Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Парламент Бакиевдерге
"мүлктөрүн" кайтарып береби?
Былтыркы апрель окуяларынан кийин Бакиевдер басып алган эл байлыктары мамлекетке кайтарылганы менен, реваншисттердин ар кандай аракеттеринин аркасында улутка кайтарылган мүлктөр кайрадан бакиевчил эски кожоюндарына кайта баштады. Албетте, жедеп ирип-чирип бүткөн сок билек сотторубуздун аркасы менен! Кумтөрдөн кийинки эле салыкты эң көп төлөгөн "МегаКом" компаниясынын мамлекетке кайтарылган 49 пайызын ошол "гумандуу" сотторубуз эски ээлерине кайтарып беришти. Ишенимдүү булактардан алган маалыматыбызда ЖК спикери Келдибеков 17-июнь күнү Жогорку Соттун төрайымы Жамашева менен Камчыкенин кан кудасы Юстиция министри Мухамеджановду бир күндө бир нече жолу кабыл алган экен. Ошондон көп өтпөй, Жогорку Сот көпчүлүктүн кыжырын кайнаткан жогорудагыдай чечимин чыгарып отурат. Балким, ошол жолугушуулар "МегаКомдун" тагдырын чечип жүрбөсүн?..
Ал ортодо Мамлекеттик мүлк министринин милдетин аткарып аткан Даир Кенекеев "Улутташтырылган 47 объект боюнча атайын өкмөттүн программасын парламент эки айдан бери кароодон баш тартып атат. Эмдигиче күн тартибине коюлбагандыктан, ар кандай күмөн ойлор туулууда. Эгер 6 айдын ичинде ал объектилердин тагдырын чечпесек, анда ал мүлктөрдөн айрылабыз, эски ээлери ээлеп калышат" - деди.


Калык Иманкулов бизнесмен болуп...
Аскар Акаевдин эң ишенимдүү кишиси болгон, УКМКнын мурунку жетекчиси, генерал-лейтенант Калык Иманкулов деген кыйын чекист бар. Акаевден оомат качкан 2005-жылдын 24-мартындагы революциядан кийин кызматтан кетип, ошол бойдон бийликке, саясатка аралашкан жок. Саясаттан, бийликтен көңүлү калганын, же Бакиев менен азыркы бийлик таназарына албай коюштубу, айтор, кумга сиңген суудай жиги билинбей кетти. Кайда жүргөнүн иликтеп көрсөк, учурда бизнес менен шугулданып, бизнесмен болуп кеткен экен. Сыягы, акчасы көп кишинин гана ити чөп жээрин чекист мырза кечирээк түшүнгөн көрүнөт. Түшүнүп билсе дагы, ал кезде мансапка мас болуп турган Калык мырза бизнес жасаган күндө деле, "биттин ичегисине кан куйган" бизнесмендерди колуна уучтап турган учурунда, өз алдынча бизнес кылууга ачык түрдө баш-оту менен чындап киришкен эмес окшойт. Эми минтип колу-жолу бош калганда, бизнес жасабаганда эмне кылмак эле...


Осмонов ордуна кайтып барабы?
Эң оңой байлык топтоочу мансапка айланган Жогорку Соттун төрагалыгы эмитеден талашка түшө баштады. Бул кызматка отуруу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугун алуу керектигин эсинен чыгарбаган азыркы төрайым Жамашева спикер Келдибеков менен депутаттарына сөзү өткөн партия лидерлерине жагынып, колдоо издеп жүргөндүгү айтылып келет. Ал ортодо ата-журтчу Курманбек Осмонов ортодон чыгып, 2008-жылы Бакиев мени бул кызматтан мыйзамсыз алып койгон, кайра ордума барат элем дегендей кылып, кесиптештерине бул боюнча комитет түздүртүп жибериптир. Кесиптештери аксакалынын айтканын эки кылбай, Карганбек Самаков башында турган комиссия түзүлүп, ошол кездеги Осмоновдун кызматтан алынышын жабык эшик артында талкуулашыптыр. Жакын арада "Ата-Журттун" аксакалы эски ордуна кайтып барышы ажеп эмес дегендер чыгууда. Кыйла жашка барып калган Курманбек Осмонов "мурунку бийликтин тапшырмасы менен соттор мени кызматтан мыйзамсыз алып салышкан"-дегенин уккандар аргасыз баштарын чайкап, тим болуп атышат. Бакиевден куулбай эле, оппозицияга жакын жолобойм деп ага тил кат жазып берип, ТИМде бир мансапты кучактап, 7-апрелге чейин жылуу-жумшак кызмат кылып жүргөнүн билебиз го баарыбыз эле.


Назаралиевдин дымагы сууптур...
Врач-нарколог, 24-марттагы Тюльпан революциясынын көрүнүктүү өкүлү Жеңишбек Назаралиев акыркы жылдары саясатка аралашпай өзү менен өзү болуп, өлкөбүздөгү окуяларга кайдыгер мамиле жасап калганы коомчулукту таң калтырып келет. Дымагы күчтүү Назаралиевге эмне болгонун сураштырып көрсөк, аны жакындан билгендерден "Жеңишбек мырза Кыргызстандагы бизнесин жыйыштырып, чет өлкөгө кетем" деп жүрөт деген сөздөрдү уктук. Учурда Кыргызстанда бар-жогу белгисиз. Сыягы, Назаралиевдин саясий дымагы сууп, өз арбайы менен алектенип калган көрүнөт.


Шайлоонун шайтан оюну башталды…
Партиялаштарына асылып бүтүп, өткөн жумада лидери Текебаевге тийишип өткөн Өмүрбек Абдрахманов "Ата Мекен" партиясынын аброюна аябагандай эле көлөкө түшүрүп атат. "Урунарга тоо, урушарга жоо таппай" аткан Өмүкең эми БШК башчысы Акылбек Сариевге асылып, аны экинчи мөөнөткө төрагалыкка көрсөтпөө талабы менен өлкө башчысына кайрылды. Абдрахманов Сариевдин кайрадан төрагалыкка бараары тууралуу маалымат алгандыгын да кошумчалады. Анын айтымында, Акылбек Сариев мыйзамды одоно бузуп, былтыркы парламенттик шайлоодо бир топ иштерди былгыткан экен. Бирок коомчулук Акылбек мырза мурунку кесиптештерине караганда аз-маз болсо дагы ак иштеди деген баасын берип келет. Себеби ал дагы БШКны башкарган Акаевдин, Бакиевдин үйрөтмө күчүктөрүндөй бийликтин сөзүн сүйлөп "үргөндө", айрым оппозициялык партиялар саясий оюндарын азыркыдай парламентте эмес, көчөдө жүргүзүп калышмак.


Жапаров Бакиевди коргоп кала албаганына кейиди
Эски бийликтин "куйругу" ар-намысчы Акылбек Жапаров Бакиевди сактап кала албагандыгы үчүн Улуттук коопсуздук кызматын түп орду менен жоюп салыш керек деп "тантыды". "Бул мекеме эмне менен алек болууда? Мурунку президентти сактап кала алышкан жок, митингчилерге куралын тарттырып, революциянын болушуна жол берди. Мындай кызмат эч кимге кереги жок!"-деди 27-июнда өткөн ички иштер кызматын реформалоо жөнүндөгү коомдук талкууда. Бул сөзү менен Акылбек Жапаров 90го чукул кырчындай жигиттердин канын ичкен Бакиевин ачык эле жактап чыкты. Акылбек Жапаровдун Бакиевин сактап кала албаган УКМКны ал кезде Марат Бакиев башкарчу. Ал кезде бул кызмат Жапаровго окшоп, Максим менен Курманбекке жалпактабай, ачык айтып, так сүйлөп, канкор бийликке каршы чыккандардын артынан аңдып, эски бийликтин репрессиялык саясатын жүргүзүп келген.


Каркырадагы капсалаң
Мурунку Кыргызстандын, азыркы Казакстандын аймагы болгон Каркырада мурдагы күнү кыргыз контрабандачылары менен казак чек арачыларынын ортосунда катуу кармаш болду. Бир нече КаМаз унаасы менен коңшу өлкөдөн контрабандалык жол аркылуу күйүүчү май жүктөп келе жаткан кыргыз жарандары Каркыра чек ара бекетинен казак чек арачыларына кармалышкан. Казак чек арачыларынын коштоосунда Чунжин чек ара бекетине баратышканда бир КаМаздын токтотуучу тетиги кармабай, жарды сүзүшкөн. Натыйжада кыргыз жараны менен коштоп бара жаткан казак чек арачысы тирүүлөй өрттөнүп кетишти.