Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Айбек менен Арсен 4-орунда…
Юрмалада өтүп жаткан жаштардын "Жаңы толкун" фестивалы 31-июлда жыйынтыкталды. Аталган сынакта Кыргызстандын намысын коргоп, кыргыз эстрадасынын атынан барган жаш ырчы Айбек менен Арсен төртүнчү орунду багындырып келишти. Баш байгени АКШнын жаш ырчысы Джейден Фелдер багындырса, экинчиликти украиналык ырчы Маша Собко, үчүнчүлүккө Россиянын "Н.А.О.М.И." группасы ээ болгон. Мекендештерибиздин дөө-шаа өлкөлөргө улай эле алган орундарына сүйүнүп койсок болчудай.


Алтынбек Каленов 5 миң доллардын ээси болду…
Жыл сайын салтка айланган "Ысык-Көлдө кадыр түн" фестивалы адаттагыдай эле быйыл да 29-июлда Чолпон-Атада болуп өттү. Сынакка жалпысынан Кыргызстан жана Казакстандын 30дан ашуун фольклор жана эстрада ырчылары күч сынашты. Сынак эки тур менен өтүп, калыстар тобунун чечими менен гран-прини комузчу, фольклор ырчысы Алтынбек Каленов жеңип, 5 миң АКШ долларынын ээси болуп, капчыгы кампайып турган кези. Баса, калыстар тобун искусствонун чеберлери: Самара Токтакунова, Түгөлбай Казаков, Гулнур Сатылганова, Кайрат Иманалиев, Султан Каримов, Анарбек Ибраев жана казак ырчылары түзгөн.


Акбардын
сексуалдуу ыры…
"Махабатым" деген ыры менен жаштар арасында кеңири таанымал болгон Акбар Сүйүмбаев жайдын саратан айларында көлгө барып эс алып келген соң, жаңы дем, жаңы күч менен чыгармачылыкка билек түрө киришип "Татына" деген жаңы стилдеги ыр жаздырууга жетишти. "Татына" деген ырым жаштарга арналып, өзүнчө эле сексуалдуу ыр болду" - дейт ырчы. Акбар муну менен эле чектелип калбай, "Сени тандадым" деген ырына да клип тарттырууга жетишиптир. Аталган ырдын клиби жакынкы күндөрү телекөрсөтүүлөрдөн көрсөтүлө баштамакчы.


Айгеримдин "Братандары"…
Жаштыгына карабай ырчылык менен актрисалык өнөрдү бирдей алып келе жаткан жаш эстрада ырчысы Айгерим Расул кызы ырдап, киного тартылып эле тим болбостон, "Братандар" деген жаңы тасманын сценарийин жазып, бул багытта да өзүн сыноого жетишиптир. Аталган тасмага алгачкы кадамын актерлук менен баштаган "Аят-2" тасмасынын режиссеру Азамат Арыков режиссерлук кылмакчы. Аталган тасма жаштарга арналыптыр. Учурда тасманын алгачкы эпизоддору тартыла баштады. Буйруса, сентябрь айында монтаждоого берилмекчи. Тасмага кыргыз шоу-бизнесинин белгилүү өкүлдөрү катышмакчы.
Жаркынай КАДЫРКУЛОВА