Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Төлөбек Итигулов, аккордеончу:
Кыргыз сахнасындагы алгачкы аккордеончу…
16 жашынан тартып музыка дүйнөсүнө кадам таштап, 30 жылдан ашуун Улуттук филармонияда эмгектенип, өз мезгилинде Кыргызстандагы "эң мыкты аккордеончу" деген наамга ээ болгон, кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал болгон белгилүү залкарлар: Алымкул, Тууганбай, Уркаш, Эстебес, Шаршенкул, Асанкул, Рыспайлар менен бирге иштешип, алардын таалим-тарбиясын алып, кыргыз күүсүн алгачкылардан болуп аккордеонго салган Төлөбек Итигулов агайдын маданият тармагына сиңирген 30 жылдык эмгеги акыркы 20 жылда унутта калып келет. Анын чыгармачылыгын, кыргыз музыкасына кошкон салым чанда гана адамдар эске алып кеп кылбаса, көбүбүз кайдыгер эле мамиледебиз. А чынында, унутулган ысымдар бизде өтө эле көп эмеспи…


"Тарелка" радионун таасири…
- Мектепте окуп жүргөн кезде эле ырга шыктуу болчумун. Кайсы жерден музыка уксам эле ошол жерди айланчыктап чыкпай калчумун. Ал кезде азыркыдай телевизор, компьютер деген кайда? Анда заман башка болчу да. Чанда гана жерлерде радиолор бар эле. Алар да айылдын ортосундагы жыгач карагайда илинип турчу. Аны айылдын карылары "тарелка" радио деп атап коюшчу. Күнүгө саат 13.00дө радиодон концерт берчү. Концерт башталган маалда окуп жаткан сабагымды таштап, чуркаган боюнча карагайдын түбүнө келип, концерт бүткөнчө ошол жерден бир кадам алыс жылбай отура берчүмүн. Артисттердин ырдап жатканын угуп, "Оо-о, кандай адамдар сахнага чыгып ырдайт болду экен. Булар аябай бактылуу болсо керек"- деп бир чети аларга суктансам, бир чети таң калчумун. Баламын да. Анда өзүм сахнанын адамы болуп каларымды кайдан билди дейсиң.
"Аккан арыктан суу агат…"
- Биринчи комуз черткенди үйрөнгөм. Анткени атам комуз чертчү. Эми профессионал комузчу эмес эле, бирок өз деңгээлине жараша черте алчу. Атамдан байкем жана эжем үйрөнүп, эжем аябай мыкты комузчу болуп калды. Ал экөөнү ээрчип жүрүп мен дагы комузду кыңгыратканды үйрөнүп алдым. Ал кезде жер-жерлерге артисттер аябай көп концерт коюп барышчу эмес беле. Бир жолу Осмонкул, Алымкул дагы бир топ искусствонун дөө-шаалары биздин айылга гастролдоп барып калышты. Ошондо эжем аларга комуз чертип берип, алар эжемди жактырып, филармонияга алып кетебиз деп калышты. "Кой, өзү жаш кыз болсо. Артист болуп эмне кылат. Кыздын бактысы үйдө"- деп атам каршы чыгып, жөнөтпөй койгон. Анда көз караш, түшүнүк ошондой эмес беле. Ошентип, эжем сахнанын адамы болбой калган.
"Орус кишинин суусун ташып…"
- Атам чабан болчу. Кышы-жайы тоодо мал багып, кыштоого аз келчү. Мен бир туугандарыбыздын үйүндө жатып окучумун. Ошол тууганыбыздын орус кошунасы бар эле. Ал трактор айдачу. Бош учурунда отуруп алып гармошкада ойночу. Музыкага кызыккан жаным, трактористтин суусун, тамагын ташып, тракторуна жардам берип жүрүп, гармошкада ойногонду үйрөнүп алдым. Бара-бара такшалып, кадимкидей ойноп калдым. Ошондо 7-класста окусам керек эле. Анан бир күнү эле мектептин деректири чакырып, "Сен эмне кыяк ойноп жүрөсүңбү"- деп сурап калды. Коркуп кеттим да дароо эле "Жо-ок"- десем, "Чыныңды айт, мен элден угуп жатам. Чындап эле ойноп жатасыңбы"- деди. Башымды ийкеп койдум. Унчуккан жок. Чыгып кеттим. Үйгө келсем, комуз черткен байкем район аралык бир сынакка барып баян утуп келиптир. Аны көрүп ой жыргадым дейсиң. Колумдан баягы баян түшпөйт. Баяндын гармошкадан бир топ айырмасы бар экен. Сол жагын эпке келтире албай көпкө кыйналып жүрдүм. Бир күнү байкемдин музыкалык училищаны бүткөн досу келип калды. Ошол байке мага баян ойногонду үйрөттү. Анан баянда ойноп калдым.
Директордун белеги…
- Бир күнү дагы директор чакырып калды. Дагы эмне тентектик кылдым экен деп коркуп барсам, директордун бөлмөсүндө бир чоң кара чемодан турат. Эшиктен кирээрим менен "муну ач"- деп калды. "Эмнеге?" десем, "Ач, ача бер"- бер деди. Баягы чемоданды ача салсам эле жапжаңы аккордеон, көзүмө укмуштуудай көрүндү. Кубанганымды айтпа. Көздөрүм жайнай түштү. Өмүрү аккордеон көрбөсөм… Кубанбай анан…"Бул менден сага белек. Азыр балдар үйүңө жеткирип берет. Болду мектепке басып келбей, талантыңды өркүндөтө бер"- деди. Мына, искусствону баалаган, түшүнгөн адамдар! Анан кудай бербеспи. Үйдөн чыкпай, баягы кара аккордеонду эрмектеп эле калдым…
Алгачкы жолугушуу…
- 1963- жылы айылга концерт келип калды. Балдар менен концертке баргам, анан эле "Төлөбек кайда жүрөт. Ой сени артисттер чакырып жатат"- деп мени издеп калышты. Эмнеге чакырды экен деп таң калып алардын жанына бардым. Эч кимисин тааныбайм. Арасында Илгизбек Ниязов деген артист: "Ой, бала могу аккордеонду ойноп көрчү"- деп калды. Анын аккордеону үйүмдөгү аккордеондон да чоң экен. Ойноп бердим, жакшы эле ойнодум. "Бул бала даяр турбайбы, болду алдык. Үч күндөн кийин филармонияга кел"- дешти. Филармониясы кайда экендигин билсем… окуунун мага эмне кереги бар деп, үч күндөн кийин издеп жүрүп филармонияны таап бардым. Барсам, ыраматылык Эстекем тосуп алды да, дароо эле жетекчисине алып кирди. Мени жаш экен деп, директору кабыл албай койду. Сыртка чыгып бара жатсак, алдыбыздан бир киши чыгып калды. Аны көрө коюп эле Эстекем: "Ой, Акыбай, бул баланы атайын Арчалуудан алып келдим эле. Директор жаш экен деп албай жатат. Сен айтып койчу, жоопкерчилигин өзүм алам"- деп калды. Көрсө, ал Акмат Аманбаев деген композитор, көркөм кеңештин жетекчиси экен. Анан дароо эле арыз жаздырып, мени филармонияга кабыл алышты. Ошол күндөн тарта ташкындаган таланты менен элдин жүрөгүндө түбөлүккө сакталып калган айтылуу залкарлар менен таанышып, иштеп калдым. Алардын таалим-тарбиясын көп эле алдым. Алар туурасында сөз кылсаң кагаз бети түтпөйт го. Учуру келгенде өзүнчө сөз кылаарбыз.
"Классташымдын костюм-шымы…"
- Ошентип, борбордо калып калдым. Бара турган жерим жок, Эстекемдин үйүндө турам. Анын тарбиясын жакшы эле алдым. Балдарына байке болуп, бир туугандай эле жашап калдык. Эстекемдин жубайы Рая эже кең пейил, берекелүү, Эстекемдин жакшысын ашырган, түшүнүктүү аялдардан экен. Ошол үчүн Эстекем Эстебес болсо керек дейм. Ошону менен филармонияда иштеп калдым. Күнүгө гастроль, жер кыдырып кетебиз. Ал кезде кийим да жок, гастролго классташымдын костюм-шымын кийип кеткем.
30 жылдык эмгек же залкарлар туурасындагы ой…
- Филармонияда 30 жыл иштедим. Ошол 30 жыл аралыгында не деген залкарлар менен иштешкен жокмун. Атагы алыска, даңкы далайга кеткен менмин деген жазуучу, акын, ырчы, комузчу, төкмө акындардын баарын көрүп-билип калдым. Тилекке каршы, алардын көбүнүн таланты өз учурунда бааланбай, керек болсо азыр да эскерилбей, унутта калып кетти. Көпчүлүгүнүн наамы жок. Алардын арасына тагдыр мени да кошуп коюптур. Ошондой таланттар эл артисти наамын албай кеткенден кийин мен унчукпай деле койсом жарашат го.
"Аккордеонго салынган алгачкы күү…"
- Чогуу иштеп жүргөндөр "Төлөбек, кыргыз күүлөрүн аккордеонго салбайсыңбы"- деп калышты. Ошондой да болмок беле деп, бул ишке көпкө чейин батынып кол сала албай жүрдүм. Анан бир күнү аракет кылайынчы деп, кечке отуруп алып Карамолдо Орозовдун "Ибарат" деген күүсүн аккордеонго салдым. Чогуу иштегендерге барып ойноп берсем, "Ой, сонун болуптур. Эми концерттерде ушул күү менен чыгасың"- дешип, анан концерттерге ойноп чыга баштадым. Элге да аябай жакты. Кайра-кайра суранышып, башкасын ырда дешет. Анда жөн турбаган Тукем: "Азыр бир эле күүнү аккордеонго салган. Кийинкисин келерки жылы угасыңар"- деп айтып калчу. Бул күү азыр өзүмдө сакталуу. Жаштарга үйрөтүп кетейин десем, татыктуу деңгээлде алып кете ала турган таланттуу жигиттер кезикпей жүрөт. Менден кийин да ойногон адамдар болсо жакшы болмок… Аккордеондон сырткары Келдибек, Асанкулдар менен сатирада да ойноп калдым. Азыр ыр жазам, обон да чыгарып калам.
Таарыныч…
- Филармониядан кетүүмө ошол жердеги акыйкатсыздык себеп болгон. Бир жылдары ошол жерде көп жылдан бери иштеген артисттерге катары менен үй бере баштады. Алдыңкы катарда мен тургам. Ошол жылы мен алмакмын. Бирок кайсы бир адамдардын кийлигишүүсү менен үйгө башка адамдар ээ болуп калды. Ошондо "Ай ата, калыстык жок турбайбы. Канча иштесең да мээнетиңди баалабайт экен. Кеттим!"- деп кол шилтеп кетип калдым. Айылга барып мектепке кирип музыка сабагынан мугалим болуп иштеп калдым. Азыркы күнгө чейин Байтик айылында сабак берип келем. Мугалимдик эмгек жолумда жакшы эле кадыр-баркка, сыйга ээ болдум. А чыгармачыл жаатта эмгегим бааланбай калды.
Даярдаган
Жаркынай Кадыркулова