Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Эмне кылыш керек?!
Кыргыз эли, эзелтеден "көптүн көзү көрөгөч", "эл калыс" - деп туура эмес бийлик жүргүзгөн бийлерди, эл таразасына коюп келишкен. Кара кылды как жарган калыстар хандан, бектен кайра тартышпай, "Туура бийде тууган жок, туура эмес бийде ыйман жок!" - деп ар дайым калыс сөздөрүн айтып келишкен. Эсирип бараткан хандын, бектин көздөрүн ачып, тизгиндерин тартып келишкен. Ак сакалын жайкалткан Бакай атадай карыялар, өлөр-өлгөнчө нарктуу, салттуу сөздөрүн тыйышкан эмес.
Мына ушунун баары өткөн бир кылымдын катмарларында кала берсе керек. Бүгүнкү биздин доордо эл калыстыктан тайып турат. Калыс сөзүн айткан карыялар жок! Баарысы коркок, кошоматчы. Көр оокаттын айынан көз каранды болуп калышкан. Ал эми байлар элди болбогон тыйынга сатып алышып, каалагандай калчап турушат. Ага эл дагы макул болгон сыяктуу. Качан акты "ак" деп, караны "кара" дегенге кудуретибиз жетет?! Мына бүгүн Түштүк жергесинде кайрадан түштүктүн кулундарын коргоп, ак сакал көк сакалдар, чуу көтөрүп турушат. Бул эмнеден кабар берип турат? Муну президенттик шайлоо алдындагы учкун десек болот. Эгерде 1-июндагы өрттү бакиевчилер чыгарса, эмки өрттү ташиевчилер чыгарышы толук мүмкүн. Парламенттик шайлоодон кийинки А.Мадумаровдун жактоочуларынын аягы жаңы эле сууй баштаганда, эми Ташиевдин жактоочулары көтөрүлүп турат. Мыйзам алдында баары бирдей экенин эмне үчүн эл түшүнбөйт. К. Ташиевдин ордунда башка бирөө ошентип, бирөөнүн башын кандаса, ал эмгиче түрмөдө олтурмак. Бүгүн кылмышы бар, куйругунда калбыры бар жетекчилердин баары, элге жамынат, законду уруп ойнобойт. Ал эми өлкөнүн мыйзам сакчылары андайларга тиешелүү жаза колдонгондон коркушат. Себеби эл көтөрүлөт. Түндүк-түштүк элинин ортосуна доо кетет. Мына ушуну билип алган айрым түштүктүн саясатчылары бүтүндөй түндүк элин барымтага басып жатышат. Баарыбыздын тилегенибиз эл биримдиги, тынччылык. Жакшы айлык, жакшы пенсия. Эгер ушулар болсо жашоо-турмушубуз оңолот. Тамак-ашты кенен ичебиз. Дары-дармекке акча жетет. Балдарыбыз жетиштүү билим алат. Мына ушул турмушка жетиш үчүн, бүгүнкү өкмөт башчыларынын иш-аракеттерин кантип көрбөй коюшка болот?
Эл-журт тынч кезде А.Акаев менен К.Бакиев көбөйтпөгөн айлыктар, ушундай оор шартта эки-үч эсеге көтөрүлдү. Жетинчи апрелдеги, онунчу июндагы жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам көргөзүлүп жатат. Өрттөлгөн үйлөрдүн ордуна үйлөр курулууда. Бул жакшылыкты эмнеге көрбөйбүз? Бүгүнкү Өкмөт башчылары түштүк элинин суроо-талаптарынын, анысына дагы макул, мунусуна дагы макул болуп келишет. Бирок ошого карабай түштүк элинин түндүк элине болгон таарынычы күн санап күчөгөндөн күчөп келет. Өйдө тартса өгүз өлөт, ылдый тартса араба сынат. Эмне кылыш керек?! Бийликтегилердин башы маң.
2005-жылы эл Акаевди кууп чыкканда президент болгонго Ф.Куловдун 100% мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок анда дагы так талаштан эки ортодо эл бөлүнбөсүн деп, ылайыгы жок болсо дагы К.Бакиевди президенттикке шайлоого туура келген. К.Бакиевдин билимсиз, эч нерсеге жөндөмсүз экенин билсек дагы билмексен болуп, акыркы минутасына чейин чыдадык. А.Акаевди түндүктүн эли К.Бакиевдин адам кылгыс иштерин көрүп туруп, "акмак" деп айтканга алигиче тилдери бурулбай келет. Ошондо, түштүктүн эли толкубай, акыл токтотуп, баа берип, Ф.Куловду президенттикке шайлаганда 7-апрелдеги кан төгүүлөр, 10-июндагы кызыл кыргын болмок эмес. Мына, эл калыстыктан тайганда эл эмнени көрөт. Энелердин көз жашы, жетим калган балдар, жашоонун даамын тата элек жатып жесир калган жаш жубайлар, ушунун баары элге сабак болбой жатат. Эмне кылыш керек?!
Эми боло турган президенттик шайлоо түндүк-түштүк биригип, татыктуу адамды тандайлы? - дегендин ордуна "жаман болсо да өз кочкорум күлтүңдөсүн!" - деген эл болуп турат. Эмне кылыш керек?!
Мына, президентибиз Р.Отунбаева кыска мөөнөттүн ичинде Америка, Европаны түп көтөрө кыдырып чыкты. Ошол барган жеринде аттуу-баштуу өлкө жетекчилери колтуктап алып жылуу кабыл алышкандарына күбө болдук. Ханды көрүп эл анын элине баа берет. Премьер-министрибиз А.Атамбаев канча эл менен жолугушуп, канча чечилбей келген маселелерди чечип келет. Бүгүн бизде бутунан туруп, мурдунан тынгандын баары эле хан болгусу келет. Мансап, бийлик акылы тайыз адамдарды акылдан адаштырат окшобойбу. Болбосо, мен "билем" дегенден мурун "Мен эмнени билем?" деп өзүнө-өзү баа берип көрсө, эл тынч болот эле. Ушундан улам, "билемден" чыккан бир шиңгил:
Илгери бир куу адам кузгунду "билем" деген сөздү айтканча үйрөтөт. Аны көтөрүп алып, миң сандаган малы бар бир байга алып келет.
- Байым! Мобул кузгун баарын билет. Ишенбесеңиз сурап көрүңүз, - дейт. Бай кузгунду карап:
- Кой кайтарганды билесиңби?
- Билем!
- Уй кайтарганды билесиңби?
- Билем!
- Көч баштаганды билесиңби?
- Билем!
- Отун-суу алганды билесиңби?
- Билем.
Муну уккан бай тигинин сураганын берип, жолго салат да, короодогу койлорун, желедеги жылкыларын айдап чыгып, - Бар кайтарып кел! - деп кузгунду учуруп жиберет. Жайыттан малы келбей кечиккенинен издеп барса, бүт малын карышкыр кырып кеткен болот.
Ушул "билемдердин" айынан жазыксыз канча кан төгүлүп, өлкөбүз канчалаган экономикалык кыйроого учурады. Түндүк-түштүк маселесинин курчушуна бир себеп, Бакиевдин куулуп чыгышы болду. Түндүктүн эли Бакиевди анын үй-бүлөсүн түндүк-түштүк элинин ырыскысына кол салып, уурдаганы үчүн кууп чыкты. Бул жерде эч кандай бийлик талашуу болгон жок. Ушуну эл түшүнүшү зарыл эле! Ал эми муну элге жеткириш А.Мадумаров, К.Ташиев, М.Ниязовго окшогон сакясатчылардын милдети болчу. Бирок булар антиштин ордуна, эл бүлдүргү партияларды пайда кылышууда. Бүгүн биздин өлкөдө эң коркунучтуу маселе - Түндүк-түштүк маселеси. Мурун бул маселени козгоштон коркуп, сылап-сыйпап келсек, бүгүн ачык айтканга туура келип отурат. Бир аймактын патриоту болуп, саясий упай топтоп, от менен ойногондор көбөйүп баратат.
Эгерде бийлик үчүн, бири-бирибиздин көчүгүбүздү чукуп, түндүк-түштүк маселесин курчута берсек, бир күнү тажаган бир патриот чыгат да "тойдум байдын кызына" деп чарт жарылат. Ошону менен эл бөлүнөт да калат. Анда, Бакиев келип же К.Ташиев барып түштүктүн элин гүлдөтүп жибербейт. Араң турган өзбектер менен тажиктер алакандай түштүк жерин бир заматта тытып кетишет. Андай күндө Ташиев элге танка таратып берсе дагы, түштүктүн элин сактап кала албайт. Түштүк жергесин мамлекеттүүлүк, элдин бүтүндүгү сактап турат. Эми ошол эл бүтүндүүлүгүн сакташ үчүн эмне кылыш керек? Түндүктүн эли да жыргап кетпейт. Тууган деген казактар туурадан чыга келет.
Ошондуктан эмне кылыш керек, эл-журт?

Абылгасым Абдыракманов,




Кызыл-Кыя
мэри ыпластыкка сүңгүдүбү?
2010-жылдын 7-апрелинде Бакиевдин режими кулады. Буга чейин иштеп келген кээ бир аткаминерлер бийлигинен ажырады. Анын ичинде Кызыл-Кыя мэри Хабибулла Халмурзаев да бар. Аны жергиликтүү эл токтоосуз ээринен шыпырып түшкөн, шыпырылып түшкөн. Убактылуу Өкмөт анын ордуна Элмира Арапова айымды отургузган. Аз өтпөй кызыктын баары башталды...
"Билген намазыңарды окугула!"
Ичи ачышып калган Хабибулла акчасын асманга сапырып, жергиликтүү элге "жер берем" деп, пикет-микет уюштуруп атып, кайрадан жылытып койгон ээрине отурган, эл отургузган. Кийинчерээк президенттин "Кызыл-Кыя мэри болуп, Хабибулла Халмурзаев шайлансын" деген Указы чыгары менен баягы ээрге отургузган элди тааныбай, "кайдан көрдүм кара эшек, жолдон көрдүм жоор эшек" дегенсип, убада кылган жер тилкелерин унутуп, кайрылып келген адамдарды кабылдамасына жолотпой, арыраак жактан айдап салган жайы бар экен.
Хабибулла Халмурзаев кимге таянып иш кылат?
Угушубузча, Кызыл-Кыя шаар башчысы өкмөттөгү бир үлкөн менен мамилеси жакшы экенин айтып, мактанып жүрөт атын сатып. Андан тышкары, бир тууганы Абдыбакыт Халмурзаев Ысык-Көл облусунун прокурору болгондуктан, күч структурасындагы кээ бир кызматкерлерди колго алып койгон имиш. Ага-ини билинбегени менен, бири-бирине жарнакташып, "левый" иштерди жасоо боюнча камчы салдырбай калгандыгы айтылууда. Деги эле мамлекеттик кызматкер жең ичинен бизнес менен шугулданып, өз кызыкчылыгын элдин кызыкчылыгынан жогору койгону болобу?
Баласынын жоругу жана байлыгы
Баласы Данияр Халмурзаев да шаардык Кеңештин депутаты. Мындан 1,5 жыл мурун ашыкча жүз грамм басып, темир тулпарынын тизгинине алы келбей, бирөөнү кырсыкка учуратып уруп кеткен. Атасы чырдын дымын чыгарбай баскан. Алгач, "чыгымдардын бардыгын төлөп берем" деп жабырлангандын ата-энесине сөз берип, аз өтпөй "мындай сөздү айткан эмесмин, деги силер кимсиңер?" деп шылдыңдаган имиш. "Өлгөндүн үстүнө көмгөн" дегендей. Эми байлыгы деле бир топ дейт. Булардын баарын атасына каттатып койгон экен.
1. Кызыл-Кыя шаарындагы жалгыз мейманкана. Арткы жагында саунасы менен кошо. Кечкисин кыздардын шарактаган үндөрү угууга жана кымбат баалуу машинелердин токтоп тургандарын көрсө болот. Бул жерде ачык эле сойкулук иштери жүрүп, ал аймакка моралдык жактан бузулуу эпкини болууда.
2. "Каныбек" тойканасы
3. "Дан-Азык" АКсы
4. "Нан" АКсы
5. Базар жанындагы бүтпөй калган көп квартиралуу үй. ж.б.
Эмне иши менен мактана алат?
Хабибулла Кызыл-Кыя шаары үчүн аны көрктөндүрүү жагына кылган эмгеги көрүнбөсө да криминал, сойкулук жагы "көрктөнүп" атканын шаар тургундары айтышууда. Майрам күндөрү шаарга тиешелүү жана шаарга баш ийген тармактардын башчыларына кадимкидей "салык" салынаарын айтышат жергиликтүүлөр. Буга караганда анын жардамчысы, вице-мэр Мамат Ботоевдин эл алдында жүзү жарык экени белгилүү болду. Кыскасы, жогорудагы фактылар мэрдин кичине гана жүзү. Бул боюнча дагы да кеңири маалыматтар журналисттик иликтөөдө...
Жакшылык Арпачиев