Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

БАШКАЛАР "АТА-ЖУРТКА"
ГАРНИР ГО…
Оо де, алдыда эл жону менен көтөрчү далай оор иштер турат. Биринчиден, Бакиeвдин куйруктары "тыбырчылап" олтуруп бийлик тараптын тамтыгын кетирип жаткандай, экинчиден, президенттик шайлоо келатат, коркунуч болуп. Белгилеп кетсек, президенттик шайлоо биринчи жолу эркин маанайда болгону турат. Анткени Акаев, Бакиев тушундагы шайлоолор карандай зордук менен өтчү эмес беле, мейли эл массасы кай процентти көрсөтпөсүн, бийликтегилер өз проценттерин жарыя кылып шайлоону бүтүрүп койчу да. Ал маселени БШК төрагасы болуп, элге аттиң болуп шайланган Туйгуналы Абдраимов мырза жакшы билет. Бул шайлоо андай болбойт. Бирок, президенттикке каалаган адам көрсөтүлүп, ал эргулуң баягы элден жеген акчасын чачып, шайлоо кампаниясындагы таза эмес жолдорду туу тутуп, эки-экиден, топ-топ болуп, акыр аягы түндүк-түштүк кылып чабыштырып ташташы чындыкка жакындап келет.

Бакиевди эмнеге кулаттык деген суроо кайра-кайра келе берет да анын жообу жалпы журтка жат болуп бүттү: Бакиев элин эл дебегени үчүн, эл байлыгын өзү гана эмес, балдары, бир туугандары жана чөөдөй болгон санаалаштары менен кошо талап алгандыгы үчүн, аны менен кошо демократиялык өлкө деген атты алган Кыргызстанга диктатор болуп алгандыгы үчүн куулган эмеспи. Ырас, өзү, бала-чакасы, бир туугандары өлкөдөн түгөлү менен качып, калгандары камакта. Бирок анын камчысын чапкан куйруктары түгөлү менен эле ушул жерде жүрөт го, жөн жүрбөй чоң-чоң кызматтарда олтуруп алып кылгылыкты кылып жатпайбы.
Унутулбас, Бакиев куулары менен Келдибеков, Султанов, Ташиев, Сулайманов, Гаипкулов сыяктуу анын жөкөрлөрүнүн кээси тээ Алайга чейин кире качкан. Түлееви болсо Москвага чейин дырдыгып барып кайра келди. Баарынын шымдары бир ирет чоң булганган эмеспи… Андайлар толтура эле.
Анан бул бийлик кыйын кырдаалга кабылып, дайынын таап-таппай турган абалда турганда бакиевчилер жыла басып элге аралаша баштады, анан бу бийликтин көп нерсеге шаасы жетпей турганын аңдап туруп, бара-бара Бакиев тушундагы абалынын деңгээлине жетишти: "Ак Жолду" алмаштырган "Ата-Журт" партиясын түзүп, карандай акчанын жана да жердешчиликтин күчү менен парламентке толуп алышты. Ал жердеги депутаттардын баскан-турганын, деңгээлин ж.б. сапаттарын жалпы эл жарым жыл көрүп, белгилүү деңгээлде баа берип да коюшту. Келдибеков "190дон ашык мыйзамдарды кабыл алдык" деген мактанычын чечмелесең элге жакшылык алып келген жагы анча деле билинбей турат. Дагы бир ирет кайталайлы, Бакиев кулагандан кийин бийликке келгендер ошол кыйын кырдаалда дайынын таап-таппай турганда бакиевчилерге катаал мамиле жасагандын ордуна эркелетип турбадыбы, биринчи иретте президент Роза Отунбаева ошол мамилесинин азабын тартып да жатат. "Жоо аяган жаралуу" дегенди деле кайсы мезгилде болбосун эстен чыгарууга болбойт экен! Баарыдан да контрреволюция аракетин көрүп, тилеги ишке ашпай калган Сыдыков менен Масалиевди жазалоонун ордуна эркелетип таштагандарын карабайсыңарбы! Соттордун кылыктары эшек менен төөгө гана эмес, бүтүндөй жан-жаныбарларга жүк болуп бүттү го!
Парламентте үч фракция коалиция түзүп иштеп жаткандай көрүнгөнү менен, ал формасы гана экен, ал эми мазмуну боюнча парламентти "Ата-Журт" партиясы Келдибеков, Ташиев, Жапаров, Сулайманов, Түлеев ж.б. болуп башкарып жатат. Ал эми берки фракциялар "Ата-Журт" фракциясына гарнир катары кетип жаткандай жагдай баамдалат.
Кандай болгон күндө да парламенттик башкаруу дале болсо кыргыз менталитетине жараксыз өңдөнүп турат. Андан көрө президенттик башкаруу болсо, президент болуп сыдыргыга салгандай азамат шайланса… Акаев менен Бакиев бүтүндөй бир башкаруу системасынын ойронун чыгарышпадыбы. Болбосо, Россияны. Американы, Францияны, Бразилияны, Аргентинаны ж.б.мамлекеттерди президенттер дурус эле башкарып жатышат го. Оюн-чындан ойлоп койсо зыяны болбос: жүз жыйырма коррупционерди бакканча бир коррупционерди баккан оңой дегенди…
Роза Отунбаеванын Бакиевди кетирүүдөгү жана андан кийинки мезгилдеги эмгеги ырасында эле зор болду. Бакиев кулагандан кийин бир катар мамлекеттер жаңы бийликти тааныбай, легитимсиз деп, аны бул жердеги бакиевчилер кубана колдоп саботаж жасап турганда ушул эле Отунбаеванын аракети менен баары орду-ордуна келбедиби. Аны менен кошо мурунку президенттердин кейпин кийбейин деп, накта эркиндикти орнотолу деп, эми бир мөөнөткө шайланайын дегенди айтпады. Бакиевчилерге дагы эмне керек?! Туура, Бакиеви керек. Бакиевди болсо, эл массасы колдобойт.
Элибиздин дээрлик көбү айтып жатат: Роза Отунбаева эми бир мөөнөт иштеп берсе, эң сонун болмок деп. Эл деген жөндөн-жөн эле бүтүм чыгара бербейт. Бакиев кеткенден кийинки мамлекетибиздин абалы аябагандай жаман эмес беле. Мына ошол мамлекетти Россиясы менен Американы баштап, өзүбүздүн эле кошуна Казакстан менен Өзбекстан мамлекеттерине чейин таанытып, белгилүү деңгээлде эсептештирип да койду Отунбаева. Президенттигин өткөрүп берип, дале болсо мамлекетибиздин бир жүгүн көтөргөн кызматта эли үчүн иштеп берет дегенди айткандар бизде арбын.
Парламентке толуп алган ата-журтчулар жана ага жан тартып турган бир катар депутаттар Отунбаевага, Атамбаевге, Өмүркуловго, Каптагаевге ж.б. каршы тымызын иштерди жүргүзүп келишти. Көбүн көңүлгө калтырып, азынан айталы: Бакиев кулагандан кийин Убактылуу Өкмөт өз декрети менен тиги айбандар менчиктеп алган 47 объектини мамлекеттин карамагына алган эле. Эми объектилердин, жерлердин 15инин тагдырын сот чечсин деп, "таза" сотторго багыштап таштады. Парламенттин бул кылганы: Бакиевдер басып алган менчигин кайра алсын, ага көмөктөшкөн соттор эми бир тоюнуп алсын деген эмеспи. Саналган объектилерди Бакиевдер сот аркылуу сурап алган эмес, жөн гана карандай зордук менен басып алган. "МегаКом" боюнча да бакиевчилер жеңишке жетишип жатат, бул дагы парламенттин жардамы менен болду; БШКга мурун элдин ишениминен кеткен Абдраимов менен Кадырбеков дегендер шайланып, ал тарап ылайланып эле жатып калды. Эми булар жасаган иш тунбас!
Абдраимовдун Акаев тушундагы иши жалпы журтка маалым - ал элдин добушун каалаган нукка өзгөртүп турган. Анан ошондой мыйзам алдында кылмышкер катары жооп берчү адамды БШКга кайрадан олтургузуу наадандык деген сыпаттамага эгедер. Башка кандай сыпаттама тапмакпыз?!
Туура, бакиевчилер болобу, коррупционерлер болобу, бандити болобу, же башкасыбы, баары өзүбүздүн адамдар. Алар деле Мекенин сүйөт, алар деле элим дейт, бирок "кичине, кипкичине" жаңылып коюп жатышпайбы, жеп-ичип, мыйзамдарды бузуп, бирөөнүн жеке башына шек келтирип, кордук көрсөтүп ж.б. Мына ошолор жзылган жана да жазылбаган адамзат пир туткан жакшылыктарды кууп жашаса эле, мыкты делчү турмушубуз келмек. Андай күн тээ жомок тараптын да нары жагында болуп жатпайбы.
Жаман адам болбойт дейт, жаман кылык болот дейт. Анысы туура экен, бирок бизде жаман кылыктуулар толуп кетпедиби.
Азыр мамлекетибиздин басып турган жолу түз нукта кетип бараткан жери жок. Мындай кырдаалда диний фанатиктер далай ишти жасоого аракет кылып жаткан учуру. Биздеги дин тарыхына аздап саресеп салсак, анда кыргыз эли мусулман динин кийин-кийин эле кабыл алган экен. Ошондон улам, ислам дининин жол-жоболору менен фетишизм, тотемизм, буддизмдин элементтери да диний түшүнүгүбүздө жашап келет, практикада көрүнөт…
Конституцияда даана жазылып турат "ким кандай динди кабыл алат, анын эрки" деп. Аны менен эле бирге "биздин мамлекетте дин менен мамлекет бөлүнгөн" деген жери да бар. Эми кээ бирөөлөр динди мамлекеттик кылып, мамлекетибиз диндин жоболору менен жашоосу керек дегенди айтып жатат. Ал жол анча деле алымдуу эмес. Азыр мусулман дүйнөсүндө диндин башкаруусундагы мамлекеттердин пайдубалы анча бышык эмес экендигин аңдап да жатабыз. Исламдын мыйзамдары менен башкарылган Иран, Афганистан сыяктуу мамлекеттердеги абалды эстеңиз… ар кайсы мамлекеттердеги исламдын негизги эки агымы болгон сунниттер менен шииттердин кармаштарын, согуштарын эстеңиз. Диний эксперттер айтып жатат, азыр мусулман өлкөлөрүндө диндин канондору менен башкарууну каалаган мамлекеттер кескин азайып турат.
Өзүбүзгө келе турган болсок, биз мамлекеттин динден оолак болуп, Конституциябызда айтылгандай жашашыбыз керек. Кийинки жылдары телевизордон, гезиттерден молдо-солдолордун мамлекеттин саясатынын элементтери бар сөздөрүн угуп калчу болдук. Мамлекет менен дин бөлүнгөн абалды кармашыбыз ажеп… Конституциябызды сактайлы да, молдобуз менен жөнүбүз.
Биздин чоң-кичине молдолор диний экстремизмге каршы, исламда жашап келген жана пайда болуп жаткан накта исламдын мыйзамдарына туура келбеген агымдарга каршы күрөш жүргүзүүсү керек. Азыр таза исламы кайсы, тескери кеткени кайсы, карапайым адам түшүнө албай да турат.
"Семиз" саясатчылар менен коррупционерлер оор, жеңил турмушта бирдей эле өмүр сүрө берет экен кебелбей. Убал элге экен. Эки тарапты теңдеп коюуга бу бийлик системасында оңтою келбей турат, бийлик башындагылардын тилеги бир жерден тогошпой турат. Качан экенин билген адам жок…
Баратбай АРАКЕЕВ