Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Эркин Исаков, Транспорт жана коммуникация министри:
"ЭЛ Адыл Бакиевди кандай тааныса, мен да аны ошондой эле тааныйм"
...Учурда министрлик Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамына атайын толуктоолорду киргизүү долбоорун жөнөткөн, анда октук салмагы 10,0 тоннадан ашкан автоунаалар Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынат. Андан тышкары бул иш-чараларда "Нарын" эркин экономикалык аймагында соода-тейлөөчү борбордун курулушуна мамлекеттин каржылык катышуусун экономикалык талдоо жүргүзүү...

- Эркин Абдыкасыевич, Транспорт жана коммуникациялар министрлигин жетектеп келе жатканыңызга бир жылдан ашты. Бул аралыкта кандай иштерди аткарганга жетиштиңиз?
- Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 2010-жылдын 7-апрелинде революция болуп, бийлик алмашты. Ушундай жооптуу учурда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу иштери кадимкидей эле өз нугунда улантылды. Демек, бул деген эл аралык донорлор, подрядчиктер жана консультанттар Убактылуу Өкмөткө ишеним көрсөтүштү. Биздин министрлик автомобиль жолдору, транспорт жана коммуникациялар тармактарын камтыйт. Өткөн 2010-жылы өзүбүз пландаштырган көрсөткүчтөрдү толугу менен аткардык. Дагы бир баса белгилеп кетчү нерсе, бул 2010-жылдын планы 2009-жылдын декабрында бекитилип, ага жыл ичиндеги материалдардын баасынын жогорулашы, стихиялык көрүнүштүн өсүп кетиши кирген эмес. Маселен, 2009-жылы стихиядан тармактын объекттери 86,0 млн. сомго жабыркаса, бул көрсөткүч 2010-жылы 163,3 млн. сомду түзүп, эки эсеге өскөн. Ошондой эле былтыркы түштүктөгү июнь окуяларында коңшу мамлекеттер менен чек ара жабылган болчу. Бул да бизге келүүчү материалдардын, айрыкча битум, күйүүчү майлардын баасынын 1,5 эсеге чейин өсүшүнө алып келди. Ошого карабай, 2010-жылы алдыга койгон маселелерди чечүүгө жетиштик.
- Инвестиция тартуу жаатында кандай иштерди жүргүзүп жатасыздар?
- Бишкек-Нарын-Торугарт, Ош-Сары-Таш-Эркечтам, Ош-Баткен-Исфана, Талас-Тараз-Суусамыр эл аралык инвестициялык долбоорлор донорлор менен тыгыз байланышта иштеп жаткандыгыбыздан алар өз учурунда каржыланып, иштер жүрүп жатат. Алдыга койгон максатыбыз - бул Ысык-Көл айланма жолун реабилитациялоо. Ал боюнча долбоордук-сметалык жана башка керектүү документтери даяр болгон, бул долбоорду каржылоо боюнча Кытай Эл Республикасынын экспорт-импорт банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бул да чоң долбоор болгондон кийин, Бишкек-Ош жолун реабилитациялоодогу тажрыйбаны эске алып, этап-этабы менен участокторго бөлүп, приоритеттүүлүгүнө карап, ишке ашыруу зарыл деп эсептеймин.
Дүйнөлүк Банк менен былтыр июнь окуяларында жапа чеккен Ош жана Жалал-Абад шаарларынын көчөлөрүн реабилитациялоо боюнча 2011-жылга 10,0 млн. Америка долларына барабар грант бөлүп берүү боюнча келишимге кол коюлду, оңдоо иштери Ош шаарынан башталганы турат. Жол оңдоо системасына жаңы технологияларды киргизүү боюнча биздин адистер бул багытта да иштеп жатышат. Мисалы, быйыл Кой-Таш-Ысык-Ата автожолунун аралыгы 1 км. болгон бөлүгүн жапондордун адистери терең изилдеп, алардын жаңы технологиясын киргизип көрүү максатында, пилоттук долбоор катарында асфальт катмарын кайрадан алып, асфальттык-бетонду жаткыруу иштери жүргүзүлдү. Бул иш оңунан чыкса, мындай жаңы технология республикада өндүрүлүүчү цементти кеңири колдонуп, жолдорду оңдоого мүмкүнчүлүк берет.
- Сиздин тармак байланыш маселелерин да камтыйт. Элибизде сөз бар эле: "почта тармагы өзүн актабайт, киреше албай эле, зыян тартат"- деген, азыр ал жерде ахыбал кандай?
- "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы өзүнүн филиалдарынын рентабелдүүлүгүн жогорулатуу боюнча активдүү иш алып барышат. Мисалы, 2009-жылы почта тармагына республикалык бюджеттен 6,5 млн. сом дотация каралса, ишкана факт боюнча 3,9 млн. сом жардам алган. Ал эми 2010-жылы ишкана өзүн-өзү каржылоого өтүп, киреше планын 131 пайызга аткарып, элге кызмат көрсөтүүнүн негизинде 437,0 млн. сом киреше алган. Почта тармагын модернизациялоо үчүн 8,5 млн. Америка долларынын көлөмүндө инвестициялар керек. Былтыркы жылдын сентябрь айында Ысык-Көлдө Бүткүл Дүйнөлүк Почта Союзу менен байланышта КАМОКО биргелешкен почталык кооперативдин заседаниеси болду. Бул жерде Кыргызстанга почта тармагын модернизациялоого 4,0 млн. Америка долларына барабар жардам көрсөтүүнү чечишти.
- Кыргыз телевидениесин цифралык форматта берүүлөргө жетишүү боюнча кандай аракеттер көрүлүүдө?
- Бул маселе боюнча Баткен облусун цифралык форматка өткөрүү пилоттук долбоору ишке ашырылып жатат. Министрлик Кытай эл аралык радио жана телевидение экономикалык жана техникалык кызматташуу корпорациясы аркылуу гранттык негизде Баткен облусуна жабдууларды орнотуп, келишим боюнча 20,0 миң ресиверди (телевизорго коюлуучу приставканы) элге таркатып беришибиз керек эле. Баткен облусунун мамлекеттик администрациясын түзгөн тизменин негизинде элге таркатып бергенбиз, айрыкча калктын аз камсыздалган бөлүгүнө. Бул пилоттук долбоорду Кыргызстандын бардык аймагына жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемеси чыккан. Ал боюнча жумушчу топ атайын Программа иштеп чыгып, 2015-жылга чейин Кыргызстандын бүт аймагы цифралык берүүгө өтүүсү зарыл.
Дагы бир белгилеп кетүүчү нерсе, учурда министрликтин ведомство жетекчилерин кайра-кайра Бишкек шаарына чакыра бербей, алар менен коллегия заседанияларын, селектордук жана башка кеңешмелерди региондор менен түздөн-түз видеоконференция катары өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алдык.
- Бишкек-Нарын-Торугарт жолун куруп жаткан кытайлык инвесторлор биздин жумушчу жарандардын айлыктарын убагында бербей кечиктирип, андан сырткары иш сааты бүткөнүнө карабай иштетип жатат деген маалыматтар айтылып жатат. Ушул маселелерди териштирип көрдүңүздөрбү?
- Бир нече жолу Кеминде кытайлык "Чайнароуд энд бридж" компаниясында эмгектенген жарандарыбыз менен жолуктук. Алардын көйгөйлүү маселелерин чечүү үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирдикте иш-чара түзүп, иш алып баратабыз. Мисалы, бир типтеги эмгек келишиминин үлгүсү бул компанияга жеткирилди, алар 15-июнда бардык Кыргызстан жарандары менен келишимди кайрадан түзүшүп, эмгек мамилелери мыйзам чегинде каралат. Ошондой эле мен буйрук чыгардым, эки жумалык мөөнөттө башка подряддык ишканаларда да Эмгек кодексинин сакталышы изилденип, көзөмөлдөнөт.
- Көп жылдардан бери эле улуттук жүк ташуучулар Кытайдын 70-80 тонналык оор жүк ташуучу унаалары Кыргызстандын ички аймактарына кирип келип жатканынан улам, жумушсуз калышкандыктарын, экинчиден, жолдордун талкаланып жатканын айтышып, нааразы болуп келишет. Ушул жагдайды чечүүдө кандай иш-аракет көрүп жатасыздар?
- Биздин оор жүк ташуучу унаалар "Торугарт" контролдук өткөрүү пункту аркылуу мамлекеттик чек арадан 104 км аралыкта жайгашкан Кытайдын "Топа" таможнялык терминалына, ал эми "Эркечтам" контролдук өткөрүү пункту аркылуу аралыгы 5 км болгон "Сымкана" терминалына барышат. Бул терминалдар чоң көлөмдө жүк сактоочу складдык имараттар жана жүк көтөрүүчү механизмдер менен жабдылган. Кыргызстанда мындай жабдылган терминалдар жок болгондуктан, кытай унаалары түз эле Бишкек менен Ошко келишет. Учурда министрлик Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамына атайын толуктоолорду киргизүү долбоорун жөнөткөн, анда октук салмагы 10,0 тоннадан ашкан автоунаалар Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынат. Андан тышкары бул иш-чараларда "Нарын" эркин экономикалык аймагында соода-тейлөөчү борбордун курулушуна мамлекеттин каржылык катышуусун экономикалык талдоо жүргүзүү, Бишкек-Нарын-Торугарт жана Ош-Сары-Таш-Эркечтам автожолдорунда жүк ташуучулар үчүн токтоочу жайларды мыйзамдарда белгиленген тартипте уюштуруу жөнүндө маселени жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте иштеп чыгуусу камтылган. Астыда коюлган бул тапшырмаларды аткаруу боюнча азыркы кезде иш алынып баратат.
- Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун Кытай каржылай тургандыгы айтылып келет. Анын акысына адистер Кыргызстан Жетим Тоодогу темир кенин, Кочкор районунун Сандык жайлоосундагы аллюминий кенин бериши мүмкүн дешет. Мындай боло турган болсо кытайлыктардын агымы күчөп, өлкөбүздү каптап кетпейби, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кыла алабызбы?
- Кытай тарап менен мындай чоң маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-октябрында чыккан көрсөтмөсү менен эксперттик топтун жаңы составы бекитилген. Бул топ 2011-жылдын 30-31-марттарында Бишкек шаарында өзүнүн үчүнчү жыйынын өткөрдү. Анда эки жак тең бул долбоордун ишке тезирээк ашуусуна кызыкдар экенин билдиришип, эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн кароосуна аны каржылоо схемалары боюнча сунуштарын жөнөтөөрүн билдиришти. Бул схемалар-эки мамлекеттин ортосунда концессия түзүү же "ресурстарды инвестицияга алмаштыруу", ошол эле учурда бул эки сунушту комбинациялоо схемасы да болушу мүмкүн. Элдин кооптонгонун деле түшүнүп турам, бирок бул долбоор ишке ашса республикабыздын экономикасын өнүктүрүү үчүн аябай жакшы өбөлгө болот деп ойлойм, анткени биз транзиттик өлкөгө айланмакпыз. Жер байлыктарын чогуу иштетүү боюнча аябай терең анализдеп, өлкөбүздүн, элибиздин коопсуздугун биринчи деңгээлге коюп туруп, анан тең таразалап чечим кабыл алышыбыз керек. Кен байлыктарыбыз мекенибиздин, элибиздин эртеңи үчүн иштеши керек, аларды жер астында катып жаткандан не пайда? Кошуна Казакстандан эле байкаса болот, жер байлыктарын өтө кылдаттык менен иштетсе өлкөнүн экономикасы жогору темпте өнүгөт.
- Аткарып жаткан иштериңизге канааттанасызбы жана өзүңүздү мыкты жетекчи катары эсептейсизби?
- Өзүмдү өзүм мыкты жетекчи деп мактагандан алысмын. Бирок ошол эле учурда мага Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңеши жана Өкмөтү тарабынан чоң ишеним көрсөтүлүп, министр болуп иштеп аткандан кийин бардык күчүмдү ушул тармакты өнүктүрүүгө жана элиме кызмат кылууга жумшаймын.
- "Жаңы ордо" гезитине Сизди "Адыл Бакиев менен жарма дос" экен деген маалымат чыкты эле...
- Кыргызстандын жарандары Адыл Бакиевди кандай тааныса, мен да аны ошондой эле тааныйм. Бирок гезиттин аны менен "жарма, кыйышпас дос экен" дегенин туура эмес деп эсептеймин.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев