Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Биринчи байлык ден соолук...

Кубана Макешова:
"Владимир Путин менен Барак Обамага кайрылалы, балким, алар бизге жардам берип калар…"
Бүгүнкү күндө тубаса оорукчан болуп, буту баспай, колу иштебей төрөлгөн балдар абдан көбөйүп баратат. Андайлардын катарында 8 жаштагы тубаса майып болуп төрөлгөн Абдылдаева Нурпери да бар.. Бүгүн биз Нурперинин кейиштүү тагдырын окурмандардын ой-толгоосуна салуу максатында апасы Макешова Кубананы маекке тарттык…
- Кубана айым, кызыңыз Нурпери жөнүндө айтып берсеңиз…
- Нурпери быйыл 8 жашка чыкты. Төрөлгөндө жакшынакай эле төрөлгөн. Буту баспай калат деп эч ойлогон эмеспиз. Ошентип, бир жаштан ашты. Басабы десек баспайт. Шаардагы №4 ооруканага алпарсак, дарыгерлер кызымдын тубаса шал болуп төрөлгөнүн, кечиктирбей дарылоо керек экендигин айтышты. Ошондон бери кайрылбаган дарыгерибиз калган жок. Жыл сайын бир эмес эки жолу Көлдөгү Ак-Суу санаторийине алпарып дарылатып турабыз. Бутунун кыймылдаганы эле болбосо, эч кандай жылыш жок. Кайда барбайлы коляскага сүйрөп көтөрүп жүрөбүз. Буга чейин көп эле жерге кайрылдым, бирөө дагы каралашып жардам берип койгонго жараган жок. Дарыгерлердин айтымында, Россияга барып дарылатып келиш үчүн кеминде 5 миң доллардай каражат керектелет экен. Эптеп ошол каражатты тапсам эле кызымды Россияга алпарып дарылатып келер элем.
- Буга чейин көп эле жерге кайрылдым деп жатпайсызбы, бийлик башындагыларга кайрылып көрдүңүзбү?
- Бийлик башындагыларга кайрылып атып тажап бүттүм. Баары эле "жардам беребиз" - деп алтын шилекейлерин чачыратып жакшы сөзүн айтышат. Бирок эч кандай жардам жок. Азыр жардам сурап эч кимге деле кайрылгым келбей калды. Кудай кызымды бастыра көр деп эле бардыгын Кудайдан тилеп калдым.
- Кызыңыз мектеп жашынан ашкан экен, тамга таанып, окуй алабы?
- Кудай Таала бир жагын кем кылса, бир жагын ашырып жаратып коёт турбайбы. Кызымдын буту баспаганы менен, акыл-эси чоң кишиникиндей, 5 жашынан тартып эле "Балажан" балдар борборуна алпарып окута баштаганбыз. Учурда кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөйт. Сыналгыдан президент Р. Отунбаева, А. Атамбаев ж.б. саясатчыларды көрүп алып, "саясатчылар мага жардам берип коюшса жакшы болбойт беле, булар жардам бербесе В. Путинге, Б. Обамага кайрылалычы, балким, алар жардам берип калар"- деп орус, англис тилдеринде кайрылуу катын жазып кирет. Учурдан пайдаланып, силердин гезит аркылуу кызымдын буту баспаганына карабай "А" деген арипти таанытып окуткан "Балажан" балдар борборунун эмгек жамаатына терең ыраазчылык билдире кетмекчимин. Ошондой эле эл камын көрүп, эл башкарып жүргөн саясатчы бизнесмендерге дагы кайрыла кетер элем.
Урматтуу колунда бар кыргыздын кыйын чыкма эр-азаматтары, кызым Нурперинин боор ачыткан кейиштүү тагдырын эске алып, колуңуздардан келген жардамыңыздарды берип койсоңуздар сөөгүмдү агартат элеңиздер.
- Учурда жашоо-турмушуңуздар кандай?
- Жашоо эптеп өтүп жатат. Жолдошум кызымдын тубаса майып экенин укканда эле "өмүр бою мен силерди кантип бакмак элем" деп таштап кеткен. "Төркүнү жакшы - жерде калбайт" дегендей, 7 жылдан бери кызым менен эже-агаларымдын колунда жашап келатам. Өкүнүчтүүсү, баланын оорусун энеден башка эч ким көтөрө албайт экен. Бүгүнкү күндө мага окшоп оору багып, кор болгон энелер абдан көп, балдардын оорусуна чыдабай көпчүлүгүбүздү жолдошторубуз таштап кеткен.
Суроо салган
Мирлан Алымбаев




  Ырыс алды ынтымак...

Тойдун эртеси да болор…
Жалпыга белгилүү болгондой, аз күн мурун кереметтүү Соң-Көл жайлоосунда кыргыздын акыркы олуясы деп айтылып келаткан Өмүрзак уулу Куйручук атабыздын 145 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленип, учурда ММКларда жана эл бул маараке тууралуу негизинен жакшы пикирлерди айтып жаткан кези. Бирок "бир карын майды, бир кумалак чиритет" демекчи, "Чоң тойдо кыз жоголот" дегендей, андай чоң мааракедеги аздыр-көптүр кемчиликтерди бетине кармаган, эң негизгиси ушакты сүйгөн бир гана гезит маараке тууралуу жарымы жалган, жарымы чын кылып, (көрө албастыктанбы же ич күйдүлүктөнбү, айтор, түшүнүксүз) макала жазган болду. Албетте, идеалдуу эч нерсе болбойт. Анын сыңарындай, көпчүлүктө кемчилик деген болбой коюуга мүмкүн эмес. Кыскасы, жакшы окуянын жакшы жагын аңдай албагандардын өз иши.
Куйручук атабыздын мааракесин бийик деңгээлде өткөзүп, далайларды тамшандырган Жумгал элинин аттуу-баштуулары жана тойго салым кошкон көпчүлүк мурда күнү "Каныкей" ресторанына чогулуп, болуп өткөн той тууралуу кеп козгошуп, жыйынтык чыгарышты. Тойду жыйынтыктоо үчүн даярдалган дасторконду губернатор Канат Муратбеков менен Жумгал районунун акими Талант Касмамбетов даярдашып, мааракени өткөзүүгө салым кошкондорго ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле тойду өткөзүү үчүн буту үзүлгөнчө чуркагандарга Уюштуруу комитетинин атынан мааракеге карата чыгарылган "Өмүрзак уулу Кудайберген 145 жыл" аттуу юблейлик медаль жана ыраазычылык сертификаты тапшырылды.
Канат мырза өз сөзүндө 21-июль күнү президент Р. Отунбаеванын Соң-Көлдөн кетип жатканда өзүнүн атынан тойду уюштуруучуларга айта турган сөзүн аманат кылганын белгилеп төмөндөгүлөрдү айтып берди: "Мен мындай жакшы маанайда, жакшы деңгээлде уюштурулган чоң мааракени ушуну менен экинчи ирет гана көрүп атам. Биринчиси, 1995-жылы белгиленген Манас атабыздын 1000 жылдык мааракеси болсо, экинчиси, ушу Куйручук атабыздын мааракеси болду, силерге чоң рахмат! Кыйын экенсиңер, мен силерге абдан ыраазымын!" Роза эжекебиздин губернатордон айттырган бул сөзүнө, жалпы эле жумгалдыктар ыраазы. Себеби президент өзү ушунча баалап жаткандан кийин, башкасына сөз жок да. Жумгалдыктар мындан ары да мындай иш-чараларды өткөрүп турууну максат кылып, бир топ жылдан бери "Жумгал коомунун" жетекчиси болуп келаткан айтылуу композитор Муратбек Бегалиевди жетекчиликке кайрадан бир добуштан бекитишти. Айрыкча, Жумгалдан чыккан таланттарды да моралдык жана материалдык жактан колдоп турууну максат кылышып, бул салттын кезеги 20 жылдан бери Куйручук театрын жетектеп, Куйручук атабыздын атын даңазалап келаткан белгилүү куудул жана ырчы Борончу Кудайбергеновго жетти. Себеп дегенде, 30-31-августта Борончу мырза спорт сарайында 20 жылдык отчеттук концертин бермекчи. Борончу мырза учурда кызуу даярдык көрүп жаткан өзүнүн отчеттук концертинде жердештеринин атынан темир тулпарлуу болуп калышы да ажеп эмес…
Айбек ШАМШЫКЕЕВ




  Кылтак...

МАИчилерди май-талкан жашоодон айрыган жаңы долбоор
Көп жылдан бери коррупциянын анык очогуна айланган МАИ кызматында кардиналдуу реформа болгону турат. 1-августтан баштап ишке киришкен ИИМдин 10 миллион сомдук "Жол коопсуздугу" деп аталган жаңы пилоттук долбоору ала таягынын аркасы менен сол чөнтөккө акча сологон МАИчилерди кылтакка илмей болду. Бул долбоордун алкагында кайгуул-күзөт жана жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын кызматкерлери биргелешип иштешет. Башкача айтканда, ППС жана ДПС деген кыскача аталыш менен коомчулукка белгилүү болгон бул кызматтар эми бир башкармалыкка биригип, бир жетекчинин кол алдында иштешет. Бишкек шаары 40 бөлүккө бөлүнүп, ар бир бөлүктө үч кызматкерден турган топ күнү-түнү күзөттө турушат. Ар бир топтун автоунаасына атайын видеокөзөмөл коюлат. Эми демейдегидей унаасын токтотуп, айдоочулардан акча тономойго бөгөт коюлат. ИИМ башчысы Зарылбек Рысалиевдин айтымында, видеотетиктер менен жабдылган патрулдук автоунаалардын жардамы аркылуу жөнөкөй жарандарыбыз менен МАИчилерибиздин "чыныгы жүзүн" көрсөк болот. "Бул долбоор эл менен милиция канчалык деңгээлде бузулганын ачыктайт"-деген Зарылбек Рысалиев долбоор ишке киришкен биринчи эле он күндүн ичинде он чакты жол сакчылары кызматтан айдалышы мүмкүн экендигин айтты. "Албетте, бул жакшы жашоодон эмес. Бирок биз паракорчулук менен кармалгандарды кызматтан дароо айдайбыз. Милиция тазаланышы керек"-деген Зарылбек Рысалиев тапкан акчасынын жарымын эле МАИчилерге тарттырып ийген айдоочуларды кубантып койду.