Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

АУБ милдеттерин аткарганы менен,
аны баары бир банкрот кылышты
"АзияУниверсалБанк" ААКтын ишмердүүлүгүн токтото турган шартта, АУБга убактылуу башкаруу киргизилгенден кийин Улуттук банктын эскертүүлөрүн эске алуу менен активдерди саткандан түшкөн акча каражаттарынын эсебинен кардарлардын жана башка кредит бергендердин алдындагы милдеттенмелерди аткарууга болот эле" деген пикир "Өлкөнүн капиталы" аттуу орус көз карандысыз аналитигинин федералдык басылмасында пайда болду.

2010-жылдын 8-апрелинен КРнын Улуттук банкындагы "АзияУниверсалБанк" ААКтын балансынын маалыматынын, 8-апрелге чейинки финансылык отчеттуулуктун, ошондой эле Moody's эл аралык рейтинг агенттигинин жана дүйнөдөгү эң ири абройлуу Kroll Associates аудитордук компаниясынын 2010-жылдын биринчи кварталын эске албай чыгарган тыянагынын негизинде, 2010-жылдын 8-апрелине карата АУБдун активине жана милдеттенмелерине көз карандысыз анализ жүргүзүлгөн.
Баланстагы маалыматтар көрсөткөндөй, компанияга таасирдүү (аффилированный лицо) тараптардын кредитин эске албаганда жана Улуттук банк такыр таба албаган орус компаниясынын баалуу кагаздары болбогон күндө деле милдеттенмелерди аткарууга каражаты жетиштүү болгон. КРнын Улуттук банкынын эсебинде мамлекет, анын ичинде Соцфонд менен аш-паш дегичең эсептешүүчү акча каражаттары бар эле. "Өлкөнүн капиталынын" каржы эксперттери дал ушундай пикирге келишти.
Мында кимде болбосун суроо жаралат: эгерде акча жетиштүү болсо, анда кимге чыгым келтирди экен? Эгерде акыл-эс менен башкарып жана банктын ишмердүүлүгүн токтотуп, кардарлар менен кредит берүүчүлөрдү чыгымга дуушар кылбаганга мүмкүнчүлүк болсо, анда эмнеге КРнын Улуттук банкынын мурунку жетекчилиги өткөн жылы банкты банкрот кылды? Мунун пайдасынан зыяны көп болду, себеби көптөгөн кредит берүүчүлөрдүн талабы ушу күнгө чейин канааттандырыла элек. Улуттук банктын бир катар жетекчилери АУБду банкрот кылуу чечимин чыгарып, кандай "мандемдүү" максаттарды көздөштү экен? 2010-жылдын июнунда АУБ улутташтырылган. Демек, сабаттуу башкарып, бардык милдеттенмелерди так аткарып, банкрот кылбастан, аны тескерисинче кымбат баага сатууга болот эле да. Жөнөкөй эле цифраларды салыштыралы: 2010-жылдын апрелдин орто ченинде КРнын Улуттук банкынын маалыматы боюнча, АУБда 13,5 миллиард сомдук актив болгон. Анын базасында түзүлгөн "Залкар" банкты жетекчилик, бир сомго саткысы келип жатат.
АУБдагы абал мамлекеттик басып алуучулук жана атайын банкрот кылуу болуп эсептелбейби? Ушул жылдын жазында парламенттин бир жыйынында, башкармалыктын мурунку төрайымынын милдетин аткаруучу Бактыгүл Жээнбаева АУБ акционерлердин колунда калбасы үчүн банк банкрот кылынган деп капысынан айтып жиберген жайы бар. Арийне, 2010-жылдын 8-апрелинде убактылуу башкаруу киргизилгенде, андан кийин АУБдун ишин токтотордо, Улуттук банк активдерди сактоого жана кардарлардын алдындагы бардык милдеттенмелерди аткарууга кызыкдар экенин билдирген. Башкармалыктын мурдагы төрайымынын милдетин аткаруучу Бактыгүл Жээнбаеванын, банк 2010-жылдын апрелине чейин эле банкрот болуп, революцияга чейин эле мамлекеттик каражаттарды алып чыгып кеткен дегендей билдирүүсүн кандай түшүнүүгө болот? Ал үчүн мындай көрүнүштөр эч нерсеге арзыбаган ишпи? Эгерде андай болсо, анын билдирүүсү жана чечими эмне үчүн ушу күнгө чейин кандайдыр бир депутаттык комиссиянын, керек болсо укук коргоо жана сот органдарынын тескөөсүнө алынган жок? Макул, мурунку кожоюндар өзүлөрүнүн кызыкчылыгын эл аралык соттордо коргоого аракет кыларын билдирген. Бирок андан башка да кызыкчылыктары бар АУБдун кредит берүүчүлөрү эмне кылышат?
Баланстын (кызыгы, Улуттук банктагы баланс) негизинде финансисттердин жасаган маалыматына кайрылалы. Адистердин тыянагынан үзүндү келтирели. Бардык талаптарды аткаруу үчүн жетиштүү каражат бар экенин көрсөтүүгө, активин жана милдеттенмелерин үч топко бөлөбүз.
I топко 60 күнгө жетпеген мөөнөттө жабылуучу активдер кирет. 8-апрелде эртең менен банктын кассаларында жана корреспонденттик эсептеринде акча каражаттары, ошондой эле баалуу металлдары бар болчу. Банк мамлекеттик баалуу кагаздарды жана корпоративдик баалуу кагаздардын бир бөлүгүн сатууга, ошондой эле банктардагы активдерин чакыртып алуучу кошумча мүмкүнчүлүктөргө ээ болчу. Мына ушул каражаттар жеке тараптардын-резиденттердин жана мамлекеттик органдардын алдындагы милдеттенмелерди аткарууга жетиштүү болмок.
Экинчи топко тиешелүү ликвиддүү активдерди айтсак , АУБдун кредиттик портфели болгон. Ошону менен аналитиктер, инсайдерлердин жана таасирлүү тараптардын кредитинин жалпы суммасы 306,658 миң сомду, башкача айтканда, кредиттик портфелдин 8,3 пайызын түзгөн деп эсептешет. Финансисттер, Улуттук банктын жетекчилиги эсептеген, 2010-жылдын май айында каражаттан чыгарылып (биринчи топко кошулган) де-факто кайтарылды деген ири брокердик компанияларда - IB (США), DRAGON (Украина), Ренесанс-Капитал (Россия) сакталган, экинчи топко тиешелүү ликвиддүү корпоративдик баалуу кагаздар, потенциалдуу жоготууларды жана чыгашаларды жабуучу резервди (РППУ) да эске алышкан.
Экинчи топтогу милдеттенмелерге, мурда эсептешилген жеке тараптар-резидент эместерден башка, банктар жана финансылык уюмдар, депозитке салган кардарлардын алдындагы милдеттенмелер кирет. Эскерте кетүүчү жагдай, финансисттер депозит боюнча милдеттенмелердин суммасынан 100 миллион сом суммасындагы "АУБ-Камсыздандыруу" компаниясынын белгиленген мезгилдин аралыгында салынган депозитин алып салууну белгилешкен. Анткени бул сумма банктын компанияга инвестиция салган каражатынын өлчөмүнө барабар.
Үчүнчү топко, АУБдун банктар аралык прессинг борборуна, "АУБ-Камсыздандыруу" жана "АУБ-Агро" компанияларына жумшаган инвестициясын кошууга болот. Ошондой эле жана башка активдер: алдын ала мезгилдерге карата төлөп берүү жана чыгымдар, кызматкерлердин аванс айлыгы, CASE депозитардык сактоосундагы корпоративдик баалуу кагаздар, товардык-материалдык запастар, баалуу кагаздар боюнча сакталган төлөнгөн пайыздар жана башка төлөм каражаттары. Ар кандай активдердин наркы менен эсептешүү үчүн потенциалдуу жоготууларды жана чыгашаларды жабуучу резервдин (РППУ) 50 же 100 пайызын чегерүүгө болор эле. Үчүнчү топтогу активдерди ишке ашыруунун жыйынтыгынан кийин, бардык калган милдеттенмелерден кутулууга акча каражаты жетиштүү болмок. Финансисттердин так баалоосу боюнча, банктын эсебинде дагы дээрлик 100 миллион сом каражат калмак экен.
Акырында, активдердин жана милдеттенмелер боюнча анализ КРнын Улуттук банкындагы баланстын, ошондой эле эл аралык абройлуу уюмдардын тыянагынын негизинде жасалганын эскерте кетмекчибиз. КРнын Улуттук банкынын мурунку жетекчиси ММКлар аркылуу жасаган бири-бирине каршы келген билдирүүлөрү өзүнүн жана иш-аракетиндеги актануусуна эч кандай кынтыксыз далилдерди таап бере алган жок.
Толкунбек ТОКТОРБАЕВ