Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Компьютер
бат картаюуга
алып келеби?..
Компьютердин адам баласынын ден соолугуна тийгизген терс таасири туурасында көп эле жолу уксак да, азыркы техника өнүккөн заманда жумуштарыбыздын көбүн компьютер менен бүтүрүп, узак мөөнөткө иштөөгө аргасыз болуп келебиз. Бул кезге чейин компьютердин кандай зыяндары бар экендигинен кабар берилип келсе да, компьютерде узакка иштөөнүн мээге, келбетке, бетке, омурткага тийгизген терс таасирлери туурасында кеңири маалыматтар аз айтылып келген. Бүгүн биз британиялык окумуштуулардын изилдөөсүнүн натыйжасында алынган компьютердин зыяндуу жактары туурасында кеңири маалымат беребиз.


Илимий изилдөөнүн натыйжасы…
Британиялык врачтар компьютерде узакка отуруунун кесепети өзгөчө аялзаты үчүн физикалык жактан коркунучтуу жыйынтыктарга алып келерин аныкташты. Алардын изилдөөлөрү боюнча, компьютерде узакка отурган аялдарда убакыттын өтүшү менен "компьютердик жүз" пайда болот экен. "Компьютердик жүз" бул - чекеге, көздүн тегерегине жана моюнга түшкөн бырыштар ошондой эле салаңдаган ээк. Мына ушундай көрүнүш буга чейин Британия өлкөсүндө күнү-түнү компьютерде иштеген аялдар арасында жүргүзүлгөн эксперименттин жыйынтыгында белгилүү болгон. Адам компьютерде бир калыпта башын салаңдатып отургандан улам моюндун булчуңдары алсызданып, акырында экинчи ээк пайда болот. Ал эми экранды караган сайын чекени тырыштыруу, үтүрөйүү бырыштын эрте түшүшүнө алып келет. Ошондуктан британиялык дарыгерлер компьютер менен иштеп жатканда денени түз кармоого жана ашыкча мимикаларды жасабоого чакырат.
Компьютерден чыккан нурдануу терини кургатып жибергендиктен, көздүн алдында грыжа келип чыгып, көздүн алды шишимик тартып, бөйрөгү ооруган адамдын жүзүндөй болуп, көздүн эти алдыга салаңдап калат. "Мындай картаюуну алдын алуу үчүн аялдар компьютердин жанына күзгү коюп алуулары оң. Анткени жумуш убагында өзүн күзгүдөн көрүп, картайып кетпейин деп убак-убагы менен эс алат. Ошондой эле, бырыш түшпөөсү үчүн бетке жана моюн булчуңдарына көнүгүү жасап турат" - дешет британиялык врачтар.
Жогорудагы айтылган сөздөрдөн кийин "Компьютерде узак мөөнөттө иштөөдө эмне үчүн эркектерге эмес, аялдарга бат бырыш түшөт?" деген суроо жаралышы толук ыктымал. Буга окумуштуулар "аялдын терисинин назиктиги (демек, тери бат кургап, бырыштын түшүшүн шарттайт), булчуңдардын чың эместиги себепкер" деген жоопту беришкен. Бирок эркектердин жүзүнө бырыш аз түшкөнү менен ээктин салаңдашы эркектерге да тиешелүү. Башын алдыга салаңдатып отурган мырзалардын ээктери да убакыттын өтүшү менен салаңдап каларын окумуштуулар далилдешкен. Андыктан башты түз алып отуруу жалгыз гана аялзатына тиешелүү кеңеш эмес.
Компьютерден пайда болгон оорулар
Омуртканын кыйшаюусу жана остеохондроз...
Остеохондроз - муундардын, кемирчектердин бузулушу. Көбүнчө омуртка аралык кемирчектер бузулат. Эмне дегенде компьютердин маңдайында жылбай көпкө отуруу омурткалардын булчуңдарына күч келтирип, чыңалып турушуна алып келет. Булчуңдардын дамамат чыңалуусу акырындап омуртка дискисинин (анын ичинде кемирчектин) бузулушуна жеткирет. Ал эми адам туруп турганга же жатканга караганда отурганда омуртканын дискисине күч көп келет. Ушундан улам сколиоз (омуртканын кыйшайышы) же омуртка аралык грыжа келип чыгуусу мүмкүн.
Колдун нервинин сезгениши…
Компьютердин клавиатурасы менен активдүү иштөө колго күч келтирет. Манжалардын башынын сезимдүүлүгү начарлап, жансызданат. Мындай абал күн сайын кайталанып жүрүп отурса, колдун нерви, муундары жабыркап, сезгенет.
Колдун булчуңдары гипотрофияга (булчуңдардын өлчөмүнүн кичирейиши) учурайт.
Ашыкча салмак…
Дайыма бир орундан жылбай отуруу ичте майдын топтолушун жаратат. Ал эми ашыкча салмак кант диабетине дейре жеткирерин унутпоо кажет. Андыктан күчтүү тамак жеп алып, компьютердин маңдайында жылбай отуруу туура эмес. Анткени ашыкча энергия майга айланат. Анын үстүнө семиздик адамды улуу көрсөтөт.
Геморрой…
Бир орунда узакка отуруу жамбашта кандын жакшы айланбашына алып келет. Башкача айтканда, жамбашта кан уюп калат да, вена тамырларга күч келтирет. Демек, геморройдун жаралышын шарттайт. Алдын алуу үчүн дале убак-убагы менен басуу, эс алуу керектелет.
Көзгө, териге тийгизген терс таасири…
Компьютерден бөлүнүп чыккан электр-магниттик нурлануу терини жана көздү кургатып жиберет. Андыктан компьютерде узакка отургандардын үчтөн экиси "кургак көз" оорусунан жапа чегишет. Бул көздүн көрбөй калышына жеткирбесе да, көздүн ичинин дайыма кургап турушуна алып келет. Алтургай көзгө күч келип, кандын куюлушун шарттайт.
Мээге тийгизген таасири…
Компьютерден бөлүнүп чыккан электр-магниттик нурлануу жана электр-статикалык талаа адамды абдан чарчоого, баш ооруга, уйкунун бузулушуна, стресске алып келет. Башкача айтканда, жаш адамда оорукчан, кары кишиникиндей мүнөздөр, көрүнүштөр пайда болот да, компьютерде узак иштеген адам ачуулуу болуп калат. Андыктан көзгө жана мээге зыян келбеши үчүн компьютерде отуруунун мөөнөтүн сактоо керек.


Кыргызстандын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин инженери Тынчтык Мырзакуловдун маалыматына таянсак, 8 сааттык жумушчу күндө адам компьютердин маңдайында бир отурганда 3 сааттан ашык отурбашы шарт. Эгер андан көп отуруу талап кылынса, эс алып, көнүгүүлөрдү жасап, анан кайра жумуш кылуу кажет. Ал эми мектеп окуучуларынын компьютерде отуруу нормасына келсек, 1 сабакта 1-4-класстын окуучулары компьютерде 15 мүнөт, 5-7-класстар 20, 8-9-класстар 25, 10-11-класстар 30 мүнөттөн ашык отурбоолору керек.


Даярдаган
Жаркынай Кадыркулова