала изилденген сейрек кездешүүчү түстүү жана кара металл байлыктары көп, ушунун баары менин оюмча, ААК "Кыргызалтындын" базасынын астында тоо-кен металлургия тармагы кайра жаңы рыноктук экономикасынын мыйзамдарынын негизинде түзүлүшү керек. Менин жеке пикирим боюнча "Тоо" Кодексинин концепциясы иштетилип чыкса, ошондо кен байлыктарыбызды мамлекет катуу көзөмөлгө алып, анын аркасынан тез өнүгүүгө шарт түзүлөт деп ойлойм.
- Жакында өткөн металлург майрамын кандай шартта белгиледиңер?
- Менин ААК "Кыргызалтынга" Директорлор Кеңешине мүчөлүгүнө шайланганыма үч айдан ашты. Коллектив жакшы. Өз ишин мыкты билген жаш адистер Солтон-Сарыда, Макмал комбинатында көп экен. Президент Роза Отунбаева да, премьер-министр Алмаз Атамбаев да ААК "Кыргызалтынга" жакшы көңүл буруп атышат. Газизов, Абдылдаев деген кенчилер "Даңк" медалы менен сыйланышты. Бакеев, Жумакматов дегендер "Өнөр жай тармагынын эмгек сиңирген ишмерлери" деген наам алышты. Ал эми Дейдиев, Жусубалиев, Тогтогон уулу, Жээнбаев Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланышты. 8 киши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамоталары менен 91 адам "Кыргызалтын" ААКсынын Ардак грамоталарын алышты.
- "Калк айтса, калп айтпайт" - дейт, өткөндө сиздин мурунку ИИМ министринин орун басары Сабыр Курманалиевдин иниси менен болгон чатак, тагыраагы, май куюучу жайда болуп өткөн мушташ тууралуу сөздөр жүрүп кетти. Сизди уулуңуздун көзүнчө сөгүп, сизге кол көтөрүүгө аракет кылганда сиз эки уруп сулаткандыгыңыз айтылып жүрөт. Чын-бышыгын өз оозуңуздан уксак, чын эле ушундай окуя болду беле?
- Эми, албетте, бул коомдогу өтө эле терс көрүнүш. Анын үстүнө эки-экиден кызыл чеке болуп мушташып аткан депутаттарыбыз бүтүп, губернатор дагы мушташка түштүбү деген сөздөрдү угуп калып атам. Муну өтө эле уят көрүнүш катары эсептейм. Болгон эмес деп танбайм, актанбайм дагы. Бирок ал жерде чынында жапжаш эле бала сени балаңдын көзүнчө сөгүп турса, эркектик намысың биринчи орунга чыгып кетет экен. Мансабына, байлыгына чиренген немелерди ошол жерден өз ордуна коюп койдум. Болгону ошол.
- Сиз жетектеген "Сүймөнкул Чокморов" фонду тууралуу да айтып өтсөңүз. Кандай иштер болуп атат, марафондон канча каражат чогулуп атат, комплекстин курулушу качан башталчудай. Аттуу-баштуу инсандарыбыздан кимдер кандай жардам көрсөттү?
- "Сүймөнкул Чокморов" фондун 2011-жылдын 6-январында уюштурдук. Коомдук фонддун негизги максаты СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРнин эл сүрөтчүсү, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын жана эл аралык кинофестивалдардын 5 жолку лауреаты Сүймөнкул Чокморовдун мемориалдык эстелик комплексин Чүй областынын Аламүдүн районундагы Байтик айылына тургузуу. Бул комплекс жаш таланттарды өстүрүүдө, тарбиялоодо жана Орто Азия, Казакстан өлкөлөрүнүн маданияттарын жакындаштырууда, өнүктүрүүдө чоң роль ойнойт деп ойлойм.
Ошондуктан бүгүн биз мамлекеттен акча каражат сурабай, Кыргызстандын үч областынын райондорунда марафон өткөрдүк. Азырынча Чүй облусунун Жайыл жана Аламүдүн районунда өттү. Аламүдүн району Ысык-Көл областына эстафетаны өткөрүп берди. Ал эми Ысык-Көлдө Тоң менен Ак-Суу районунда болуп, эстафетаны Жети-Өгүз району Теңир-Тоо Нарын облусуна өткөрүп берди. Нарында Кочкор районунан башка райондору биригип эстафетаны Талас облусуна өткөрүп беришти.
Ал эми комплекстин курулушу боюнча айтсам, аттуу-баштуу архитектор, скульптор, сүрөтчүлөрдүн каймактарын чогултуп, 11 кишиден турган атайын комиссия түздүк. Курамын толугураак айта кетсем:
Кутаталадзе - Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген архитектор;
Бекташев - Архитекторлор союзунун төрагасы, профессор;
Арабеков - Аламүдүн районунун башкы архитектору;
Шестопал - Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген скульптор;
Сейталиев - Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы;
Чотурова - Жазуучулар союзунан;
Актан Арым Кубат - Киноматографисттер союзунан;
Олейниченко - Аламүдүн районунун акими;
Чокморов С.Ч. - Сүймөнкул Чокморовдун бир тууган агасы;
Самаков - ЖК депутаты жана мен бармын.
Кудай буйруса, 4-октябрга чейин бул комиссия эң мыкты долбоорду тандап алат деп ишенем. Ал эми чогулган акчалар боюнча айтсам, марафондордон канча акча түшкөнүн, ким канча бергенин www.of-chokmorov.kg сайтынан көрсөңөр болот. Эң эле көп акча каражат топтогон бул-Сүймөнкул Чокморов туулуп-өскөн Аламүдүн району болду. Аламүдүндүктөр 3,5 млн сом чогултуп беришти. Ал эми жеке инсандардан "март болбосоң, данк кайда"- деп туруп ЖК депутаты, Сүймөнкул Чокморовдун талантын урматтап сыйлаган Карганбек Самаков бир миллион сом кошту.

Маектешкен
Эрнис Балбаков