mainkaptal

Пользовательский поиск
Айылдык аңкообайдан
ачык кеп
Урматтуу калайык-калкым, эли-журтум, эмне үчүн бир жылдан ашык убакыт өтсө дагы (7-апрелден бери) дагы деле болгон ишти болгондой айта албай, аптыгып, артыбызды карап келебиз. "Ала кушту атынан чакыр" дегендей, болгонду-болгондой айтып кийинки жаш муунга чындыкты чындыктай түз жеткирүү керек. Азыркы саясатчыларыбыз окуялардын ашмалтайын чыгарып келүүдө.

Мына Ош окуясын канчалаган комиссия иликтеп, бардык күнөөнү Убактылуу Өкмөткө, бүтүн кыргызды базарга сатып жибере жаздаган Закиржан Бакиевди кулаткан революцияга, болбосо ошол кездеги Бакиев деген ажыдаардын желдеттери менен кармашкан өкмөткө оодарып келишет.
Элибиздин баары билет, 1986-жылдан биринчи обкомдун секретарлары, жергиликтүү бийликтер өзбек улутундагы калкка, палоосун жеп, пулун алып, аймактагы майлуу орундарды сатып, ошолордун тилинде сүйлөп, ала топусун кийип келишкен. Бат эле байып көзүн май баскан өзбектердин чайхана, дүкөн, контейнер, короолорунда бечара оштук кыргыз иштеп, эркеги кул, аялы күң катары кара жумушка жумшалып келген.
Ошолорду бийлик өкүлдөрү билбептирби? Үсөн Сыдыков өңдүү кайбарлар өз элин чайкоочулук кылып сатып келишкени жалганбы? Андан 1990-жылкы окуя чыкты, жыйырма жылда муун алмашып, кыргыздын эсебинен байыган, өзбектин көзүн май басты. Мына, "Түлкү кутурса, ийинин карап үрөт" болуп, 2010-жылы Автономия алабыз деп чыгышты, өзүбүздүн саткын чоңдорубуз менен табакташ К.Батыров, Салахитдинов дегендер кыргызды кырды, үйлөрүн өрттөдү.
Афгандын чыкчу аскерин Кыргызстанга кийирүү үчүн Америка деген ажыдаар, эчактан бери саясатын жүргүзүп келет, алардын оюна койсо, 180 улуттар жашаган Россияны дагы чачыратуу керек. Өткөн шайлоодо "Ата Мекен" партиясы өтпөй калып, абийирибиз жабылды, болбосо "Ата Мекендин" саясатчы-саякатчылары Ө.Текебаев, Ө.Абдырахманов, К.Байболов, Жээнбеков элибизди эчак бөлүп-жарып Америкага устукандап бермек.
Илгертен эле араб элдеринин ортосуна чагым жасап келген Америка эми Ливия, Сирия ж.б. өлкөлөргө бийлик башындагыларга кийлигишип, араб элдерин өзүлөрүн өздөрүнө устукандатып жатат. Каддафи араб өлкөлөрүнүн ичинде "динарды" кийирип, нефть күчү менен "Евро, долларды" жоготом десе, НАТО, Евросоюз, Обамага жакпай калды, болбосо 50 жыл бийлеген Куба менен Венесуэлага асылып көрүшсүнчү? Иши кылып араб өлкөлөрүн өз колдору менен, өз кандаштарын мууздатып жатат.
Аль-Каида, Бен Ладенди дүйнө элине мокочо көрсөтүш үчүн өз бийлиги, ЦРУ сатып алган сакалчандардын өз колуна жасатып жардырды, болбосо Пентагонго самолет эмес, сагызган кантип жолойт, бул жардыруулар такталды го.
Эми кайра өзүбүзгө кайтып келсек, коңшу "баурларыбыз" эле эмне кылбады, чек арасын бекитип алып, илгери 1932-жылдары ачкачылыкта, жарты нанын тең бөлүп баккан кыргызга, артын салып койду го, казактын азыркы бийлиги.
Адам укугун коргойбуз деген айымдарыбыз ар тараптан акча жеп келип (гранттар), өз элин, жерин сатып, сасыган саясатын чыгарып, президенттен баштап, байтал базардагы кыздарыбыздан өөдө дүңкүлдөтүп, дүйнөгө жар салып мамлекет ишине кийлигишип, Батыштын ыргыткан сөөгүн мүлжүп, НПО, фонддорун депутаттык мандатка жетип, кол тийбестикке жетип, дагы эле калп-чынды койгулап, элбузар, динбузар болуп жүргөндөр бар.
"Курманжан датка" жеке менчик фондун жетектеген Жылдыз Жолдошева деген депутатыбыз бар. Ушул абройлуу инсандын атына жамынып алып, Акаевдин айласын кетирип, Бакиевдин башын айланткан неме эми эли-журтубузду экиге бөлүп ит кылмай болду.
Өз кызыкчылыгы үчүн, кадырлуу Курманжан энебизди көрүнгөн жерге сүйрөп, көтөрүм кылмай болду. Ошто тынч турган жерине Ала-Тоо аянтына алып келип орнотту, эми Көлгө алып барам деп, Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнөн 15 га жерди алалбай, ар түрдүү амалдарга барып келет.
Азыр ар бир сотых жер айыл адамдарыныкы экенин жакшы түшүнөт, айыл эли, район акими, губернатор туура кылат, жерди бербей, энебиздин айкели Рух ордосунда Чынгыз Айтматов, Касым Тыныстанов өңдүү кыргыз чыгаандары менен турса болбойбу? Орустун матрешкасы эмес да энебиз, мына Ошко дагы 6 метр эстеликтин түбүн түптөп коюшту, Алайда да бар. Энебиздин урпактары деле ойлонушса, канчалык көп эстелик болсо ошончолук баркы кетээрин. Мына, акчага да чаптап алып, эми "бир Курманжан бере турчу" деп калдык. Урпактары Жылдыз менен бир пикирге келе алышпай жүргөнү да элге маалым. Көлдөн ала албаган 15 га жерин "Мен алганда таштак, каралбаган жер эле эми алтынга айланды" - дейт Жылдыз. Жер энебизди эч ким чана албайт, ошол жерибизден (Кумтөр өңдүү) алтын, асыл таштарыбыз чыгып, элибизди багып, өзүңө окшогондордун бардык сасык, акыр-чикирин жашырып жатат, чыдап келет, түтүп келет Жер энебиз.
Кечээ Азиза, Чолпон баш болгондор, "өзбек тилине статус берип, мамлекетибиздин атын өзгөртөбүз", - деп чыгышты.
Оо, айланайын эл-журт, бул кутурган Батыштын грантына башы айланган алты аялды эмне кылабыз? Алар грантка эсиргенинен, көздөрүн май басып, туулуп-өскөн эл-жерине түкүрүп, түркөй динбезер, каапыр, таскак байталдар болушуп, мамлекет, өкмөтүбүздүн ишине кийлигиштирбей, оозун тартып коюуга убакыт жетти, качанкыга чейин алты катындын оозун карайбыз?
1.Жылдыз Жолдошева, пролетардын кызы болуп, абройлуу энебиздин этегине жамынып, абийирден кетип жүрсө;
2.Токтайым Үмөталиева кыргызча Үмөтаалынын эле кызы эле;
3.Чолпон Жакупова кыргыздын Жакыпынын эле кызы;
4.Азиза Абдурасулова кыргыздын Абды Расулунун же пайгамбарынын (арабча) кызы эле болуп калат;
5.Асия Сасыкбаева, Сасыкбайга Асыя төрөлгөн кыз.
6.Төлөйкан Исмаилова кадимки Ысмайылдын кызы, анан эле келип алтоо тең кыргызга тамгаларын буруп, "Ы" тамгасын жоготуп "И" тамгага көчүп, ата аттарын бузуп алгандар.
Айланайын эл-журтум, баарыбыз чогулуп, Алладан, Жараткандан сурап, алтооно орустун "Ы"сын кошуп, "беженцы" деп, өлкөбүздөн бата берип узатып койбойлубу. Бул алтоонон Ала-Тообуз кемибейт, 90дон ашык асыл азаматтарыбыздан, 500дөн ашык түштүк калкыбыздан ажырап деле, күйгөнүбүздөн күн көрүп келебиз.
Бул алтоо кыргызымды оңдобой эле мите курт болуп, оңколоткону турат оюна койсок. "Обу жок орсок уй саат" - дейт, кеч болуп кете электе, же бул алтоо дагы бир айла ойлоп таба электе ойлонолукчу, калкым, бир боорлорум! Алтоону арабыздан айдап садака чаппасак, булардын ордун басып Ошурахунова өңдүү ойрондор омуроолоп келет, ошолор оозун басат эле, болбосо эл-журтту, улуу-кичүүнү бүтүрүп Отунбаеваны омуроолоп киришти.
Жакында өлкөбүздө президенттик шайлоо башталып, дагы эли-журтубуздун башына чоң түйшүк түшүп, эми таза түштүгүбүз район-районго бөлүнгөнү турат, анткени ар райондон, ар партиядан арбын талапкерлер ат салышып, арам акчасын чачкан турат, каалайсыңбы-каалабайсыңбы бардыгыбыз аралашабыз.
Баягы эле элибизди алдап, мен силерди жыргатам деген элде караандар, эки сапар алданып, арам акчаларына алданып, сатылган элим эми түшүнсө аңдаар, болбосо өз колубуз менен өзүбүздү караңгы орго салаарыбызды түшүнсөк. Закиржандын ана башчылары А.Келдибеков, Сулайманов, Султанов, Мадумаров К.Осмонов, К.Ташиев өңдүү өз элине жакшылык санабаган, сасык саякатчылар бийликке келсе талпагыбыз ташка жайылаарын бөркүңдөй көр, кыргыз калкым, баарын салмактап, өзүңө кайыл болсоң да балдарыңдын келечегине карап иш кыл, акчасын ал да өзүңдүн жүрөгүңдө, кыргыз элимди алдыга сүрөп, аман алып калаар азаматка добушуңду бер, таза шайла, балдарыңа да айт!
"Президенттик резиденцияны Ошко көчүрөм", болбосо "желек, герб, гимн кыргызымды өстүрбөй жатат" - деген "популист", "сасык саясатчы" депутаттарыбыз чыгып, президенттен, элден ачык жообун угушту.
Баягы совет элинин "Ата Мекен коркунучта!" - деген ураандын алдында иш кылып, жашообузга убакыт келди, болбосо чачырайбыз.
Былтыр 7-8-апрелде бүтүн кыргыз кан жутуп, аза күтүп жатсак Адахан Мадумаровдун айтканы бар:
- Эмне эле кошок, ый, аза музыкасы, күүсү, эки күн бою күнү-түнү, эмне кыргыздын баары кырылып калыптырбы, - деп. Бул сөзүн эч тана албайт, бир айылдан бир жигит кайтыш болсо, кабыргаң сөгүлөт, бул сөзү Адахандын айбандыгы, "Мекен шейиттери" бетин жулуп, өпкөсүн үзүп койсо аз болмок, мына эми президент болом деп, эл кыдырып жүрөт.
"Сандар тактыкты талап кылат" деп, болгон фактыга таянсак, Бишкек тегерегиндеги жаңы конуштарда дээрлик көбү түштүк аймактан болсо, 7-апрелде Нарындан 26, Көлдөн 12, Кеминден 11, Таластан 10дон ашык, Чүйдөн 20дан ашык бала шейит кетип, Жалал-Абаддан 3, Ош менен Баткенден 2ден бала курман болуп, ал эми шейит кетти деп, Ата-Бейитке коюлган оштук жигит Иркустк шаарында аман-эсен маршрутка айдап жүргөнүн кандай түшүнөбүз? Бул далилдер элди бөлгөндүк эмес, тактыкты талап кылат.
Сөз соңунда дагы бир жолу "Ата Мекен коркунучта!" демекмин, эли-журтум, кыргыз калкым, аңдап иш кылалы деп, "айылдык аңкообай"
Үмүт Садыбакасов






кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика