Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Тургула! "Соттор" келе жатат!
Атаңгөрү, ажобуз Роза Исаковна Акүйдөгү резиденциясында журналисттер менен баарлашып жатып айткан эле, "бул парламент эми сотторду дагы бешке бөлүп алып, баягы эле жеп-ичип көнгөн сотторду шайлап салбагай эле" деп.

Көрсө, айым ажобуз көсөмдүк кылган экен, көп күн мурун айтып. Жыйынтыгы дал ошондой болуп чыкты. Жанагы жаңы шайланган сотторду тандай турган кеңешибиз, ажобуз алдын ала айткан "апакай" сотторду алып чыкты, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып. Тандаган талапкерлеринин тизмесин карап чыксаңыз, тилдегенди мындай кой, тиштегилеп салгың келет. Жогорку Соттун 35 орундук мүчөлүгүнө катышкан 111 талапкердин алгач 41ин "кыркышып", 70 талапкерин калтырышат. Анан дагы алардын 41ин кыйрата чаап, 29 талапкерди тандашат. "Мегакомдун" иши боюнча 7 миллион долларды жеп кетти делинген 3 соттун соп-сонун өтүп кеткенинин өзү эле, тандоочу кеңештин жандоочу кеңешке айланганынан кабар берет эмеспи. Осмоналиев Камиль, Максимбекова Дильбара жана Арстанбаева Диляранын кайрадан Жогорку Соттун мүчөлүгүнө өтүп кетиши калпыстыктан да, калыстыктан да, кадырынын калыңдыгынан эмес, каржысынын калыңдыгынан болду го дейм. Болбосо, алардын арам акчага аралашканы тууралуу ар кандай маалыматтар азыркыга чейин айтылып, жазылып эле келе жатпайбы?! Таза эмес талапкерлердин такалбай өтүп кетиши, аларды тандаган тандоо кеңешинин таза эмес экенинен кабар берет. Логиканын өзү ушундай багыт берет. Демек, биз сот системасындагы коррупциянын ордун жоё турган эмес, сот системасындагы коррупцияны ордуна коё турган уюмду уюштурган окшойбуз. Камчыбек Ташиевдин кан кудасы, азыркы юстиция министри Абылай Мухамеджановдун өтүп кеткенине таң калбасак да, качып жүргөн мурдагы УКК башчысы Мурат Суталиновдун бир тууганы Гульзар Суталинованын өтүп кеткенине кантип таң калбай коёсуң?! Ажобуз өз жарлыгы менен алып салган Эркин Токтомамбетов менен Канат Турганбековдор кандайча кайрадан өтүп кетишти? Мунун өзү эле сотторду тандоо кеңеши ажобузга каршы иштеп жатканынан кабар бербейби? Дагы жакшы, азыркы Жогорку Сот төрайымы Феруза Жамашеваны жаратпай салышыптыр. Ал дагы өтүп кетсе, ажобузга аябай эле кыйын болмок. Эми ажобуз тандалган "таза" сотторду "сорттоп", парламентке сунуш бериши керек болот. А балким, айым ажобуз айрым сотторду ал жакка сунуштабай коюшу дагы мүмкүн, коомчулуктун пикирин эске алуу менен. Ошондуктан, коомчулук дагы козголушу керек. Окурмандар дагы ой-пикирлерин айтышы керек, гезиттер аркылуу. Болбосо, акыйкаттыгыбызды акчага сатып алууга аргасыз болуп калчудайбыз. Төмөндө биз Конституциялык палата менен Жогорку Соттун мүчөлүгүнө көргөзүлгөн соттордун тизмесин беребиз. Талдагыла, тандагыла, чамдагыла.

Жогорку Сот мүчөлүгүнө талапкерлер:
- Абдрахманова Күлүмкан Үсөналиевна
- Акыев Арзыбек
- Арапбаев Нурсейит Макенович
- Ажибраимова Айжамал Мусуратбековна
- Арстанбаева Диляра Эркиновна
- Апаитова Кадычахан
- Байтикова Эльмира Турдакуновна
- Байзуллаева Жаухарат Хаджимуратовна
- Боронбаева Дильфуза Салимовна
- Давлетов Айбек Абубакирович
- Джумашов Кабылбек Огонбаевич
- Джунушалиев Залкарбек Сулайманкулович
- Жаманкулова Бурулкан Тологоновна
- Исаков Абиджан Исакович
- Курманова Гульнара Карпековна
- Кудайбергенов Алмазбек Нурсеитович
- Мухамеджанов Абылай Жумакадырович
- Максимбекова Дильбара Ибрахимовна
- Масыбаев Толембай Джакыпбаевич
- Осмонкулов Маратбек Аскарович
- Осмоналиев Камиль Турдубекович
- Оморова Максуда Мадиевна
- Суталинова Гульзар Абдыбековна
- Сыдыков Космосбек Аскарбекович
- Турганбеков Канатбек Турганбекович
- Токтомамбетов Эркинбек Божокоевич
- Уметалиева Галина Дюшекеевна
- Шерматов Мырзамамат Ташиевич
- Эсенканов Качыке
Конституциялык палатага талапкерлер:
1. Өмурзак Жакыпович Мамыров
2. Чынара Абдыбакасовна Мусабекова
3. Абибула Абдугапарович Абдугапаров
4. Эмил Жолдошевич Өскөнбаев
5. Чинара Аскарбековна Айдарбекова
6. Айсалкын Омуралиевна Нарынбекова
7. Ранахан Азатовна Сабирова
8. Клара Сыргакбековна Сооронкулова
9. Таштемир Абазович Чилдебаев
10. Кундуз Жумадиловна Сабирова
11. Чынара Жалиловна Курбанова




Астанадан кабар, Айдарга болгон сапар
Өткөн жумада Көлдө эс алып жүрүп, капысынан казак депутаты менен таанышып калдык. Баурдасым менен баарлашсак, кыргыз саясатын кыйын билет экен. "Силердин президентиңер биздин бийликти эмес, анын оппоненттерин колдоп жатканы кандай?" деген суроо берсе: "Болбогон сөз, Нураке кыргыз саясатчыларынан Акаевден башкасына ишенбейт. Былтыркы жылы силерден барган Келдибеков менен Ташиевди кабыл алып, алардан Акаев жөнүндө сураса, "бизге жардам берсеңиз биз Акаевди алып келе алабыз" деп айтышкан экен. Анан Нуракең алардын сөзүн Акаевге айтса, ал сүйлөшүүгө уулу Айдарды жиберет. Айдар алар менен жолугушса, ал жигиттериң акча сурап, кайнатасын капа кылган жагдайы бар. Айдар Алия менен ажырашса да, Нураке аны азыркыга чейин жакшы көрөт", деп жооп берсе болобу. Ушуну уккандан кийин, Нариман Түлеевдин: "Ахматбек менен Камчы Айдардан акча сурашкан" дегени кып-кызыл чындык экенине ишендик. Көрсө, кайран Камчы бир гана Бакиевди эле эмес, акчага Акаевди дагы алып келмек болгон экен да.


Салымбековдун салымы, Түлеевдин алымы
Азык уруусунун анабашы болгон акчалуу Аскар Салымбековдун Совет-Күренкеев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Дордой" футбол клубунун машыгуучу базасы бар экенин баарыңар билсеңер керек. Ошол базанын жогору жагындагы Маданият министрлигине тиешелүү 4 гектар жерди Аскар мырза 50 жылга ижарага алганын, аны былтыркы жылы ошол кездеги Маданият министри Рыскелди Момбеков министрликке кайра кайтарганын уккан элек. Такталбаган маалыматтарга таянсак, Аскар мырза Рыскелди кеткенден кийин аткез берген ал жерин кайра өзүнө каттатып алыптыр. Анткени, ал жер үлүшү үчүн аябагандай чоң суммадагы акча каражатын короткон экен. Эгер, ал кезде шаар башчысы Нариман Түлеев, маданият башчысы Ибрагим Жунусов экенин эске алсак, иттин өлүгүн издебей койсок деле болот. Алтургай, ал жерде Наримандын дагы үлүшү бар дешет. Азыркы Маданият министрибиз Нурлан Шакиев бул жөнүндө эмне айтаар экен? "Чотур" эле алып койбосо, чорк этиши керек го…

Абдылдаевди алып түшкөн Абдиевби?
Балыкчынын кире беришинде экологиялык пост бар эмеспи, кирген унаалардан акча чогулта турган. Ал жерди Абдиев деген башкарат экен. Ал киши азыркы ажобуздун администрация башчысы Эмилбек Саламатовичтин курсташы болгондуктан, оболу ошонун көмөгү менен отуруптур. Акча суудай агылган жерди тейлеген Абдиевди эми экс-губернатор болуп калган Нурдин Абдылдаев алып түшүүгө аябай эле аракет жасап, Ак үйгө бир эмес эки курдай сунуштама жазыптыр. Анысы менен Каптагаевдин каарына калган көрүнөт, алеки заматта ала салып кетти, өзү отурган ордунан. Шефинен башка эч кимди укпаган Абдиевди азыркы губернатор Асанакунов алып түшөбү, же ал дагы шыпырылып түшөбү? Билгендердин айтымында, ал жердегилер түшкөн каражаттын азын гана көрсөтүшүп, калгандарын капчыкка урат дешет. "Ашык дүйнө баш жарбайт" демекчи, Атамбаев аудитор жөнөтөт чыгар, укпаган болсо эми угат чыгар.