![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Эмил Үмөталиев, экс-министр, "Кыргызконцепт" компаниясынын жетекчиси: "Баалар көтөрүлүп, Казакстан менен Россиядагыдай абал түзүлүшү мүмкүн..." - Эмил мырза, өзүңүз жакшы билгендей, биздин өлкө 1-июлдан тартып Бажы союзуна кирүүнүн алгачкы кадамдарын таштап олтурат. Экономист катары айтсаңыз, эми тапкан пайдабыз жана тарткан зыяныбыз кандай болот? - Биринчиден, айта турган нерсе, биз убагында Бажы союзуна кирүү маселесин Өкмөт өзү эле чечип койбой, экономисттердин, адистердин, серепчилердин коомчулуктун талкуусуна коюп, терең изилдөөлөрдү жүргүзүүнү талап кылдык эле. Тилекке каршы, бул талабыбыз, өз учурунда анчалык эске алынбай калды. Бирок эми деле бул маселени тиешелүү деңгээлде жандантсак болот, албетте, өкмөт колдосо. Бүгүнкү күндө Россиянын, Украинанын, Белоруссиянын, Казакстандын ж. б. коңшу өлкөлөрдүн адистери, серепчилери: "Кыргызстандын Бажы союзуна кириши, - саясий долбоор болгон. Чынында, бул маселенин экономикага анчалык деле тиешеси жок" -деген пикирлер айтылып жатат. Бул пикирлер да жөн жеринен айтылбаса керек, кандайдыр бир деңгээлде чындыкка жакын. Кыскасы, карама-каршы пикирлер чыгууда. Казакстандын ишкерлеринин да Бажы союзуна киргенден тартып, өз нааразычылыктарын билдиришүүдө. Себеби, ишкерлер пайдага караганда зыянды көп тартып калышы толук мүмкүн. Украинанын мурдагы Экономика министринин дагы: "Бажы союзга Украина өлкөсү кирбеши керек, пайдасына караганда зыяны көп болот. Ал эми экономикасы чакан өлкөлөрдүн экономикалык эгемендүүлүгүн төмөндөтүп таштайт"-деген пикирин айтып, далилдөөлөрдү келтирген билдирүүсү интернетке жарыяланды. Менимче, ар бир эгемен өлкөнүн экономикасы эгемен болушу зарыл. Мына, биз 20 жылдан бери экономика тармагыбыз алсыз болсо да, эркин болду. Эркиндик - бул ар кандай мүмкүнчүлүктөргө кеңири жол ача турган бирден-бир жол экенин унутпашыбыз керек. Ошон үчүн, биз жаңы нерселерден кур калып, кайра эле баягы эски ыкмаларга, эски көз карандылыкка басым жасаганыбыз - кандайдыр бир деңгээлде кооптуу болуп калышы мүмкүн. Тескерисинче, дүйнө жүзүндөгү жаңы ыкмалардын жакшы жактарын байкап көрсөк ашыкча болбос эле. Эгер Бажы союзуна кирсек, биздин тарткан зыяныбыз: биздин тандообузга кандайдыр бир деңгээлде чектөө коюлат да, күнүмдүк колдонулган буюмдардан тартып чоң буюмдарга чейин баа жогорулайт. Казакстан менен Россиядагыдай абал түзүлүшү мүмкүн. Казакстан Кыргызстан Бажы уюмуна киргенче деп 1-июлга чейин өтө көп сандагы автоунааларды өз өлкөсүнө алып кирүүгө абдан жанталашканы менен, ал автоунааларды чек арадан өткөзө алышпай, чек арада тыгын болуп абдан чоң көйгөй жаратты. Андай көрүнүштөр өз кезегинде ишкерликтин солгундашына алып келбей койбойт. Бизде да ошондой эле көрүнүштөр кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Россиянын гана автоунааларын сатып алууга мажбур болушубуз мүмкүн. Ал жактын автоунааларынын баасы жогору, сапаты төмөн болот. Кыскасы, Бажы союзуна кирип жатканыбыз турмушубузга, өлкөбүздүн экономикасына түздөн-түз таасирин тийгизе турган болуп жаткандан кийин, биз шашылбай турушубуз керек эле. - Эми коомчулуктун талкуусуна алып чыкканда эмне пайда? Баштала турган баштапкы иштер башталып кетпедиби… - Азыр анчалык деле кеч болуп кеткен жок. Иш ушуну менен бүтүп калды деп айтуу эрте. Биз Дүйнөлүк соода уюмунан чыкканыбыз жок, дагы да мүчөбүз. Себеби, Дүйнөлүк соода уюмунан жөн эле чыгып кете албайбыз. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүбүз керек. Ал уюм макулдугун береби, бербейби? Бул да чоң суроо астында турган маселе. ДСУнун мүчөсү болгондон кийин, биздин чоң жоопкерчилигибиз бар да. Кыскасы, ДСУ менен толук макулдашылгандан кийин гана Бажы союзуна толук кандуу кире алабыз. Бирок ал макулдашуулар, сүйлөшүүлөр кыска убакыттын аралагында эле бүтө койбойт. - Эгер Дүйнөлүк соода уюму макулдугун бербей койсо кандай болот? - Андай болсо, биз бир же эки өлкө ортосундагы эмес, ДСУга кирге бүт өлкөлөр менен, мындайча айтканда, эл аралык келишимдерди, ал келишимде көрсөтүлгөн эрежелерди бузган болобуз. Ошону менен катар эле биздин өлкөнүн аброюна да оңой эмес шек кетет, дүйнөлүк аренада кадыр-баркы төмөндөйт. Же болбосо, ДСУнун кандайдыр бир келишимде каралган дейбизби, айтор чоң айып төлөшүбүз мүмкүн. Бирок убакыт ансыз деле созулары турган иш. Айтайын дегеним, ушундай терс нерселер ишке ашып кетпеши үчүн, Россия менен Казакстандын ДСУга кирип кетишин каалап турабыз. Кире турган болуп да калды. Эгер кирип кетсе, бизде жогоруда айтылган кооптуу көрүнүштөр жүрөктү өйүбөй калат эле. Кыскасы, экономикабыз эркин бойдон калат эле. Жашырбай ачык айтканда, биздин чоң кошуна өлкөбүздүн ички саясий оюну деп ойлойм. Себеби, булар ДСУга кирүү үчүн ар кандай кадамдарга барып жаткан кези десек болот. Балким, ДСУга койгон негизги талаптарын да ушул Бажы союзу аркылуу иш жүзүнө ашыргысы келип жатышкандыр. - Буга чейин ДСУдан чыгып кеткен өлкөлөр болгонбу? Болсо, ал өлкөлөргө кандай чаралар колдонулган? - Жок, болгон эмес. Деги эле ДСУга кирген мамлекеттердин бири да мүчөлүктөн чыга элек. Мен андайды уга элекмин. - Сиз Бажы тармагына кирүү маселесинин зыяндуу жактарын айттыңыз, эми пайдалуу жактарын да айтып бербейсизби? Же такыр эле пайда болбойбу? - Биз өнүккөн өлкөлөргө кошулгубуз келеби же өнүгө албай жаткан өлкөлөргө кошулгубуз келеби? Мыйзамдуулук сакталып жаткан өлкөлөргөбү же мыйзамсыздык көбөйүп жаткан өлкөлөргө ыкташыбыз керекпи? Мына маселе ушунда. Маселен, Россия, Казакстан дүркүрөп өнүккөн өлкөлөргө кошула албай жатканын да эске алышыбыз кажет. Дүркүрөп өсүп жаткан Кытай мамлекети Бажы союзунун эмес, ДСУнун мүчөсү. Пайда жагы катары сатканга мүмкүнчүлүк болот деп айтылып жатат. Бирок биринчи кезекте сатканга сата турган нерсе болушу керек да. Ошол Бажы союзуна кирген өлкөлөрдүн ортосундагы мамлекеттик пошлиналардын алынып салынышы айтылууда. Өз кезегинде бул жагы да пайда тийгизет. Бирок ал маселе да түпкүлүктүү эмес. Себеби, алар ачык эле, акыры жүрүп рыноктук баага көтөрүшөрүн алып чыгышарын айтып келатышат. Мисалы, бизге - ДСУга мүчө болгон өлкөлөрдөн көптөгөн насыялар, буюмдар, серьелор келет. Биз алардын айрымдарын кайра иштетип дейбизби, айтор ошол эле Россияга, Казакстанга үстүнө кошуп сатып жатабыз. Кокус, Бажыга кирип кетсек, бизге ошол буюмдар арзан баада келбей, натыйжада кымбаттоо маселеси жаралат жана ортодо көрүп жаткан пайдабыздан кур жалак калабыз. Саткандан мурда биз ийгиликтүү арзан баада сатып алууну ойлошубуз керек. Кыскасы, сатуу маселесинде биздин конкуренттүүлүгүбүз болушу керек. Жыйынтыктап айтканда, Бажы тармагына толук кандуу кирүү үчүн бир топ талап кылынат. Мына ошол убакыттын ичинде баштапкы эрежелердин жыйынтыгы байкалып көрүнгөндө, пайда жана зыян жагынын даамын тата баштайбыз го. - Сиз айткан, биздин экономикабызга тийе турган терс таасирлерди, зыяндарды биздин Өкмөт түшүнүп жатса керек да, канткен менен анализ жүргүзүлдү да. Бирок ошого карабастан болбой эле Бажы союзуна кирүүгө кандай негиздер менен чечим кабыл алды деп ойлойсуз? - Мен бул жагын айта албайм. Себеби, бул маселени ошол чечимдерди кабыл алып жаткан адамдардын өзүнөн сураш керек. - Эми башка кепке өтсөк, сиз учурдагы экономикабыздын абалына кандай баа бересиз? - Жалпысынан алганда, экономикабыздын ахыбалы дурус эле. Божомолдонгон көрсөткүчтөрдөн алыстаган жокпуз. Пайда жагы да, зыян жагы да коюлган максаттарга ылайык келет десек болот. Былтыр оор кырдаалга карабастан жалпы көрсөткүчтөн жарым пайыз гана төмөн жыйынтык менен чыктык. Албетте, бул жакшы. Ал эми быйыл дагы буйруса жакшы жыйынтыктарга жетишебиз. Анткени бардык тармактарда кандайдыр бир жандануулар бар. Болгону биз эки маселеден чоң ката кетирдик. Биринчиси: АУБдун тегерегиндеги жаңжалдарды жакшы көзөмөлгө ала албагандыгыбыздан улам банк системасына болгон ишенимди азайтып койгондой болдук. Экинчиси: улутташтыруу маселеси анчалык талапка ылайык болбой калды. Мамлекетибиз жеке менчик мүлккө толук кандуу коопсуздук беребегендиктен, жакшы бизнесмендерден да чоң долбоордогу иштерин баштоодон бир аз баш тартып коюшту. Мындай көрүнүштөр кайталана берсе, экономикабызга өтө оор болуп калат. Менчик мүлктү коргоо маселеси талапка ылайык болбосо, эч качан өнүгүү болбойт. Тилекке каршы, биздин мамлекет менчик мүлктү азырынча жакшы талапка ылайык коргой албай турат. - Эмил мырза, эми сөз аягында сиз өзүңүздүн "Кыргызконцепттин" жетишкендиктери менен кемчиликтери тууралуу айтып кетпейсизби? - Компаниянын ачылганына 21 жыл болуп калды. Мен жеке менчик компанияны совет доору урай элек кезде алгачкы толкундардын катарында болуп түптөдүм десем болот. Бирок, албетте, мамлекетке таянып, мамлекетке ишенип иш баштагам. Көптөгөн кыйынчылыктарды баштан өткөзүп, ошол кыйынчылыктарды жеңип чыктык. Натыйжда жеке эле Кыргызстандын экономикалык рыногунда гана эмес, дүйнөлүк рыноктон да акырындап орун ала баштадык десек болот. Учурда "Кыргызконцепт" кыргыз эли үчүн жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө татыктуу кызмат көрсөтүп жатканына сыймыктанам. Биздин компаниянын жылына мамлекетке төккөн салыгы Кыргызстандын 500 мугалиминин айлыгын түзөт экен. Учурда компанияда 120 адам эмгектенип, иштегендерине жараша акы алып жатышат. Андан тышкары, биз менен тыгыз байланышта иш алып барып жаткан адамдардын саны 200дөн ашат. Маектешкен Айбек Шамшыкеев
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| ||||||||||||||||||||