Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Фарида Карбозова эс алуудан бошобой…
Кыргыз эстрадасында өз орду бар белгилүү эстрада ырчысы Алина Жетигенованын тарбиячысы жаш эстрада ырчысы Фарида Карбозова учурда жайлоонун салкын абасында бээнин сүтүн ичип, ден соолугун чыңдоодо. Жайлоодон келгенден кийин жайдын саратан аптабында көгүлтүр көлдүн жээгине эс алууга кетмекчи. Жайкы эс алуулардан соң, Фарида чыгармачылыкка билек түрө киришип, күркүрөгөн күз айында бере турган чоң программадагы шоу концертине камылга көрмөкчү.


Рустам Аташовдун кино сайты…
Мелодрама жанрындагы "Министрдин кызынын махабаты-1-2-3", элдин боорун эзген комедия багытындагы "Эркектер-1-2", боевик жанрындагы "Эгиз тумар" жана "Ак алтын" көркөм тасмалары аркылуу коомчулукка таанымал болгон режиссер Рустам Аташов кино тартуу менен гана чектелип калбай, өзүнүн тарткан тасмаларын коомчулукка кеңири жайылтуу максатында "www.jan.kg" аттуу жаңы сайт ачты. Аталган сайттан режиссер туурасында, кадр артындагы ары күлкүлүү ары кызыктуу окуялар, сиз сүйүп көргөн тасмаларда роль жараткан актер-актрисалар, фильмдер ж.б. туурасында кеңири маалымат ала аласыздар. Баса, мындан сырткары Рустам Аташовго сунушуңуз же бере турган сурооңуз болсо, аталган сайт аркылуу берсеңиз болот.


Кенже Дүйшеева эми журналист болобу?..
Учурда эне бактысына ээ болуунун алдында турган Кенже Дүйшеева аман-эсен көз жарып алгандан кийин, журналисттик багытта да өзүн сынап көрүүнү пландоодо. "Өзүмдүн кесибим - журналист. Бул кесипке 15 жыл мурда эле аракет кылгам. Бирок топтун түйшүгү көп болгону үчүн убактым болгон эмес. Аябай көп газеталардан "Оштон кабарчы болуп бер" деген чакыруу түшкөн. Бирок мен негедир телеканалда иштегим келчү. Буйруса, аман-эсен көз жарып алгандан кийин, теле тармагында кызыктуу бир программа ачам деген ойдомун. Убактым болуп калса, мүмкүн, гезитте дагы өзүмдү сынап көрөм го"- дейт ырчы.


Патриоттуулукка үндөгөн фильм…
Азамат Арыков "Аят-2" тасмасын тартып бүтүп, учурда монтаждоо иштери менен алек болууда. Аталган тасма патриоттук темада. "Мен кыргыз жигиттеринин намысын ойгото турган, элдин жүрөгүнө аз да болсо ыйман тартуулай ала турган тасмаларды жараткым келет. Азыркы тарткан "Аят -2" фильми дал ушундай тематикада. Бул кинону көргөн ар бир кыргыз жаранын жүрөгүндө чындык менен калыстык жашап, турмуштагы жакшы нерселерди ала алат десем жаңылышпайм" - дейт тасманын режиссеру Азамат Арыков.


Алимандын табышмактуу тагдыры…
Белгилүү драматург Жаныш Кулманбетов учурда "Жараланган турналар" тасмасынын үчүнчү бөлүмүн тартуу менен алек болууда. Тасманын сценарийи толугу менен даяр болуп, тасмада роль жарата турган каармандар жакында эле кастинг аркылуу тандалып алынды. Учурда кинонун алгачкы эпизоддорун тартуу башталды. Тасмада башкы каарман Алимандын андан кийинки табышмактуу тагдыры ачылмакчы. Тасманын продюсери Рыскан эженин айтымында, "Жараланган турналар-3" тасмасы сентябрь айларында коомчулуктун сынына коюлмакчы.
Жаркынай КАДЫРКУЛОВА