Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Жашы жете элек кыздарды
зордуктагандар эмне
үчүн жазаланбайт?
КРнын Конституциясынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн талабына ылайык, ар бир адам кимдир бирөөнүн кыйноосуна алынып, укугу тебеленбөөгө тийиш. Бирок аталган мыйзам эске алынбай, көпчүлүк учурда жарандарыбыздын укугу тебеленип келүүдө. Мына ошондой жаштайынан тагдырына балта чабылып, көчөдөгү көпкөндөрдүн кордугуна айланган эне сүтү оозунан кете элек секелек кыздардын бири Адылбек кызы Мээрим. Мээрим болгону 14 жашта. Анда сөз башынан болсун.
Быйыл жазында, тактап айтканда 8-март күнү, Аламүдүн районуна караштуу Мраморное айылынын тургуну Мээримди ошол эле айылдын тургуну Шаршенбек уулу Каныбек деген зөөкүр күчкө салып зордуктап койгон. Жабыркаган Мээримдин туугандары Аламүдүн райондук сотуна кайрылышканы менен, жаздан бери аталган сот тарабынан эч кандай жыйынтык болгон эмес. Тескерисинче, райондук сот "бармак басты, көз кысты" кылып кылмыш ишин жаап, кылмышкерди бошотуп жиберүүгө аракет кылышкан. Аталган окуянын чоо-жайын билүү максатында кордолгон Мээримдин таежеси Жумагүл Байдылдаеваны кепке тарттык...


- Жумагүл эже, окуя эмне болуп башталган, башынан айтып берсеңиз?
- Мээрим менин бир тууган сиңдимдин кызы. Сиңдим Россияда иштейт. Мээрим 8-март күнү курбу кызы Айжан экөө кечки саат 8дерде клубга барып келатышса 20-22 жаштардагы Шаршенбек уулу Каныбек, Кубанычбек уулу Кылыч, жана Керезбек деген үч бала кыздарды алдынан тосуп чыгып, ой-боюна койбой Керезбек деген баланын үйүнө сүйрөп барып, "ата-энеңерге айтсаңар өлтүрүп салабыз"- деп коркутуп, зордуктап салышыптыр. Кыздар болсо коркконунан эч кимге айтпай жүрө беришкен экен. "Кыңыр иш кырк жылда билинет" дегендей, эртедир-кечтир окуянын билинип калаарын сезгенби, айтор, Айжанды зордуктаган Кылыч деген баланын ата-энеси Айжандын жашы жетелегине карабай, баласына алып берип коюшту. Ошондон баштап, эмнегедир биз дагы кызыбыз Мээримден шек санай баштадык. Анткени Мээрим менен Айжан дайыма чогуу жүрчү. Көрсө, биз шек санагандай эле болуптур. Мээрим 19-март күнү апасына телефон чалып, окуяны баштан-аяк айтып бериптир. Ал окуяны угаары менен эле апасы бизге телефон чалып, Мээримди 8-март күнү балдар зордуктап салганын айтып, "зордуктаган балдардын кимдер экенин билип, милицияга кайрылгыла" - деди. Мээримди атасы экөөбүз ээрчитип алып түз эле Айжанды алган баланын ата-энесинин үйүнө бардык. Ал жерден баланын энеси чыгып, "мунун баары кырсык экен, кечирип койгула"- деп жалынып-жалбарып кирди. Андан чыгып Мээримди зордуктаган Каныбек деген баланын үйүнө барсак, ал бала ата-энесинин көзүнчө зордуктаганын толугу менен мойнуна алды. Ошол жерден эле Каныбектин ата-энеси: "кызыңарды келин кылып алалы, милицияга бербей эле койгула"- деп бутубузга жыгылып, албарстыдай жалынып киришти. Алардын жалынганын кыя албай, кыргызчылык кылып кызыбызды келин кылып алса мейли деп милицияга кайрылган эмеспиз. Ошентип, арадан 10 күн өттү, кызыбызды келин кылып алмак тургай, "колуңардан эмне келмек эле" дегенсип, бизди кемсинте башташты. Биз алардын жасаган мамилесине жинибиз келип, 24-март күнү Аламүдүн райондук милиция бөлүмүнө кайрылганбыз. Райондук милиция бөлүмү кылмышкерди күнөөлүү деп таап, кылмыш ишин Аламүдүн райондук сотуна өткөрүп берген. Бирок ошондон бери сот биздин ишибизди карабай, күнөөлүүнү актап жатышат. Кылмышкерди башында бир-эки күн камамыш болушту дагы ар кандай шылтоо менен үй камагына чыгарып ийишти. Тергөөчүбүз Мамытов Тилек улам бир шылтоону айтып, жаздан бери соттук ишти создуктуруп келди. Аргабыз кеткенде адвокат жалдап, тергөөчүнү алмаштырдык. Ал тергөөчүбүз деле учурда ишти карабай жатат. Буга чейин облустук сотко да кайрылып көрдүк. Алар деле эч кандай жардам бере алышпады. Угушума караганда, баланын ата-энеси райондук соттогу жогорку кызматта иштеген бирөөнө чоң суммадагы акча бергени айтылууда. Мына ошол кызматкер бүгүнкү күнү соттун баарын колго алып эптеп кылмышкерди актап чыгуунун аракетин көрүп жатыптыр.
- Учурда Мээримдин абалы кандай?
- Абалы оор, психологиялык жактан катуу жабыркагандыктан, кээде өзүн-өзү жоготуп коюп жатат. Уйкусунан чочуп ойгонуп, тынч уктай албайт. Окуя ачыкка чыккандан кийин, классташтарынан уялып, мектепке да барбай калды. Анткени мугалимдер дагы туш-туштан талап, коркутуп-үркүтүп атып "окуяга мугалимдердин эч кандай тиешеси жок"- деген кагаз жаздырып алышыптыр. Менимче, ата-энесинен уруксат албай туруп, кагаз жаздырып алганы үчүн мугалимдер дагы жооп бериши керек болчу. Тилекке каршы, алар деле жоопко тартылган жок. Акыйкаттык бизде качан орнойт, билбейм. Учурдан пайдаланып, силердин гезит аркылуу башкы прокурор А. Саляновага, ички иштер министри З. Рысалиевге кыргыздын бир карапайым жараны катары, эне катары кайрылып кетээр элем. Урматтуу жетекчилер, сиздердин дагы Мээримдей болгон эне сүтү оозунан кете элек кызыңар бар чыгар. Мээримдин кейиштүү тагдырын эске алып, кылмышкерлерди жазага тартып, мыйзамга каршы иштеген сотторду теске салып коюуңуздарды өтүнөөр элем.

Динара Медетова,
адвокат:
- Экспертиза тарабынан кызды Шаршенбек уулу Каныбек зордуктаганы тастыкталды. Кылмышкер жасаган кылмышын толугу менен мойнуна алды. Бирок ал мойнуна алганы менен, жоопко тартылбай жатат. Себеби кылмыш иши Аламүдүн райондук сотунда каралып жаткандыктан, иликтөө иштеринин бардыгы аталган соттун тергөөчүсү Тилек Мамытовго жүктөлгөн. Ал тергөөчү ишти жаап койгон. Ал тургай, ал иш боюнча атайын токтом кабыл алып, ал токтомду Аламүдүн райондук прокуроруна алпарып ишти жаптырып салыптыр. Мен кийин адвокат катары прокурорго кайрылып, "мыйзамсыз ишти мыйзамдуу кылып жаап койгонуңуз жарабайт, кайра сотко кайрылып, мыйзамсыз кылып бериңиз" - деп мыйзамдын негизинде "мыйзамсыз" деген чечим чыгарттырдым. Ошондон кийин Аламүдүн райондук соту ишти кайрадан козгоп, тергөө иштеринин бардыгын Байдылдаева Махабатка жүктөдү. Махабат кылмыш ишин бир сыйра иликтеп чыккан соң, кылмышкер Шаршенбек уулу Кубанычбекти бошотуп жиберди. Тергөөчүнүн кылмышкерди мыйзамсыз бошотуп жибергени үчүн Аламүдүн райондук сотуна кайрылсам. Аталган соттун төрагасы тергөөчүнүн иштерин мыйзамсыз деп таап, ал боюнча тергөөчүнүн үстүнөн тийиштүү чаралар көрүлө тургандыгын айткан. Ошол окуядан кийин тергөөчү өзүнүн артын тазалаш үчүн Аламүдүн райондук сотунун судьясы Балагазиевага кайрылып, Балагазиева болсо кылмышкерди кайрадан үй камагына алыптыр. Кыскасы, кандай болгон күндө дагы кылмышкер жашы жете элек кызды зордуктаганы үчүн 8 жылдан 15 жылга чейин абактын артында жазасын өтөөгө тийиш.
(Каармандардын аттары өздөрүнүн өтүнүчү менен өзгөртүлдү)

Бетти даярдаган
Мирлан Алымбаев




КЫЛМЫШ-
кырсык окуялары
Өрт - тилсиз жоо…
Жыл башынан бери өлкөдө 1486 өрт кырсыгы катталган. Маалымат катары айта кетсек, катталган кырсыктар: Бишкекте - 294, Чүйдө - 348, Ошто - 98, Ысык-Көлдө - 193, Таласта - 142, Нарында - 68, Жалал-Абадда - 41. Жалпы жыйынтык боюнча, болуп өткөн кырсыктын кесепетинен 357 адам жабыркап, анын ичинен 50 адам жарык дүйнө менен кош айтышкан.
Кара куурайдын азабы…
15-июль күнү шаарыбыздагы батыш автобекетинин жанында жайгашкан "Марс-2" дүкөнүнөн 1982-жылы туулган тажик улутундагы Пиримкул Рашидов аттуу жаранды укук коргоо органдары кылдат текшерүүгө алганда жанынан 3 кг 630 г гашиш үлгүсүндөгү наркотикалык зат табылган. Аталган жаран Балыкчы шаарынын тургуну экендиги, буга чейин наркотикалык зат менен шугулданып жүргөнү аныкталып, учурда Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүндө сурак берүүдө.
Укук коргоо органдарынан коркпогон эргул…
16-июль күнү Россиянын Алтай областында Максим Галдашев аттуу Кыргызстандын жараны 3 кг наркотикалык зат менен кармалганын Россиянын массалык маалымат каражаттарынын бири жазып чыкты. Маалыматка ылайык, аталган жаран буга чейин Афганистандан Кыргызстан жана Казакстан аркылуу Россияга наркотикалык зат ташып жүргөнү аныкталып, учурда россиялык укук коргоо органдары тарабынан камакка алынды.
Кырсык каш менен кабактын ортосунда…
17-июль күнү түшкү саат 13:00 чамасында Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Раззаков айылында Раззаков эс алуу жайынын аймагында жол кырсыгы катталган. Натыйжада Интернационал айылынын жашоочусу 1993-жылы туулган Т.А. Мерседес - 600 үлгүсүндөгү автоунаа менен саатына 130 км ылдамдыкта келе жатып, Жигули үлгүсүндөгү автоунааны коюп кеткен. Натыйжада Жигули автоунаасынын айдоочусу Раззаков айылынын тургуну катуу жаракат алып, ооруканага жеткирилген.