Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Эркалы ӨскӨналы
Кудай сүйгөн Куйручук
(Куйручуктун олуялыгынан)
Куйручуктун Сыдык акеге
жолукканы
1. Жолдо. Чөкөнүн үйүндө.
Атактуу Сыдык акеге - Деңизбаш олуяга бет маңдай саламдашып, кучактап амандашып, үйүнөн даам татып, ак батасын алуу жөнүндөгү жаркын ой узактан бери Куйручуктун жүрөгүнө чымчыктай уялап жүргөн эле.
Ал Айсарала ат минип, кыл куйругун чарт түйүп, Кетмен-Төбөгө жол сапарга чыкты. Кылчактабай бат жүрүп, Көкө-Мерен дарыясын бойлоду. Кабак чөлкөмүн аралап, ойрумалап жол кыскартып, асманга жакын жайгашкан Чоң-Жекат айылына туш болду. Атынын башын бура тартып, айылдын астанасындагы бир чоң боз үйгө кайрылды. Жолоочу аттан түшпөй, заңкылдап кыйкырды:
- Абды! Барсыңбы? Эшикке чык!
Үй ээси үйүнөн чыгып, аңкая калып, саламын айтты. Абды башын тырмап, ооз учунан өтүнүмүш этти:
- Куке, аттан түшүңүз, үйгө кириңиз...
- Жок! Мен сенин үйүңө конбоймун! "Үйүмө конот го?" кыязында нээтиң бузула түштү! - деди Куйручук. - Коноктогонуң ошо болсун... Үйдөгү жүгүңдүн алдында уйдун ийленген жыртык териси бүктөлүп турат... Алып чык! Эки канжыга тилип кетемин!
Абдынын оозу ачылып, таңыркады. "Капырай, үйдөгү терини кантип билди?" дегенчелик кылды. Ал үйүнө кирип, жүктүн алдындагы терини көтөрүп чыкты. Куйручук аттан түшпөй, эки канжыгалык кайышты тилип алды. "Мен Чөкөнүкүндө боломун!" деп атын темине берип, бастырып кетти.
"Кабактын кан Чөкөсү" кудайы конокту кубанып тосту. Дасторкон жайылып, самоорлоп чай коюлуп, боорсок бышырылып, үй ичи-тышы да конок камында. "Куйручук келиптир!" деген жаңы сөз тоолуктарга желдей тарады. Тайлуудан таяк калбай, улуу сөздү урматтаган журт убап-чубап келе баштады.
- Малга бата кылып бергиле! - деди чай ичилген соң, Чөкө болуш.
Коноктун урматына тай союуга бата жасалды. Куйручук төгөрөккө серп салып, болушка кырман тарапты көрсөттү.
- Тээтиги дөмпөйгөн эмине?
- Жыйылган буудай... Күн ала булуттанып турганынан бастырбай жыйып, үстүн жаап койдук. Эртең бастырабыз!
Куйручук асманга алагар көзүн жиберди. Тоолорду тиктеди.
- Азыр аттарыңарды жайдактап, баардыгын теминге салгыла! Бүгүн күн жаабайт. Эртең шашкеде жаайт. Ага чейин буудайыңар басылып бүтөт!
Ал ушинтип, жигиттерди жумушка чегерди. Айткандай, бул күнү көктөн тып этип, тамчы тамган жок.
2. Жолугушуу
Жакшы кабар куштай учат, көйкүлүктөй сызат. Кетмен-Төбөнүн Байгазы, Каратал аттуу эл жакшылары Үч-Терекке эки болуш журтту чакырып. Топ өткөрүп жатышканда "Куйручук келатат!" деген сөз эл аралады. Байгазы болуш үзөңгүгө таканчыктап, колун жаңсап, элдин кобур-собурун тынчтандырды. Көтөрүңкү үн менен көпчүлүккө кайрылды:
- Куйручукту сынап көрөлү... Эгерде чын олуя болсо, жөлөмөсү бардыр?.. Анда, Сыдык акесин башта көрбөсө да, тааныйт. Жөлөмөсү жок болсо, саламдашып, амандашып көрө элек эме, тааныбай калаар?...
Эл башчы эл-журтту удургутуп койду. Бир жигит Сыдык акенин башына апсайган малакай кийгизип, далысына эски кементай жапты. Олуяны орун жазгыртып, болуштардын катарынан төмөн отургузушту. Аңгыча, Айсарала атты шайбырлата бастырып, жанатан бери журт күткөн киши да келип калды. Эки жигит утурлай чуркап, жолоочуну аттан түшүрүштү. Бул жердеги элдин көбү жаш олуяны таанышпайт. Жаш олуяга да өзүн кызыга тиктеген береги жайнаган көздөр чоочун.
Адегенде, Куйручук жалпы элге кыйкырып саламдашты. Болуштарга баш ийкеп амандашты. Башта көрүп-билип жүргөн кишидей, Сыдык акеге түптүз басты. "Ассалоому алейкум, олуя аке!" - деп колун кармады, саламын арнады. Кучактап, чекесинен өптү.
- Жарыктык, атайы ыраактан сизге арзып келсем, башыңызга койчунун малакайын кийип, ай-талаада жаткан жаман кементайды жамынып, албарстыча түрүңүздү кубултасыз да! - деди жаш олуя.
Куйручук Сыдык акени колтуктап өйдө тургузду. Болуштар жүткүнүп тура калышып, эки олуяны ортого отургузушту.
Эл Куйручуктун алчы-таасынан жаңылбаган көрөсөндүгүн өз көздөрү менен көрүп, маашырланды.
- Олуялыгы бар экен, оозунда сөзү шар экен! - деди Байгазы болуш башын чайкап, таңгалып.
4. Кескелдирик жуткан жигит.
Сыдык аке менен Куйручук Байгазы өткөзгөн тойдон кайтып келатышты. Жолдон обочо, суу жээгинде чоң боз үй жаңыдан тигилип калганын көрүштү. Эмнегедир эки олуя ушу үйгө көңүл бөлүштү. Сыдык аке тизгин жыйып, жаңкы боз үйдү тиктеп, ой бешикте термелип калды. Куйручук камчысын сермеп, атын моюнга бир салды. Ал ачуу кыйкырып барып, боз үйдү камчысы менен үч жолу чаап өттү. Үйдөн эки жигит, бир аял чуркап чыгышты.
- О айланайын касиеттүү Сыдык аке! - деди жигиттин бири эки колун көккө жайып. - Кереметиңизге башыбыз тартуу! Ырас болбодубу!
Үчөө тең чөгөлөй калышып, Сыдык акеге таазым этишип, жалынып-жалбарып ийишти. Кетмен-төбөлүк олуя башын чайкады:
- Аай-ай балдар! Мен эмес! Ал мынабу, төлсаяктын Куйручугу!
Сыдык аке камчысын жаңсап, тигилерге бейтааныш атчанды көрсөттү. Жигиттер олуялардын аттарын алып, аларды үйгө түшүрдү. Үйдө бир оорулуу жигит төшөктө жатыптыр... Ооруганына он чакты күн болуптур... Молдо-бакшылардан, эмчи-домчулардан ылаажы болбой коюптур... Бечара жигит үч күнү, үч түнү уктай албай, самандай өңү саргарып, оголе кыйналган экен. Кудай жалгап, Куйручуктун эмелеки кыйкырыгынан чоочуп ойгонуп, өбөктөп кусуп жиберген турбайбы! Жигит "Өө!" этип, өбөктөй бергенде, оозунан сөөмдөй кескелдирик көккилтир болуп, коломтого түшүптүр!
Кескелдирик жуткан жигитке Куйручук өз колу менен бир аяк кымызды жуткурду...





Сен барыңдан
Талпынып мен, көз алдыңда баскамын,
Таттуу уйкуда, кучагыңда жатканмын.
Эч бир мээрим мага кубат бер албайт,
Өзүңкүндөй жылуу сөзү башканын.

Эч капарсыз бешигиңде жатканмын,
Ээмп магдырап, ак сүтүңдү таткамын.
Эгер баалап керек болсо сүтүңдү,
Эч ченине жетпес иштеп тапканым.

Каралдым! - деп жан эргитип айтканың,
Бүгүн ойлоп теңдеш үндү таппадым.
Керек болсо мен сен үчүн жан кыйып,
Келип кетет ак сүтүңдү актагым.

Бердиң мага ушул жарык дүйнөнү,
Берекеси, улуу кутсуң үйдөгү.
Өмүр өтүп кеткенчекти түбөлүк,
"Апам менин" бул жашоомдун сүйлөмү.

Ыраазымын сага энем түбөлүк,
Адам болдум, эне тилим үйрөнүп.
Кандай ыза болсом дагы сени ойлоп,
Кайраттанам, канат кагам күүлөнүп.

Сенден мага белек болуп бул өмүр,
Өттү арадан татынакай балалык.
Эмнегедир кубанамын өзүңдөн,
Калганыма бул дүйнөдө жаралып.

Аман болсоң аткарылат үмүтүң,
Ал жөнүндө ойлой берем күнү-түн.
Бейиш болуп кетет анда ошол күн,
Бир жылмайып мээрим төгүп күлүшүң.

Бубак баскан саамайыңа карасам,
Элүү беш жаш өмүр жолум көрүнөт.
Кокус сенден бөлүнөрүм ойлосом,
Оюм онго, санаам санга бөлүнөт.

Бар бол, апа! Ушул менин тилегим,
Бар-жогума өмүр бою күйөөрмүн.
Сен барыңдан көңүл ачык ар качан,
Жылуу-жумшак, жайлуу дайым түнөгүм.

Карааныңдан кагылайын апакем,
Капа болсом, бек кучактап сүйөөрүм.

Өзүбек Абдыкалыков,
Кочкор району.
Оолак качкын
эртерээк
Сымаптай мөлт-мөлт туптунук,
Ичкиң келет умтулуп.
Ичип алсаң жөн турбай,
Ойдолотот кутуруп.

Муштум түйүп ар кимге,
Тийишесиң жулкунуп.
Күнөөкөр болуп жок жерден,
Кармаласың тутулуп.

Аракка көнгөн адамдар,
Ичсем эле дейт экен.
Ичкен менен ал түгөт,
Ар-намысты, акыл-эсти,
Ден соолукту жейт экен.

Үй-бүлөңдөн ажырап,
Үңкүйөсүң жер карап.
Ээн калган үйүңдө,
Кардың ачып санаа тартып,
Кайгырасың жалдырап.

Азгырыла аракка,
Кызыкпагын шарапка.
Көтөрүп чаап кир жерге,
Шылдың кылып ар кимге.
Түртүп берет ажалга.

Оюңдан кетпей тамшанып,
Оолуктуруп жетелейт.
Жетелеген жибин үзүп,
Оолак качкын эртелеп.

Б.Шадыканова,
Чүй району .
Поэзияга таазим
Безип кеткем сырдуу назик дүйнөңөн,
Салганынан жашоо сансыз санаага.
Кабыл алчы, поэзия ынагым,
Кайра келдим сенин кутман талааңа.

Жүрөк толо сенин гана саптарың,
Балкып турам касиетиң барына.
Каптап кетти замананы калпыстык,
Сыздап ийем дилимден кайгыра.
Шум дүйнөнүн ызасына кабылып,
Ыйлап келдим сенин азем айлыңа.

Муңуң тарттым бул безери турмуштун,
Кечир мени поэзия жан досум.
Эми түк да бура албасмын арт жакка,
Албууттана аккан ырдын дайрасын.

Күйөөр эле көңүлүмдөн нур чырак,
Аргымактай атырылчу ыр булак.
Бугум толуп бүл-бүл турам жана албай,
Көкүрөктөн, көздөрүмдөн ый кулап.

Жандырып бер жан дүйнөнүн чырагын,
Аябачы ыр нөшөрүн ынагым.
Арбап алчы, сыйкырлачы өзүңө,
Кайырчысы болоюн мен лиранын.

Ажайып нур жашайм асыл дүйнөңдө,
Кайраттанып үмүт отун жандырып,
Жабыркаган жараатыма сеп болсун,
Төгүлчү бир ыр мөндүрүн жаадырып,
Жатыркабай жан досуңду кабыл ал,
Арманымдан алайынчы арылып.

Ташыркадым куу турмуштун жолунан,
Жабыркадым адилдиктин жогунан.
Сезимдердин сынып тунук күзгүсү,
Сокку жедим тагдырымдын доорунан.

Асылынан азабы көп жашоодо,
Ашып-ташыйт ичке батпай арманым,
Дарылачы, кете электе дарманым,
Дабагерим - поэзиям ардагым.

Сенден башка сырдашууга досум жок,
Сага келет ырдагым да ыйлагым.
Сезимиме нур балкытып дем берет,
Сенин гана айдың талаа ыр-багың.
Эми эч бир бөлүнбөсмүн өзүңдөн,
Эргип сүйгөн поэзиям - ынагым.
Токтокан Тынаева,
Ысык - Көл району.