Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Бешимов Бакиев менен соодалашып …
Мындан эки-үч жыл мурда көрүнүктүү оппозиционерлердин бири катары Бакыт Бешимовдун ысымы аталар эле. Ал кезде Бакыт мырза КСДП партиясынан депутат болуп, Америкага качканча Бакиевдин бийлик системасын колунан келишинче сындап турган. Балким, 2009-жылкы президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевдин штабын жетектеп, Бакиевдерге иштеп, эки жээкке ойнобогондо, учурда бир үлкөн кызматты кучактап отурмак. Андагы президенттик шайлоодо Атамбаевдин штабын жетектеген Бакыт Бешимовду Жаныш Бакиевдин коркутканын, кысым көрсөткөнү айтылган. Бул туурасында бир топ саясатчылар, өзү дагы кеп кылган. Чындыгында, Бакыт мырзаны Жаныш Бакиев коркутпай эле, өзү Курманбек Бакиевге жолугуп, "Атамбаевди шайлоодо утулууга дуушар кылсам, сиз мага президенттин администрация башчысынын ордун бересиз" - деп соодалашкан экен. Ошол атайын операциянын натыйжасында Атамбаевдин шайлоого делген акча каражатын туура эмес сарптап, ал аз келгенсип, өзү билип эле так шайлоо күнү биз шайлоого катышпайбыз деген пресс-конференция уюштура коюп, Атамбаевди жеңилүүгө мажбур кылыптыр. Кийин Бакиевдер өмүрүмө коркунуч жаратып жатат деген шылтоо менен Америкага безип кеткен. Ошол бойдон бир-эки жолу үн катканы болбосо, Кыргызстандагы саясий кырдаалга эч бир башын ооруткан эмес. Көрсө, Бакыт мырза элдин жыргал турмушу, мамлекеттин келечеги үчүн чын дилинен күрөш жүргүзгөн оппозиционер болбоптур. Жөн гана жеке кызыкчылыгын көздөгөн деңгээлден көтөрүлө албаптыр. Ошол үчүн бир жылдан берки Кыргызстандын башынан өткөн оор кырдаалга позициясын билдирип, үн чыгарып койгон жок. Ушундай кайдыгерлиги эле, анын кыргыз үчүн күйгөн патриот болбогонун айгинелейт.


"Өлүмүш" болуп элдин жүрөгүн түшүрмөй болду
Керимкулов деген бар эмес беле, кезегинде Бишкектин мэри болуп мышмыйып жүргөн. Бакиев бийлиги оңкосунан сайылгандан кийин "үй күчүк" болуп, унутулуп да калган. Анан кечээ "жерден жек чыкты, эки кулагы тик чыкты" болуп, түз эле Токмок мэринин кабинетинен чыгып, түз эле креслого олтуруп алыптыр. Мурунку мэр деп киргендер биринен сала бири жүрөгү түшүп кулап жатышты дейт. Ал болсо ооруканада жаткан экен.
Бул ыймансыз окуяны сырттан уккан адамдар нааразы болуп жаткан кези. Мурунку бийликтин камчы чабарларынын бири болсо, элине көрүнгөн, билинген бир орчун иши болбосо, бу Керимкулов дегениңди бийлик кандай мааниде бул кызматка алып келди?! Ага мээси барлардын мээси жетпей жаткан учуру, мээси жоктор билет болуш керек деп аларды издеп, сөзүн күтүп жатышкан учуру.


Чек арадагы көйгөй…
Кыргыз-өзбек чегинде эки айда эле 13 адам атылды. Муну Өзбек бийлиги акыркы эки айда Кыргызстандан Өзбекстанга кирүүнү каалаган 13 адам өзбек чек арачылары тарабынан атылганын ырастаган. Адамдарды аткан фактылар кыргыз-өзбек чек арасына жакын жердеги кеминде төрт айылда - Чимиён, Халмиён, Миндон жана Водил айылдарында болгон. Cоңку күндөрү мындай фактылар кескин түрдө өскөн. Айтор, өзбек чек арачыларынын өзүм билемдик жоруктарынан улам, Кыргызстандын дагы, Өзбекстандын дагы жарандары жабыр тартып келишет.


Кулов өзүнүн 10 депутатын келеке кылды…
"Ар-Намыс" партиясынын "атасы" Феликс Кулов маалымат жыйын өткөрүп, оппозициялык фракцияда кала берүү менен көпчүлүк коалицияга кирүү чечимин кабыл алышкан фракциялаш 10 депутатынын кадамын сынга алып, келеке кылды. Тактап айтканда, мындай жагдайды Феликс мырза: "Канаты өөрчүй элек жаш балапандар уядан учуп чыгууга аракеттеништи, бирок кайра кайтып келүүгө мажбур болушту" - деп, шылдыңга алып, "мадырабаштардын оюну" да деген сыпаттаманы кыйытты. Ошондой эле, алардын коалицияга киребиз деп жазган кайрылуусу коалицияга кирди дегенди билдирбей турганын кошумчалады. Айтор, фракцияда калып, коалицияга киребиз деген ар-намысчыларды мыш кылган билдирүү таратып, фракциялаштарынын абийирин айрандай эле төктү. Эми буга 10 ар-намысчы депутат эмне деп жооп кайтарар экен, күтө туралы…


"Республиканын" кадрлары иштей албай жатышат…
Учурда өкмөттүн жакшы иштей албай жаткан министрликтери "Республика" фракциясы тарабынан дайындалган кадрлардан экени айтылууда. Анткени Өмүрбек Бабановдун аркасы менен министр болуп калгандардын, мамлекеттик кызматта эч бир тажрыйбасы жок, кесиптик билим деңгээлдери ээлеген кызматтык орундарына шайкеш келбей, алгылыктуу иштерди жүргүзө албай жатышканы коомчулукта бир топ сын пикир жаратууда. Алсак, Айыл чарба министри Төрөгул Бековдун, Экономикалык тескөө министри Учкун Ташбаевдин, Жаратылыш ресурстар министри Замир Эсенамановдун, Мүлк министри Дайыр Кенекеевдин аткарган иштери чеке жылытарлык эмес. Баарысы тең министрликтин арабасын тартып кетүүгө чамалары чарк экенин далилдеп бүтүштү.
Маселен, Замир Эсенаманов кен байлыктарын иштетүүгө оңду-солду ар кимге лицензия берип, жеке кызыкчылыгына иштеп жатканы кеп болуп жатат. Ошонун айынан "Кыргызалтындын" жетекчилиги ортосунда тиреш пайда болуптур. Анткени Замир Эсенаманов "Кыргызалтын" өзүбүз иштетебиз деген кен байлыктардын көбүн жеке ишканаларга лицензия берип, иштетүүгө уруксат берип салган. Айтор, "Республика" фракциясы тарабынан дайындалган кадрлар министрликтердин чалмакейин чалышууда.


Генпрокурор келатат, түздөнгүлө, кускула!
Аида Салянова айымдын Генпрокурор болуп барганы дурус эле болуптур. Анткени мурунку Генпрокурорлор калкалап, кылмыш иштерин жаптырып кеткендерди кайрадан сууруп чыктырып текшертип жаткан кези. Ал иштер төмөндөгүлөр: финансылык полициянын төрагасы А. Муйбиллаевдин, "Кыргызгаздын" генералдык деректири А.Сыдыковдун, "Кыргыз темир жолдорунун" генералдык деректири А. Рысмендиевдин, булар менен кошо ИИМдин жол коопсуздугу кызматынын жооптуу адамдарына, "Скай Мобайл", "Альфа Телеком", "Ак Тел" жана "Нур Телеком" ишканаларына козголуп, кайра жабылган 17 кылмыш изине саресеп салынып турат. Эми алар аягына чейин иликтелип-изилденип, күнөөлүү тарап соттолот деген ишеним бар. Ооба, ишеним бар. Анткени коррупционерлердин баары эле кутулуп, анан кутуруп жатпайбы.
Алган багытыңыздан тайбаңыз, урматтуу Аида Жеңишбековна! Ошондо Сиздин ысымыңыз менен коррупционерлердин жүрөгүн түшүрүп жатып, алардан арылаарыбыз алыс эмес дейли.




Көңүл айтуу
Дауткулов Жайчыбектин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, бир туугандарынын азасын тең
бөлүшүп, көңүл айтабыз
Эртабылды АТТОКУРОВ