Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кыргыз Республикасынын
Президенти Роза Отунбаевага
запастагы полковник
А.Т.Тынаевден

Кайрылуу

Урматтуу Роза Исаковна!
Сизди Кыргыз Республикасынын Башкы мыйзамынын гаранты жана КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы командачысы катары менин КРнын ички иштер органына ишке орношуу укугумду калыбына келтирүү боюнча кайрылууга туура келип отурат.
Бакиевчилердин үй-бүлөлүк жана кландык башкаруусуна жана ири чиновниктердин коррупцияланып кетишине каршылык көргөзүүнүн натыйжасында 2009-жылы кызматта сиңирген эмгегим боюнча ички иштер органынан өз каалоом менен запаска кетүүгө аргасыз болгом.
2010-жылы афганчы кесиптештерим менен бирдикте тоталитардык режимди кулатууга жана борбор калаабызды мародёрлордун карактап-тонооосунан коргоодо салымымды коштум. Жергебиздин түштүк регионундагы июнь окуясында кыргыз жана өзбек элинин тирешүүсүндө Базар-Коргон болуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, төрт сааттын аралыгында чыр-чатактын алдын алууга жетиштик. Өз элибизден Ош жана Жалал-Абад региондорунда үч ай жүрүп, массалык баш аламандыкты четтетүүгө катышып келдим.
"Афганистандагы согуш ардагери" партиясынын атынан 2010-жылды КРнын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер катары катыштым.
Ата Мекендин алдында кынтыксыз кызматым, оперативдүү-иликтөө жана кызматтык ишмердүүлүгүм жана сиңирген эмгегим боюнча СССРдин, Кыргыз Республикасынын, Орусия федерациясынын мамлекеттик сыйлыктарына жана 20 медалдарына татыктуу болгом.
Иштеги бай тажрыйбамды пайдаланып жана Мекен алдындагы ыйык милдетимди аткаруу үчүн КРнын Ички иштер министрлигинин Кадрлар башкармалыгынын ички иштер бөлүмүнө иш ордумду калыбына келтирүү боюнча бир канча кайрылуумдан жыйынтык чыгарылбай келет.
Өзүм 1991-жылы СССРдин ИИМне караштуу Карагандадагы милициянын жогорку мектебин, 2009-жылы КРнын ИИМ академиясындагы "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" кесибинде окуп, эң жакшы баалар менен бүтүргөм. Жетекчилик иште тажрыйбам бар. Өлкөмдүн патриоту жана Апрель революциясынын катышуучусу катарында азыркы учурда көптөгөн кылмыш иштери ачылбай жаткандыгына байланыштуу иштеген тажрыйбамды мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгына байланыштырууга мүмкүнчүлүк берүүңүздү жана ОВДга иштөөгө укугумду калыбына келтирүүгө көмөк көргөзүүңүздү өтүнөм.
Алдын ала ыраазычылык билдирем.
А.Т.Тынаев,
запастагы полковник.
Бишкек шаары.





Атамбаев 20 жылдык
ишти бир жылда жасап койду
Мамлекеттик бийлик өзүнүн негизги милдеттерин - бардык экономикалык субъекттер үчүн экономикалык жүрүм-турум эрежелерин түзүп, көз салып жана инфраструктуранын өнүгүшүн камсыз кылат. Ал эми азыркы мезгилде Акаевдин, Бакиевдин кызматтан кеткен адамдары, жакындары, туугандары өкмөт иштебейт, парламент иштебейт деп жатышат. Өкмөттүн да, парламенттин да келишкенине толук бир жыл да боло элек. Ошентсе да, өкмөт иштеп жатат, аларды иштетпей жатабыз десек болор дейм. Өкмөт башчы Алмаз Атамбаев бюджеттегилердин айлык маяналарын, пенсия-пособиелерин көтөрүп жыйырма жылдык ишти бир жылга жетпеген убакыттын аралыгында жасап койбодубу. Мына, биринчи вице-премьер Өмүрбек Токтогулович да өзүнүн тегерегиндеги ызы-чуудан кутулуп бул да иштей баштады. Маселен, депутаттык агитация учурунда элге берген убадасына киришип, үйлөр үчүн ипотека кредиттерди берүүнүн функцияларын иштеп чыгуусун тиешелүү органдарына тапшырды. Бишкек мэри Өмүркулов Иса Шейшенкулович дааратканасы менен ашканасы бирге болуп калган "Ош" базарын тазалап, Бишкек шаарынын тургундарын жарылуучу чоң оорудан сактап калды. Жолдорду жаңылап, арыгын кошо салып, көрүнүктүү оңдоп жатат. Моюнга алалы, канча жылдан бери шаарыбыздын көчөлөрү караңгыда жашап, бозоргон топурагы чыгып калбады беле. Иса Шейшенкулович мэр болуп келгени шаар тазаланып акыр-чикирден арылып, машинелердин заторунан аз да болсо кутулуп, кечкисин көчөлөрдүн светтери жанып, керек болсо шаардын көчөлөрүндөгү тосмо щиттерде столбаларда гүлдөр гүлдөп көркүнө чыкты го. Жашыл шаарыбызга айланганы жалганбы? Жашообуздун жакшы жагына кетип жатканын жашоочуларыбыз моюндап жатышат, сүйүнүп жатышат. Туура иштебей жаткандары бар, мисалы, соттор, милициялар жакшы иштеген жок. Коррупция дагы деле үстөмдүк кылып жатат. Чөнтөкчүлөр, алдап-тоногондор дагы деле күчүндө. А парламент өз деңгээлинде иш алпарып жатат, көрүп жатасыздар го, кээси өздөрү эле президентти шайлап алалы десе, кээ бири тилдешип, жиндешип, урушуп, талашып, мушташка чейин барып жатышат. Араларында эл үчүн деп күйгөндөрү, элин сүйгөндөрү да жок эмес.
Равшан Бабырбекович паспортту жеңил түрдө берели дегени эң туура. Бирок катоонун кереги жок дегени жеке менин оюмча туура эмес. Себеби катталган жери жылына эки жолу армияга алчу жигиттерди военкомат кызматкерлери кайдан издеп табышат. Каттоосун калтырып эле кайсыл жерде катталбасын Кыргызстандын бардык аймагында жарамдуу болуш керек. Менин оюмча, илгеркидей эле "листок убытия - прибытия" менен мөөр басып туруп, колдоруна карматып коюш керек. ID-карт паспорту жашаган жерди которсо эле, алмаштыруунун кереги жок. Алмаштыруу бул акча жасаш үчүн эле ойлоп табылган жол, калган сунуштарына толук кошулам. Биздин элибиздин мындан ары өнүп-өскөн мамлекетте жашагысы келишсе, тынчтык жолун тандап алыш керек. Кайсы бирөөлөрдү колдоп эле, бир аз акча берип койсо, пикет-митингге чыкканды токтотуш керек. Берген акчалары бат эле түгөнөт. А бергендердин акчасы түгөнбөйт, ошон үчүн берип жатат. Алар максатына силер аркылуу жеткенден кийин, силерди унутуп коёт, силерге оокат бербейт, бул айтканым чындык.
Президент Роза Отунбаева да саясатчылар арасында ынтымак орномоюнча элдин арасында биримдүүлүк болбосун айтып, саясатчылардын саясий оюндарын токтотуп, биргелешип иш алып барууга чакырды.
Элибиз бөлүнүп-жарынып жаман бир нерселерге туш болуп калбасак экен дегенде ак эткенден так этип, жада калса иштеген ишибизге көңүлүбүз чаппай турган учурубуз.
Өлкөдө болгон кайгылуу окуяларды эске алып бөлүнбөйлү деген принципте иш алып барууга чакырабыз. Кечээ жана бүгүнкү таарынычтарды унутуп, өлкөнүн бүтүндүгүнө жана элдин тынчтыкта жана ынтымакта жашоосуна салым кошуу керек.
Кыргыз элим, алдыдагы президенттик шайлоону тынч өткөрүп алалы.
Дүйшөн Маматов,
Бишкек шаары.





"Ээ, кокуй, сурогу
өткөн мурда эле…"
"Фабуладагы" №35 "Соройгула, соттор келатат!" гезитиңерди окуп алып, Кочкор районунун элдик соту Асанбаев Нга 9-мартта барып: "Мен Нарын району Жерге-Тал айылдын, Тешик участкасында тоодо жашайм. Көбөгөнов Жолдошбек менин ишеничиме кирип алып мени алдап жүрөт. Расписка да алган эмесмин. Ата-баладай эле болуп жүрчүбүз. Үйүмө аялы Айты эки кызы менен келишсе козумду союп, кымызымды берип, колумдан келгенин жасачумун. Мурда менден уй союп кетип, акча жасап берчү. Подреал деп койчу. Анан менден 1-майга карата байланган, акча кылайын деп жүргөн төрт семиз коюмду алып кеткен. Бир семиз бээ дегенинен теңтушум Сабырбек дегенден туу калган кара бээсин мен алып Жолдошбекке бергем. Биздин айылдан союп кеткен, эки эли казы чыккан, сойгон жигиттер турат, ичегисин артып берген аялдар турат. Мөөнөтү өтүп кетти, "мына берем, ана берем"" - деп жүрүп 6 жылга айланды, ушуну өндүрүп бере аласызбы" - деп Асанбаевге кеңешсем, "көргөн элдерден түшүнүк алып, айыл өкмөтүңдөн мөөр бастыр. "Койго, бээге Нарындын базарынан баалатып справка алып мага почта аркылуу салып жибер, мен өндүрүп берем" - деди. Сүйүнүп кыштакка тоодон барып түшүнүк кат алып, мөөр бастырып, андан Нарынга барып базаркомдон орточо баасын, бир семиз койго 8 миң сом. Бээге 50 миң сом деп справка алдым 50 сом төлөп. Баары 82 миң сом болду. Сүйүнүп 17-март 2011-жыл почтадан заказной кылып салып жибергем. Асанбаев мага "бир ай чамалаш чакырам" деген. Жашаган үйүнүн адресин да бергем. 6-майда Кочкорго Асанбаевге барып, кирип учурашып эмне болду деп сурасам, сурогу өтүп кетиптир" - деп кабагын бүркөп койду.
Э кокуй, сурогу өткөнүн мурда эле сизге айтпадым беле, 76дагы кары киши болсом, ушунча убара кыласызбы деп, айла жок кете бердим. Менин аласам күбөлөрүм менен 5 колдой чындык болчу.
Сот мага өндүрбөй эле, өзү өндүрүп алды деп ойлойм. Мага бересе - Көбөгөнов Жолдошбектин (кличкасы - Шум) куйругу жок деп аташат экен Кочкор эли. Сары-Булактагы ашкана, 2 вагон дүкөнү бар болчу. Кочкордон Шопоков көчөсүнөн №59 деген тамды сатып алыптыр. Эми кайдан адилет сот табам деп арыз ээси:
Сарбашев Зарлык
Редакциядан: "Соройгон соттор" адилеттик кылса сиздин карылыгыңызды, ошону менен катар өзүңүздүн юридикалык жактан мыйзам менен тааныш эместигиңизди эске алып, "сурогу өтүп кеткенин" шылтоо кылбастан, мыйзам чегинде "мөөнөтүн калыбына келтирүү" беренесин түшүндүрүп берсе болмок. Анда карыя Зарлык Сарбашевден "чай-пайын" гана ичпестен, ак батасын да кошо албайт беле?
Мүмкүн, карыянын бул катын окуп калса, Кочкор райондук соту ойлонуп, өз абийиринин соту алдында карыя З.Сарбашевге "өтүп кеткен мөөнөттү" калыбына келтирип берер?! А-ай, ким билет, же райондук сот Жолдошбек Көбөгөновдон "жечүсүн жеп койдубу"?..