Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

ТӨРГӨ ӨТҮҢҮЗ,
КОРРУПЦИОНЕР АКЕ!
Адамзат пайда болгондон ушул күнгө чейин өз баскан жолунда бир көрүнүштү жакшы десе, анын тескерисин жаман деп, ар бир көрүнүштү жаман-жакшыга бөлүп жашап келет. Аны менен бирге кечээ сонун деп эсептелген көрүнүш же сапат, бүгүн жаман деген сыпаттамага эгедер болуп калат. Коом улам алдыга алгалаган сайын эскини жаңы тебелеп-тепсеп кете берет тура. Эскини тепсеген бүгүнкү жаңы нерсе, эртең өзүнүн шору кайнап тебелендиде калары мыйзам ченемдүү көрүнүш экен.

Адамзат турмушундагы жаман менен жакшы нерсенин чегин адамдар өздөрү тактап алышат. Маселен, майда-бараттан эле мисал келтирели: тамак ичип олтурганда тырманганды жаман деп билебиз. А балким жакшыдыр. Анткени, бир жериң кычышса тырмаш керек го. Тамак ичип жатканда тырманганга болбойт деп, бирок кычышкан жериң жаныңды сууруп аябагандай тырмангың келип турса, тамак ичкендей да болбоссуң. Анын натыйжасында тамагың сиңбеши мүмкүн. Андыктан тамак ичип жатып деле кашынып алсаң жаман эместир…
Эми мындай жагдайдан мисал келтирсең толуп жатат. Ошондон улам мага момундай бир ой келет. А балким, бөтөнчө биздин мамлекетте жеп-ичкендердин кылыктары жакшы көрүнүштүр. Анткени, айлыгың баарына кенен жетпей турса, ал эми жетиштүү акчаны уруксатсыз алып коюуга мүмкүнчүлгүң болсо, анда эмне үчүн алууга болбосун. А жетпейт, бу жетпейт деп өзүң да куурап, бүлөңдү да кууратып олтургуча, казынаныкы делген акчадан алуунун ыгы келип турса алганың оң да. Ушундай талкууласак коррупционерлердин кылганы туура экен. Биз кези менен санап койчу Акаевдер, Бакиевдер, алар менен табакташ болгон, же арбайын жеке соккон Чынгышев, Рустамбеков, Сааданбеков, Керексизов, Кулов, Касымов, Акматалиев, Сарыгулов, Ногоев, Керимкулов, Шаршеналиев, Абышкаев, Баекова, Шайлиева, Сыйданов, Сыдыков, Танаев, Шин, Чолпонбаев, Субанбеков, Садиев, Конгантиев, Малабаев, Түлеев, Тойчубеков, Келдибеков, Ташиев, Үсөнов, Чудинов, Ширшов, Елисеев, Костюк, Султанов, Сулайманов, Абдураимов, Кадырбеков, Жапаров, Гаипкулов, Раев, Муйбиллаев, Сатыбалдиев, Калимбетова, Эсенаманов, Рысмендиев, Калматов, Кабилова, Жороев, Сулейманов деп санасак чексиз кете берчү тизмедегилердин баары казынанын акчасынан бири азыраак, бирок аз эмес, бири көбүрөөк, үчүнчүсү жарылганча… жеп алышкан да. Эми ошончо адамды жаман экен, коррупционер экен десек, а балким, туура эмес болор. Алардын жакшы жашагысы келет, кооз жашагысы келет, бүлөсүндөгүлөр бирден машине минсе эмне экен, аялдары бир койдун пулу менен чачы-башын жасатса эмне экен, уулдары казинолордо ойноп, ресторандарда чардашса эмне экен, жарашпайбы, жарашат. Жыргал турмушка, ашып-ташып турган турмушка, кооз турмушка, шатыра-шатман турмушка умтулган адамдарды кандай деп атамакпыз. Жаман аттуу кылганыбыз болбос. Эгерде алар жетпеген, жакыр турмушка умтулса, анда жаман дейт элек да…
Ошентип, логиканы ээрчисек мындай ой жыйынтыгы чыгат: жыргализм турмушту эңсеп, көксөп, анан ага жетүүгө керектелчү кайсы бир суммадагы казынанын акчасынан алып койсо, ала берсе, аны жаман жорук деп айтканыбыз болбос! Тескерсинче, коррупционерлерди "жыргализмге умтулган азаматтар" деп билгенибиз эп. Андыктан "коррупционер" дегенди мыйзамдаштырып туруп, жакшы деген сапаттарга кошолу… Бизде мыйзамдаштырылган нерселер жок болчу эле… Маселени түшүндүңбү, окурманым.
Эми биздин чакан мамлекетте, БУУга мүчө болгон кечээ эле пайда болгон Түштүк Суданды кошкондо 193 мамлекеттин ичинен жогорудагыдай "жакшылыкка, жыргализмге умтулган" адамдарынын саны боюнча алдыңкы орундардын биринде экенибизди Эл аралык эксперттерди убара кылбай эле өзүбүз эсептеп-чоттоп алсак болот. Бул жерде социологиялык изилдөөнүн да кереги жок, Алымкан менен Канымкан, болбосо, Боронбай менен Сооронбайлар эле айтып берет. Алар минтет: айыл өкмөттө иштегендер алабы - алат, мектепте иштегендер алабы - алат, медпунктта иштегендер алабы - алат, ооруканадагылар алабы - алат, университетте иштегендер алабы - алат, милийсалар алабы - алат, прокуратурадагылар алабы - алат, соттор алабы - албагандачы, бала бакчада алабы - алат, мэриядагылар алабы - алат, акимчиликтегилер алабы - алат, обладминистрациядагылар алабы - алат, өкмөттөгүлөр алабы - алат, парламентте иштегендер алабы - алат, депутат боло электе эле өлө алышкан, та-ак, салыкчылар алабы - алат, бажы кызматындагылар алабы - алат, финполиция алабы - албай эмне келесоо бекен, чек арачылар алабы - алат, архитектурадагылар алабы - алат, гумжардам тараткандар алабы - алат, адам укугун коргогондор алабы - алат… э балээ баскырдыкы, анан ким калат албаган?! Атаңдын башы калат. Анткени, ал өлгөн! Ушинтип айтышат Боронбай, Алымкандар…
Адам баласы жаралгандан эле чогулуштар кошо жаралса керек. Мисалы, таш балдасын көтөргөн байыркы адамдар мамонтту өлтүрүп келип жегенден кийин чогулуп сүйлөшкөн да, чогулуштагыдай сымал… мына бүгүнкү күнгө чейин ар кандай маанидеги, наамдагы, укуктагы, аталыштагы, чогулуштардан баш адашат. Ал чогулуштарда кызматы чоң адамдар, андан кичинерээктери кезеги менен сүйлөйт. Алардын сөзүнүн эң негизги мазмуну - тазалыкка чакырып турат. Маселен, моминтип айтышат: "Урматтуу бул чогулуштун катышуучулары, мен баарыңарды тазалыкка чакырам, ак иштегенге, так жүргөнгө, элдин мүлкүнө көз артпаганга, жеп-ичпегенге чакырам деп баштап, ушул багыттагы сөздөргө залды толтуруп сүйлөп салат. Анан "Балакет баскырдыкы, өзүмчү?" деп бир суроо коюп алып, кызара жаздап, кайра анысын басып салат "эмне, менден башкасы таза бекен, ушул залда олтургандардын баары таза эмес, небак булганып бүткөн немелер, энеңди урайын десе, угумуш болуп олтурушканын кара, момурашат тим эле" дегени ойго келип, сөзүнүн темпин бир топ эле көтөрүп таштайт. Анан сөзүн араңдан зорго бүтүрөт. Залда дүркүрөгөн кол чабуулар, "өлүп кетсең кана" деген тилек менен чабылган колдор… Анан экинчиси чыгып сүйлөйт, үчүнчүсү сүйлөйт. "Адамгерчиликтүү бололу, ыймандуу бололу" дегенди эзишет… кол чабуулар, "өлүп кетсең кана" дегендер…
Мындай чогулуштар айыл өкмөттөрдө, мэрияда, акимчиликте, обладминистрацияда, өкмөттө, парламентте… болот. Дагы да мектептерде, орто окуу жайларында, университеттерде, милийсаканада, прокуратурада, соттордо, коопсуздук кызматында, финполицияда, салык кызматында, бажы кызматында… болот. "Ак бололу… таза бололу… өлүп кетсең кана…жарылганча жебедиң беле…"
Чогулуштардын баарын эл көрөт. Мурун суктанып турушчу, сүйлөгөндөргө суктанып турушчу… Азыр "тигини, тигини, ой, энеңди о-ой…" дешет. Чогулуштарда сүйлөгөндөргө эл мынчалык эмне өчү бар экенин да терең изилдеген жан жок…
Жогоруда аты аталган "алдым-жуттумдарга" караганда жанагы рэкет дегендериң алда-канча тазабы деп калам. Анткени, алар уурдабайт, жигитче эле барып акчалууну өпкө талаштыра бир коет да: "Эй, эшек, он миң долларды эртеңкиге даярдап кой" - деп кете берет. Эртеси келип алып кетет. Көрдүңүзбү, баары ачык-айкын, орусча "прозрачно".
Бирөөнүн короосунан бир мүшөк картошка уурдаган немени сот соолто соттоп жатат:
- Бирөөнүн мүлкүнө кол салгандыгың үчүн мыйзам алдында жооп бересиң! Кандай акың бар, ыя, уурдаганга?!
- Бир эле мүшөк…
- Бир мүшөк болобу, бир тоголок болобу, уурдадыңбы жооп бересиң! Ушу сендей ууру-кескилердин айынан мамлекетибиз оңолбой жатат!
Бу кара башын жеген сот кечээ эле бир айбандан алган он миң долларын улам эстеп коет, анысы дем берет окшойт, байкуштун сазайын ого бетер окутуп, жанын сууруп жатат.
Картошка уурдагандын сот сураган акчаны таап келе албай залда шылкыя олтурган агасы төш чөнтөгүн сыйпалагандай болот, элестетип коет, чөнтөгүндө тапанчасы болсо, сууруп чыгып туруп сотту дал чекеге басып-басып алса…Иниси соттолуп тынды…
Сот болсо баланча деген көчө менен түкүнчө деген көчөнүн кесилишиндеги кичинекей кафеде дагы бир уурунун агасы менен жолугушмак. Ал ууру бир мүшөк картөшкө эмес, бир мүшөк акча уурдаган неме болчу. Агасы сот айткан сумманы алып келмек…
Бул сот уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн да соттойт, аларды бошотот же… бошотот.
Үйдө да, көчөдө да, акимчиликте да, мэрияда да, өкмөттө да, парламентте да анан, албетте, базарда да бирин-бири алдоо.
Этика, мораль, ыйман, адамгерчилик дегендер тебелендиде… Бизге аз жылда эле бир топ кут түштү: Жети-Өгүзгө, Соң-Көлгө анан Түп районундагы бир мечитке. Эмнегедир алардын тийгизген пайда-таасири көрүнбөйт. "Манастын" руху колдойт деп да жатабыз, ал тараптын да алы жетпей жаткандай… Наадандыктан, ач көздүктүн, арамдыктын жолу кенен чабылып жаткан жокпу?!
Ушундай турмуш. Өзүбүздүн эле карачечекей Кыргызстандагы турмуш. Келечекке шилтенген кадамыбыз ушундай болуп турат…
Аз өтсө экономикабыз бутуна турат, коррупцияны кан буугандай токтотобуз, уюшкан кылмыштуулуктун тим эле тамырынан жулуп таштайбыз!
Чогулуштар өтүп жатат…коррупционерлер сүйлөп жатат…

Баратбай АРАКЕЕВ