Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Балдарын атканы
аз келгенсип, "бараны, шакалы" дегени кандай?
7-апрель окуясы боюнча сот ишинин 13-июлдагы кезектеги отуруму чыр-чатак менен коштолгонун буга чейин кабарлаган элек. Жабырлануучулар менен айыпталуучулардын ортосунда аз жерден чоң мушташ чыгып кете жаздаган. Ал окуяны айрым ММКлар баш болуп, укук коргоочуларыбыз төш болуп, "жабырлануучу тарап желим бөтөлкөлөрдү ыргытып, жаңжалды биринчи баштады" деген мааниде маалымат таратышып, айыпталуучу тарапты ачык эле жактагандай болушкан. Алардын мындай акыйкаттыктан алыс пикирине нааразы болуп "Мекен шейиттери" коомунун мүчөлөрү маалымат жыйын өткөрүштү.


Көрсө, жаңжал "Альфа" аскер бөлүкчөсүнүн кызматкери, айыпталуучу Сергей Цигельниковдун жабырлануучулардын дарегине айтылган шылдың аралаш чагымчыл сөзүнөн улам башталыптыр. Сот залына жабырлануучу тарап кирип баратканда, "ден соолугу начар" деген жок шылтоо менен "үй камагында" жатып алып, кафе, ресторандарда тайраңдап жүргөн альфачы Сергей Цигельников: "Ведут стадо баранов, шакалы" - деген экен. Мындай мазактаган шылдың сөздү укса да укмаксанга салган жабырлануучулар тилин тишине катып, сотто тынч отуруп берүүгө аракет кылышкан. Бирок Цигельников анда да тынч отуруп калбай, шейит кеткен баатырлардын жакындарынын кыжырына атайылап тийип, чагымчыл сөздөрүн токтоткон эмес. Чыдабай кеткен "Мекен шейитиндегилердин" бири желим бөтөлкө ыргытканда, "альфачы" тура калып отурган отургучу менен беркилерди коюп калган.
"Мекен шейиттери" коомунун жактоочусу Ормон Мусабеков: "Темир отургучту алып ыргытканга күчү жеткен Цигельников эмне үчүн ден соолугу начар делинип, үй камагында жүрөт? Буга чейин ушунун ден соолугунан улам сот иши бир нече жолу үзгүлтүккө учураган"-деди.
Апрель окуясында ок жеп, жаракат алган "Айкөл Ала-Тоо" коомунун мүчөсү Кадыров Авазбек жакында эле каза болгон. 14-июль күнү анын жакын туугандары жана апрель окуясында жабыр тарткандар маркумга куран окутушуп, шаардагы кафелердин бирине чогулушкан. Ошол кафенин маңдайындагы "Фаиза" кафесинде ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган айыпталуучу Сергей Цигельников жакын тууганын, баласын, досун, санаалашын оо дүйнөгө узатып, кайгыга батып, мүңкүрөп тургандардын кыжырын кайнатып күлүп-жайнап ойноп-күлүп жүргөн. "Айкөл Ала-Тоо" коомундагылар Сергей Цигельников жабырлануучуларга атайын чагым жасап, "мени сабашсын"-деп аракет кылып атат"-деген пикирин билдиришти.
Баарынан да Бакиевдин огунан каза тапкан апрель баатырларынын арбагын, төгүлгөн канын тебелеп-тепсеп аткан эл өкүлдөрүнүн аракети кыжырды кайнатып, коомчулукту козутууда. Мурдагы Коргоо министри Бакыт Калыевди үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирип аткан 61 эл өкүлү эмне үчүн миңге жакын адамды ден соолугунан ажыратып, жарым жан кылып, жүздөгөн жапжаш жигиттердин өлүмүнө себепкер болгон экс-чиновниктин ден соолугуна кам көрүп, жанагынча жабырлануучулардын күйүтүн, талкаланган тагдырын ойлобойт? Парламентке жойлоп кирген Анарбек Калматов, Феликс Кулов, Курмантай Абдиев, Жылдыз Жолдошева, Исхак Пирматов, Бакыт Төрөбаев өңдүү бакиевчилердин кол коюп макул болуп бергенине мейли дейт элек, бирок Бакиевдик бийликке катуу күрөштүк деп атышкан "Ата Мекен", КСДПдагы Абдрахманов, Р. Жээнбеков, Ы.Кыдыралиева, Т. Туманов, Р. Төлөгөнов, З. Жоошбеков, М. Мадаминов, А Султанов сыяктуу эл өкүлдөрүнө эмне жок?
Аларга Бакиев ат десе атып, жат десе жаткан, элдин эмес, бийликтин генералы атыккан Калыевдин кадыры каягынан өттү экен? Же алакандай каты үчүн капчыктарын кампайтып алыштыбы? "Айкөл Ала-Тоодогулар" айтып атышат 61 депутаттын кайрылуусу кайсы бир партиянын кызыкчылыгынан улам болушу мүмкүн деп. Анан да былтыркы апрелде жаракат алгандар менен каза болгондордун жакындары "Бакыт Калыевдин эркиндикке чыгышы өтө кооптуу. Жороев, Малеванаядай болуп качып кетиши мүмкүн. Ошондой эле, күздө өтүүчү президенттик шайлоодо анын таасири чоң болот. Анткени ал киши өлкөдөгү абдан күчтүү, таасирдүү саясий фигура. Ал аскер адамы болгон, куралуу күчтөрдү башкарган, Коргоо министри болгон. Албетте, президенттик шайлоодо анын тиешеси чоң болушу мүмкүн", - дешти. Эске сала кетсек, Б.Калыевди үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирген 61 депутаттын ичинен "Ата Мекен" фракциясынан 7, "Ата Журт" фракциясынан 15, "Республикадан" 19, КСДПдан 6 депутат бар.
Даярдаган
Тиленбек Азык




Ажолукка ат салышчулардын саны 19га жетти…
Күздө өтүүчү президенттик шайлоого ат салышчулардын катары калың. "Кой аксагы менен миң" дегендей, дымагы асманды чапчыган атка минерлерден тартып, алына карабай ышкырыгы таш жаргандар деле аламанга түшүп атын чыгаргылары келүүдө. Учурда президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, БШКдан каттоодон өтүшкөн талапкерлердин саны 15ке жетти. Булардын ичинен 14 адам өзүн-өзү көрсөтсө, 5 талапкер саясий партиялардан көрсөтүлдү.
Азыркы күндө өзүн-өзү көрсөткөн адамдар төмөнкүлөр болууда:
Милициянын отставкадагы генерал-майору 51 жаштагы Өмүрбек Суваналиев;
убактылуу иштебеген 50 жаштагы Дамира Токтосунова;
Латвия Республикасынын "Маро" фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси 56 жаштагы Сайнидин Султанидинов;
КР Президентинин Иш башкармалыгын ички аудит бөлүмүнүн референти 47 жаштагы Эрнис Айтымбетов;
"Инсанат" эл аралык фондусунун президенти Өмүрбек Эгембердиев;
"МК Азия" гезитинин башкы редактору 40 жаштагы Улугбек Бабакулов;
убактылуу иштебеген 51 жаштагы Темиркул Омуралиев;
Коргоо министрлигинин отставкадагы полковниги 54 жаштагы Болотбек Казакбаев;
"Азамат Компани" ЖЧКсынын башкы директору 42 жаштагы Нурлан Мотуев;
Жогорку Кеңештин "Ата-Журт" фракциясынын депутаты 58 жаштагы Курманбек Осмонов;
убактылуу иштебеген 40 жаштагы Жылдызбек Стамбаев;
убактылуу иштебеген 50 жаштагы Тургунбек Нарикеев;
Аскер сотунун судьясы 44 жаштагы Барктабас Аземкулов;
Ал эми "Сергей Радонежский жана Айкөл Манас атындагы укук коргоо борбору" ЖЧКсынын башкы директору 26 жаштагы Игорь Трофимов 19-июлда өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлигинен баш тартты.
Ошондой эле, Кыргызстандын президентинин кызматына талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө 5 саясий партиядан арыз келип түшкөн. "Ата-Журт" партиясы президенттикке Камчыбек Ташиевди, "Бүтүн Кыргызстан" Адахан Мадумаровду, "Кыргызстандын жашылдар партиясы" Эркин Булекбаевди, "Эл үчүн" партиясы Арстанбек Абдылдаевди, "Кыргызстандын коммунисттери" партиясы Исхак Масалиевди көрсөтүшкөн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда аяктайт.