mainkaptal
Пользовательский поиск
Айтматовдун наамына каршылар - кыргызга каршылар
Орус мекендештеринин союзу деген уюм бар экен да, алар "Молодая Гвардия" бульварына жана Скрябин атындагы Агрардык академияга Чыңгыз Айтматовдун атын берүүгө каршыбыз деп президентке кат жөнөтүшкөн.
Көрдүңүзбү, урматтуу окурмандар, биз үчүн гана эмес, бүтүндөй дүйнөгө гений аталган жазуучубуздун атын өз билгенибиздей көчөлөргө ж.б. жерлерге коюуга да акыбыз жок экен. Ошентсек, "улутчул" болуп чыга келет экенбиз.
Катты алган президент: "Урматтуу орус туугандар, биз деген Кыргызстан деген мамлекетпиз жана мамлекетибизде эмне кылууну өзүбүз чечебиз, силер болсо көп түйшөлбөй оокатыңарды кыла бергиле" - деп жооп берсе сонун болбойт беле, башкаларга сабак болбойт беле.
Аз өтсө, "урматтуу диаспора өкүлдөрү, "түзгө олтуруп келүүгө мүмкүн бекен" деп уруксат сурайбызбы деп жан жок…уруксат бербей койсо канттик деп ого бетер жүрөк түшөт…

Корукка коргологон Курманбек
Качкын президенттерибиздин бири Маскөөнүн четиндеги миллиардерлер жердеген Рублевкада шапар тээп атса, Бакиев Беларусь президентинин Березин коругундагы "Плавно" деп аталган мамлекеттик резиденциясында күн кечирүүдө. Бакиев баш калкалаган жер белоруссиялык журналисттердин дагы бүйүрүн кызытып, "Империя" деп аталган маалымат порталы Березин коругун иликтеп чыгышкан экен. Беларусь коомчулугу, өзгөчө журналист журту акыркы күндөрү Лукашенконун амири менен беларусь жеринде жан багып аткан Бакиев боюнча нааразычылык күчөп жаткандыгы айтылууда. Эң сыйлуу коноктор жашаган резиденцияда Бакиевдин узак мөөнөткө отурукташуусу салык төлөгөн карапайым беларусь калкынын чынында эле кыжырын кайнатып аткан экен.


Өмүрбек Абдырахмановдун баласы кум шекер "королубу?"
Өмүрбек Абдырахманов деген Америка жыттанган, узун бойлуу, ар кандай ойлуу депутат бар. Америкадан келгени "Ата Мекенден" депутат болуп чыга келип, өзүн периштедей ак сезип бир далай депутаттардын (анын ичинде өзүнүн партиялаштары да бар) "былыгын" чукуганга чоң уста болуп алгандай элес калтырып келет. Ошентсе да, чындыктын акырына чыга албай, кез-кези менен элге уят болуп деле келет. Ушул депутаттын уулу тууралуу эл уга элек кызык маалыматты, ЖКнын кечээки акыркы жыйынында "Республика" партиясынын депутаты Нурбек Мурашев жар салды. Ал депутаттын айтымына караганда, өлкөгө ташылып келип жаткан кум шекердин 90 пайызы Абдырахмановдун уулуна таандык экен. Чынында, азыр азык-түлүктөрдүн ичинен кум шекердин баасы күн санап өсүп олтуруп, 1 килограммы 75 сомго чейин жетти. Ал эми Нурбек мырза Абдырахмановдун баласы алып келип жаткан кум шекердин өз баасы 40 сом экенин билдирип, түз эле "кум шекер королунун" атасы Абдырахмановго кайрылып, элдин капчыгына жараша арзандатууну талап кылды.
Ал эми Абдырахманов бул боюнча эч нерсе деп айткан жок. Кыязы, өз оюнда "билгениңерди кылып алгыла, элдин акчасы жетпесе, чайды шекери жок эле ичишсин" деди окшобойбу…


Исабеков бар жана "кыйын"
Бакиеви куулгандан кийин эч жерге илине албай, ары урунуп, бери урунуп жүргөн мурунку парламенттин вице - спикери Кубанычбек Исабеков деген бар эмеспи. Мына ошол популизм дилинде ойноп турчу Исабеков элинин эсинен чыкпоо үчүн өзү жулунуп барып, маалымат каражаттарына маек куруп турат, узун-кыска формасында, мааниси аз мазмунунда. Бул ирет Исабеков "Вести" редакциясына телефон чалып төмөндөгүлөрдү божураган: "Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо туура эмес жүрдү. Президент аркылуу сунуш кылынган төрт адам сөзсүз түрдө СДПК партиясына жан тартат… Президентикке Атамбаев, Исаков, Суваналиев, Келдибеков, А. Исабеков, Малиев, Байболов, Бекназаров, Кулов, Бабанов, Султанов, Назаралиев, Текебаев, Кадырбеков, Чолпонбаев, Э. Өмүралиев, Р.Жээнбеков, Матубраимов, Сатыбалдиев, Мырзакматов, Доктор Апас, Р.Тагаев, Үмөталиева, Мотуев сыяктуулар ат салышат… Президент болуш үчүн 100 миллиондой доллар керек" - дейт "көзү ачык" Исабеков.
"Урматтуу эл-журт, Исабеков деген мурунку вице-спикер бар, саясаттын бир жагын чоюп жүрөт, саясатта салмагы бар" - деп анын көңүлүн көтөрүп таштайлычы. Ооздун желин аяганыбыз болбос…


Кошоматчы кай жерде болсо деле кошоматчы
Өткөнде Семетейдин "Добулбас" гезитине "Гитлердин өңү Акматбек Келдибековдун өңүндөйбү?" деген макала чыккан, коллаж да жасалган. Аны менен таанышкан кай бийлик болсо да "ванька-встанька" болуп жүрө берчү Курмантай Абдиев деген депутат спикерине кошоматын даана эле билдирип: "Бул этикага сыйбаган нерсе, гезит жооп бериши керек" деп чыкты. Гезит деген "Келдибеков Гитлердин өзү" деп айткан жок да, окшош деди. Антип айтууда айып деле болбойт, маселен, бирөөнү тоголонгон топко окшош же торопойго окшош деп тамашалап койсо…
Кыргызга салттуу тамаша дегенди туура түшүнүп жүргөнүбүз оңдур, тамашаны кошоматыкка курал кылганды таштаганыбыз андан да жакшыдыр…


Президенттин сынына чычалаган Текебаев…
Президент Роза Отунбаева 30-июнда парламенттин пленардык жыйынында шайлоо тууралуу мыйзам туурасында сөз сүйлөп, "кабыл алынган мыйзам Текебаевдин кароосунда экен. Анын макулдугусуз мыйзам жылбайт экен деп айтышууда. Өзүңөр калыс болгула, депутаттар, ким мыйзамдарды создуктуруп жатат, кандай саясий оюндар болуп жатат, кимдин кызыкчылыктары болуп жатат", - деп билдирди. Буга "Ата Мекендин" ынтымагы кетип, барган сайын кадыры төмөндөп, акыркы күндөрү сиркеси суу көтөрбөй жүргөн Өмүрбек Текебаев чычалап, "президент мен таза шайлоо өткөрөм дейт, ал таза шайлоону өткөрө албайт. Болгону бардык саясий күчтөрдү ынтымакка чакырып, башын бириктирип, стабилдүүлүктү камсыздашы мүмкүн. Тарыхый миссиясын аткарам десе, саясий интригадан алыс, өйдө болсун" - деп, жарашса-жарашпаса деле каяша пикир айтып, демин араңдан зорго басты. Бирок негизги көйгөй болуп жаткан шайлоо тууралуу мыйзам долбоорун эмне себептен басып жатканын айткан жок. Эң кызыгы, Бакиевдин учурундагы "Агым" гезитине жарыяланган жоруктарын унутуп коюп, эми ар кимге сын айтып жүргөнүн көргөндө жакаңды кармайт экенсиң.


Түлеев Келдибековду кетиргиси келип жатабы, же…
"Ата-Журт" фракциясынын депутаты Нариман Түлеев "De-Факто" гезитине: "Ачык эле айтыш керек. Спикерлик алайлыктардыкы болуп келет. Мына, Абдыганы Эркебаев, Марат Султанов, эми Акматбек Келдибеков болуп отурат. Эми буларга башкача тапшырма коюш керек. Эгер Марат Султанов президенттикке чыкса, анда Келдибеков төрагалыктан кетиши керек. Ошондо калыс болот", - деп билдирген. Түлеев муну менен Келдибековго астыртан таш ыргытып, төрагалыктан кетирүүгө кызыкдар экенин кыйытты. Бир четинен калыстык маселесин айтымыш болуп, аймактык бөлүнүүгө жик салган маселеге басым койгон. Мунун артында Наримандын кандай көксөгөн максаты бар экенин билип болбойт. Анткени Жогорку Кеңештин төрагалыгын шылтоолоп, элди бөлүп-жарып чагымчылык кылып жатабы деген шектенүү жаралат экен.


Эл дүрбөсө, Масалиев кошо дүрбөп…
Ошентип, күз жакындаган сайын, ажолук амбициясын жашыра албай, "эл дүрбөсө кошо дүрбөгөндөрдүн" катарында аты аталып жүргөн коммунист чалыш экс-депутат Исхак Масалиев маалымат жыйын өткөрүп, көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө буруу аракетин баштагандай. Ал жыйынында түштүктөгү улуттар аралык жаңжалда Өмүрбек Текебаев менен Азимбек Бекназаровдун чагымчыл аракеттерге тиешеси бар деп чыкты. Анан да "Ганси" авиабазасына күйүүчү май ташыган "Мина Групп" компаниясынан түшкөн каражатты өкмөттөгү бир адам кымырып атышы мүмкүн деди. Анысы ким экенин анык билбегенден кийин айтып эмне кылат десең. Же ошол "кымыргычтын" тамырын тартып, бир нерсе өндүрүүнүн амалын көрүп атабы? Күзүндөгү аламан байгенин алдында эл-журттун көз алдында болуп турайын дегени го…







кыргыз тилиндеги гезит "Форум"


ПОИСК ГАЗЕТЫ