Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

КАТТООНУН
КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ
Жарандарды жашаган жери боюнча каттоого алуу Кыргызстан, анын ичинде биринчи кезекте Бишкек шаары, Чүй облусу боюнча эң орчундуу көйгөй. Бишкек, Чүйдө каттоого албоонун натыйжасында жарым миллиондой жарандар Конституциядагы негизги укуктарынын бири - шайлоо укугунан ажырашты. Азыркы бийлик каттоого алуу маселесин чече албаса да жок дегенде ушул проблеманы чечип, эми Шайлоо кодексинин жаңы талабы боюнча шайлоочулар катталган жери боюнча эмес, жашаган жери боюнча добуш берүү укугуна ээ болушту. Ушунун өзү жарандарды каттоого алуу өтө машакаттуу иш экендиги, анын артынан толгон-токой юридикалык, социалдык маселелерди чечүү керектиги сезилип турат.
Жарандарды каттоого албоо мыйзамдуубу? Албетте, жок. Паспорттук-визалык режим башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, каттоого алуу жөнүндөгү 2004-жылдын 4-декабрындагы №886 Жобого ылайык, Бишкекке өлкөнүн башка аймактарынан келгендер 5 күн ичинде келген жеринде убактылуу катталып жана В-талон алышы керек. Жарандарды жашаган жери боюнча каттоого албоо көйгөйү биринчи кезекте ички миграцияны бийлик жөндөй албай жаткандыгынан болуп жатат. Эгемендик алган мезгилден бери Бишкектин чет жакаларында пайда болгон 50гө жакын жаңы конуштардагы жалаң кыргыздардын көрүп жаткан көрпай-шөрпай турмушу бул айтылгандарды ырастап турат. Шаар аймагы кийинки 10 жыл ичинде ушундай жаңы конуштардын эсебинен 3000 гектарга жакын аянтка кеңейген. Азыркы Бишкек ошентип чабалекейдин уясындай чампаланган, курулуштарынын 50 пайыздан көбү архитектуралык-курулуш, жер титирөө, сел каптоо кырсыктарына туруштук берүүчү талаптарга жооп бербеген жаңы конуштардын курчоосунда калды. Ал конуштардын суу менен камсыз болуусу 37%, электр энергиясы менен 70%дай жана талапка ылайык жол каттамдар менен 57% гана камсыз болгону айтылат.
Жарандарды каттоого алууда эреже-мыйзамдардын сакталбай жаткандыгы ички мигранттардын өздөрүнүн эреже, мыйзамдарды билишпегендигинен, экинчиден алардын ушундай байкуш абалынан пайдаланып, ар кандай пара алууга каныккан чиновниктердин ыймансыздыгынан болууда. Мындан ары жарандарыбызды ушинтип кыйноолордон арылтуу үчүн КАТТОО системасын жөнөкөйлөштүрүү зарыл. Кантип?
Биринчи кезекте жарандарга социалдык кызмат көрсөтүү алардын каттоосу бар же жок экендигине байланыштуу болбошу керек.
Ички мигранттарды каттоодогу бюрократиялык тоскоолдуктар алардын жашоо-турмушуна тийгизген терс таасири туурасында Борбор Азиядагы эркин базар институту жүргүзгөн сурамжылоо айкын көрсөтүп турат.
Сурамжылоого катышкандардын көпчүлүк бөлүгү- 43,7% орто, 21,5% атайын орто, 19,35% жогорку билимдүүлөр. Жаш курагы боюнча 52% 25-34 жаштагы бала төрөө курагындагы кыз-келиндер, 49% 18-24 жаш, 37 % 35-49 жаштагылар. Демек, көпчүлүк түйшүк аял адамдардын башына түшүп жатканы көрүнүп жатат. Кесиби боюнча 41,94 % кара жумушчулар, 21,51% ишсиздер,14,34% студенттер болуп чыгышты. Бишкек жана анын айланасында канча мезгилден бери жашап жаткандыгы такталганда, 29,39% бир жылдан 3 жылга чейин, 27,24% 4 жылдан 7 жылга чейин, 20,43% 8 жылдан ашык мезгилден бери жашай тургандыгын айтышкан. Мунун өзү каттоого байланыштуу көйгөйлөр ошончо жылдан бери оң чечилбей келаткандыгын тастыктайт. Эмне үчүн жер которуп келгендиги суралганда 64,16% жакшы иш табуу үчүн келишкендигин айтышкан. Ушундан улам, ички миграциянын негизги эле кыймылдаткычы социалдык-экономикалык маселе экендиги билинди. Жакшы жашоого жетишели деп жер которуп жүргөндөрдүн 47% каттоо системасы бар экендигинен кабары жок. 63% кай жерден катталаарын жана 41% бул үчүн кандай документтер керек экендигин билишпейт. Демек, каттоо түйшүгүн жөнөкөйлөштүрүү адамдардын ишке орношуусун, медициналык жардам алуусун, балдарын бакча, мектепке жайгаштыруусун, социалдык башка кызматтардан пайдалануусун жеңилдетээр эле.
Темир СМАНАЛИЕВ




  Эл башчыларына жана жакшыларына ачык кат

Маалыматтык цианид
(Жан күйгөндөн жазылды)
"Аргументы и факты" газетасынын 2011-жылдын 25-31-майдагы №21 санына "Киргизия рожденная в СССР" деген ат менен кыргыз элин, кыргыз мамлекетин басмырлап, кемсинтип, кордогон макала чыгарылган. Кунт коюп окуган адамга макала март айында даярдалса да атайлап, Ош окуясынын жылдыгына карата чыгарылгандыгы жана оболу көлөмдүү даярдалып, бирок газета бетине жеткенге чейин миң алакеттен өткөрүлүп, оңдолуп иштетилгендиги, кыскасы, макала жазмакерге калем акы, жол кире, ж.б. долларларын олчойто төлөп берген бузукулардын купулуна толгондон кийин гана газета бетине агытылгандай.
"В этнических чистках страны погибли тысячи узбеков" - деп айтылат макаланын атайылап баса белгиленип берилген аннотациясында. Бүттү, андан ары бул жөнүндө бир да сөз жок. Атайылап. Анткени бул сүйлөм дал ушундай мазмунда жазылышы жана дал ушундай берилиши менен үрөй учурган калпка жалаң танылгыс фактыларга гана таянып чыгарылган сот өкүмүнүн маанисин берет. Ал макаланы аягына чейин окурмандар дал ушул сүйлөмдүн таасири астында, - балким 3 миң, же 5 миң, а балким 9999 өзбек өлтүргөндүр, кай жеринде айтылат болду экен деп күтүп окуйт. Автор андан ары ошончо өзбекти кырып-жойгон элдин "портретин" гана тартып кетет. Анын айтымында, биз азыр "киргиздер" жана "кыргыздар" болуп, экиге уламдан-улам өөрчүп бөлүнүп бара жатыптырбыз. "Киргиздер" жолугуша калышса өз ара орусча гана сүйлөшкөн билимдүү, интеллигент мурунку муундагылар, а "кыргыздар" калпак кийип, өткөндү жек көргөн ар кандай даражадагы улутчулдук дартына чалдыккандар экен. Автордун айтымында, борбордон канчалык алыстаган сайын эл орусчаны ошончолук начар билип, турмушу да ошого ээрчише начар - ата бабасынан тартып ушу күнгө чейин там үйдү көрбөй боз үйдө, же сыртына уйдун огун жампалап чаптап койгон кепелерде жашаганы көп экен. Ага жолунан кадам сайын эшек арабалардан жол талашкан "412-Москвич" менен "копейкалар" - "01-жигулилер" гана кабылыптыр.
"Не секрет, что революции устраивали на деньги криминала", - деп ырастайт жазмакер андан ары. Белгисиз бирөөнүн - болгондо да жергиликтүү адамдын оозу менен, дал ошол криминалдар менен ширелишип, өздөрү да криминалга айланып кеткендерди бийликтен кубалоодо шейит болгон азаматтарыбыздын арбактарына түздөн-түз таш ыргытып.
"Кажется, еңе пара революции, и озверевший народ начнет писать в кремль с просьбой "вернуться в СССР". Бир окуп кеткенде жөнөкөй эле көрүнгөнү менен, информациялык цианиддин дагы бир чоң тамчысы дал ушул акыркы сүйлөмдө тамызылган. Түшүнөлү: "озверевший народ" деген сөз айкашы басма сөз беттеринде дээрлик колдонулбайт. Себеби буга жазма сөз маданияты жол бербейт. Анткени мындай сөз айкашы эл, бүтүндөй улут айбанга, жырткычка айланып кеткенинин элесин тартат. "Озверевший" деген түшүнүк негизинен ашынып кеткен кылмышкерлерди, кылмыштуу топторду, немецтик фашисттерди мүнөздөөдө колдонулат. Ошондо да "немецтик" деген сөзүн алып салып. Ал эми "начнет писать Кремль с просьбой вернуться в СССР" деген түшүнүк биринчиден - мемлекет катары өз алдынча жашай албай, тополоң түшүп чачырап жатканыбыздын, экинчиден, СССР эчак эле тарап, ага кайрылуу эч мүмкүн болбой калганын билбестен далбасалап, жан аргасын издеп Кремлге кайрылган байкуштубугубуздун, алиге улут катары калыптанбагындыгыбыздын, билимсиздигибиздин элесин тартат.
Жыйынтыктап айтканда, макаланы толук окуп чыккан адамда: буларың цивилизациядан алыс, эч кандай маданиятты билбеген, мал менен мал болуп жашап жаткан канкор, жырткыч эл экен, демек, жанагы эл аралык комиссиянын айткандары туура экен, бирок ошол эл аралык комиссия да чындыкты толук таба албаптыр, көрсө, кыргыздар нечен миңдеген өзбектерди жөн эле кырып салыптыр, а өздөрүнөн чыккан да чыгым болбоптур деген ишенимдүү, бекем ой калат. Андан кийин ал ойду, ал адамдын мээсинен эч кандай жүйөө, далил менен жууп кетире албайсың. Анткени ушак өрт сыяктуу өрттөй албаса да, көө сыяктуу көөлөп кетет (Достоевский).
Жыйынтыкка дагы бир кошумча айтсак, бул макала эл аралык комиссиянын отчетун баш кылып ММКда бизге каршы жарык көрүп жаткан бардык маалыматтарды ачык, тикелей колдоо. Демек, жыландын уюгу бир эле жерде.
Окурмандары 9 миллионду чапчыган бул басылмага шайтандан ашып, азезилдин амалы менен даярдалган мындай макаланын жарык көрүшү биздин улуттук келечегибизге, мамлекеттик бүтүндүгүбүзгө, жалпы эл-журтубуздун аброюна урулган чоң сокку жана өзбек эле эмес, калган башка улуттар менен да өз ара араздашуубуздун өбөлгөсү болуп калмакчы. Ошондуктан, урматтуу депутаттар, жакынкы күндөрдө "Аргументы и факты" газетасына чыккан ушул макаланы парламенттик талкууга коюуну жана бул макалага кечиктирилбестен жүйөлүү, далилдүү, эң негизгиси сабаттуу жооп кайрууну, ар кандай ыплас таламдардан өөдө турган, улутубуздун келечеги тууралуу стратегиялык ой жүгүртө билген инсандар катары сиздерге сунуштайм.
Ал эми макалага кандай жооп кайруу жөнүндө пикиримди жакынкы күндөрдө ортого салганга аракет кыламын.

Жээналы Урмукеев