Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Ысык-Көл форумуна кандай шлагбаумдар коюлган?
(Башталышы 48-санда)
Ысык-Көл форумунун даталуу жыйынын өткөрүү боюнча демилгечи топтун аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматтарды окуган соң, ошол форумдун иштерине түздөн-түз тиешеси бар адам катары мен да өз сунушумду ортого салууну эп көрдүм.
Кузнецовдун кабыл алуусу кыска болду. Кирерим менен бул китеп Москвада сатыкта жок экен, окурмандар арасында, маданий чөйрөлөрдө аябай "бум" болуп жатыптыр деген кабардан улам - Чыңгыз агабыздын көрө албастары бул ишти атайы уюштурганбы, анысын ким билсин, а балким, кереги тиер деп ала келген "Плаханын" бир нускасын, "Кыргыз коньягын" столуна коюп, келген иштеримди айта баштадым. Коньякты столуна жашырып, "Плаха" китептин үстүн "Огонек" журналы менен жаап - күнү бүгүнкүдөй көзүмө элестеп турат. -жардамчысын чакырып, бул кишинин ишин контролуңа аласың, суроосу болсо менин атыман чече бер, - деди сөзүмдү бөлүп, ээрчите чыгып бара жатып, бир кабинеттин эшигин ачып, кирбестен туруп бирөөнө буюрду: - Мобу кишиге 10 тонна мелованный кагаз бөлүп бересиң. Кыргызстандан келиптир...
- Бирок тыюу салын..., - бизди көрүп, орундарынан тура калышкандардын арасынан бир аял бир нерсе айтмакчы болду. - "Эч кандай "бирок" жок. 10 тонна, бүттү", эч кимге көңүл бурбастан басып кетти. Тигил аялдын сөз аягы оозунда калды.
Үмүт деген кыйын эмеспи, - 10 тонна кагаз өтө эле аздык кылат го, кошсоңуздар жакшы болот эле, китеп өзүн-өзү актайт, жакшы киреше киргизет, - аткарылбасын билип турсам да суроомду бердим.
- 10 тонна, бүттү, - жоопко алиги аял шефинин сөзүн кайталап, кагаз Ангарскийден жөнөтүлөт. Китебин кайсы типографиядан чыгарын тактап ал, - деди.
Сырттан саатымды карасам бул мекемеге кирип чыкканыма 20 минутага жете бербеген убакытым кетиптир. СССР деген улуу мамлекеттин абдан кирешелүү да, таасирлүү да, бир тармагын былк эттирбей башкарып, эшиги алдында союздук республикалардын министрлери кире албай калтаарып, тер кетип турган бул зор чиновниктин кайдагы бир катардагы жетектөөчү редактор мени атайылап убакытын бөлүп, 4-5 минутага болсо да, кабыл алышы Чыңгыз агабыздын талантын, эл аралык аброюн, адамкерчилигин урматтагандыгы экенин түшүнүп, сыймыктансам ошол эле учурда керектүү кагаздын жетиштүү бар экендигине, бирок абдан таасирлүү бирөөлөр - бул китепке кагаз берилбесин, же абдан аз берилсин деп катуу тыюу салганына ушул 20 мүнөттөн кийин көзүм биротоло жетти. Типография боюнча жардамчынын айткан адамы менин келген ишимди толук угуп бүткөн соң , - эртең командировкага кетип жатам, - деп алыскы Кыргызстандан келгенимди билип турса да, кабыл алуу эртең менен эрте - жумуш күнүнүн башталышында болуп жатса да маселенин чечилишин бир жумага калтырды.
Чыңгыз агабыздын ачыктан-ачык колдоосуна шердене түшкөн жаным бир жумадан кийин тигинден типографиялары мыкты эмеспи, китепти Москвадан эле чыгаралы деп көшөрө сурансам да болбой, Москванын типографияларынын заказдары толтура, китебиң Калинин азыркы Тверь шаарынан чыгат, ошондой чечилди, кагаз ошол жакка жөнөтүлдү,- деп сөздү бүтүрдү. Ичимден Магадандан чыгарасың дебегенине тобо кылып жолума түштүм.
Бул тирешүүнүн аягында эки тарап тең утушта да, утулушта да болушту.
Утушубуз: Чыңгыз агабыз, жеке өзү улуу башын кичүү кылып, ушул китепти чыгарып бергиле деп суранып - а тигилер ошону күтүшкөн болуу керек - эч кимге барбагандыгы, кандай болгон күндө да тырмышып жүрүп, "Ысык-Көл форуму" китебин чыгарып, элибиз үчүн мааниси зор маданий окуянын жүрүшүн уламышка, болумушка айландырбай, так сактап маданий казынасына калтыра алгандыгыбыз болду.
Утулушубуз: "Ысык-Көл форуму" китебин китептин ал учур үчүн суроо-талаптан жок эле дегенде 10 эсе аз - болгону 10 000 (он миң) нуска менен чыгарылып ойдогудай кеңири таралбай калгандыгы болду.
Тигилердин утушу: китепти Бүткүл Союздук чыгармачылык, маданий борбор Москвадан четте, тымызын, аз гана санда бастырышып, кеңири таралышына тоскоол коюшунда.
Утулушу: Мейли, аз, эң эле аз нускада болсо да китепти чыгартууга мажбур болушкандыгы.
Кызыгы, жеке өзүм да дал ушундай эки ача абалда калдым.
Утулушум: "Китептин жалпы түзүүчүсү, кыргызчага котормочусу, чыгышына жоопкер", - деп аты-жөнүм китептин биринчи бетине берилсе да, негедир белгисиз себептер менен китеп чыкканда жок болуп калган, аягында гана "редактор" деп берилген.
Утушум: китеп кийинки жылы Москвада СССРдин Эл чарба жетишкендиктеринин эл аралык көргөзмөсүндө көргөзмөгө коюлуп, байгеге ээ болуп ВДНХнын күмүш медалы, акчалай сыйлык менен сыйланышым болду.
Айрым учурларын майда-баратына чейин баяндап "Ысык-Көл форуму" китебинин чыгыш тарыхын жазгандыгымдын себеби, форум сыртынан көрүнгөндөй оңой-олтоң эле өтө койбогондугун, форумдун ишине көрө албастар менен ичи тарлар башынан аягына чейин бут тосушкандыгын маалымдап кетүү.
Акырында айтар сунушум. Форумга М.С.Горбачевдун келишине - түз эле айтайын каршымын. Ал киши эгер келсе форумга архивдик экспонат, декоративдик фигура катары гана катышат, ошондо да терс маанисинде. Аялынын аркасы менен бийлик чокусуна чыгып, ошол эле аялынын тилин ээрчийм деп СССРди таратып, бийликтен куулган бул адамды азыр эч жерде, а түгүл Германияда да сыйлабайт. Абийиринин, аброюнун калган-каткан жугун качан болсо акча талашып, соттошконго чейин барам деп ызы-чуу салып жүрүп кетирип (акыркысы 30 миң доллар болсо керек эле) өз өлкөсүндө толук жек көрүндү болуп калгандыктан, ойго келбеген пастыкка барып, мекенине батпай тоюн Лондондо - жат өлкөдө өткөрүүгө мажбур болду. Бизге келсе да форумга катышкандыгы үчүн олчойто гонорар сурап баарыбызды уят кылышы мүмкүн.
Жээналы Урмукеев




Биз эмне үчүн
өнүкпөй жатабыз?
Алды менен артыбызга кылчайып, өткөргөн реформаларды көз алдыбыздан өткөрүп көрөлүчү.
1-реформа: Облустарды жоюп, бардык райондорду борборго каратып койдук да, күттүк-күттүк мындан майнап чыгара албадык.
2-реформа: Кайрадан облустарды ордуна койдук. Мындан да алгылыктуу жыйынтык чыгара албай көңүлүбүз сууду.
3-реформа: Эми кыйын болобуз дешип, күүлөнгөн бойдон "Бөрк ал десе баш алып" өрүшүндө дүркүрөп өсүп бара жаткан колхоздорду, совхоздорду алеки саатта жеп-жуткандай жылас кылдык. Эмне көрдүк?
Туура, мындан жетекчилер гана өлчөөдөн ашык туйтунушту да, карапайым калк каңтарылган бойдон какайып туруп кала беришти. Чынын айтсак, бүгүн ошол чарбалардын караанына зар болуп калдык го. Атак-даңкы союздук көргөзмөгө чейин жеткен алдыңкы колхоздорду, совхоздорду сактап калганда бүгүнкүдөй күндү көрөт белек?! Бизге сооп эле болду. "Сая албаган ийне тандайт, саптай албаган учук тандайттын" өзү болуп калбадыкпы. Эми буюрса, 4-реформаны ишке ашырганы турабыз. Каршылык жок. Ошондо аймактык башкаруу областык башкаруудан кандай артыкчылыгы бар болду экен? Табышмак. Ушинетип бир алга, бир артка толкусак деле конушубузду сары журт кылган тейден мурунку эле ордубуздан жыла албай келе жатабыз. Капырай, буга эмне бөгөт болуп турат?
1-бөгөт. Төрт айланы түгөтүп, өлкөнү өнүктүрбөй белинен бекем басып жатып алган паракордук менен коррупция. Анткени ал этти кесип өтүп, сөөккө ач кенедей жабышып алган илдет. Мындай кеселдин тамырын соолтпой туруп, элдин экономикалык турмушун көтөрө албайсыңар. Бүгүнкү күндүн номур биринчи башкы маселеси ушул. Муну турмушка ашырып алгандан кийин кандай бийлесек да жарашат.
2-бөгөт: ичи тар, көрө албастыктан эл багуучу атка минерлерибиз бир казанга кайнай алышпай, бирин-бири чукулашып, ыркы жоктуктун өзү бөгөт эмей эмине.
Ээ, кагылайын, алакандай болгон асылзаада кыргызым, качан биз бүтүн болуп алып, бир түндүктөн түтүн булатабыз. Ал үчүн бийликтегилердин баары кудай алдында Куранды кармап туруп, чыныгы анттын дал өзүн айтышып, колдорун коюш шарт. Башкы мыйзамдын 45-беренесинде: "Мен бүткүл эл ишенип, мага жүктөлгөн президенттик бийик милдетти ар-намыстуулук менен талыкпастан аткарууга өз элимдин жана ата журтумдун алдында ант беремин". Мындай антты К.Бакиев кар кечкендей кечип, мамлекетти каалагандай оң-тетири калчай берди го. Анткени ал текстте адамды сестенте турган бир ооз сөз жок. Ант андай болбойт. Ант деген бийиктикте турган бузулбас ыйык чеп. Ант деген адамдын сесин, үшүн алган, үрөй учура турган шерт. Өткөн бабаларыбыз "Айтканыбызды аткарбасак, ушул кара койдой мууздалып калалык" дешип, канга колдорун малышып, ант беришчү. Эмне үчүн жетекчилерибиз ушундай антты айта алышпайт? Ошондой айтышып, ант беришпегендиктин кесепетинен ишибиз илгерилебей жатат. Куранды кармап туруп, ант берген жалгыз депутат Турсунбай Бакир уулуна ишеним артып, артынан ээрчип алып, отко да, чокко да бара берсе болот. Ушундай жолго түшө алышпай, беш убак намазын беттерине кармап алышып, парламентте куранкана ачып алышкан отуздай депутаттарга ким ишенет? Ошол үчүн президент, премьер-министр, спикер үчөөнө төмөнкү антты сунуш кылам:
"Мен…. бүткүл эл ишенип, мага жүктөп президенттик (депутат, аким) ыйык милдетимди өз кызыкчылыгымдан элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюп, ар-намысымды, ыйманымды таза сактап, талыкпастан иштеп беремин. Айтканымдан тайысам, журт алдында жүзүм кара болуп, Кудайдын, Курандын каарына, касабына калайын деп, ант берип, колумду коёмун".
Депутаттар, министрлер, губернаторлор, акимдер, ЖОЖ ректорлору, айыл өкмөттөргө сунушум:
"Мен.. мага тапшырылган мамлекеттик ыйык кызматты ыйманымды сатпастан, элим үчүн ак жолумдан адашпастан так-таза иштеп беремин. Айтканымдан кыйшайсам, журт алдында жүзүм кара болуп, Кудайдын, Курандын каарына, касабына кабылайын деп ант берип, колумду коёмун". Жалгыз гана ушундай шартта паракорлук, коррупцияны муунтуп, өлкөбүздү өнүктүрө алабыз.

Жылкыбаев Апыш,
УАМСтын ардагер майыбы,
Жети-Өгүз районунун ардактуу атуулу.