mainkaptal
Пользовательский поиск
КӨРАЛБАСТЫК халатты эмес, ишти булгайт
Башкаларга баа берүүнү не кылабыз, өзүбүздүн келечекке кеткен жолубуз анча деле түз болбой турат. Бул жерде мамлекетибиздин экономикалык жактан өксүп турганын айтпадык, кеп андан да маанилүү маселеде: улутубузга мүнөздүү улуулуктар менен ыйыктыктардын тескери тегеренип кетип баратканында болуп жатат.

Чет-бучкагын көрүп калдык, көбүн аңыз катары угуп суктанып келебиз: кыргызда улууну урматтап, кичүүдөн ийменүү, айкөлдүк, боорукердик сыяктуу мыкты сапаттарыбыз короп бараткан кези. Азыр ар кандай багыттагы интригалар, көралбастык, ач көздүк, бирөөлөрдү каралоо, биринин ийгилиги бирине сокку болуп, айтор, кара түстөгү иштердин арааны ачылып турган убак. "Баланча менен түкүнчө кармашып жатыптыр, тиги коллектив жетекчисин түшүрөбүз деп элди үгүттөп жатыптыр" сыяктуу "биринин түбүнө экинчиси жеткиси келип жаткан" окуялардан күн куру эмес. Анысы бар, бүгүнкү жетекчилердин бир тобу жалаң гана өз кызыкчылыгын алдыга салып иштеп келет, ишине жүр-нары мамиле кылат, иштин көзүн билбейт ж.б. Аны менен эле бирге мыкты иштеп жаткан жетекчилер да бар. Алардын таза иштеп жатканы, иш билгилиги ошол коллективдеги ичи тарларга жакпайт. Жакпагандан кийин ошол жетекчиге каршы компроматтар изделет, аны сындыруунун жол-жобосун издейт, тынч турган коллективди дүрбөтүп-дүргүтүп турат. Бул дагы кыргыз турмушунун аттиң делчү көрүнүшү болуп, салттуу болууга укук алып турган кези. Эмесе, бир окуя жөнүндө кыска баян төмөндөгүдөй.
Балыкчы шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун деректири Дамира Султановна Мусабаеваны кызматтан кетиребиз деп, ошол борбордо иштеген бир-экөө демилге көтөрүп, ага он чакты адам тилектеш экен. Эмесе, борбордун кээ бир кызматкерлеринин сөзүн угалы:
МАМБЕТАЛИЕВА Чынара,
директордун орун басары:
- Мен бул кызматта ушул жылдын 1-мартынан бери иштеп келе жатам. Мурун башка жерде иштечү элем. Мен келгенде да "эмне үчүн бул орунга өзүбүздөн койбой, башка жерден алып келет" деп кээ бирөөлөр нааразы болуп, мени иштетпей коюуга жандалбас кылышты. Дамира Султановнаны да иштетпейбиз деп чыккандар болуп жатпайбы.
Дамира Султановна менин оюмча, ишин эң жакшы аткарып жатат. Анын ишинен кыйкым издегендер жөн гана көралбагандар деп айтар элем.
Өткөндө ишембилик кылсак, Эркинбаева Чынара деген врачыбыз "мен деген мединститутту 7 жыл там актайын деп окуган эмесмин, актаса санитаркалар актасын, аларды эмне үчүн эркелетип жатасыңар" деп Дамира Султановнага тийиштик кылып жатпайбы. Субботник деген милдеттүүлүк эмес, ар кимдин каалоосу менен өтөт, бирок өз мекемесине чын дилден күйгөндөр сөзсүз катышат эмеспи. Ушинтип эле дайыны жок тескери сүйлөгөндөр болуп жатат.
Дамира Султановна жаман иштеген жок, колунан келгенинин баарын жасап жатат. Ызы-чууну уюштурган Сыдыкова Гүлнара деген врач. Ал бир кабинетти мыйзмсыз ээлеп жүрөт. Япониядан грант түрүндө баалуу аппаратураларды алып келип, ошолордун бирин орнотолу, кабинетти бошотуңуз башка кабинет берели десек көнбөйт. "Билгениңерде кылып алгыла, мен чыкпайм, колуңардан эч нерсе келбейт" дегенге чейин барып жатпайбы. Бул кабинетке өзүнүн менчик аппаратураларын орнотуп иштеп жатат, бизде да иштейт. Ошого да ыраазы болбой жатпайбы.
Ошондон баштап Сыдыкова өзүнө жакын адамдар менен деректирге каршы аракеттерди уюштуруп, аны "коррупционер, далай адамды кызматтан айдады" сыяктуу жалаа жабуулар менен алектенип жатат. Уюштурган экөө-үчөө, калгандары тигилерге көз каранды медсестралар…Кандай болбосун, анын аракетинен деректир эч нерсе деле болуп кетпейт, анткени анын иши ак.
Баса, май айында өкмөттүн чечими менен 14 жашка чейинки балдардын шал оорусуна каршы эмдөө жүргүзүлгөндө Сыдыкова эки ирет ишти үзгүлтүккө учураткан.
БЕЙШЕКЕЕВА Айна,
кадрлар бөлүмүнүн тескөөчүсү:
- Дамира Мусабаеваны деректир кылып облус шайлаган жок, өзүбүздүн коллектив шайлаган. Ага атаандаш дагы эки-үчөө бар болчу, аларды утуп чыккан.
Дамира көп жылдан бери өзүбүздө эле психиатр болуп эмгектенип келген. Коллективде кадыр- баркы бар үчүн, мыкты адис болгондугу үчүн деректир болуп шайланды да.
Мына, жакында эле миллиондогон сом турган аппаратураларды алдырып келди. Мындай аппараттар облусубуз боюнча жок болчу.
Жумушун жакшы аткарып, мыйзамдуу талаптарды койсо, кээ бирине жакпай жатат окшойт. Дамираны коллективдин дээрлик көпчүлүгү колдойт. Коллективдеги 130 адамдын ичинен чагымчы эки-үчөөнү жөндөн-жөн эле ээрчиген он чакты адам бар.
Деректирдин үстүнөн арыздангандар "шаар элинин атынан" деп жатышпайбы. Эмне, шаардагы 42 миң адам арызчыларды колдоп жатыппы?! Арызчылар элдин атынан сүйлөгөнгө укугу деле жок.
ЧЫЛАКИНОВА Асылбүбү,
фельдшер:
- Мен бул жерде 40 жылдан бери эмгектенип келатам. Мен мурунку деректирибизди жамандагым келбейт, бирок ал аткарбаган иштердин баарын Дамира Султановна аткарып жатат. Дааналап айтсам, отуз жылдан бери чечилбей келген иштерди Дамира Султановна жарым жылда эле чечип койду. Биз, "тез жардамдын" кызматкерлери, мурун аябагандай начар шартта турчу элек. Азыр болсо, баары сонун болду: кышы бою жылууда олтурдук, төшөнчүбүз жаңырды ж.б. Биз эмне деп сурансак дароо эле аткарат.
Жумушка жан-дилинен берилип иштеген, элдик адам деп айтчу деректирибизди каралап жаткандар баары бир ага эч нерсе кыла алышпайт. Биз бүтүндөй жамаатыбыз менен коргоп алабыз.
БЕЙШЕНАЛИЕВА Анара,
деректирдин орун басары:
- Биз телевизордон Дамира Султановнаны жок жерден жамандаган сөздү угуп аябай нааразы болдук. Анткени, биринчиден, алар жамааттын атынан сүйлөп жатабыз деп айтып жатат, он чакты адам деген жамаат болбойт, экинчиден, деректирибизге дайыны жок эле, эч негизсиз эле асылып жатпайбы, үчүнчүдөн, сүйлөгөн айым пенсияда. Кызык, жамааттагы 130 адамдын он чактысы каршы болсо, бүтүндөй жамааттын атына жамынууга болбойт да.
Дамира Султановна жаш жетекчи, анын бул кызматка келгенине бир эле жыл болду. Анын ишмердүүлүгүнүн жемишин көрүп да жатабыз. Мисалы, былтыр күздөн баштап Япониянын элчилиги менен сүйлөшүп жүрүп грант алууга жетишти. Жакында ошол гранттын эсебинен алынган аппаратуралар келди. Калп айтпасам, мындай көлөмдөгү, сапаттагы аппаратураларды 15-20 жылдан бери ала элек болчубуз. Анан да каржы министрлигинен сурап олтуруп 5 миллион сомго жаңы үлгүдөгү рентген аппаратын алдык.
Бир жылдын ичинде деректирибиз эмнени жеп жибергенин билбейбиз, көргөн-билген жокпуз. Деректир болуп иштегенине бир жылдай болсо, жеп-ичкенге деле үйрөнө элек да. Жеп жиберчү акча деле жок бизде, баары эле орду-орду менен. Маселенин баары коллегиялуу чечилет, иштегендерге шарт жакшы түзүлгөн, демилге көтөргөндөр колдоого алынат. Бирөөнүн таарынычынан улам эле жамааттагы дурус абалды бузгусу келишет.
ХАЙДАРАЛИЕВА
Мукарам, медсестра:
- Мен бул жерде иштегениме жыйырма жылдан ашты. Бардык кызматкерлерди жакшы билем. Дамира Султановнанын иштегенине мына бир жылдай эле болду. Иши баарыбыздын көз алдыбызда. Кандай маселе менен кайрылсак да аны чечип берүүгө аракет кылат. Кызматкерлерди жумуштан бошотуп жатат дейт, мен билгенден, эч кимди жумуштан кетире элек. Мен деректирдин ишинен жаман нерселерди көргөн жокмун.
АЛМАНБЕТОВА Гүланда,
фельдшер:
- Мурунку жетекчиликтин тушунда ишибиз анча деле жакшы эмес болчу, шартыбыз начар эле, кысым көрсөтүп эле турчу. Дамира Султановна келгенден кийин абалыбыз алда-канча жакшырды. Бизде кандай маселе болсо да, Дамира Султановнага түптүз эле кирип барып чечип алабыз. Бизге эч кандай кысым жок, эркин иштейбиз, ошондон улам иштегибиз келет. Мурда биздин турган жерибиз суук болгондуктан кышы бою ооруп чыкчубуз. Быйыл үшүгөн жокпуз. Сөз кыскасы, деректирибизге баарыбыз ыраазыбыз. Айта кетейинчи, мурун "тез жардам" бөлүмүнө бөлмөлөр жетишпегендиктен, биз шоопурлар менен бир бөлмөдө жатчубуз. Эл көрсө эмне дейт деп аябай уялчу элек. Азыр башка-башка бөлмөлөрдө жатабыз. Дамира Султановнага рахмат!
Мурунку деректирге баарыбыз каршы чыгып жатып кетиргенбиз. Эми Дамира Султановна жакшы иштеп жатса тигилер эмнеге нааразы болуп жатканына түшүнө албайм.
МУКАШЕВА Съездбүбү ,
фельдшер:
- Мурунку жетекчилик биздин сөздү таптакыр укчу деле эмес. Азыр болсо андай эмес. Деректирибиз биз айткандардын баарын колунун келишинче жасап берип жатат. Жанагы арызданган эки-үч адамдын деректир жумуштан кетсин дегени таптакыр туура эмес. Биз колдон-буттан алып деректирдин ишине жардам беребиз.
ШАРШЕКЕЕВА Элмира,
медсестра:
- Биздин деректир жаш кыз, ага карабастан жетекчилик ишин жакшы аткарып жатат. Баарыбыз эле кубанып жатабыз: ондогон жылдар жетпей жүргөн аппаратураларга жеттик. Эмнеси болсо да деректирибизди тынч иштетишибиз керек. Мен аны колдойм.
Тиги арыз жазгандар "ичип-жеп жиберди" деп жатышпайбы. Антсе биз деле билет элек го. Жаңы эле келе калып кайдан ичип-жемек…Баарынан жаманы бизге айтпай туруп, биз менен кеңешпей туруп "жамааттын атынан" деп жатышпайбы. Эки-үч адам уюштурса, ага он чактысы кошулса жамаат болуп калмак беле?
Эми сөздү үй-бүлөлүк дарыгерлер
борборунун деректири
Дамира МУСАБАЕВАГА берели:
- Бул коллективде иштегениме 16 жыл болду, мурун психиатр-нарколог болуп иштегем.
Коллективде тынч жүрө албагандар да болот экен. Мен алар менен сүйлөшүп да көрдүм, талаптарын аткарганга да аракет кылып келем. Болбой эле арызданып жатышат. Мен аларга эч нерсе деп айта албайм, эмне кылса ар кимдин өз укугу бар. Бирок, жамааттын атынан сүйлөгөнүнө гана каршымын.
Арыздангандардын башында Сыдыкова Гүлнара деген врач турат. Анын жеке менчик УЗИ менен дагы бир аппаратурасы бар экен. Биз грант аркылуу 9 наамдагы аппаратура алып келип, аларды коерго бөлмө жетпей менчик аппаратуралары барларды чакырып бөлмөлөрдү бошотуусун сурандым. Түшүнгөндөрү кетти, түшүнгүсү келбегендери минтип арызданып турушат. Сыдыковага: "болуптур, төртүнчү этаждан орун берели" - десем да болбойт, "силер мени көрө албай жатасыңар" - деп доо коюп жатпайбы. "Бөлмөнү бошотуп бериңиз, анткени бул өкмөттүкү" - деп аксакалдар да айтты, мэриядан да айтты. Көнбөйт.
Ошентип, бул маселе боюнча түшүнүгүбүз бу болду: Деректир болуп иштегенине бир жыл болгон Дамира Мусабаеванын иши жакшы, алдыда дагы да сонун пландары бар экен. Кыргызга көбүрөөк мүнөздүү болгон көралбастык деген нерсебиз анын ишине тоскоол болуп жаткан экен. Жамаат болсо, деректирди колдой турганын угуп-көрүп келдим. Ушундай жыйынтык, азырынча…
Баратбай АРАКЕЕВ







кыргыз тилиндеги гезит "Форум"