Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Ойдогудай эс алууну
самагандар үчүн…
"Витязь" - эс алуу жайы Бишкек шаарынан 226 километр алыстыкта, Ысык-Көл областынын Чок-Тал айылында жайгашкан. 2009-2010- жылдары аталган эс алуу жайы толугу менен капиталдык ремонттон өтүп, заманга шайкеш келген эмеректер менен жабдылган. "Витязь" эс алуу жайында 50дөн ашык ар кандай стандарттагы имараттар бар. Ар бир имаратта жок дегенде экиден бөлмө жайгашкан. Бардык бөлмөлөрдүн ичи таза жана эс алуучулар үчүн керек болгон буюмдар менен камсыздандырылган. Тактап айтканда, ар бир имараттын ичинде замандын талабына ылайык жасалган уктоочу керебеттер, телевизор, муздаткыч, жуунуучу бөлмө жана ашкана, анда тамак жасоого зарыл болгон жана тамак ичүүдө керектелүүчү идиш-аяктар толугу менен бар. Мындан сырткары сүлгүлөр, шейшептер бекер берилет жана үч күндө бирден алмаштырылып турат. А бөлмөлөр болсо атайын кызматчылар тарабынан тазаланып турат.
Витязь-Рестораны: Эс алуучуларды төрт маал ысык тамак менен камсыз кылат. Аталган ресторан эс алуучуларга улуттук жана Италия ашканасынын таза жана даамдуу тамактарын сунушташат. Тамактары жеген сайын жегиңди келтирет. Аябай даамдуу. Эгер сиздин ден соолугуңуз начар болуп, диетада болсоңуз атайын адистер сиз үчүн өзүнчө меню иштеп чыгышат.
Кошумча маалымат: Спорт сүйүүчүлөр үчүн чоң теннис, машыгуучу жай орун алган. Ал эми тынчтыкты жактыргандар үчүн: бильярд залы, кинотеатр, компьютер оюн залдары каралган. Ден соолугун чыңдагысы келгендер үчүн массаж жасоочу бөлмө, атайын минералдар менен дарылай турган жайлар бар. Тоого чыгууну каалагандар үчүн күнүгө эртең менен Барскоон, Ак-Суу, Туз-Көл жана Семенов, Григорьев капчыгайларына экскурсия болот. Эс алуу жайы көлгө жакын, куму жана суусу таза. Көлдүн жээгинде пирс, жайкы бий аянтчасы бар. Кыскасы, эс алууга толук шарт түзүлгөн. "Миң уккандан бир көр" дегендей өзүңүз барып, жайды "Витязь" эс алуу жайы менен өткөрсөңүз эч качан өкүнбөйсүз.