Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Дүйнөдө

Ааламдагы айлампага
көз салсак…
Юлия Тимошенконун камалышы менен Украина Белоруссиянын жолуна түшөбү…
Юлия Тимошенко Печерск райсотунда камакка алынды. Ал Украинага 190 млн. доллар чыгаша тарттырган деп айыпталууда. Милициянын "Бүркүт" ыкчам тобу өткөн жумада Тимошенкону Лукяновск тергөө абагына алып келип камады. Ал ортодо Тимошенконун жүздөгөн тарапкерлери сот имаратынын алдында каршылык аракеттерин көрсөтүштү. Буга чейин Тимошенко сот аны 24-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарарын, бул боюнча президент Виктор Янукович көрсөтмө бергенин сот отуруму баштала электе эле айткан. Ошондой эле ал камалаар алдында интернет булактарынын бирине мындай деп маек берген: "Мени камакка алуу планын ишке ашыруу боюнча билдирүү жасагым келет. Бул саясий оппонентти жоготуу экени түшүнүктүү. Бирок менин айтайын дегеним, башка. Мен өз жанымды өзүм кыюуга эч ыклас эмесмин. Алардын Кирпа менен Кравченкого жасаган "шайтан оюндарынын" жолуна түшүүгө кажет жок. Мен эч качан өз жанымды өзүм кыйбайм. Менин бардык кылганым - дүйнөдө Украинанын сый-урматка жетүүсү үчүн криминалдык бийликке каршы күрөш. Украинага даңк! Юлия Тимошенко."
Бул билдирүүдөн кийин Украина президентинин маалымат катчысы Дарка Чепак Тимошенконун камалышына Виктор Януковичдин эч кандай тиешеси жоктугун билдирип, сот ишине кийлигишпей тургандыгын айтты. Ошондой эле маалымат катчы мамлекет башчы бул окуя тууралуу түшүндүрмө бербестигин журналисттерге ачыктады.
Аны менен катар Украинадагы бир катар оппозициялык күчтөр Тимошенкону колдоосун билдирип, Тимошенконун камакка алынышы Украинага эл аралык коомчулуктан обочолоп калуу коркунучун түзөт. Анткени бийлик Беларустун жолуна түштү", - деп айтып чыгышты.
Мубарак өлүм жазасына тартылышы күтүлүүдө…
Египеттке түбөлүк президент болууну самаган Хосни Мубарак жана анын уулдары Алаа, Гамаль, Каир шаарында болуп өткөн соттук процессте өздөрүн күнөөлүү эмеспиз деп билдиришти. Мубарактын абалы начар болгондуктан, аны зембилге салып көтөрүп келишкен. Соттук угуу имараттын тышындагы чоң киноэкрандарда түз көрсөтүлүп тургандыктан, тышта турган Мубарактын каршылаштары жана жактоочулары кагылышып кетишти. Аталган соттук процесстин экинчи угуусу август айынын аягында өтмөй болду. Күнөөлүү делгендердин арасында экс-ички иштер министри Хабиб Адли баш болгон 6 чиновник бар. Эскерте кетсек, 83 жаштагы Мубарак 11-февралда 3 жума бою уланган демонстранттардын каршылыгынан улам, кызматтан чегинген. Үч жума ичиндеги каршылык мезгилинде полиция менен элдин кагылышуусунан улам 850дөй адам каза болуп, миңдеген адамдар жабыркаган. Эгер сот жөө жүрүшкө чыккандардын өлүмүнө Мубарак күнөөлүү экенин далилдесе, анда Египеттин мыйзамдарынын 2-беренесине ылайык, Мубарак жөн гана соттолбостон өлүм жазасына тартылышы күтүлүүдө.
Түркияда аскерий реформа жүрүп жатат
Түркияда аскер кызматындагы жетекчилердин баарын алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Өткөн жумада буга чейин аскер кызматын жетектеп келген бир катар генералдар кызматынан алынган. Ушул жуманын ичинде да бир катар аскер кызматкерлери кызматынан кол жууй турганы күтүлүүдө. Кыскасы, Түркияда аскерий реформа жүрүп жатат. Айрым аналитиктердин айтымында, Түркиянын премьер-министри Тайып Эрдоган менен айрым аскер кызматкерлердин пикири келишпей калган. Ошол себептен аларды кызматтан алып жатат. Анын үстүнө акыркы убактарда аскер кызматында иштеген жетекчилердин көбү коррупциялык иштерге берилип кеткен. Эскерте кетсек, буга чейин эле Түркияда 250дөй офицер мамлекетке каршы иш кылды делип камакка алынган.
АКШ дүйнөлүк карыздан чыгуунун жолун ойлоодо
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама мамлекеттик карызды жогорку чекке чейин көтөрүү боюнча демократтар жана республикачылар партиясы бир пикирге келип, макулдашканын билдирди. Бул боюнча мыйзам долбоору жакынкы күндөрдө кабыл алынмакчы. Бирок, бул макулдашуу эми АКШ конгресси тарабынан кабыл алынмайынча, мыйзам күчүнө ээ боло албайт. Жакынкы күндөрү конгресс аталган долбоорду талкууга алып, мамлекеттик карыздын жогорку чегин белгилешет. Азыркы тапта бул чек 14,3 триллион АКШ доллары болууда. Эгерде кабыл ала турган мыйзам кабыл алынбай калса, АКШ техникалык түрдө дефольт кырдаалына туш келмекчи. Обаманын айтымында, план боюнча бюджеттин чыгаша бөлүгү 10 жылдык мөөнөт менен 1 триллион долларга азаймакчы. Мындай азайтуу менен бюджеттеги таңкыстыктын көлөмүн да кыскартуу пландалып жатат. Эгер бул маселелер боюнча аталган эки партиянын жетекчилери аягына чейин бир пикирге келип иш алпарышса, АКШ дефольт болуу коркунучунан алыстайт дейт президент Обама.
Даярдаган
Мирлан Алымбаев




Кыргыз Республикасынын Президенти Р.И.Отунбаевага
Кайрылуу


Тамга айылынын региондук тургундары Сиздин иш жолуңуздагы көрөгөч, принципиалдуу, эл үчүн деп, артка чегинбес, мыйзамдуу иш-аракеттериңизди билип, зор ишеним менен кайрылуудабыз.

Союз убагында гүлдөп-өнүккөн Тамга айылынын 50 га жерин ээлеген азыркы КР Коргоо министрлигине тийиштүү санатория, турбаза, пансионат жана спорт базасы жылдан-жылга финансылык банкроттуулукка баратат.
Азыркы санаториянын эле карызы 4.000.000 сомдон ашык. Жайкы сезондо 1,5-2 ай иштеп-иштебей 200дөн ашык жумушчуларын талаага таштайт (отпуск без содержания). Булар айыл тургундарынын жакыр жана эң жакыр деген көпчүлүк катмарын түзөт, анткени көбүнүн жер үлүштөрү жок.
Жумушчулары үчүн курулган беш-алты кабаттуу үйлөрдө ремонт жоктугунун айынан өтө кейиштүү ахыбалда, кыш келгенде көпчүлүк тургундары айылда баш калкалап, калгандары темир меш, электроплитка менен жылынышат.
Азыркы өлкөдөгү бюджеттик тартыштыгында Коргоо министрлигинин биздин талапка тил эмизип, элди алдап, биздин армиянын башка көйгөйү жоктой зор пландарын айтканы элдин кыжырын келтирип, социалдык конфликттердин чыгышына түрткү болууда, анткени эл аралык олимпиада комитетинин чечими менен Тамгада курулуучу (62 миллион АКШ долларлык) проектиге бут тосууда. Бул олимпиадалык база Мексика, Португалия, Кениядан кийинки дүйнө жүзү боюнча 4-база болмок.
Тамга Ысык-Көл өрөөнү боюнча климаттык уникалдуу шарты бар базаны жайгаштыруудагы өтө ыңгайлуулугу (чет элдик эксперттердин чечими) баштапкы курулуш этабындагы жагдай ж.б. бул жердин альтернативасы жок экенин далилдейт.
Проект ишке ашса, региондо зор өзгөрүүлөр болуп, жалпы кыргыз элин дүйнөгө таанытып, болочок муундарыбыздын келечеги, сыймыгы болмок.

1) Проект жергиликтүү бийлик менен тыгыз байланышта иштеп, жылына бюджетке 25.000.000 сомдон ашык акча каражатын бөлмөк;

2) региондогу тургундарды айыл чарба продукциясын 25.000.000 сом өз керектөөсүнө алып турмак;

3) Олимпиадалык базанын курулушунда 500дөн ашык жумушчуларга жогорку эмгек акысы төлөнмөк;

4) База курулганда 300-350 жергиликтүү тургундар орточо эмгек акысы 10000 сомдук туруктуу, эмгек акы менен иштемек. Эмгек деңгээлин жогорулатуу курстары болмок;

5) Региондун балдары үчүн спорт мектеби иштеп, райондун, областын мелдештерин өткөрүп туруу каралат.

Кайрылуубуз жергиликтүү бийлик, ЖК спикери, премьер-министр тарабынан колдоого алынса дагы, Коргоо министринин жообунун каршы болуусу, элге кайчы пикирди жаратып, топтун жеке кызыкчылыктары бар экендигин белгилөөдө.
Учурда биздин элдик жыйындарда проект кызуу колдоо менен өтүүдө. Мындай саамалык сиз тараптан да колдоого алынат деген ойдобуз. Себеби мен кыргыз жаранымын деген атуулга сыртын салып коюу - өз элинин келечегине чыккынчылык кылуу деп эсептейбиз.
Андыктан Сизди тез арада, чечкиндүү кадамдарга жол ачып, элдин мүдөөсүнүн акыйкат чечилет; Коргоо министрлигине тийиштүү көл жээгиндеги база курулчу менчикке сатылып кеткен жерлерине НОКтун базасы курулуп, тезирээк ишке киришип, элдин көйгөйү чечилет деген зор ишеним менен кайрылып отурабыз.
Тамга айылынын тургундарынын атынан