Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Арча-Бешик арманы
Эки эле көчөбүздү асфальттап бергилечи?
Борбор калаабыз Бишкек шаарынын айланасындагы көп сандаган жаңы конуштардын ичинен Арча-Бешик жаңы конушу эң ириси жана эң "аксакалы" болуп эсептелет. Аянты жана калкынын саны боюнча өзүнчө бир чакан шаардын деңгээлиндеги бул конуш көп жылдан бери бийликтеги атка минерлердин көңүл сыртында калып келет. Бул конуштагылардын бирден-бир башкы көйгөйү - жол маселеси. Арча-Бешиктин узун-туурасынан кеткен эң ири Кривоносов жана Түштүк магистраль көчөлөрүнүн курулушунун аякташы бул конуш калкынын эң башкы тилеги. Түштүк магистраль көчөсүнүн курулушун тээ илгери Аскар Акаев баштап берген. Кийин Бакиевдин тушунда ошол кездеги мэр Нариман Түлеев курулуш иштерин андан ары улантып, орто жолдон таштап салып баса берген. Калайыкка Курманбек атасы экөө "Түштүк магистралды аягына чейин укмуш кылып бүтүрдүк" деп ооз көптүрө мактанып алганга да үлгүрүшкөн. Түлееви жедиби же жолду курган фирмасы кымырып кеттиби, айтор, Түштүк магистралдын "куйругу" аңгыл-дөңгүл оркойгон таштары менен канчалаган автоунааларды керектен чыгарып, калк нааразычылыгын туудуруп келет. Ал эми №4 шаардык бейтапканадан бери созулган эң ири Кривоносов көчөсү 20 жылдан бери асфальттын "а" сын да көрбөй, арча-бешиктиктердин көкөйүнө көк таштай тийген көйгөйү, айтып бүтпөс арманы болду. Арча-Бешик жаңы конушунун түндүгү менен түштүгүн бириктирген Кыйшыкмурун (Кривоносов) көчөбүз качан түздөлөөр экен деп бул аймактын калкы 20 жылдан бери кайрылбаган жери калган жок. 20 жылдан бери президент, депутат болом деген талапкерлер "бул жолуңарды кычыратып асфальттап берем"- дегенден тажашкан жок.
Акыйтып күттүргөн маршруткалар
Бул конуштун жогорураак аймагында жашагандар үчүн кечки саат 21.00дөн кийин "үйгө кантип кетем?" деген "баш оору" башталат. Өзгөчө №134 жана №264 маршруттук автоунаалар акыркы күндөрү арча-бешиктиктердин кыжырын кайнатып жүрөт. Дал ушул маршруттук каттамдар менен таң эрте кетип, кеч кайткан жүргүнчүлөрдүн тарткан азабы өзүнчө эле айтып бүткүс окуя. Эртең менен жумушка шашып, ар бир мүнөт алтындан кымбат болуп турганда, кашайып бул каттамдагы маршруттук унаалардын карааны көздөн учат. Жумушка кечигип, ансыз деле нервдери чыңалып, "конечкаларда" чогулуп турган жүргүнчүлөр бир топ убакыттан кийин каалгып, шашпай келген маршруткага "илинип" калыш үчүн эки-экиден жакалашып кеткенге чейин барышат. Бирөөнө күлкү, бирөөнө ый болгон бул көрүнүш кашкайган чындык! Шаар бийлиги жок дегенде, жогорудагы каттамдар боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган фирмаларды тартипке чакырып, тескеп коюшса, же кошумча маршруттук каттам уюштуруп беришсе сонун болбойт беле…
Каттообуз жок кала бердик
каралбай…
Арча-Бешик конушунун, дегеле шаардын тегерегиндеги жаңы конуштардын калкына мүнөздүү дагы бир көйгөй-бул шаардык каттоо маселеси. Жаңы конуштардагы калктын басымдуу көпчүлүгү өлкөбүздүн булуң-бурчунан жыргал жашоо издеп келген ички мигранттар эмеспи. Албетте, алардын көпчүлүгүнүн шаардык каттоосу жок. Жаңы конуштардагы арзан батирлерде баш калкалашат. "Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу?" демекчи, аларды шаарда узак мөөнөткө иштеп калууга көр оокат аргасыз кылып келет. Анан алар да шаардыктар сыяктуу ооруйт экен, балдарын бала бакчага тарбиялап, мектепке окуткусу келет экен. Бирок шаардык каттоосу жоктор үчүн мындай мүмкүнчүлүктөр орустар айтмакчы, өтө чоң "роскошь". Жакында эле кош бойлуу кошунабыздын төрөтү келип, Бишкек шаарынын үч төрөт үйүнө барып, шаардык каттоосу жок каралбай, көчөдөн көз жарып сала жаздады. Жарым айдан кийин жаңы окуу жылы башталат. Байкуш ата-энелер балдарын мектепке бериш үчүн ичпей-жебей чогулткан акчалары менен тааныштан-тааныш салып мектеп директорлорунун капчыктарын кампайтып аткан учуру. Ушул сыяктуу каттоосу жок жарандарыбызды экинчи катардагыларга (сорттогу) кошуп койгон фактылар жүздөп саналат.
Тиленбек Азык





Талапкер
Менин досум Чекмурат акыркы мезгилде аябай өзгөрдү. Үч-төрт киши чогулган жерде, кайдан-жайдан кошулганын эч ким билбей калат. Анан эле узун сөзүн баштайт. Баштаганда да түз эле Обамадан баштайт да, аягында: - … биз Путин, Назарбаев үчөөбүз… - деп кошуп коет. Бул эмне мынча өзгөрдү десем, көрсө, Чекмурат президенттикке талапкер болуп жазылып алыптыр. Аны укканда таң калып, оозум ачылып эле отуруп калыптырмын.

Анан кантип таң калбайсың; өзү отуз жыл Нарында гинеколог болуп, фактически аялдардын бир жерин тиктеп, оокат кылса, анан бир заматта саясий ишмер болуп кетсе. Жо-ок, бул жерде бир купуя сыр бар деп ойлодум да, бир күнү кечинде бир шише арак алып үйүнө жөнөдүм. Саламдашып бир сыйра кучакташып көрүшкөндөн кийин, даам ооз тийип, жүз граммдашкандан соң, сөздү ток этер жеринен баштадым:
- Чекмурат досум! Экөөбүз кичинекейибизден Чаек айылында бир көчөдө өстүк, башканы айтпай эле коёюн, сен кыздардын артынан жүгүргөн ышкың эле болбосо, дегеле оратордук талантыңды, же эч болбосо гезит алып саясат жөнүндө окуганыңды өмүрү көрбөптүрмүн. Анан кантип президенттикке талапкер болуп алдың? Өзүң жумгалдык болсоң, Нарында иштесең, саяктар болсо сенин бар экениңди унутуп калышты. Нарында болсо, "аягы" ооруган аялдардан башка эч ким билбейт! - десем, каткырып күлөт:
- А-ай, досум ай! Жакшы эле адамсың, бирок турмуштан артта калган келесоосуң! Мен эмне президент боло алам деп талапкерликке жазылыптырмынбы? Азыр өзүң билесиң, талапкерликке алтымыштан ашык адам жазылды, алардын эңсегени президенттик кресло эмес. Алардын эңсегени байлык жана баш оорутпаган майлуу кызмат. Алтымыш адамдын ичинен президент болуп иштей алчу үч киши бар деп коёлу, дагы бир он чактысы чиренген байлар. Менин мээлегеним так ошолор болуп жатпайбы. Ошол экинчи эшелондо турган талапкерлер, мээсинде бир эле "извилина" болсо да, за то чөнтөктөрү толтура. Так ошолор шайлоо жакындаган сайын бизге окшогон үчүнчү эшелондогу талапкерлерге жуучу сала баштайт. Мисалы, мага ошондой жуучу келди деп коёлу. Мен болсо артымда 10 киши турганын билгизбей, ого бетер каадаланып, менин артымда Нарындын, Жумгалдын эли бүт турат деп ооз көптүрө бербей жан жокпу. Андан кийин соода башталат. Гоголь "Мёртвые душиси" менен тиякта эле калат. Мен 20 миллиондон баштайм, чындыгында алар анча беришпейт, акыр-аягы 5 миллионго барып токтойбуз, андан тышкары Нарын төрөт үйүнүн башкы дарыгерлигин бермей болушат. Мен болсо болгону өзүмдүн талапкерлигимди алып коём да, өзүмдүн фантазиямдан чыккан шайлоочуларыма баланчага добуш бергиле деп кайрылуу жасап коем, - дегенде:
- А, кокус ал шайланбай калсачы? - деп сөзүн бөлүп ийсем, менин жеткен "тупой" экенимди түшүндү окшойт, колун шилтеп сөзүн улантты:
- Э-эй, келесоо! Мага жуучу салган кишинин деле мээлегени президенттик эмес, анын мээлегени мамлекеттик деңгээлдеги майлуу орун. Экинчи эшелондогулар шайлоого эки-үч күн калганда сатылат. Оо! Алар акчага сатылбайт, аларга кызмат керек, ошол кызматтан жоготконун он эсе, жүз эсе кылып сыгып алат. Жыйынтыгында бардык талапкерлер ыраазы болот да, бир байкуш президент болуп, кашайган, ачка элдин маңдайында жоопкер болуп калат. Андан тышкары "атың чыкпаса, жер өрттө" дегендей тарыхта атым калат да, президенттикке талапкер болгон деген. Мен дагы кийин айта жүргөнүмө жакшы да, аз эле жерден президент болуп кала жаздагам деп. Эми түшүндүңбү, дубина!? - дейт.
Досумдан аябай бушайман болуп чыктым. Бир жагынан азыркы саясатты түшүнбөй артта калып калганыма намыстансам, бир жагынан өлкөбүздү жалаң шылуундар башкарып калса, кайран кыргыз элим дагы эмне деген азаптарды башынан өткөрөт? - деп капа болдум.
Баяман Омар