Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Келдибеков Малайзияда
10 миллионго чардайт…
Парламенттин барынан
жогудур!
Парламент каникулга чыгып мушташтардан, жакалашмайлардан жана да ар кандай комиссияларды түзүү ызы-чуусунан шайлоочу бир аз эс алып турган кези. Ушул парламент каникулун жылдан-жылга улантып жүрө берсе, элге эки эсе пайда болмок…

Каникулга кетерде төрага Келдибеков 190дой мыйзам чыгардык деп дурус мактанып алды. Чын эле саны боюнча мактанганча эле бар экен. А бирок, кандай сан болсо да негизги көрсөткүч сапат менен бааланат. Ушул жагынан алганда бүтүндөй элдин кызыкчылыгы үчүн чыгарылган, дагы да дааналап айтсак, мамлекеттик маанидеги орчун мыйзамдар кабыл алындыбы деген суроого шарт айтчу жооп табылбайт.
Бул парламентке бакиевчилер толуп алып кийинки бийликке, эл мүдөөсүнө кадимкидей эле каскак болуп жатканы көрүнүп жатат. Андай аракеттерди эл массасы даана эле көрүп турбадыбы, ошентсе да эки-үч фактыны мисалдатып коелу: Убактылуу Өкмөттүн декрети менен Бакиевдер жана бакиевчилер тартып алган менчиктерди мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн объектилердин орчундуу он бешин сот чечсин деп кайра мурунку ээлерине кайтарууга жылчык таап берген да ушул парламент; "МегаКомду" кайрадан Максим тарапка алып берип коюшту; парламенттин жардамы менен Бакиевге камчы чабышкандар бийликте толуп кетти…
Ошондуктан "бул парламент Бакиевдин көңүлүндөгүдөй иш аткарып турушту, аны таратуу керек" деп жаткандарды стабилдүүлүккө шек келтирип жатат деп күнөөлөгөнүбүз болбойт.
Парламенттеги бакиевчилердин арамза жүрүштөрүнүн аркасында Бакиев бийлиги кезинде ага каршы турган жана ал кулагандан кийин санаалаш болгон, тилектеш болгон Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүн бири-бири менен кармаштырып да жатат. Мисалы, жөндөн-жөн эле жерден Текебаевдин президентке "жулунуп" турушу. Ырас, Роза Отунбаева ага теңелип жооп кайтарган жери жок, жийиркенибирээк айтканда, "битке өчөшүп, көйнөктү отко жаккан жок", президенттик укугун жана милдетин эскертүү менен гана чектелүүдө. Жеңилдикке, эмоцияга алдырган адам болуп, укугунан пайдаланып өзүнө асылгандардын кылыгына жараша жооп кайтарса, анда Отунбаеванын куралы бир топ эле күчтүү…
Жанагы Камчыбек Ташиев деген "бийлик жакшы иштебей жатат" деп айтканына уккандар аябай таң калса керек. Бийлик дегендин башында өзү олтурбайбы, анткени, биздин мамлекетте бийлик системасы өзгөргөн, азыр мамлекетибиз парламенттик башкарууга өткөн, урматтуу Ташиев мырза!
Кечээ эле кирерге тешик издеп жүрөгү түшүп калат да, эми Убактылуу Өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүн жоопко тарткысы бар. Бирөөнү жоопко тарткандын ордуна министр болуп жүргөндөгү жолун тазалап койсо болмок, кийинки жеке тарыхынын тагдыры үчүн…
Аз күн мурун парламенттеги 60 ашуун депутат Бакиевдин оң колу болуп эсептелген мурунку коргоо министри Бакыт Калыевди үй камагына чыгарыш керек деп соттон суранган экен. Көрдүңүзбү, алар түздөн-түз эле бакиевчилердин адвокатына айланып жатышпайбы. Аз өтсө, Бакиевди кайра алып келиш керек деген демилге менен чыкчулар дал ошол тизмедегилер.
Калыевди бошотуу керек деген депутаттардын бири Токон Мамытов "парламент ал ишке киришкен жок" деп өзүнө-өзү каршы чыгып жатат. Алтымыштан ашык депутат деген сөз, парламент деген сөз, ошолор Калыевди бошоткула деп жатпайбы. Киришпесе, эмне үчүн бошоткула деп жатат?! Буга кошумча Какчакеев деген серепчи да "офицер камакта олтурбашы керек, аны амнистия менен бошотуш керек" дейт. Ушул да кеппи?! Кайсы бир офицер кандай кылмыш кылса да, элин атса да бошотуш керек экен да. Серепчилигиңе баракелде!..
Бийликтин парламенттик экендиги жана парламентке бакиевчилер толуп алгандыгынын кесепетинен апрель окуясында күнөөлүү деп табылгандарды соттоо күндөн-күнгө кечиктирилип жатат. Парламенттеги бакиевчилердин көрүнөө жана көмүскө жасаган иштеринин натыйжасында кылмышы бар деп жаткандардын баары эч нерсе кылбагансып бошонуп кетет десе, каршы аргумент таппай калчудайбыз.
Бул парламентти башкарган Келдибеков деген бакиевчинин кылган кылыгын кара да баа берип көрчү, ак дил окурманым, ал эргулуң кай сыпаттаманы баса жыгылар экен.
Бу Келдибеков дегениңдин кийинки жүрүшүнө, Малайзияны көздөй жүрүшүнө, уккандын дээрлик көбү нааразы болуп жаткан учуру. Ал отуздай адамды ээрчитип, албетте, аялын колтуктай, Сулайманов дегенине да аялына колтуктаттырып, үч жан сакчысын акмалатып, бир тууган жээни "Эркин Тоонун" редактору Манас Осмон дегенди, УТРКдан Бурханова дегенди, баса, бу диктор кызыбыз тиякка барып кабар окуйбу…аларга кошумча эңкейтип-тоңкойтуп сүрөткө тартчусун унутпай алып алыптыр… баш-аягы отуздай адамды атайын жалданган "Боингге" салып алып Малайзияга учуп кетти. Малайзия деген бизге караганда жашоосу жакшы болгону менен, кенедей эле мамлекет. Алардын спикери да былтыр бизге келсе керек. Ал Келдибековдон айырмаланып, адыраңдабай эле, мамлекеттик бюджетин аяп беш-алты адам менен эле келген. Бюджеттеги дефицит жан койбой турган убакта 10 миллион сом чыгым кылып, Келдибековдордун Малайзияда эмне жумушу бар, суутуп коюппу?! Бир орчун жумуш бүтүрүү планы болсо, эки өлкөнүн соодасы миллиарддаган доллар чапчыса го бир жөн эле. Билгендер айып атышат, Малайзия мамлекетинде укмуштуудай сонун шарт болгону менен, аябагандай кымбатчылык экен. Бу ары жоктордун тандаган өлкөсүн карабайсыңбы. Бюджеттин капчыгын эске алып, анан "жылкысына карап ышкырып", береги эле Тажикстанга же каракалпактарга барбайбы. Жок, түптүз эле Малайзияга барыш керек, кумга оонап, арак-шарабын суудай агызып, шапар тээп… Бу көпкөндөр короткон 10 миллион акча элдин акчасы, Келдибековдун атасынан калган эмес!
Отунбаевага тең болуп калгансып аны сындап жаткандар сонун билет: былтыр Отунбаева Америкага барарда бул жерден Москвага кадимки эле рейс менен учуп барып, ал жактан Путиндин самолету менен жолун улаган. Дайыны жок акча чыгымдабайын деп Путин менен сүйлөшүп, анын ала кетүүсүн мурунтадан пландаштырган. Ошондо Отунбаева 250 миң доллар үнөмдөгөн экен. Карапайым элдин арманы ушул болуп турат - Роза Отунбаева эми бир мөөнөт президент болуп бергенде мамлекетибиздин жолу сонун уланмак, болбостур…
Келдибековдун Малайзиядагы чардашына эми бааңды берип ал, журтум…Анын делегациясы эмне иш менен барды, эмнеге ошончо көп адам барды, канча каражат короду, ал мыйзамдуу ж.б. суроолорго жоопту тиешелүү органдар бериши керек. Эл күтөт…
Кийинки бийликтин биримдиги жоктугунан, алардын арасында Бакиевге жан тарткандар көптүгүнүн айынан сот процесси жылбай турат, Бакиевдин коргоочусу бир эле катын бүтүндөй бир күчтү-сотту, айыптоочуларды чакмак алгандай сезилет. Ал кандай айтса ошону аткарып жаткан сотко да баракелде! "Курман болгон токсондон ашык адамдын убалы уктатпас" деп айткандардын ошол кеби шылдыңга айланып жаткандай. Тигине, Бакиевдер шапар тээп эле жашап жатат, бул жакта калган бакиевчилер Жороев, Сатыбалдиев сыяктуулардын уктабай кыйналып жатат дегенин уга элекпиз. Күнөөлүү деп шектелгендер, сот залында мушташ чыгарып каалаганын кылып жатышканы мыйзамды да, бийликти да, элди да тоготпогону деп билели.
Революциядан кийинки окуялар кандай уланарын дурус божомолдой алгандар ошондо эле айтышкан: бул жерде калган бакиевчилерди эч бир бийликке жолотпош керек, чек араны тосуш керек" деп. Ошол кезде Топчуке Тургуналиевдин дурус пландары бар эле… Тилекке каршы, бакиевчилерге каршы аёосуз күрөштү жигин билгизбей туруп, Бекназаров дегениң токтотуп таштады окшойт. Убактылуу Өкмөттө Бекназаров аткарган ишти башка бир таза адам аткарганда азыркы бийликтин чак-челекейин чыгарып жаткан бакиевчилер болбойт эле жана да коррупционерлерден бир топ тазаланып алмакпыз. Бекназаровдун далай "жүрүштөрү" бир убакта чыгат эмеспи…
Эркиндик алгандан эле бүгүн болбосо, эртеңден баштап оңолуп кетебиз деп келе жатабыз. Бирок, элдин күткөнү туптуура тескерисинче болуп жатпайбы, бакиевчилердин айынан, бакиевчилердин…коррупция деген ушунчалык чырмады дейсиз эми анын туткунунан эч качан бошоно албаспыз. Коррупцияга алдырып койгон өлкөдө кенедей да жарыкчылык болбошу түшүнүктүүдүр.
Бирок, эл дегендин үмүтү эч качан өлбөйт экен, алоолойт да турат. Азыр эле бийликтин кылыктары ошол үмүттү суу сепкендей өчүрсө да, эл үмүтү кайрадан жалбырттайт экен.
Элдин эмдиги тилеги ушул болуп турат: президенттикке кыргыздын накта жигити келсе, башкаруу кайрадан президенттин колуна өтсө, ал президентибиз тегерегине булгана элек жаштардан, аларга кошуп тазалыгынын айынан кызматка коюлбай жүргөн мыкты адистерден чогултуп таза, таптаза ишин баштаса, мамлекетибиз оңолуп кетет деп. Теориялык жактан мындай жагдай келиши мүмкүн. Бирок, кыргыз практикасы ага жол берер бекен?!

Баратбай АРАКЕЕВ